Menu

Author Archives: admin_kyrgyztoda

Тажикстанда былтыр азык-түлүк баасын негизсиз жогорулаткан ишкерлерге $1 млн. айып пул салынган

Тажикстанда өткөн жылы азык-түлүк бааларын негизсиз жогорулаткан ишкерлерге жалпысынан 11 миллион сомони (1 миллион доллардан ашык) өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу 3-февралда өлкөнүн Монополияга каршы кызматынын башчысы Абдулмажид Муминзод билдирди.

Анын айтымында, мекеме бааларга көзөмөлдү улантууда: кызматкерлер бүгүнкү күндө да товарлардын жана кызматтардын баасын негизсиз жогорулаткан ишкерлерге айып салууда.

Анткен менен айрым тургундар айып пул салуу да, бааларды көзөмөлдөө да базардагы абалды өзгөртө албаганын билдиришүүдө.

«Азыр базарда эттин килограммы 50 сомони, картошка 5-7 сомони, бир кап ун 220-270 сомони турат. Бул өтө кымбат. Тилекке каршы, базардагы бааларды көзөмөлдөө менен эч ким чындап алектенбейт», — деди Хатлон облусунун Хаким Гаффоров аттуу тургуну.

Монополияга каршы кызматынын башчысы айрым товарларга болгон баалардын жогорулашы сырткы факторлорго байланыштуу экенин кошумчалады. «Өсүмдүк майы аны өндүргөн өлкөлөрдө 47% кымбаттады. Расмий маалыматтар боюнча, Пакистан менен Орусияда кумшекердин баасы 37% жогорулады», — деди Муминзод.

Тажикстандын тургундары өткөн жылдын жаз мезгилинен бери азык-түлүктүн кымбаттап жатканына даттанып келишет.

Тажикстан президентинин алдындагы Статистика боюнча агенттик өткөн жылы өлкөдө азык-түлүк баалары болуп көрбөгөндөй жогорулаганын билдирди. Ага ылайык, 2020-жылы айрым азык-түлүк түрлөрү 42% чейин кымбаттаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ашхабадда медиктерди коронавируска каршы эмдөө иштери башталды

Ашхабад шаарында медицина кызматкерлерин коронавируска каршы Орусиянын «Спутник V» вакцинасы менен эмдөө иштери башталды. Бул тууралуу RFE/RL радиосунун түркмөн кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, 3-февралда баш калаадагы медиктерге вакцинанын биринчи дозасы сайылды. Экинчи дозасын үч жумадан кийин алышат.

Буга чейин Түркмөнстан «Спутник V» менен калкты жапырт эмдөөнү 15-февралда баштайт деп күтүлүп жатканы кабарланган. Ага даярдык көрүүнүн алкагында милдеттүү түрдө эмделиши керек болгон жарандардын тизмеси түзүлүп, алардын негизги бөлүгүн улгайгандар, медиктер жана өнөкөт оорулары бар жарандар түзгөн.

18-январда Түркмөнстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен алгачкылардан болуп Орусиянын коронавируска каршы «Sputnik V» вакцинасын каттоодон өткөргөн. Он күндөн кийин дүйнөдө биринчи болуп «ЭпиВакКорона» деп аталган дагы бир орус вакцинасын каттаган.

Түркмөнстан аймагында коронавирус жуктурган бир да бейтап расмий каттала элек дүйнөдөгү онго жакын өлкөнүн бири. Ошол эле маалда расмий Ашхабад илдеттин жайылуусунун алдын алуу үчүн бардык чараларды көрүп жатканын билдирип келет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда жол кырсыгынан 1 адам каза болду

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда жол кырсыгынан 1 адам каза болду. Бул тууралуу 3-февралда КР ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Чүй облусунун Кемин районунда 2-февраль күнү саат 19:45 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 80-чакырымында (Чым-Коргон айылы) MAN үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаасы менен Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаалары сүзүшкөн.

Кырсыктын кесепетинен 1 эркек адам (1969-жылы туулган) каза болуп, 1 эркек адам (1970-жылы туулган) жабыркаган.

КР ӨКМнин №5 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары каза болгон адамдын жансыз денесин унаадан чыгарып ИИМ кызматына өткөрүп беришкен, жабыркаган жаран тез жардам кызматы аркылуу ооруканага жеткирилген.

TikTok 10 жаштагы кыздын өлүмүнөн кийин Италиядагы балдардын аккаунттарын жабат

TikTok социалдык түйүнү Италия бийлигинин талабы менен курагы 13 жаштан төмөн деп көрсөтүлгөн өлкөдөгү бардык колдонуучулардын аккаунттарын жабат. Бул тууралуу Reuters агенттиги кабарлады.

9-февралда күчүнө кире турган бул чечим социалдык түйүндөгү кооптуу оюндардын бирине катышууга аракет кылган 10 жаштагы кыздын өлүмүнөн кийин кабыл алынды.

Маалыматтарга караганда, кыз эс-учун жоготуп, колуна телефон кармап ваннада жатканда табылган. Ал Палермо шаарындагы ооруканалардын бирине жеткирилгенден кийин каза болгон.

«Кеп өмүргө коркунуч келтирген «челлендж» жөнүндө болууда. Анын эрежелерине ылайык, өспүрүмдөр организмге келип жаткан кычкылтекти жарым-жартылай бууп коюшат экен», — деди маркум кыздын бир тууганы.

Кыздын атасы алар мындай оюндар жөнүндө билишпегенин, балдар соцтүйүнгө жарыяланган түрдүү видеолорду гана көрөт деп ойлошконун билдирди.

Учурда полиция бул окуя боюнча тергөө иштерин жүргүзүүдө. TikTok түйүнүнүн администрациясы укук коргоо органдарына көмөктөшө турганын билдирип, 13 жашка чыга элек балдардын аккаунт ачуусуна мүмкүн болбогудай механизм иштеп чыгууну убадалады.

Бүгүнкү күндө социалдык түйүнгө катталууда бул талапты оңон эле кыйгап өтүүгө болот: ал үчүн колдонуучуга өз жаш курагын улуу кылып жазып коюу гана жетиштүү. Азырынча верификациянын жаңы системасы кандай иштей турганы так белгисиз.

Италиянын мыйзамдарына ылайык, 14 жашка чыга элек балдарды социалдык түйүндөргө каттоо үчүн ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлүнүн уруксаты талап кылынат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Жогорку Кеңештин депутаттары Бишкектеги абанын булганышына байланыштуу кырдаалды талкуулашты

Бүгүн, 3-февралда Жогорку Кеңештин депутаттары “Бишкек шаарындагы  абанын булгануу деңгээлин төмөндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019- жылдын  26-декабрындагы  № 3477 – VI токтомунун  аткарылышынын жүрүшү  тууралуу” маалыматты угушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.

Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин  директорунун орун басары  Надырбек Козубаев  бул токтомдун алкагында  абанын булгануусуна  каршы күрөшүү боюнча  40 иш-чара иштелип, аларды аткаруу үчүн  министрликтер менен ведомстволорго бөлүштүрүлгөндүгүн маалымдады. Ал  абанын булганышынын негизги булагы болуп  БЖТда жана  борбор калаанын турак- жай секторлорунда  көмүр жагуунун натыйжасында, саны нормадагыдан 10 эсеге ашып кеткен  автомобиль транспортунан    чыккан түтүн экендигин белгиледи.

Талкуунун жүрүшүндө  депутат Бактыбек Турусбеков  тилекке каршы, токтом дээрлик аткарылбай жаткандыгын, ышка каршы чаралар күтүлгөндөй натыйжа бербегендигин белгиледи. Депутат Абдывахап Нурбаев  күйүүчү-майлоочу майлардын сапатын жакшыртуунун зарылдыгына көңүлдөрдү бурду. Өз кезегинде  Агрардык  саясат, суу ресурстары, экология жана  регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин  төрагасы  Нурбек Алимбеков  бул теманын актуалдуулугун айтып,  Өкмөттүн жаңы курамы бекитилгендигинен улам   баяндамачы жок экендигине байланыштуу  аны  талкуулоону  парламенттин кийинки кеңешмесине калтырууну сунуштады. “Кийинки  кеңешмеге биз  тиешелүү ведомстволордун жетекчилерин жана  бул тармакты тейлеген  вице-премьер –министрди чакырабыз” – деди Н.Алимбеков. Депутаттар анын сунушун колдоого алышты.

Өкмөттүн жаңы курамы ант берди

Бүгүн, 3-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Премьер-министр Улукбек Марипов баштаган Өкмөттүн жаңы курамы ант берди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.

Ант берүү аземине Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров катышты.

Ант берип, расмий ишин баштаган Өкмөттүн жаңы курамы төмөндөгүчө:

Марипов Улукбек Асамидинович – Кыргыз Республикасынын Премьер-министри;

Новиков Артем Эдуардович- Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри;

Кармышаков Улукбек Тойчуевич – Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министри – вице-премьер-министри;

Асанкулов Жеңиш Асанкулович – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчиси – министри;

Омуралиев Таалайбек Барыктабасович – Кыргыз Республикасынын коргоо министри;

Казакбаев Руслан Айтбаевич – Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри;

Чынбаева Асель Рыспековна – Кыргыз Республикасынын юстиция министри;

Бейшеналиев Алымкадыр Савирдинович – Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри;

Бейшеналиев Алмазбек Бейшеналиевич – Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;

Иманалиев Кайрат Олжобаевич – Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри;

Ажикеев Бообек Эргешович – Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри;

Ниязбеков Улан Омоканович – Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;

Абдралиева Гулмира Курманбековна – Кыргыз Республикасынын транспорт, архитектура жана коммуникациялар министри;

Турдубаев Кубанычбек Апышевич – Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министри;

Джаныбеков Аскарбек Сапарбекович – Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри;

Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич  – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы;

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жер титирөө катталды. Бул тууралуу бүгүн, 3-февралда ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 3-февраль саат 04:03тө Өзбекистан Республикасынын аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кызыл-Жар, Жыл-Кол, Кум айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Ал эми, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.

Кара-Суу РИИБдин ыкчам кызматкерлери бир нече жолу уурулук жасаган шектүү жарандарды кармашты

Кара-Суу РИИБдин ыкчам кызматкерлери бир нече жолу уурулук жасаган шектүү жарандарды кармашты. Бул тууралуу бүгүн, 3-февралда Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 31-январь күнү Кара-Суу РИИБдин кызматкерлери мурда бир нече жолу уурулук фактысы менен соттолгон Кара-Суу районунун Мады айыл өкмөтүнүн Жоош айылынын тургунун 27 жаштагы К у С. менен анын 2 шеригин бирге кармашкан. Алар жарандардын турак-жайларына киришип уурулук жасаганга шектелүүдө.

2020-жылдын 22-декабрь күнү Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүнүн Медресе айылынын тургуну 1972-жылы туулган А.М.Б. өзүнүн жеке турак үйүнө белгисиз жарандар мыйзамсыз кирип, үйүнүн ашканасында илинип турган “LG” үлгүсүндөгү 36000 (отуз алты миӊ) сомдук түстүү сыналгысын уурдап кеткендигин билдирген.

Бул факт Кара-Суу РИИБдин КЖБРне катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-бер., 2-бөл., 3-п., менен сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Бул кылмыштын бетин ачуу боюнча Кара-Суу РИИБинин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан тийиштүү ыкчам иш-чаралар жүргүзүлө баштаган. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында аталган кылмыштын бети ачылып, кылмышка шектүүлөрдүн изине чыгышкан.

Кармалган шектүүлөрдүн экөөсү жашы жете элек болгондуктан үй камагына чыгарылып, 27 жаштагы К. у. С. 2021-жылдын 31-январь күнү Жазык-процессуалдык кодексинин 98-беренесинин негизинде Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген,

2-февраль күнү К. у. С.тын бөгөт кою чарасы катары Кара-Суу райондук сотунун чечими менен 2021-жылдын 28-февраль күнүнө чейин камакка алынган. Учурда К. у. С.нын Кара-Суу районунун аймагында беш уурулук фактысына катыштыгы бар экендиги такталган жана тергөө кызматы тарабынан сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Жалал-Абадда кыздын кийимин кийип тилемчилик кылган бала аныкталды

Жалал-Абадда кыздын кийимин кийип тилемчилик кылган бала аныкталды. Бул тууралу бүгүн, 3-февралда Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Жалал-Абад ШИИБдин жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан кыз келбетин жамынган эркек баланы аныкташкан. Ал Жалал-Абад шаарындагы жер астынан өтүүчү өтмөктө отуруп, жанындагы колонка аркылуу куран коюп, колуна сүрөт көтөрүп алган. Сүрөткө иниси ооруп жаткандыгын, аны чет өлкөдөн дарылатуу керектигин, бул үчүн акча каражаты жетпегендиктен кайдыгер эмес жарандардын жардам берүүсүн жазып алган.

Милиция кызматкерлери кызча кийинип тилемчилик кылып отурган эркек баланын өздүгүн аныкташкан. Ал Ош облусунун, Кара-Суу районунун Нариман айылынын 2002-жылы туулган тургуну экени белгилүү болгон.

Териштирүү иштеринин жүрүшүндө ал 6 бир тууган экендиги жана эч кандай иниси оорубай тургандыгы такталган.

Балага карата милиция тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жашаган аймагына жөнөтүлгөн.

17 жаштагы кызды ала качып бараткан эки бала кармалды

Иллюстрациялык сүрөт

3-февралда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын Чүй облустук бөлүмүнүн кызматкерлери 17 жаштагы кызды ала качып бараткан эки баланы колго түшүрүштү.

Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, инспекторлор автоунаалардын биринин айдоочусунун документтерин текшерип жатып, анын ичинде жардам сураган кызды байкашкан. Кыз аны Токмок шаарындагы окуу жайлардын биринен ала качып, «Манас» аэропортуна жакын жердеги айылдардын бирине алып баратышканын айткан.

Автоунаанын 2001-жылы төрөлгөн айдоочусу менен жүргүнчүсү кармалып, Сокулук райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө тобуна өткөрүлүп берилди.

Кыргызстанда 2013-жылы «Ала качуу үчүн кылмыш жоокерчилигине тартуу тууралуу» мыйзам кабыл алынган. Ага ылайык, мындай кылмышка катышкандар беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөттөргө эркинен ажыратылат. Бирок эксперттер ала качууга байланышкан иштердин көбү сотко жетпей калып жатканын билдирип келишет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню