Menu

Author Archives: Эргешов Бактыбек

Президент Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалдын турукташуусуна байланыштуу кайрылуу жасады

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаалдын турукташуусуна байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.

Төмөндө Мамлекет башчысынын кайрылуусу:

«Урматтуу кыргызстандыктар!

Кадырлуу мекендештерим! 

28-30-апрель күндөрү касиеттүү Кыргызстан эли үчүн тарыхый оор сыноонун да, кайгынын да күндөрү болду.

Ыйык Ата Журтубуздун аймактык бүтүндүгүнө жана коопсуздугуна коркунуч келип, тынч жаткан элибиздин бейпилдиги бузулду.

Бирок, Кыргызстандын чек ара жана күч органдарынын күжүрмөн даярдыгы, моралдык жактан бийик маанайы жана каармандыгынын аркасында өлкөбүздүн аймактык бүтүндүгүн сактап кала алдык.

Тилекке каршы, чоң жоготууларга учурадык. Миңдеген жарандарыбыз жашаган жерлерин аргасыздан таштап кетүүгө мажбур болушту.

Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө, жакындарына көңүл айтам, аза кайгысын тең бөлүшөм.

Элимдин уул-кыздарынын, айрыкча, 12 жашар кызымдын өлүмүнө кайгырып, ичимен кан өтүп турат!

Ошондой эле, жүздөгөн жабыркаган жарандарыбыздын тез аранын ичинде сакайып кетишин тилеймин!

Мамлекетибиздин ар бир чарчы метр жери үчүн жан аябай салгылашып, жанын берген каарман жоокерлерибиздин эрдигине башымды ийип таазим этемин.

Жоокерлерибиз Манас-Атанын чыныгы урпактары, кыргыздын нагыз эр жүрөк баатырлары экендигин далилдеди!

Дарыгерлерибиздин, куткаруучуларыбыздын жана гуманитардык жардам көрсөтүп жаткан ыктыярчыларыбыздын ишин өзгөчө белгилейм.

Алардын көк жалдыгы, эрдиги жана күйүмдүүлүгү кийинки муун үчүн өрнөк!

Кыргызстандын чек ара жана күч органдарынын айбат көрсөтүп, өз өлкөсүн өжөрлүк менен коргогондугунун натыйжасында сүйлөшүүлөр башталып, бир гана дипломатиялык жолдун зарылдыгы аныкталды.

Мен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен эки ирет сүйлөштүм.

Чатакты ырбатпоо үчүн, чек араны тактоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиялар ортосундагы иштин натыйжасында тийиштүү протоколго кол коюлду.

Ушул күндөрү курал-жарак талап кылып, Баткенге барууга ашыккан мекенчил жаштардын жигерин туура түшүнүүгө болот.

Алар да патриоттуулукту көрсөтүштү.

Бирок толук кандуу кагылышууну болтурбоо үчүн жана стабилдүүлүктү сактоо максатында жаштарга курал берүүгө мүмкүн эмес эле.

Башкалардын катасын кайталаган жокпуз.

Ошону менен бирге, чагымчылар сырткы күчтөрдөн дагы коркунучтуу экенин унутпашыбыз керек.

Өзүбүздүн күч органдарыбыздын аракеттерине жолтоо болбоо үчүн тартипти сактоо маанилүү болчу.

Өз кезегинде, биз өзүбүздүн куралдуу күчтөрүбүздү чектеш мамлекеттин айыл-кыштактарын басып алып жана тынч элге кол салып, үйлөрүн талкалоого эч качан жол бербейбиз.

Кыргызстандын чегинен чыкпоого, биринчи болуп ок атпоого бекем көрсөтмө бердим.

Себеби  чатак ырбаса, эки тарап тең мындан чоң жоготууларга учурамак, жүз миңдеген үй-бүлөлөр кайгы-муңга бөлөнмөк.

Ушуну элибиз туура түшүндү деп ойлоймун.

Кудай жалгап эки тарап кандуу согушту токтоттук.

Кагылышуу дагы канча убакытка  уланмак, бир Жараткан билет.

Куралдуу кагылышуунун уланып кетишине эки тарап тең жол бербеши керек!

Анткени биз түбөлүк коңшуларбыз.

Ата-бабаларыбыздан калган жерибизди таштап, башка  жакка көчүп кете албайбыз.

Биздин максатыбыз — элибиздин бейпилдиги, мамлекетибиздин аймактык бүтүндүгү.

Ушул тапта элдерди жайгаштыруу иши башталды.

Ар бир үй-бүлөгө кайрылам, ээлеп келген жайларыңарга кайтыңыздар.

Талкаланган, өрттөлгөн тамдарды калыбына келтирүү боюнча иш-чаралар жүргүзүлөт.

Эл аралык коомчулук бизди колдоп, ар тараптуу жардам берүүгө даярдыгын айтууда, аларга ыраазычылык билдиребиз.

Мындан ары жаңжалды алдын алуу максатында коңшу же аралаш жашаган айылдарда эки тараптын сыйлуу аксакалдарынан, урматтуу адамдарынан турган тынчтыкты сактоо комиссиясын түзүүнү сунуш кылып жатам.

Болгон окуяны териштирүүгө тапшырманы бердим.

Чагымчылардын жетегине жетеленип кетпейли.

Согуш эч кимге жакшылык алып келбестигинин четин эле көрдүк.

Мындан ары жергебизде тынчтык болсун!».

Премьер-министр Улукбек Марипов кыргыз-тажик чек арасындагы окуялардын жүрүшүндө курман болгон жарандардын үй-бүлөсүнөн кабар алды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы окуялардын жүрүшүндө курман болгон жарандардын үй-бүлөсүнөн кабар алды.

Өкмөт башчы Сүйүн Тагаевдин жана Рашиддин Үсөн уулунун үй-бүлөсүнө барды.

«Биз оор жоготууга учурадык, өз мекенин коргоодо өмүрүн берген өлкөнүн чыныгы патриотторунан айрылдык. Биз аларды кайгыруу менен жоктойбуз, ушул тапта бүтүндөй өлкө жарандары кайгырып турат», – деди ал.

Премьер-министр шейит кеткендерге куран түшүрүп, мамлекет курман болгондордун үй-бүлөсүнө тийиштүү көңүл бөлүп, камкордукка алаарын белгиледи.

ИИМ: «Баткенде жарадар болгон 162 адамдын 118ине ок тийген»

2 –май күнү ички иштер  министринин орун басары Эркебек Аширходжаев Медиа-штабта маалымат жыйын өткөрүп, Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек ара чатагынан кийинки кырдаал, козголгон кылмыш иштери, тергөөнүн жүрүшү тууралуу айтып берди.
2021 – жылдын 2 –майына карата кыргыз-тажик чек ара чатагынан 162 адам жабыркап, 34 киши курман болду. Жаракат алгандардын 12-чек ара кызматынын жоокерлери, 17-ИИМ кызматкери, калгандары жөнөкөй жарандар болгон. Жарадар болгондордун 118ине ок тийип, 10нуна таш тийген. 3 жоокер, 31 жөнөкөй жаран октон каза болгон.
Ички иштер министринин орун басары Э. Аширходжаев «Бишкек, Ош шаарларынан, Чүй, Жалал-Абад, Ош облустарынан чакыртылган тергөөчүлөрдөн түзүлгөн атайын тергөө тобу Баткен облусуна жөнөп кетишкен. Алар келтирилген чыгымдарды жана башка далилдерди топтоп жүрүшөт. Бүгүнкү учурда «Тынчтыкка каршы кылмыш», «Массалык башаламандыкты уюштуруу», «Адам өлтүрүү» сыяктуу 11 кылмыш иши козголду» – деди.

Чек ара кызматы: Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу

Кыргыз-тажик чек арасындагы абал 2-майдын саат 17.00гө карата туруктуу. Бул тууралуу Медиа-штабта өткөргөн маалымат жыйында УКМКнын Чек ара кызматынын мамлекеттик чек араны кайтаруу башкы башкармалыгынын начальнигинин орун басары Назаралы уулу Талантбек айтты.

Анын айтымында, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча тараптар чек ара сызыгына жакын кошумча күчтөрдү жана каражаттарды туруктуу дислокацияланган жайына кайтаруу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.

Бүгүнкү күндө эки өлкөнүн тен жарандарынын коопсуздугун сактоо үчүн кыргыз-тажик чек ара аймактарындагы көзөмөл-өткөрмө пунктары убактылуу жабылган.

Чек ара кызматынын өкүлү үйлөрүн аргасыз таштай качкан тургундардын айрымдары үйлөрүнө кайта баштаганын да кабарлады.

"Баткенге жардам" республикалык штабы жүктөрдү өз алдынча жеткирип жаткан унаалар үчүн жолдомо баракчасы (пропуск) иштелип чыккандыгын билдирет

Гуманитардык жардамды ташыган оор жүк ташуучу унааларга жолдомо алуу үчүн, “Баткенге жардам” республикалык штабына кайрылуу зарыл. Дареги: Бишкек шаары, Тоголок Молдо коч. 40 (Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт Ордосу).

Мындай учурда төмөнкүлөрдү камсыз кылуу зарыл:

  • гуманитардык жүктөрдү ташууга жооптуу адамдын паспортунун көчүрмөсү;
  • айдоочунун паспортунун көчүрмөсү;
  • унаанын номуру;
  • саны көрсөтүлгөн товарлардын тизмеси (кг, тонна, категория боюнча болуштурулгон).

Белгилей кетсек, Республикалык штабдан жолдомо алган бардык унаалар гуманитардык жардамды муктаж болгондорго бөлүштүрүшү учун Баткен облусунун Башкы штабына жеткирип беруусу керек. Дареги: Курманжан Датка кочосу (Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кампасы).

Суроолоруңуз болсо, 0705 15 13 00 номуруна чалсаңыз болот.

Бишкекте аккредиттелген дипломатиялык корпустун өкүлдөрү Баткендеги кагылышуудан каза болгондордун жакындарына көңүл айтышты

Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуунун натыйжасында биздин курман болгон жарандарды эскерүү үчүн 2021-жылдын 1-2-майын Кыргыз Республикасынын улуттук аза күтүү  күнү деп жарыялоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын  Тышкы иштер министрлигинде  жана  Кыргыз Республикасынын бардык чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык жана консулдук мекемелеринде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желектери түшүрүлдү жана көңүл айтуу китепчелери ачылды.

Ушул жылдын 2-майында Бишкек шаарында аккредиттелген дипломатиялык корпустун жана эл аралык уюмдардын башчылары жана өкүлдөрү көңүл айтып, Кыргыз Республиканын Тышкы иштер министрлигинин  имаратында ачылган китепке тиешелүү жазууларды калтырууну улантышты. Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын жамааты кагылышуудан каза болгондордун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

КР ӨКМ: Чек ара чатагынан келтирилген чыгым такталууда

Учурда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал учурунда келтирилген чыгым такталууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов 2-майда кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча Медиа-штабда өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, жергиликтүү тургундарга келтирилген зыянды эсептей турган атайын комиссия түзүлдү.

«Баткен облусунун чек арага жакын жайгашкан аймактарынын жашоочуларына кандай жардам керек», – деген журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, министрдин орун басары тез бузулбоочу азык-түлүктөр: күрүч, кумшекер, чай, ун, май, макарон жана балдар үчүн таттуулар керек экенин айтты.

Урматбек Шамырканов Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин техникалары жана башка ресурстары жетиштүү экендигин айтып: «Баткен облусунда жүргөн Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жеринде бардык ишти көзөмөлдөөдө. Министрликтин кызматкерлери күнү-түнү, 24 саат бою иштеп жатышат», – деди.

Эвакуацияланган жарандарды керектүү бардык каражаттар менен камсыз кылуу иштери жүрүп жатканын кошумчалаган министрдин орун басары. «Азыр биз жарандарыбызга мурдагыдай ыңгайлуу жашоо шарттарын камсыздоого багытталган иштерди жүргүзүүдөбүз. Ага чейин алар эвакуациялык пункттарда болушат», – деди.

Ошондой эле министрдин орун басары Өзгөчө кырдаалдар министрлиги атайын эсеп ачкандыгын, чек ара чатагынан жабыркаган айылдардын инфраструктурасын калыбына келтирүүгө жардам берүүнү каалагандар ошол жакка акча которсо болоорун эскертти. Бүгүнкү күндө жарандар жана уюмдар бул эсепке 1 млн сом которушту.

Урматбек Шамырканов калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүгө Кыргызстандын күчү жетээрин баса белгиледи.

Кыргыз-тажик чек арасында жараат алган 88 жаран ооруканаларда дарыланууда

КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрлан Сапарбаев кыргыз-тажик чек арасындагы окуяда жараат алган жарандардан кабар алды.

Эрлан Сапарбаев Баткен облустук биргелешкен ооруканасында дарыланып жаткан бейтаптардын ар бири менен баарлашып, тез сакайып кетүүсүн каалоо менен, алардын саламаттыгын калыбына келтирүү үчүн мамлекет тарабынан бардык жардамдар көрсөтүлөөрүн билдирди.

Белгилей кетсек кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуудан облуста жалпы 179 жаран ар кандай жараат алып, анын 33 каза болду. Каза болгондордун  үчөө аскер кызматкери болсо, калганы жергиликтүү тургундар.

Учурда жалпы 88 жаран ооруканаларда дарыланып жатат, 56 жаран Бишкек шаарында, 32 жаран облустук жана аймактык ооруканаларда дарыланса, калганына амбулатордук жардам көрсөтүлгөн.

Жараат алгандар бардык керектүү медициналык каражаттар менен камсыз болууда.

Бейтаптарга медициналык жардам көрсөтүү үчүн, Баткен облусуна, өлкөнүн бардык аймактарынан 70ке чукул дарыгерлер келген.

Баткен облусунда гуманитардык жардамдардын таркатылышын атайын комиссия ишке ашырууда

Баткен облусуна жиберилген гуманитардык жардамдарды аксакалдар, коомдук уюмдардын жана жаштардын өкүлдөрү кирген атайын комиссия бөлүштүрүүдө. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова 2-майда кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча Медиа-штабда өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бул комиссия белгилүү бир жерге кандай жардам керек экендиги жөнүндө маалыматтарды чогултуп, анализдеп, андан кийин келип түшкөн гуманитардык жардамдарды Баткен облусунун Лейлек жана Кадамжай райондорунун айылдарына таратат.

Бишкекте гуманитардык жүк чогултулуп, акт түзүлүп, “Баткенге жардам” республикалык кайрымдуулук штабына жөнөтүлүүдө. Жүк жүктөлгөн унааларга атайын жолдомолор берилет.

«Гуманитардык жардамды өз алдынча чогултуп жаткан жарандар көп экен. Мен аларды жүк өз дарегине коопсуз жетиши үчүн “Баткенге жардам” штабы аркылуу жөнөтүүгө үндөгүм келет. Бишкектен жүктөлүп жаткан гуманитардык жүктүн тизмесин Баткендегилер алдын ала жиберип коюууну да суранып жатышат. Анткени алар жүк жеткиче алдын ала кайсы пунктка канча жардам, кандай жардам керек экенин аныктап, тактап коюшат. Гуманитардык жардам жетээр замат, токтоосуз өз даректерине жиберишет», – деди Ализа Солтонбекова.

Ализа Солтонбекова: Баткенде жабыр тарткан жарандар менен психологдор иштеп жатышат

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал учурунда жапа чеккендер менен психологдор жана психотерапевттер иштешүүдө. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова 2-майда кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча Медиа – штабда өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, алар Бишкек шаарынан жана Ош облусунан Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыккан биринчи эле күнү жөнөп кетишкен. “Алар ооруканада жаткандарга, эвакуацияланган үй-бүлөлөргө, бала бакчалардын жана мектептердин имараттарында убактылуу баш калкалап жаткандарга жеринде жардам көрсөтүп жатышат “, – деди ал.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова жабыркагандардын бардыгы мамлекет тарабынан кепилденген медициналык жардамды алаарын жана аларга керектүү нерселердин бардыгы өз убагында камсыздалып жаткандыгын белгиледи. “Мындан тышкары, жеке лабораториялар жана диагностикалык борборлор жардам беришет. Алар Бишкек шаарына жиберилген, жаракат алган 56 жарандын бардыгына бекер анализ жана томография жүргүзөт”, – деди Ализа Солтонбекова.

Анын айтымында, Баткен облусунда жүргөн Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Баткен районундагы ооруканаларга дары-дармектердин жеткирилишин өзү  жеке көзөмөлүнө алган.

Меню