Үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрына карата Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Темиркул Мавлянов атындагы Кош-Дөбө орто мектебине анын бир кездеги бүтүрүүчүсү, азыр АКШда таксист болуп иштеп жүргөн Базарбаев Абдыманап 100 ноутбук сатып берди. Бул тууралу мектептин кызматкери Сабыр Хайдаров билдирди.
Мектепке ноутбуктарды Базарбаев Абдыманаптын атасы Сүйөров Бакир тапшырды.
Базарбаев Абдыманап Кош-Дөбө орто мектебинде 2003-2014-жылдары окуган, 2014-2018-жылдары тиш дарыгерликке окуп кесип алган, 2018-2021-жылдары Россияда эмгек миграциясында жүрүп, 2021-жылы жайында АКШга эмгек миграциясына кеткен.
Теги: Эмгек мигранттары
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ