Menu

Author Archives: admin_kyrgyztoda

Казакстанда активист Макс Бокаев эркиндикке чыкты

Казакстанда жарандык активист Макс Бокаев дээрлик беш жыл абакта отургандан кийин 4-февралда эркиндикке чыкты.

Активист аны тосуп алууга барган ондогон адамдын алдында сүйлөп, 28-февралдан 28-мартка чейин ар жекшемби сайын реформаларды талап кылган жалпы улуттук митингдерди өткөрүүнү сунуштады.

«Эгер өкмөт эсине келип, бизди укпаса, анда 3-апрелден тартып аянттарга чатырлардан турган лагерлерди орното баштайбыз», — деди Бокаев.

Андан соң активист 2016-жылы апрелде жер маселесине байланышкан митингдер өткөн Исатай жана Махамбет аянттарына барып, Казакстанга жаңы Конституция керек экенин айтты.

— Тилекке каршы, Назарбаев биздин Конституцияны даарат кагазына айлантты. Бизге жаңы Конституция керек, биз муну Назарбаевден, Токаевден талап кылышыбыз керек», — деди Бокаев.

48 жаштагы активист Макс Бокаев 2016-жылы апрелде жер реформасына каршы Атырау шаарындагы митингдерден кийин беш жылга соттолгон. Ага «Социалдык кастыкты козутуу», «Жалган маалымат таратуу» жана «Митингдер тууралуу мыйзамды бузуу» беренелери боюнча айыптар тагылган. Сотто ал бул айыптоолорду четке каккан.

2018-жылы апрелде казакстандык укук коргоочулар Бокаевди саясий туткундардын тизмесине кошкон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жамаатына жаңы министрди тааныштырды

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Артем Новиков борбордук аппараттын жамаатына жаңы дайындалган Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевди тааныштырды. Бул тууралуу бүгүн, 4-февралда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Ал коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы туруу, коррупциялык тобокелдиктерди жоюу, саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү тармагын санариптештирүү, калктын социалдык тейлөөгө карата жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча комплекстүү ишти улантуунун  маанилүүлүгүн белгиледи.

«Ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын COVID-19 биринчи толкуну учурундагы аныкталган кемчиликтерин жоюу боюнча ишти толук жыйынтыктоо маанилүү. Биздин медициналык кызматкерлер кыйын кырдаалда адам өмүрүн сактоо үчүн колдон келген аракетин жасашты. Мында катардагы дарыгерлерди жана медициналык персоналды жазалоо маселеси турбашы керек. Өткөндөн сабак алып, аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча иш-чаралар планын бекитүү зарыл. Бул аспектини көңүлдөн тыш калтырууга болбойт. Урматтуу кесиптештер, биздин алдыбызда кардиналдуу реформаларды жүргүзүү үчүн көптөгөн иштер турат. Сиздердин аткарган иштин натыйжалуулугунан жарандарыбыздын жашоосунун жакшыруусу көзкаранды», – деди Артем Новиков жана министрликтин жетекчилигине ийгиликтерди каалады.

АКШда сенаторлор Навальныйдын ууландырылганы жана камалганы үчүн санкция салууну сунушташты

Демократиялык жана Республикалык партиянын сенаторлор тобу “Арам ниеттүү ишмердүүлүгү үчүн Орусияны жоопко тартуу” жөнүндө мыйзам долбоорун АКШнын Конгрессине жөнөттү.

Анда оппозициячыл Алексей Навальныйдын ууланышына тиешеси бар Орусиянын аткаминерлерине жана “Новичок” уулу затын иштеп чыккандарга каршы даректүү түрдө санкция киргизүү сунушталууда.

Документке ылайык, мыйзам кабыл алынгандан кийин 90 күн аралыгында АКШ президенти Навальныйдын ууланышына тиешеси бар жана кол салуу фактысын жашыргандарга санкция салышы керек. Кеп активдерди тоңдуруу, АКШга кирүүгө тыюу салуу, америкалык жарандар жана уюмдарга санкциялык тизмеге кирген кишилер менен кызматташууга тыюу салуу жөнүндө болуп жатат.

Документте Мамдепартамент Германияны “Түндүк агым-2” газ куурунун курулушун токтотууга жана Алексей Навальныйды бошотууга чакырууга аракет жасашы керек экени айтылат.

2-февралда Москва соту Алексей Навальныйга 2014-жылы өкүм кылынган шарттуу кесүү тууралуу чечимди үч жарым жыл түрмөгө алмаштырган. Саясатчы жабык жайда эки жарым жыл жаза өтөйт. Ал жети жыл мурун бир нече ай үй камагында отурган.

44 жаштагы Алексей Навальный – Орусиянын бийлигине ачык каршы чыккандардын бири. Ал былтыр август айында Орусияда ууландырылып, эс-учу жок абалда дарыланыш үчүн Германиядагы ооруканалардын бирине жеткирилген. Кийин оппозиционер «Новичок» деген уулуу зат менен ууландырылганы ачыкка чыккан. Навальный жана бир нече маалымат каражаты кийинчерээк иликтөө жүргүзүп, ууландыруу боюнча операцияны Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы уюштурушу мүмкүн экенин ашкерелеген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Премьер-министр Улукбек Марипов Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбековду жамаатка тааныштырды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин борбордук аппаратынын жамаатына министр Аскарбек Жаныбековду тааныштырды. Бул тууралуу бүгүн, 4-февралда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Өкмөт башчы белгилегендей, министрлик колдогу мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, айыл чарба тармагындагы ишкерлерди колдоого алуу үчүн бардык күч-аракетти жумшоосу зарыл.

“Министрлик алдында айыл чарбаны реформалоо жана аймактарды өнүктүрүү боюнча натыйжалуу чараларды иштеп чыгуу боюнча маанилүү милдет турат, анткени, калктын басымдуу бөлүгү аймактарда жашайт”, – деди ал.

Премьер-министр Улукбек Марипов ведомствонун жаңы жетекчисине жана жалпы жамаатка жемиштүү жана ийгиликтүү ишти каалады.

Түркмөнстан дүкөндөрүндө азык-түлүк тартыш болууда

RFE/RL радиосунун түркмөн кызматы билдиргендей, күн сайын жүздөгөн киши азык-түлүктүн келишин күтүп мамлекеттик дүкөндөргө кезекке туруп, үйлөрүнө куру-жалак кетишүүдө.

Мары облусунда нан айрым мамлекеттик дүкөндөрдө гана сатылууда.

Полиция Марыдагы базарда кезек учурунда кишилер мушташып кетпеши үчүн көзмөл жүргүзүүдө.

Түркмөнстанда мамлекеттик дүкөндөргө караганда жеке дүкөндөрдө азык-түлүктүн баасы бир нече эсе жогору.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Бакытбек Марипов Ноокат районунун акими кызматынан бошотулду

КРнын Премьер-министри Улукбек Марипов кол койгон буйрукка ылайык,  Марипов Бакытбек Асамидинович Ош облусунун Ноокат районунун мамлекеттик администрация башчысы – акими кызматынан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 4-февралда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Белгилесек, бул Улукбек Мариповдун Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматындагы алгачкы чечимдеринин бири. Чечим Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 89-беренесинин 7-пунктуна ылайык, кызыкчылыктардын кагылышын жокко чыгаруу максатында кабыл алынды, себеби Бакытбек Марипов учурдагы Өкмөт башчынын бир тууган иниси болуп саналат.

Мыйзамга ылайык, жергиликтүү бийлик  органдары аткаруу бийлигинин бир бөлүгү болуп саналат жана түздөн-түз Премьер-министрге баш ийет.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун «Мамлекеттик кадр саясаты жөнүндө» Жарлыгынын негизги багыттарынын бири катары жарандардын мамлекеттик жана муниципалдык кызматка бирдей жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга шарт түзүү жана кадрдык маселелерди чечүүдө коррупциялык тобокелдиктерди төмөндөтүү болуп эсептелет.

Тажикстандын «Амонатбанкында» дээрлик $4 млн. каржы алдамчылыгы аныкталды

Тажикстандын Эсеп палатасы мамлекеттик «Амонатбанкта» аудитордук текшерүү жүргүзүп, 41 миллион сомони (4 миллион доллар) өлчөмүндөгү каржы алдамчылыгын аныктады.

Мекеменин маалыматына караганда, текшерүү банктын 2018-2019-жылдардагы жана 2020-жылдын биринчи жарымындагы ишмердүүлүгүн камтыган.

Эсеп палатасынын башчысы Карахон Чиллазоданын айтымында, мыйзам бузуу учурларынын көбү банктын Душанбедеги №5 бөлүмүнө туура келет. Анда акча каражаттары кардарлардын уруксаты жок алардын эсебинен чыгарылып алынып турган.

«Иштин материалдары Башкы прокуратурага жөнөтүлүп, кылмыш иши козголду. Банктын аталган бөлүмүнүн жетекчиси, башкы эсепчиси жана казыначысы камакка алынды», — деди Чиллазода.

Азырынча «Амонатбанктын» расмий өкүлдөрү Эсеп палатасынын бул билдирүүсү боюнча комментарий бере элек.

Буга чейин Эсеп палатасы 2018-жылы «Амонатбанктын» бир нече кызматкеринин 16 миллион сомонини (1,4 миллион доллар) кымырып алганы аныкталганын билдирген.

2019-жылы өлкөнүн Каржы полициясы аталган банктын мыйзамсыз каржы операцияларын жүргүзүүгө шектелген эки кызматкерин кармаган.

«Амонатбанк» Тажикстандагы ири мамлекеттик банк болуп эсептелет. Бул банк аркылуу пенсиялар жана бюджеттик кызматкерлердин айлыктары төлөнөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Казакстанда ковид макамын тиркеме аркылуу ачыктабагандар бизнес түйүндөргө киргизилбейт

Нур-Султан жана Алматы шаарларынын жашоочулары Ashyq мобилдик тиркемеси аркылуу ковид-макамдарын ачыктоодон баш тартса, айрым бизнес объектилерине киргизилбейт.

Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, тиркеме эки шаарда пилоттук режимде ишке киргизилди.

Маалыматка караганда, жарандар кайсы бир имаратка кирер алдында атайын QR-коддун сканеринен өтүп, аны көрсөтүшү керек. Код түс аркылуу адамдын ковид-макамын аныктайт: жашыл – вирус аныкталбагандар, көк – ПЧР тесттен өтпөгөндөр жана оорулуу менен байланышкан киши катары белгиленбегендер. Сары – бейтап менен байланышта болгондор, кызыл – ПЧР тестинен коронавирус аныкталгандар.

— Эгер жаран бул маалыматты көрсөткүсү келбесе, ал аталган объектиге киргизилбейт. Бирок бул иш-чара пилоттук мүнөзгө ээ, кишилер көп топтолгон бизнес-түйүндөрдүн бардыгына эле тиешелүү эмес. Мобилдик тиркеме жарандын каалоосу менен коюлат. Милдеттүү талап жок,– деди Бейбут Есенбаев.

Казакстандын саламаттык сактоо министри Алексей Цой 2-февралда жеке иммундук статус жөнүндө маалымат камтылган QR-коддор EgovMobile тиркемеси аркылуу жеткиликтүү болорун, ал Ashyq тиркемеси менен да бириктирилерин белгилеген. Ал жерде жарандар жөнүндө медициналык системалардан алынган бардык маалыматтар камтылат.

Эгер долбоор ийгиликтүү жүзөгө ашса, системаны соода-оюн зоок борборлоруна, дүкөндөргө, ресторан, кафе, автобекет, аэропортторго орнотушат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

2020-жылы 23 миңден ашык өзбекстандык Орусиянын жарандыгын алган

Коронавирус пандемиясы маалында Орусия чет өлкөлүктөргө жарандык берүү боюнча рекорд койду.

Өлкөнүн Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматына караганда, 2020-жылы орус жарандыгын 656,3 миң чет өлкөлүк алды. Бул 2019-жылдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 30% көп.

Былтыр Орусиянын жарандыгын алган жалпы чет өлкөлүктөрдүн 3,4% (23 300 киши) өзбекстандыктар түзгөн. Мындан тышкары бул өлкөнүн жарандыгына ээ болгондордун арасында Тажикстандын (63,4 миң), Казакстандын (43,4 миң), Армениянын (30,5 миң), Азербайжандын (22 миң), Молдованын (20 миң), Кыргызстандын (12 миң) жана Беларустун (10 миң) жарандары көп.

Бүгүнкү күндө Өзбекстанда кош жарандыкка уруксат жок. Мындан улам өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин Миграция башкармалыгы башка мамлекеттин жарандыгын алууну каалагандар эки жарандыктын бирөөнү тандап алышы керектигин эскертүүдө.

Эгер Өзбекстандын жараны башка өлкөнүн жарандыгынан баш тартпаса, анын өзбек жарандыгы Өзбекстан президентинин жарлыгы менен токтотулат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Президент Садыр Жапаров Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды

КРнын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 4-февралда, КРнын Улуттук банкынын (КРУБ) төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды. Бул тууралу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирет.

КРУБдун жана банк секторунун 2020-жылдагы ишинин алдын ала жыйынтыктары, ошондой эле 2021-жылга карата биринчи кезектеги пландары талкууланды.

Мамлекет башчысына экономиканын реалдуу секторун колдоо, коронавирус инфекциясы пандемиясынын таасири менен кесепеттерин жоюу боюнча чаралар тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле өлкөнүн каржы жана валюта рыногундагы азыркы кырдаал, улуттук валютанын алмашуусунун кескин өзгөрүүсүн жумшартуу чаралары жөнүндө айтылды.

Толкунбек Абдыгуловдун айтымында, 2020-жыл бардык кыйынчылыктарга карабастан, ата мекендик каржы системасы үчүн жакшы көрсөткүчтөр менен аяктады:

— Улуттук банк инфляцияны орто мөөнөттүү көрсөткүчтөрүн 5-7%дын тегерегинде кармай алды;

— банк секторунда оң көрсөткүчтөр сакталды: насыялык портфель 11%га көбөйдү (162,6 млрд сомду түздү), банктагы депозиттер 19,9%га өстү (180,9 млрд сомду түздү);

— депозиттерди долларлаштыруунун деңгээли 42,9%ды түздү, насыяларды долларлаштыруу 32,9%ды түздү;

— 2020-жылдын ичинде алтынвалюта резерви 384 млн АКШ долларына өсүп, жыл соңунда 2 млрд 808 млн АКШ долларын түздү. Бул келечектеги 6 айлык импортту жабат;

— КРУБдун кирешеси рекорддук 8 млрд 484 млн сомду түздү.

Толкунбек Абдыгулов ошондой эле Улуттук банк экономиканын реалдуу секторун колдоого жалпысынан 9,6 миллиард сом бөлгөнүн айтты. Улуттук банк 2021-жылы банк системасынын туруктуулугун кармоо, төлөм системасын өнүктүрүү жана банк мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча иштерди улантууну пландап жатканы белгиленди.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын соода-экономикалык өнөктөш өлкөлөрүнүн эл аралык каржы рыногундагы жана экономикаларындагы кырдаалга байкоо жүргүзүүнүн өзгөчө зарылдыгын баса белгиледи. Буга байланыштуу ал тышкы экономиканын таасирлеринен улуттук экономикага болгон тобокелдиктерди минималдаштыруу боюнча чараларды көрүү зарылдыгына токтолду.

Мамлекет башчысы өлкөнүн каржы-насыялык мекемелеринин туруктуу жана ишенимдүү иштеши керектигин белгилеп, улуттук валюта курсунун кескин өзгөрүшүнө жол бербөө үчүн бардык чараларды көрүү керектигин айтты.

Меню