Menu

Кара-Суу районунда элдин малын уурдап сатып жүргөн кылмышкерлердин тобу кармалды

Бөлүшүү:

Үстүбүздөгү жылдын 15-октябрынан 18-октябрына чейин Ош облусунун аймагында Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан “Мал уурулук” аталыштагы иш-чара өткөрүлүүдө. Бул тууралу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирет.
Иш-чаранын жүрүшүндө 2022-жылдын 15-октябрында Кара-Суу РИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Кара-Суу районунун аймагында мал жандыктарды уурдап, аларды сатып жиберген жеринен Кара-Суу районунун жашоочулары 27 жаштагы М.Б., 31 жаштагы С.И., жанан 22 жаштагы А.С., аттуу кылмышкерлердин тобу кармалышты.
Аталган факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 205-берененин (уурдоо) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталган.
2022-жылдын 13-октябрь күнү Кара-Суу РИИБге арыз менен  Кара-Суу районунун жашоочулары 51 жаштагы М.К., 42 жаштагы М.М., жана 33 жаштагы З.О., аттуу жарандар кайрылышкан. Анда: өздөрүнө таандык мал жандыктарын белгисиз жарандар уурдап кеткендигин билдиришкен.
Натыйжада 210 000 (эки жүз он миң ) сом зыян келтирилип, баары ээлерине кайтарылды.
Бүгүнкү күндө кылмышка шектүү жарандар Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, шектүүлөр мындан башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги текшерилүүдө.
“Мал уурулук” рейди Ош облусунун бардык райондорунда өткөрүлүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: