Menu

Молдо Нияз “Дигарстаринда” Алымбек датканын аблади тууралу баяны

Бөлүшүү:

Кыргыз элинин алгачкы жазма акыны Молдо Нияз “Санат дигарстарында” бир үй-бүлөнүн мүчөлөрүн эң көп эстегени, ыр кылып баяндаганы, өзү айткандай “Алимбек датка аблади” болгону талашсыз (жааты, үй-бүлөсү деген мааниде – автор, 103-б.). Байкасаңыз Молдо Нияз Алымбек датканы, Курманжан датканы (ага арнап өзүнчө дастан жазган – авт. 101-105-бб.), уулдары Абдылдабек, Баатырбек, Маамытбек, Асанбек, Камчыбек, неберелери Мырзапаяз, Арстанбекти эстеп, Алымбек датканын абладинин тагдырын кыска чагылдырып, аларга арнап ыр саптарын калтырган.  Бул деген, өзү Кадамжайда жашаганы менен эл кыдырып, эл арасында болуп, көп убакта аттуу-баштуу адамдардын, алардын ичинде Алымбек датка, Курманжан датканын  тагдырынан кабардар болуп, ал үй-бүлөнүн трагедиясын тең бөлүшүп, алардын тарыхый тагдыры тууралуу башкаларга жеткиргени баамдалып турат. Молдо Нияздын “Санат дигарстарында” мындай саптар бар: 

“… Камчыбек деп кан жутуп, 

Курбанжан датка жойулду, 

Баланын дагын көрбөсүн…”

“.. Күлүшөдө күл болду,

Күйүт менен чок болду,

Сибирге кетип жок болду.

Мурзапаяз, Баатырбек,

Булардын дарди бир жактан,

Мамытбек деп мас болду,

Камчыбек деп гаш болду…”  

“Карып болдуң бу чакта,

Абдуллабектен айрылып, 

Дүйнөң кетти шо чакта…

…Алайдай жакшы жер кана,

Алымбектин баш уулу,

Абдыллабектей эр кана…

Алымбек датка балдары,

Абдылдабек, Асанбек

Баатырбек менен Махмутбек (Маамытбек – авт.)

Карчыга сындуу Камчыбек

Камчыбекке кабыр кыл,

Мырзапаяз, Маамытбек,

 Баатырбекке сабыр кыл!

Алымбектей дарман кыл! 

Абдылдабекти арман кыл!

Асанбекке шүгүр кыл!” 

(Молдо Нияз Санат дигарстар.  –Б., 1993. 101-106-бб.)

   Молдо Нияздын “Дигарстарында” аталган бул инсандар кадимки Алымбек датка, Курманжан датканын балдары жана неберелери. Мен окумуштуу тарыхчы катары, ошол Молдо Нияздын каармандары болгон атактуу даткалардын балдарынын, неберелеринин тагдырына саресеп салдым. Алар кандай болуп калыптанышты, ким болуп, эмнеси менен эл эсинде калышкан?  Алардын Молдо Нияз айткандан кийинки тагдырлары кандай болгону кызыктырды. Албетте мен булардын көбү тууралуу мурдатан эле изилдөө жүргүзүп келгеним да кашкайган чындык.[1] 

    Маалым болуп, тарых  барактары тастыктагандай, атактуу Алымбек датка жана Курманжан  датка беш уулду жарык дүйнөгө алып келип, татыктуу тарбия беришкен. Белгилей кетели, аларга чейин Курманжан датка бир нече жыл төрөбөй калып, бир жолу жаш балалуу болгон кайын эжеси келгенде ырым кылып, аттан түшүрбөстөн өңөрүп келген баласын колуна алып үйүнө кирип, баланы таштап тай туягындай болгон алтынды кайын эжесинин ээр кашына илип коёт. Баланы ырым кылып алганын билип, кайын эжеси менен жездеси таштап кетет. Баланын аты Жаркынбай болгон, тарбиясы жакшы, Алымбек, Курманжандын чоң уулу катары өскөн Жаркынбай Алымбек датка каза болгондон кийин Ошко бек, саркер болгон. 1865-жылкы Ташкендин алдындагы кадимки Алымкул аталык менен полковник Черняевдин  салгылашуусунда баатырларча курман болгон. Анын ордун, эрезеге жетип, калыптанып калган Абдылдабек ээлеген. 

   Эми сөз кезеги Алымбек датканын балдары тууралуу болсун: Абдылдабек (1837-1876-жж.), Баатырбек (1939-1985-жж.), Маамытбек (1843-1913-жж.), Асанбек (1849-1909-жж.) Камчыбек (1852-1895-жж.). Баарына татыктуу тарбия, эл, мамлекети үчүн талыкпай кызмат кылуу вазыйпасын, жоопкерчиликти тарта билүүнү, саясий оюндун ыкмаларын, чыгыш дипломатиясынын наркында тарбиялашкан. Аларда акыл-эс, нарк-насил, ар-намыс жана кадыр-барк күчтүү болгон. 

   Абдылдабек Алымбек уулу 1837-1876-жж. өмүр сүргөн. агасы Жаркынбай Ташкендин алдындагы салгылашууда курман болгондон кийин анын ордуна 1865-75-жылдары Кокон хандыгынын  эгедери тарабынан Ош вилайетинин беги, акими  болуп дайындалган. Ошол эле убакта Кокон ханынын пайдасына жергиликтүү элдерден салык топтоочу саркер да болгон. Абдылдабек Кокон хандыгынын акыркы жылдары жана Орус империясынын колониялдык баскынчылык жылдарында өзгөчө белгилүү инсан болгон. Абдылдабек атасы Алымбектин көп касиеттерине ээ болуп, элине, жерине кызмат кылган, атасы салдырган Ак Медресени өз эсебинен каржылаган ата уулу.  Көпчүлүк биле бербеген дагы бир жаңылык, Абдылдабек да ата-энеси сыяктуу Кокондун ханы Худаяр хан тарыбынан “датка” наамына татыган. Буга, убагында менин доктордук диссертациямды жазууда табылган Худаяр хандын инайатнамэси күбө. Сөз чындыгынан бузулбасын үчүн ошол, хандын колу коюлуп, мөөрү басылган расмий документтин, Оштун башкаруучусу Абдылдабекке берилген орус тилиндеги котормосун мисал келтирейин:   

«В настоящее время да знают и ведают все хакимы и амины, и казии, и благородные улемы, и шейхисламы, и (все лица)… чубаризат – пансат Абдуллабек-датка купил на берегу сая вилайета Оша многочисленные лавки с пригодной для застройки землей, превратил в вакф медресе построенного его отцом, покойным Алымбеком-парваначи (и) изготовил вакфную грамоту, украшенную печатями казиев и улемов, которая удостоилась рассмотрения светлым взором нашего величества. …В месяц раджабе почитаемом года 1292 (1875 г.)». Демек, бул документ 1279-х.ж. (1875-ж.) Худояр хандын мөөрү менен бекитилген.[2] Ушул эле документ менен Худояр хан Абдылдабекти баардык салыктардан бошоткон.[3] Эске алчу жагдай дал ошол расмий документте үч жолу хан тагына олтуруп, мамлекет башчысы болгон Худояр хан Абдылдабекке датка наамын бергендигин тастыктап, аныктагандыгында болуп турат. Анткени Худаяр ханга да Анжиян, Ош, Алай тарапта ишенимдүү таяныч, анын эркин аткарган таасирдүү башкаруучу керек болчу. Алымбек даткадан кийин, Курманжандын таянычы болгон мындай адам, анын тун уулу Абдылдабек экенин, андан эч ким тизгин талашпасын туура баамдаган. Бул биринчиден. Экинчи жагы, чоң жер ээлиги – 20дан ашык уламалардын жана казыйлардын, хандын мөөрү басылган документте, Абдылдабекке берилип, ал өз кезегинде атасынын Ак медресесине өткөрүп берген жердин чеги, аянты аныкталган. Үчүнчүсү, ага аскердик паңсат чинин (аскердик даража – 500 аскер башы) берип, Абдалдабекти өзүнө тартып, ал, анын апасы аркылуу Ош, Алай, Кашгар соода, контрабанда жолун көзөмөлгө алуу, андан түшкөн байлыкка туйтунуу максатын да көздөгөн. Ошентип Абдылдабек дээрлик он жыл Худаяр ханга Оштун беги, башкаруучусу, саркери катары кызмат кылган. Бирок, 1875-76-жылдардагы элдик көтөрүлүш аны Худаяр хандан баш тартып, эл тарапка, эл колдогон Полот  хан тарапка өтүүгө мажбур кылган. 

     1875-жылкы элдик көтөрүлүштө Абдалдабек өзүнүн аристократиялык тегине карабастан, эл колдогон молдо Асандын уулу Исхакты – Полот ханды, апасы Курманжандын макулдугу менен колдоп, Худаяр ханга каршы аттанган. Абдылдабек эл арасында абдан абройлуу, таасирддүү  адам катары, Полот хандын эң ишенимдүү, жакын адамдарыны бири болуп калган. Кыска мөөнөттө Коконду, хан сарайын ээлеген көтөрүлүшчүлөрдүн башчысы Полот хан зор ийгиликтерге жетишип, тез эле Коконду, хан тагын ээлешет.  Ошондон кийин, 1975-жылы 10-октябрынан 1876-жылдын 30-январына чейин Абдылдабек Полот хандын дайындоосу менен Кокон шаарынын беги, азыркыча мэри, жаңы хандын эң жакын кеңешчиси болгон.[4] Белгилүү болгондой Полот хандын бийлиги көпкө созулган эмес.

     1876-жылдын февралында Кокон хандыгы жоюлуп, анын ордуна Туркестан крайынын Фергана областы түзүлгөндөн баштап Абдылдабек Орус империясынын баскынчылыгына каршы күрөшкөн. Ал жетектеген көтөрүлүштү басуу тууралуу Туркестан округунун башчысы генерал-адъютант К.П.Кауфмандын Россия империясынын Аскер министрине  1876-ж. июль айындагы билдирүүсүндө минтип айтылган“… в продолжении всей Кокандской войны… вопрос о подчинении кара-киргиз представляется, довольно продолжительное время невыясненным, …естественные препятствия в ущельях и долинах первоклассного хребта… и усилившие оборонительные средства кара-киргизов, давали им преувеличенное понятие о неприступности их кочевок и безнаказанности за участие в войне самозванца Пулат-хана с русскими. В виду этих соображений некоторое промедление в конце февраля этого года, в заявлении покорности кара-киргизскими родами, кочующими около Оша и Уч-Кургана, в связи с происками Абдуллабека и матери его, вдовы Алимбека, Мамаджан (Курманджан – авт.), заставили генерал-майора М.Д.Скобелева действовать решительно и двинуться 31 марта в урочища Гульча с отрядом из 3-й и 4-й Оренбургских и 1-й Семиреченской сотен, стрелковой роты 4-го Туркестанского линейного батальона».[5] 

      Иш жүзүндө бул орус аскерлеринин көтөрүлүштү биротоло басуу ниетиндеги алгачкы Алай өрөөнүнө кирүүгө, Кашгар багытынын соода жолун көзөмөлгө алуу  аракети болгон.  Бирок ийгиликке жетишкен эмес, ошондуктан бир аз кийинчерээк Абдылдабек жеткетеген көтөрүлүшчүлөрдү биротоло жок кылуу максатында, 1876-жылы Орус империясынын Алай илимий-аскердик экспедициясы уюштурулган. Бул максатта орус бийликтери олуттуу аскер күчүн даярдаган. Алар 4-Туркестан линиялык батальону, штаб жана 4 рота, 2-й Туркестан аткычтар  батальону – штаб жана 3 рота,  Оренбург казак аскеринин 1-жүздүгү, Сибир казак аскеринин 2-жүздүгү, 1-Туркестан артиллерилык бригадасынын 2-батареясы топтолгон.[6]  Абдылдабекке каршы  жүрүштүн башаты катары, жаңы түзүлгөн Ош уездинин борбору ыңгайлуу Ош шаары тандалган. Дал ошол кезде Абдылдабек тууралуу көптөгөн рас-мий  маалыматтар орус булактарында пайда болгон.[7]

     Абдылдабек жетектеген көтөрүлүштү басуу максатында Алай илимий-аскердик экспедициясы генерал М.Д.Скобелевдин жеткечилигинде өз жүрүшүн 1876-ж. 26-июлунда баштаган. Көтөрүлүшүн басуу үчүн аталган экспедиция үч багытта жүрүшкө чыккан: биринчи аскердик колоннаны полковник  Витгенштейн баштап, Оштон Папан, Шат, Турук капчыгай аркылуу Алай тоолоруна бет алса, экинчи колоннаны  подполковник Вардер, капитан А.Н.Куропаткин (болочок Орус империясынын Аскер министри), Уч-Коргондон Чоң Алай багытына жүрсө, үчүнчү аскердик колоннаны генерал  М.Д.Скобелев, капитан  М.Е.Ионов баштап оштон Гүлчөгө, андан ары Сопу-Курган аркылуу Алай тоолорунун тереңине бет алган. Баса ошол карателдик отрядды кадимки Шабдан Жантай уулу жигиттери менен коштоп жүргөн.[8]      

    Эми байкаңыз эч кандай университет, аскердик училища, академияны бүтпөгөн, Алайда, Ошто туулуп, өсүп, калыптанган, Кокондун саясий, аскердик күрөшүндө такшалган Абдылдабекке каршы канчалаган билимдүү, жогорку чиндеги аскербашылар, офицерлер, миңдеген солдаттар согушка аттанган.  Орус аксерлери менен Абдылдабектин алгачкы кагылышуусу, Кашгар стратегиялык багытын бууган Жаңырык деген жерде болгон.[9]   Абдылдабек баштаган көтөрүлүшчүлөр орус куралына туруштук бере алышпай, бийик тоолорго чегинүүгө мажбур болушкан. Дал ошол Алай, Кара-Кулжа, Өзгөндүн тоо тараптарынан дагы күч топтоп, орустарга каршы согуштук аракеттер болгону, расмий орус булактарында айтылат.[10]  Бул жүрүштүн башында генрал М.Д.Скобелев турган. Ошол аскерди, баскынчылык жүрүштүн алкагында 1876-ж. 3-июнунда генерал М.Д.Скобелев  Ош, Алай чөлкөмүнүн кыргыздарына кайрылууу жасаган (воззвание): «…не присоединится к шайке Абдуллабека, Абду Керим-бека, Сулейман-бека».[11]   21 июлда ошол эле генерал атайын прокломация таркаткан, анда «…к кыргызам …(рода) Япалак, Тулейкен, Явуш, Хажбек, Бури, Кукча, Джилгильда, Ятук, Хуш, Тауке, Барга, Бакал, Сувай, Ульжеке, Джури, Кара барга, Сары барга, Таз барга, Сартлар объявляю, что по воле могущего ярым падишаха, я иду с храбрыми войсками белого царя водворить порядок между Алайских кыргызов и принять от них присягу на верность белого царя к державе которого они вечные времена присоединены… Я иду … с желанием мира, спокойствия и счастья всем кара-киргизским родам… Я предлагаю аман всем родам, которые вышлют ко мне своих биев с покорностью и будет исполнять мои приказания» – деген кайрылуу болгон.[12]   Кантсе да орус армиясынын жоон тобу,  куралынын күчү, сүрү, башка аймактардагы кан төгүүсү таасир этип, кыргыздар орус бийликтерине баш ийүүгө мажбур болушкан.  

      Бирок, Абдылдабек орустарга баш ийүүнү калаган эмес, ал өз эли, жери үчүн күрөштү улантуу, кошумча аскер күчүн суроо максатында Ооганстан тарапка бет алат. Тилекке каршы Орус империясы менен жаңыдан калыптанып келе жаткан, өз өлкөсү үчүн пайдалуу болгон дипломатиялык карым-катнашын бузгусу келбеген, Ооган шахы Абдылдабекке аскер берүүдөн сылык баш тартат.   Ошол боюнча, кайгы-кападан, кусалыктан, узак жолдун азабынан жабыркаган Абдылдабек, Орус бийлигине баш ийгиси келбеген, эркин мүнөзү менен ооган жеринде 1876-жылы күзүндө каза болгон. Кээ бир маалыматтарга таянсак Абдылдабектин сөөгү азыркы Тажикистандын Мургаб районунун Баш-Күмбөз деген жайына коюлган жана ал күмбөз азыркыга чейин жеткени, абалы абдан начар экени кабарланат.

   Баса белгилей кетчү жагдай кеңеш доорунда Абдылдабек таптык көз карашка туура келбей, эзүүчү таптын өкүлү катары, расмий тарыхта, эл оозунан унутула баштаганы менен Молдо Нияздын “Дигарстарында” сакталып келгени абдан кубандырат.

 Камчыбек Алымбек уулу (1852-1895-жж.) агасы Абдылдабек Кокон хандыгынын олуттуу, орду бар мамлекеттик чиновниги болсо, Орус империясынын тушунда аскер башыларынын бири, генерал-лейтенант  Н.Корольков жазгандай: «…Семейство Курманжан-датки всегда играло выдающуюся роль в деле административного управления Ошским уездом. так, из 7 вилайетов этого уезда 4 или 5 должностей волостных управлений были заняты членами семьи Алымбековых…. …благодаря авторитету своих именитых родителей, их дети занимали важные, по тем временам, для кыргызов, посты в управлении Ошского уезда Ферганской области: Батырбек – волостной управитель Булак-Башинской волости,  Асанбек – Наукатской волости, Маамытбек – Гульчинской волости, Карабек (внук – авт.) – Ак-Буринской волости».[13] Бул тарыхый булактардын маалыматына таянсак Камчыбек  расмий кызмат абалын ээлеген эмес. Бирок, Алай, Ош, Фергана чөлкөмүндө агаларынан кем эмес элдин сый-урматына, абройго ээ болгон. Камчыбек  Алай, Ош, Фергана чөлкөмүндө  соода-сатыкты, эл аралык карым-катнашты нукка салып, Кытай империясы менен дипломатиялык, соода-сатык  иштерди бекемдеген. Атасынын Ак Медресесине ар тараптуу колдоо көрсөткөн. Азыркы күнгө чейин  Оштун так ортосунда жайгашкан Кербен сарайын, баардык шарттары менен салдырган (азыр Ош областтык ИИБ жанындагы Убактылуу кармоочу жай – СИЗО болуп калган – авт.). Эл арасында азыркыга чейин айың кеп калган. Кербен сарайын бүткөрүп, алгач апасы Курманжан даткага көрсөтүп, анын батасын алып, Кербен сарайдын ишин баштайын – деп апасын чакырат. Кербен сарайды кыдырып көрүп, купулуна толгон апасы уулуна карап: -Балам баары жакшы, бирок Кербен сарайыңдын дубалы калың, алды пас болуп түрмөгө окшоп калыптыр – деп айкан имиш деген сөз бар. Ким билет мүмкүн айтса-айткандыр, а мүмкүн айткан эместир. Кандай болсо да жаңыдан бийлигин орнотуп жаткан Орус империясынын жергиликтүү өкүлдөрү, кийинчерээк Кеңеш доорунда, өткөндүн калдыгы, тап душманы салдырган имарат катары Оштогу Камчыбектин Кербен сарайын түрмө кылып коюшат. Ошондон эл арасында жогорудагыдай сөз унутулбай келе жатат. 

 Расмий болбосо да, көмүскөдө  ал убакта Камчыбек Улуу Жибек жолунун Ош-Кашгар олуттуу аймагын,  соода жолун көзөмөлдөп турганы талашсыз.  Анын дал ушундай даражасы, чек араны көзөмөлдөшү Орус империясынын  Туркестан генерал-губернаторствосунун Фергана облусунун, Ош уездинин аскердик жетекчилигинин колунда, Ош-Кашгар жолундагы  бажы кызматкерлеринин өлтүрүү окуясынан кийин 1894-жылы “Камчыбек Алымбек уулунун иши”«дело Камчыбека Алымбек уулу»,  же тагыраагы дело «Об убийстве таможенного объездчика Боровкова и трех стражников в Ошском уезде» –  деген пайда болгон. 

   Бул ишке Эркеш-Там бажысын көзөмөлдөөчү Боровков  баштаган 3 бажычынын одоно, чектен чыккан, мыйзамсыз иш-аракети себеп болгон.  Алдын ала жеткен жалган кабар, көкүтүү боюнча бажычылар Алайда конуш жаңылап келе жаткан Камчыбектин аялы Асел айым баштаган көчтү токтотуп, анысы аз келгенсип шек санаган сандыкты ачуу үчүн Асел айымдын чачпагындагы ачкычтардыы чачы менен кесип алганы себеп болгон. Көчтү коштогон Акбалбан баштаган топ, бегинин аялынын чачын кырккан бажычыга жини келип, намыс кылып, бажычыларды турган жеринен өлтүрүп, тоо арасына көөмп ташташат. Бирок, аны алгач Камчыбек билген эмес. Бир топ убакка чейин, бжычыларды ким өлтүргөнү белгисиз болуп, акыры шыбыш чыгып, Камчыбек, Акбалбандар камакка алынат.  Натыйжада  дал ошол 1894-жылы орустардын «бей своих, чтобы чужие боялись»  же “башкаларды жалкытуу үчүн, өзүңө караштууну катуу ур” – деген принцип боюнча атактуу Алымбек датканын, абройлуу Курманжан датканын кенже уулу Камчыбекти жазалоо жараяны башталган. Кадимки Курманжан датка өз аброюна таянып,  уездин начальниги – подполковник Б.Л. Громбчевскийге  (1893-1895-жж.  уезд начальниги – автор), Фергана аскер губернатору – Повало-Шыйковскийге жана  Туркестан  генерал-губернатору, барон А.Б. Вревскийге  кайрылганы да жардам берген эмес. Натыйжада дал ошол күндөрү булардан шек санап, бажы көзөмөлчүлөрүн өлтүргөндүгү үчүн, орус бийлигин кабыл алып, аларга кызмат кылган атактуу, даңазалуу Курманжан датканын урпагын, башкаларга үлгү иретинде жазалоо чечими кабыл алынган.     

“Камчыбектин иши” Аскер сотуна өткөрүлүп, өзү ал жакка тиешеси жок болсо да, катуу жаза берүүнү эске алуу менен жөнөкөй атуулдун ишин Аскер сотуна караткан. Камчыбекти жана неберелерин куткаруу максатында Курманжан датка чет жакка качып кетиши мүмкүн – деп шек санап, ошол кездеги Ош уездинин начальниги  подполковник Л.Б. Громбчевский  Туркестан генерал-губернаторствосунун башчысына кайрылып: «…срочно выслать всю семью Курбанджан-датки в Новый Маргелан, так как опасается, что они все уедут в Китай как только узнают, что дело будет разбирать Военный суд» – деп жазганы маалым.[14] Анткенге толук негиз болгон, себеби ошол 1894-жылдын 14-апрелинде Фергана облусунун Аскер губернатору Повало-Шыйковский, Туркестан крайын башкаруу тууралуу Жобонун  16-беренесине ылайык, Камчыбектин кылмыш иши өз кызматтык милдетин аткарып жаткандарга карата болгонун эске алуу менен, Камчыбектин ишин Аскер соту  кароосу керек – деген сунушун айткан эле.[15]

Ошол Камчыбектин ишинде Фергана облусунун жаңы Аскер губернатору Повало-Шыйковский тарабынан одоно катачылык кеткенин, бизге таанымал Б.Л. Тагеев минтип баса белгилеген: «…новый  военный губернатор (Повало-Шыйковский – авт.) допустил жестокую ошибку, исходатайствовав преданию военному суду всеми любимых, уважаемых беков. Как говорил губернатор, он сделал это для поднятия русского престижа. Будто бы упавшего. Как выяснилось следствием, хотевшие взять отступное от киргиз были несомненно, совершены без ведома волостных управителей. Они донесли позже, проверяя факт убийства. Да они заслуживали наказания, но не казни же…».[16]  Кандай болсо Орус бийлигине баш ийип, аларга кызмат кылган Курманжан датканын аброюн көзгө илбестен, даткалардын кенже уулу катуу жазага тартылган. 

Архивдерде сакталган расмий документтерге таянсак, Аскер соту «Об убийстве таможенного объездчика Боровкова и трех стражников в Ошском уезде» аттуу Камчыбектин иши боюнча төмөнкүдөй тыянак чыгарган: Камчыбек, Акбалбан баштаган 9 адам өлүм жазасына тартылсын,[17]  Мамытбек, Асанбек, Мырзапаяз (небереси – авт.) баштаган 6 адам каторгага, сүргүнгө айдалсын,  11 адам акталсын деген өкүм чыккан.[18]  Тилекке каршы экөөнөн башка 7 адамдын атын тактоо мүмкүн болбоду.  Дал ошоль  күндөрү Курманжан датка Ош шарында көбүрөөк болуп, Ош уездинин начальнигине, Фергана облусунун Аскер губернаторуна, Туркестан генерал-губернаторуна бир нече жолу баласына, неберелерине калыс, адилеттүү жаза колдонууну, ыгы келсе мунапыс берүүнү суранып бир нече жолу кат жүзүндө да, ооз эки түрдө да кайрылган.[19]   Ушул мезгилде Курманжан баласын өлүмдөн алып калуу үчүн көптөгөн аракеттерди жасаса да болбой, Камчыбек дарга асылган. Өз баласынын көз көрүнө даргага асылып жатышы Курманжан үчүн өтө оор болгон. Курманжаннндын көптөгөн өтүнүчтөрүнөн майнап чыккан эмес. 

   Натыйжада,  1895-жылы 3-марта 11 саат 10 минутада  өлүм жазасына тартылган Камчыбек менен Акбалбан эски Оштун Ат базарында (азыркы Навои паркында – авт.), көпчүлүктүн жана энеси Курманжандын көзүнчө дарга асылып, өлүм жазасы аткарылган. Бул тууралуу Ош  уездинин начальниги подполковник Л.Б. Громбчевский атайын телеграммада жогорку Орус бийликтерине билдирген.[20]  Курманжан датка өкүмдүн аткарылышына күбө болуп, баласын өлүмгө тике кароого үндөп, дарга асылганда бир да адамдын өкүрүк чыгаруусуна тыю салып, бар кайгысын Мадыда болгон тажиясында чыгарганы, азыркыга чейин эл эсинде.

    Ошондой оор учурда да Курманжан датка кайрат кылып, балдары Маамытбек, небереси Мырзапаязды Арстанбекти, алыска Сибирге кетирбей, эч болбоду дегенде жакын бир жерге которуу үчүн аракет кылган. Бирок бул жолу да анын ою орундалбады.

    Камчыбектен кийин Курманжан датка балдары Мамытбек, Асанбек, неберелери Мырзапаяз, Арстанбектин сүргүндөн кайтуусуна кам көрүп, акыры орус генералдарынын жардамы менен аларды бошоткону маалым.[21]  Бул тууралуу балдарын, небересин Мекенине кайтарганы үчүн ыраазычылыгын орус бийликтерине билдирген каттары күбө.[22] Каторгада, сүргүндө жүргөн балдарын, небереси Мырзапаязды бошотууга Туркестан генерал-губернатору А.Б. Вревский, Сыр-Дарыя областынын Аскер губернатору Н.И. Корольков, генерал-майора М.Е. Ионов ж.б. жакындан жардам кылганы белгилүү. Өзгөчө барон А.Б. Врёвский жардам кылганы, Россиянын Аскер министри, Иркутск губерниясынын генерал-губернаторуна өзгөчө өтүнүч менен кайрылып, ал жакка айдалган Мамытбек, Арстанбекти бошотуп бергени тарыхый чындык. Бул тууралуу  Россиянын Аскер  министринин Туркестан генерал-губернатору А.Б. Вревскийге жазган билдирүүсүндө жазылган: 

    «Туркестанскому генерал-губернатору! По докладу Государю императору, ходатайство Вашего Превосходительства о лишенных всех прав состояния и сосланных в Сибирь на поселение киргизах: Махмудбек Алимбеков и Арстанбек Камчибеков, Его Величество 27 сего марта Всемилостивейше повелеть соизволил даровать киргизам Махмудбеку… и Арстанбеку… помиловать, с разрешением им возвратиться на жительство в Туркестанский край» .[23] Көп өтпөй Мырзапаяз да бошотулганы маалым. 

     Баса дал ошол “Камчыбектин ишинен” кийин, Ош уездинин “кара-кыргызы” Курманжан датканы 1893-жылдын 25-сентябрында сыйлоого  сунушталган моюнга такчу “Андреев лентасындагы Чоң Алтын медал” – “Большой Золотой медали на Андреевской ленте для ношения на шее» – сыйлыгы берилбей калган.[24]  Анткени сыйлыкка сунуштама кеткенден кийин эле “Камчыбектин иши” пайда болуп, ал өлүм жазасынга тартылып жатса, империя апасына Алтын медал бермек беле, берсе деле Курманжан датка алмак эмес. 

     Кадимки Молдо Нияз дал ошол кезде эл арасында таанымал, дасыккан акын, даңазалуу жазгыч катары Курманжандын ошол жылдардагы трагедиясына куүбө болгон. Мүмкүн Камчыбектин тажиясына, ашына да катышып калгандыр. Эл арасындагы кээ бир маалыматтарда Курманжандын  Абдылдабек менен Камчыбекке кошкон кошогун кадимки Молдо Нияз жазып берген деген да имиш бар. Ким билет, мүмкүн чындыкка жакын кабардыр.

         Молдо Нияз эскерген Баатырбек Алымбек уулу – 1939-1985-жж., бул инсан тарыхый документалдык тууралуу  маалыматтар аз.  Белгилүүүсү Кокон хандыгы жоюлуп, Фергана областы, анын курамында Ош уезди түзүлгөндө Алымбектин уулу катары ошол Ош уездинин Булак-Башы болуштугунун болушу болгону [25] так маалым.  Тилекке каршы, жаш эле көзү өтүп кеткен.  

        Эми Маамытбек – тууралуу кеп болсун. Маамытбек  Алымбек датка менен Курманжан датканын  үчүнчү уулу. Маамытбек  Алымбек уулу – 1843-1913-жж. өмүр сүргөн. Маамытбек тууралуу тарыхый маалыматтар аз. Болгону Орус империясынын тушунда атасы Алымбек датканын, апасы Курманжан датканын аброю аркылуу Туркестан генерал-губернаторствосунун Фергана областынын Ош уездинин Гүлчө болуштугунун болушу болгону маалым, бирок канча жыл болуш болгону так эмес. 

     Асанбек Алымбек уулу  – 1849-1909-жж. өмүр сүргөн. Бул инсан тууралуу да тарыхый, документалдык маалыматтар аз. Болгону Орус империясынын генерал-лейтенант  Н.Корольков жазгандай: «… благодаря авторитету своих именитых родителей, их дети занимали важные, по тем временам, для кыргызов, посты в управлении Ошского уезда Ферганской области: Асанбек волостной управитель – Наукатской волости… ».[26] Башка малыматтар жок, баса канча жыл болуш болгону да азырынча белгисиз.

    Молдо Нияздын дагы бир каарманы Мырзапаяз. Бул инсан кадимки Абдылдабектин уулу, 1895-жылдын март айындагы аскер сотунун чечими менен 6 кишинин катарында Сибирге сүргүнгө айдалып, [27] кийинчерээк чоң энеси Курманжандын жардамы менен боштондукка чыгып, мекенине кайтып келген. Мырзапаяздын уулдары Айдаркаарды, Бурканбек, Өмүрбек, Шамшы, Абдыкапар, Эржанбек. Кулакка башкача угулган Айдаркаарды бара-бара Адыш болуп калгандай. Адыштын уулу Муса. Демек кадимки академик Муса Адышев так ошол Молдо Нияздын каарманы болгон Мырзапаяздын небереси болот. Мырзапаяз 1932-жылы экинчи жолу сүргүнгө айдалган боюнча дайынсыз жок болгон. Сүргүнгө жетер жерине жеттиби же жетпей жок болдубу билбейбиз – дейт анын урпактары. 

    Жогоруда биз баса белгилеген Мырзапаяздын небереси Муса Адышев геология-минералогия илимдеринин доктору (1969-ж.), профессор (1971-ж.), Кыргыз ССРинин  Илимдер Академиясынын мүчө-корреспонденти (1954-ж.), академиги (1961-ж.), вице-президенти (1974-ж.) жана Президенти (1978-ж.). Кыргыз ССРинин илимге эмгек сиңирген ишмери (1975-ж.)  болгон.  Мусанын уулу Жаныбек Адышев учурда АКШда жашап, Чикагонун Иллинойс университетинин  профессору катары эмгектенүүдө. 

     Ошентип бул жолу биз, кадимки жазгыч акын Молдо Нияздын “Санат дигарстар”  жыйнагында айтылган атактуу Алымбек датка менен айтылуу Курманжан датканын “аблади”, урпактары, алардын тагдыры тууралуу баяндадык. Кудай буйурса кийинки баяндамаларда дагы би топ аттуу-баштуу кыргыз элинин чыгаан улдары тууралуу кеп улайбыз.

Колдонулган тарыхый булактардын жана адабияттардын тизмеси:

  • Абытов Б.К. Некоторые факты из жизни Абдылдабека Алымбек уулу// В сб.: Кыргыз философиясынын актуалдуу проблемалары аттуу регионалдык ил.-практ. конф. жыйнагы. –Ош, 2002; Его же. «Алайская военно-научная экспедиция»//Вестник ОшГУ. №4. –Ош, 2005; Его же. Историко-политический портрет Алымбека-датки //Центральная Азия. www. Centrasia. 30. 09.2011;  Его же. Малоизвестные факты из жизни Курманжан-датка//Akipress. История Кыргызстана и кыргызов. 07.10. 2011; Его же. Абдылдабек Алымбек уулу//Akipress. История  Кыргызстана и кыргызов. 25.10. 2011; Его же  Некоторые факты об Абдылдабеке и Камчыбеке Алымбек уулу// Курманджан датка – выдающийся политический и общественный деятель кыргызского народа. Материалы международной научной конференции. 25 октября 2011 г. –Бишкек, 2011. –С.100-107; Его же. Взаимоотношения Полот  хана и Абдылдабека Алымбек уулу во время восстания в 1875-76 годах//Akipress. 23.10.2015; Его же.  Алымбек датка – выдаюшиеся и неординарный государственный деятель кыргызов //Алымбек датка жана анын доору. Кыргыздын чыгаан мамлекеттик ишмери Асан бий уулу Алымбек датканын 215 жылдык  мааракесине арналган жыйнак. –Б., 2016. –С.52-70. 
  • ЦГА РУз. -Ф. И. -19. Оп. 1. Д.34947. Л.4-5. 
  • ЦГА РУз. -Ф. И. -19. Оп. 1. Д.34947. Л. 2-3.
  • ЦГА КР. Ф.И. 75. Оп.1. Д. 53. Л.21-22; ЦГА РУз. -Ф.715. Оп. 1. Д.66. Л. 225; ООГАПД. -Ф.50. Оп. 1. Д.112. Л.13, 13 обр.
  • ЦГА КР. Ф.И. 75. Оп. 1. Д.53. Л.1-2.
  • ЦГА РУз. Ф. 715. Оп.1. Д.67. Л.50; ООГАПД КР. -Ф. 50. Оп. 1. Д.121.  -Л. 3-4 обор.
  • Кауфманский сборник, изданный в память 25-летия истекших со дня смерти покорителя и устроителя Туркестанского края генерал-адъютанта  К.П. фон Кауфмана. -М., 1910. -С. I- IV.
  • ЦГА КР. Ф.И. 75 Оп. 1. Д.53. Л. 34-38,43-47,50,53-54,68-71, 75-81. Копия; ЦГА РУз. -Ф.715. Оп. 1. Д.68.  Л.232-240, ООГАПД. -Ф.50. Оп. 1. Д.112. Л.3.; Кыргызстан-Россия. -С.410-421
  • ЦГА РУз. -Ф. 715. Оп.1. Д.67.-Л.301-302, 357, 398; Д.68. -Л.232-240; ООГАПД. -Ф.50. Оп.1. Д.112;Л.1-3,7,86.
  • ЦГА РУз. -Ф.715. Оп. 1. Д.67. Л.301-302, 357, 398; ООГАПД. -Ф.50. Оп. 1. Д.112. Л.1-2, 7, 10.
  • ЦГА РУз. -Ф.715. Оп. 1. Д.68. -Л.180; ООГАПД. -Ф.50. Оп. 1. Д.112. Л. 7.
  • ЦГА РУз. -Ф.715. Оп.1. Д.68. -Л.195; ООГАПД. -Ф.50. Оп. 1. Д.112. Л.10, 10 обр.
  • ЦГА РУЗ. – Ф. И. 19. Оп. 1. Д. 3555. Л.2-3; ООГАПД. – Ф.50. Оп. 1. Д.112. Л. 78, 96.
  • ЦГА РУЗ. -Ф. И. 19. Оп. 1. Д. 3617. Л.105; ООГАПД. -Ф.50. Оп. 1. Д.112. Л. 21.
  • ЦГА РУЗ. -Ф. И. 19. Оп. 1. Д. 3617. Л.47-48; ООГАПД. -Ф.50. Оп. 1. Д.112. Л. 26.
  • Тагеев Б.Л. Памирский поход //Русское слово. -1897. -№ 176; Он же. Царица Алая //Нива. -1897. -№4; Он же. Через Алай  и Памир. – М.,1972.
  • ЦГА РУЗ. -Ф. И. 19. Оп. 1. Д. 13587. Л.23-24, 34-35; ООГАПД. -Ф.50. Оп. 1. Д.112. Л. 21. 
  • ЦГА РУЗ. -Ф. И. 19. Оп. 1. Д. 13587. Л.23-24; ООГАПД. -Ф.50. Оп. 1. Д.112. Л. 28.
  • ЦГА РУЗ. -Ф. И. 19. Оп. 1. Д.11061. Л.27. Д. 13587. Л.3, 21-22. Д.3617. Л.1-5 ; ООГАПД. -Ф.50. Оп. 1. Д.112. Л. 2, 14-18, 21, 53.
  • ЦГА РУЗ. -Ф. И. 19. Оп. 1. Д. 13587. Л. 34-35; ООГАПД. -Ф.50. Оп. 1. Д.112. Л. 21.
  • ЦГА РУЗ. -Ф. И. 19. Оп. 1. Д. 3617. Л.1-5, Д. 11067. Л.27. Д.13587. Л.3; ООГАПД. -Ф.50. Оп. 1. Д.112. Л. 14-19, 53.
  • ЦГА РУЗ. -Ф. И. 19. Оп. 1. Д.13587. Л.4; ООГАПД. -Ф.50. Оп. 1. Д.112. Л. 80.
  • ЦГА РУЗ. – Ф. И. 19. Оп. 1. Д.13587. Л.4; Оп. 4. Д.179. Л.99; ООГАПД. – Ф.50. Оп. 1. Д.112. Л. 80.
  •   Курманжан датканын сыйлыкка сунуштамасы менин “Тысячелетняя история Оша: историко-источниковедческий анализ (IX – начало XX века) – аттуу доктордук диссертациямдан алынды. 
  • ЦГА РУЗ. – Ф. И. 19. Оп. 1. Д. 3555. Л.2-3; ООГАПД. – Ф.50. Оп. 1. Д.112. Л. 78, 96.
  • ЦГА РУЗ. – Ф. И. 19. Оп. 1. Д. 3555. Л.2-3; ООГАПД. – Ф.50. Оп. 1. Д.112. Л. 78, 96.
  • ЦГА РУЗ. -Ф. И. 19. Оп. 1. Д. 3617. Л.1-5, Д. 11067. Л.27. Д.13587. Л.3; ООГАПД. -Ф.50. Оп. 1. Д.112. Л. 14-19, 53.

Абытов Байболот Капарович тарых илимдеринин доктору,

профессор, ОшМУ

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 16 − 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: