КР ИИМдин Тергөө кызматы КР Кылмыш-жаза кодексинин «Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу» беренеси боюнча Р.Б. аттуу жаранга кылмыш иши козгоп, азыр тергөө амалдары жүрүп жатат. Бул тууралу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.
Социалдык тармактарда интернет мейкиндигине мониторинг жүргүзүү учурунда «Хизб-ут-Тахрир аль-Ислами» кыймылынын тыюу салынган экстремисттик-террордук уюмунун идеологиясын пропагандалоочу материалдарды тараткан жана жарыялаган аккаунт аныкталган.
Аталган кылмыш ишинин алкагында сурак кылуу максатында ИИМдин Тергөө кызматына Экстремисттик материалдарды тараткан деп шектелген 1981-жылы туулган жаран Р.Б. камсыз кылынган.
Учурда Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек ШИИБнын убактылуу кармоочу жайына (УКЖ) кармоо жүргүзүлүп, тергөө иштери уланууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ