Menu

Author Archives: admin_kyrgyztoda

Көчмө кабылдама Араван районунун Төө-Моюн айыл аймагында иш алып барууда

Көчмө кабылдама Араван районунун Төө-Моюн айыл аймагында иш алып барууда. Бул тууралуу бүгн, 4-февралда Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Араван РИИБдин көчмө кабылдамасы Ош облусунун Араван районундагы Тоо Моюн а/а Керкидан, Эсенбай, Сырт, Найман, Достук, Жеке-Мисте, Акшар, Ынтымак, Жаштык, Сары-Таш, Авиз айылдарына барып элдердин ой пикир арыз-муңдарын угуп, көйгөйлүү маселеси тууралуу арыз-даттанууларын кабыл алышкан.

Аталган айылдын жашоочулары тарабынан: суу маселеси, турак-жай салганы жер тилке, электр жарыгынын үзгүлтүккө учурашы, турак-жайды документтештирүүдөгү кыйынчылыктар жөнүндө маселелер айтылган. Төө-Моюн айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан чек арага жакын жашаган элдер менен кылмыштуулуктун алдын алуу жана болтурбоо максатында түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Премьер-министр Улукбек Марипов Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигинин борбордук аппаратынын жамаатына жаңы жетекчини тааныштырды

КРнын Премьер-министри Улукбек Марипов борбордук аппаратынын жамаатына Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министри Гүлмира Абдралиеваны тааныштырды. Бул тууралуу бүгүн, 4-февралда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Премьер-министр Улукбек Марипов Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын окуду, ага ылайык, Гүлмира Абдралиева түзүлгөн мамлекеттик органдын жетекчиси болуп дайындалган.

Өкмөт башчы белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана министрлигинин алдында ыкчам чечүүнү талап кылган бир катар маанилүү милдеттер коюлган.

«Өлкөбүздүн соңку тарыхында аталган күчтүү тармактык министрликти аялзаты башкарууда. Ошондуктан жалпыбыз мамлекетибиздин жана элибиздин кызыкчылыгы үчүн иш алып барууга болгон күч-аракетибизди жумшообуз керек. Бириктирилген соң, ведомствонун алдында бүгүнкү күндө актуалдуу маселелерден болуп саналган санариптештирүү багыты пайда болот. Бардык түзүмдөр үзгүлтүксүз, натыйжалуу жана ыкчам иштеши үчүн аталган маселе боюнча ишти күчтөндүрүү зарыл», – деди Өкмөт башчы.

Улукбек Марипов белгилегендей, жаңы министрдин алдында көптөгөн иштер турат, алардын катарында реформаларды жүргүзүү жана ведомствонун ишиндеги кемчиликтерди жоюу маселеси бар.

УКМК кызматкерлерине үй куруу үчүн 581 миллион сомго тендер жарыялады

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кызматкерлерине Бишкек шаарына турак жай салуу үчүн 580 миллион 935 миң сомго сынак жарыялады. Бул тууралуу кабар мамлекеттик сатып алуу порталына чыкты.

Порталдын сайтындагы маалыматка ылайык, кызматкерлерге Бишкектин Чыңгыз Айтматов проспектисине тогуз кабаттуу алты үй курулганы жатат.

Тендердин талаптары боюнча турак жай бардык шарттары менен болушу керек.

2-февралда жарыяланган сынакка документ берүү 25-февралда аяктайт. Тендерди уткан ишкана курулуш иштерин 2022-жылдын август айына чейин бүтүрүп бериши зарыл.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Премьер-министр Улукбек Марипов жамаатка вице-премьер-министр —экономика жана финансы министри Улукбек Кармышаковду тааныштырды

КРнын Премьер-министри Улукбек Марипов КРнын Экономика жана финансы министрлигинин борбордук аппаратынын жамаатына КРнын вице-премьер-министри — экономика жана финансы министри Улукбек Кармышаковду тааныштырды. Бул тууралуу бүгүн, 4-февралда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Өкмөт башчы министрликтин жетекчилиги алдында турган негизги милдеттерди, анын катарында туруктуу экономикалык өнүгүү программасын иштеп чыгуу боюнча милдеттерди белгиледи.

«Учурда Экономика жана финансы министрлигине чоң жоопкерчилик жүктөлгөн. Кеп бардык социалдык милдеттенмелерди, республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу, экономиканы турукташтыруу боюнча ыкчам антикризистик чараларды кабыл алуу боюнча иштер тууралуу жүрүүдө», – деди Улукбек Марипов.

Премьер-министр вице-премьер-министр рангындагы министрдин ишине ийгиликтерди жана алдыга коюлган пландардын ишке ашуусун каалады.

КРнын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгү ушул жылдын январь айында дайынсыз жоголгон 5 жаранды табышты

КРнын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгү ушул жылдын январь айында дайынсыз жоголгон 5  жаранды табышты. Бул тууралуу бүгүн, 4-февралда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, КРнын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгүнүн маалыматы боюнча 2021-жылдын январь айынын башында 7 жаран кайрылып, Россия Федерациясынын аймагында эмгектенип жүргөн туугандары дайынсыз жоголуп, байланышка чыкпай жаткандарын билдиришип, аларды издөөгө көмөк көрсөтүүнү суранышкан.

“Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгү өзүнүн ыйгарым укуктарынын алкагында биздин жарандарга жардам көрсөтүү, Россия Федерациясынын аймагында дайынсыз жоголгондорду издөө боюнча чоң иштерди жасап жаткандыгын эскертип кетишибиз керек.

Ар кандай жагдайлар менен байланышы үзүлгөн туугандарын табуу суранычы менен көптөгөн кайрылуулар келет. Жакында эле Өкүлчүлүк 16 жылдан бери дайынсыз жоголду деп эсептелген кыргызстандыкты табышкан.

2021-жылдын январында биздин Өкүлчүлүк Россиянын ИИМдин Москва шаары боюнча башкы башкармалыгынын аймактык бөлүктөрү менен биргеликте дайынсыз жоголгон мекендештерибиздин кайда жүргөндүгүн аныктоого багытталган ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүшкөн. Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында туугандары издеп жүргөн 5 жаран табылган:

А.М. менен С.Ч. аттуу жарандардын кайда жүргөндүгү аныкталып, алар узак убакыттан бери туугандары менен байланышка чыкпай жүргөн. Анткени алар Москва шаарынын жана Москва облусунун аймагынан алыс жерде эмгектенип жүрүшкөндүгү маалым болгон;

1991-жылы туулган К.К. аттуу жарандын дагы кайда жүргөндүгү аныкталып, аны 2021-жылдын 13-январь күнүнөн бери туугандары Москвадан издеп жүрүшкөн.  Ал жумушка кеткен бойдон, үйүнө кайткан эмес. Маалым болгондой, ал жумушун алмаштырып, телефонун өчүрүп салган.

Жаран С.А. такталган маалымат боюнча ал Москва шаарынын аймактык ооруканаларынын биринде киши колдуу болгон белгилери жок тез медициналык жардам аркылуу белгисиз адам катары келип түшүп, жандандыруу бөлүмүндө ээсин жоготкон абалда болгон. Андан соң эсине келбей ооркунадан каза болгон. Туугандары өлүктү таанышып, андан соң зарыл болгон процессуалдык процедураларды жүргүзгөндөн кийин жүк 200 кичи мекенине жөнөтүшкөн.

Ошондой эле, жаран Т.А. Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза Кодексинин 30-беренесинин 3-бөлүмү менен 228.1-беренесиндө (Мыйзамсыз өндүрүшкө кол салуу, баңгизаттарды, психотроптук каражаттарды жана алардын аналогдорун сатуу же жөнөтүү, андан сырткары курамында баңгизаттар  жана  психотроптук каражаттар бар өсүмдүктөрдү же алардын бөлүктөрүн сатуу же ташуу) көрсөтүлгөн кылмышты жасагандыгы үчүн Липецк облусунун аймагында кармалган.

Азыркы учурда Россиянын ИИМдин аймактык бөлүктөрү дайынсыз жоголгон 2 жарандын жүргөн жерин аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат:

– Тешебаев Рахимжан Тойчубаевич, 1976-жылы 26-октябрда туулган, Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну, 2009-жылы туугандары менен байланышпай калган, акыркы жолу Москва облусунун Талд шаарында эмгектенген;

– Колдошова Астракан Токтосуновна, 1977-жылы 22-апрелде туулган, Ош облусунун Ноокат районунун тургуну, туугандары 2021-жылдын 6-январь айынан  бери Москвадан издөөдө, жумушуна кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгү жогоруда көрсөтүлгөн жарандар боюнча кандайдыр-бир маалыматтарды билген болсо  мекендештерден +7(926) 890-87-00 (WhatsApp) ишеним телефону аркылуу билдирип коюну суранат.

Дайынсыз жоголгондорду издөө бул ыкчам-иликтөө ишмердүүлүгүнүн бүтүндөй бир багыты болуп эсептелет. Кайда жүргөндүгү бир нече убакыттан бери белгисиз болуп, чет мамлекетте дайынсыз жоголгон туугандарын издөө үчүн ички иштер органдарына кайрылган жарандар аз эмес. Айрым учурларда мындай окуялар тыкыр иликтөөнү талап кылат.

Дайынсыз жоголгон же туугандары менен байланышты үзгөн жарандардын кайда жүргөндүгүн аныктоо үчүн маалыматтык-аналитикалык камсыздалуу зарыл. Издөөгө алынган же дайынсыз жоголгондорду издөөнүн натыйжалуулугу өз убагында жана сапаттуу зарыл болгон маалыматтарды топтоодон, аны талдоодон көз каранды болот. Жарандардын дайынсыз жоголуусунун себептери менен жагдайлары ар дайым көңүл чордонунда болгон. Мындай иштерди иликтөөдө жаралган оорчулуктун себептеринин бири болуп төмөнкүлөр эсептелет: жарандардын өз убагында кайрылбоосу, жашаган жерин тез-тезден алмаштыруусу, өз укуктарын түшүндүрүү боюнча кыйынчылыктар, айрымдар кармалып калгандыгын айтууну каалабаган же корккон жарандар бар”,- деп айтылат билдирүүдө.

УКМК: ЭТУ мүчөлөрүн колдоочусу кармалды

1-февралда КР УКМК тарабынан эл аралык террористтик уюмдардын ишин каржылоо каналдарын аныктоого жана бөгөт коюуга багытталып жүргүзүлүп жаткан контртеррористтик иш-чаралардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын жараны А.Н. кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-февралда КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кармалган адам Жакынкы Чыгыштагы куралдуу жаңжалдар болуп жаткан аймактарга адамдарды жөнөтүү үчүн акча каражаттарын чогултуп жүргөндүгү аныкталган.

Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Өлкөдө 70 адамдан коронавирус жана пневмония табылды

Бүгүн, 4-февралга карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 70 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.

Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 22, Чүй облусунан – 25, Ысык-Көл облусунан – 15, Ош облусунан – 1, Жалал-Абад – 1, Ош шаары – 4, Талас облусу- 1, Нарын облусунан – 1 учур катталды. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 84 832 адам ооруга чалдыккан.

Өткөн сутка ичинде 102 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 81 334кө жетти.

Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 47, Ош шаарынан – 2, Чүй облусунан – 30, Ош облусунан – 4, Ысык-Көл облусунан – 15, Жалал-Абад облусунан – 3, Баткен облусунан – 1.

Өзбекстанда жергиликтүү бийликти сындап жүргөн блогер кармалды

Сурхандарыялык блогер Отабек Саттори

Өзбекстандын Сурхандарыя облусунда жергиликтүү бийлик органдарын сындап жүргөн блогер Отабек Саттори кармалды.

1-февралда өлкөнүн Ички иштер министрлигинин тергөө департаменти ага «Опузалап акча талап кылуу» беренеси боюнча айып такты.

Блогердин эжеси Фарангиз Алимованын айтымында, инисин 29-январь күнү штаттык кийимчен укук коргоо органдарынын кызматкерлери үйүнөн кармап кетишкен. Ал белгисиз адамдардан опузалап акча жана телефон талап кылган деп айыпталууда. Алимова блогердин жакындары бул ишти ойдон чыгарылган деп эсептеп жатышканын кошумчалады.

1-февралда Термез шаарындагы сот Сатторини тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарган.

Telegram жана YouTube каналдары аркылуу «Эл пикири» деген видеоблог алып барган 40 жаштагы блогер буга чейин облус губернатору Туру Боболовду кескин сындап келген. Ал жакында жарыяланган видеолорунун биринде жергиликтүү бийликти блогерлерге каршы ойдон чыгарылган кылмыш иштерин козгоп жатканы үчүн сындап, «респрессияларга карабастан» кызмат адамдарынын арасындагы коррупция маселесин көтөрө бере турганын убадалаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Шинжаңдагы «лагерлерде» кармалгандар андагы зордук-зомбулук жөнүндө айтып беришти

Кытайга каршы уйгур аялдардын акциясы. Стамбул шаары, 1-октябрь 2020-жыл

Кытайдын Шинжаң аймагындагы «саясий жактан кайра тарбиялоо» лагерлеринде кармалган аялдар системалуу түрдө кыйноого алынып, сексуалдык зомбулукка кабылышат. Бул тууралуу «Би-Би-Сиге» аталган жайдан чыгып, азыр АКШда жашап жаткан аялдардын бири билдирген.

Анын айтымында, «кайра тарбиялоо лагеринде» ал бир нече жолу уруп-согуу жана топтошуп алып зордуктоо учурларына кабылган. Жарандык кийимчен күзөтчүлөр түнкүсүн аялдарды видеобайкоо камералары жок бөлмөлөргө алып кирип зордукташкан.

Аталган жайда 18 ай камакта болгон дагы бир аял бир нече жолу зордуктоо учуруна күбө болгонун билдирди. Айтымында, ал аялдарды зордукчуларга даярдап берүүгө мажбурланган: аларды чечинтип, колдорун таңып, эркектер бөлмөдөн чыккандан кийин ал жерди тазалап, аялдарды жуунтуп турган.

«Лагерлерде» аялдар системалуу түрдө зордукталарын басылманын дагы бир маектеши ырастады. Ал андай жайлардын биринде кытай тили мугалими болуп иштечү. Анын айтымында, зордуктоо маалында аялдарды электр тогу менен кыйнаган учурлар да болгон.

«Лагерде» иштеген дагы бир мугалим полиция кызматкерлери 20 жаштагы кызды зордуктаганын өз көзү менен көргөнүн билдирди. Анын айтымында, Кунес аймагындагы «лагерде» аялдарды дары-дармек ичүүгө жана анализге биоматериалдарды тапшырууга мажбурлашкан. Аларга ар 15 күн сайын белгисиз «вакцина» сайып, андан кийин аялдар уйкусурап, кускусу келчү.

«Би-Би-Сиге» «лагерлердеги» зордук-зомбулук жөнүндө айтып берген аялдардын арасында Кытайдан качып чыгып, Швециядан башкалка алган шинжаңдык казак Сайрагүл Саутбай да бар.

https://rus.azattyq.org/a/31046509.html

Кытайдын Шинжаң аймагында уйгурлар, казактар жана кыргыздар сыяктуу жергиликтүү мусулман коомчулугунун жүз миңдеген өкүлү атайын «лагерлерде» негизсиз кармалып турганы 2017-жылдан бери кабарланып келет. 2018-жылы Бириккен Улуттар Уюму Шинжаңдагы «лагерлерде» бир миллионго жакын уйгур жана башка аз улут өкүлдөрү бар экенин билдирген. Айрым маалыматтар боюнча камактагылар өз дининен, маданиятынан жана тилинен баш тартууга мажбурланышат.

Кытай бийлиги мындай жайларды экстремизмге, терроризмге каршы күрөштүн алкагындагы «тарбиялоочу, кесипке үйрөтүүчү жайлар» катары сыпаттайт жана куугунтук тууралуу дооматтарды четке кагып келет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Казакстанда калкты эмдөө үчүн колдонулуп жаткан «Спутник V» вакцинасы каттоодон өтө элек

Казакстанда 1-февралда калкты коронавируска каршы жапырт эмдөө башталганы менен Орусиянын «Спутник V» вакцинасы өлкөдө каттоодон өтө элек. Бул маалыматты брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Ерлан Киясов ырастады.

«Азыр каттоо досьеси кароодо, тиешелүү документтердин топтому даярдалып жатат. Вакцина жакынкы убакта Казакстанда каттоодон өткөрүлөт. Вакцинанын 22 миң дозадан турган алгачкы партиясы мыйзамга ылайык алып келинди. Мындан тышкары Караганды фармацевтикалык комплексинде да алты миң доза «Спутник V» вакцинасы өндүрүлдү. Анын үлгүлөрү Гамалеи атындагы институтка жөнөтүлүп, ал жактан жактырылып, жогорку натыйжалуулукту көрсөткөн», — деди Киясов.

Саламаттык сактоо министринин дагы бир орун басары Ажар Гиният «эмдөө иштерин баштаганга чейин мекеме орус тараптан вакцинанын клиникалык сыноолору боюнча бардык маалыматтарды алып, экспертизадан өткөргөндөн кийин гана» Казакстанга алып кирүүгө уруксат берилгенин белгиледи.

Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги 19-январда калкты коронавируска каршы жапырт эмдөө иштери 1-февралда Орусиянын «Спутник V» вакцинасын колдонуу менен башталарын билдирген.

Казакстан Орусиядан бул вакцинаны сатып алуу үчүн мамлекеттик бюджеттен жалпысынан 16,8 миллиард теңге (40 миллион доллар) жумшайт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню