Menu

Бишкекте сентябрдын аягында таштандыны кайра иштетүүчү заводдун курулушу башталат

Бөлүшүү:

Сентябрдын аягында Бишкекте таштандыны кайра иштетүүчү заводдун курулушу башталат. Бул тууралуу мэриянын басма кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарындагы таштанды төккөн полигондо Жогорку Кеңештин депутаттарынын катышуусунда өткөн көчмө жыйында калаа башчысы Эмилбек Абдыкадыров заводдун курулушу 1,5-2 жылдын ичинде аяктай турганын билдирди.

“Буга чейин мэрия бул маселени чечүү каалоосун билдирген бир нече эл аралык компания менен меморандумдарга кол койгон. Азыр келип түшкөн сунуштарды изилдеп, техникалык-экономикалык негиздемелерди иштеп чыгуу менен алектенүүдө”, – деп жазылган басма сөз кызматтын билдирүүсүндө.

Быйыл апрелде Бишкектин мэри таштандыны кайра иштетүүчү завод куруу үчүн инвестор издөө иштери жүрүп жатканын айткан.

2015-жылы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) таштандыны рекультивациялоо жана жаңы полигон куруу демилгесин колдоп, объект 2021-жылдын июнь айында курулуп бүтөрү кабарланган. Жаңы полигондун аймагында таштанды ылгоочу завод куруу да каралган. Бирок 2021-жылы октябрда ЕРӨБ бөлгөн 22 миллион доллардын 10,5 миллиону гана өздөштүрүлүп, бирок эч кандай иш аткарылбаганы аныкталган.

Кийинчерээк Башкы прокуратура жаңы санитардык полигон жана таштанды ылгоочу завод куруу боюнча долбоорду ишке ашыруудагы мыйзам бузууларга байланыштуу төрт кылмыш ишин козгогону белгилүү болгон. Бишкек мэриясынын аудитордук кызматы менен Эсеп палатасы ЕРӨБ бөлгөн каражат эмнеге жумшалганын текшере баштаган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: