Menu

Садыр Жапаров: “Асман” шаары – Чыгыш менен Батышты, Түндүк менен Түштүктү байланыштырган финансылык хаб болуп калат!

Бөлүшүү:

Президент Садыр Жапаров 30-июнда Ысык-Көлдө “Асман” шаарынын курулушуна капсула салды. Анын алдында сөз сүйлөп, заманбап шаар Кыргызстандын туристтик жана инвестициялык дараметин арттыра турганын айтты.

“Айрым биздин кыска ой жүгүрткөн жарандарыбыз бул шаарды Баткенде салбайт белеңер деп, баарын эле Ысык-Көлгө сала бересиңерби деп доомат айтышууда. Эгер Ысык-Көл Баткен тарапта болгондо, бул шаарды Баткенге салдырмакмын. Инвесторлор да өзүнө ыңгайлуу курорттук аймактарды тандашат экен. Эң негизгиси кайсы жерге салынбасын бул шаар ар бир кыргызстандык үчүн пайда бере турган, өлкөбүздүн жалпы экономикасын алдыга жылдыра турган локомотив-шаар болот. Мисалы, Кумтөр Ысык-Көлдө жайгашканы менен, пайдасы республикалык бюджетке түшүп, 30 жылдан бери ар бир жаран үчүн пайдаланылып келет. Ошол сыяктуу бул шаар да бардык кыргызстандыктар үчүн пайда алып келет”.

Мындан тышкары Садыр Жапаров учурунда заманбап “Асман” шаарын салууга ишендебегендер болгонун айтып, дымактуу пландарды сындагандар менен катар, аны колдоп-коштогондор да бар экенине токтолду.

“Коомчулуктун бир бөлүгү мамлекетибиздин чама-чаркына карап, акылдуу шаар курууга чоң акча керек, анча каражат кайдан табылмак эле деп, “кедейчилик синдромунан” чыга албай, долбоордун ишке ашпастыгын айтып, бийликтегилер куру кыял кылып жатышат деген шашылыш бүтүм чыгарышты. Айтор, элибиздин пикири экиге бөлүнүп, бир бөлүгү арканды алыс таштайлы десе, экинчиси – чамабызга чактап иш кылалы деп, кызуу талкуу жаралып кетти. Муну биз ачык-айкын талкуу жарата алган кыргыз коомчулугунун артыкчылыгы катары да бааласак болот. Бул арада – бир жарым жылдан бери – акылдуу шаардын бир нече долбоорлору даярдалды.”

Иш-чарада долбоорду ишке ашырууда мамлекеттик бюджеттен акча сарпталбайт деп маалымдалды.

Ысык-Көл жээгинде “Асман” шаарын куруу идеясы алгач 2021-жылы айтылган. Ошол эле жылы Министрлер кабинетинин токтому менен “Асман” экологиялык таза шаарын куруу боюнча мамлекеттик дирекция” түзүлгөн. Алдын ала эсептөөлөр боюнча “Асман” 500 миң кишиге ылайыкталат.

Экономика министрлигинин маалыматына караганда, шаардын курулушунун баасы 20 млрд доллар деп эсептелген. Аны курууга түштүк кореялык компания 1 миллиард доллар инвестиция салууга ынтызарлыгын билдиргени расмий айтылган

Бир катар экологдор жана урбанисттер суу агып чыкпаган уникалдуу көлдүн жээгине мындай калаа куруу өтө дыкат эсептөөлөрдү талап кыларын, антпесе Ысык-Көлдүн суусу булганып, сазга айланып кетет деп эскертишкен.

Бийлик шаарда экологиялык бардык эрежелер сакталат деп билдирген.

Жаңы шаар Чырпыкты жана Тору-Айгыр айылдарынын ортосунда, көл жээгине курула турган болууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 13 − 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: