Menu

Author Archives: Эргешов Бактыбек

Иманкадыр Рысалиев, саясатчы: Эмнеге Жогорку Кенештин депутаттары «чимкириктерге» айланды?

Биз эч кимди шылдындап, басынтып же каралагыбыз деле келбейт… Биз бул укмуш феноменди талдап көрүп, түшүнгүбүз келип жатат. Эмнеге Атамбаевдин бир айтып койгону менен эле «чимкирик» деген кемсинтүүчү сөз байыркы акылгөй элдин аң сезимине сиңип кетти?

2010-жылдагы Конституцияны мурунтан жалпыга таанылган парламенттик жана президенттик башкаруу формаларынын стандарттарына шайкеш келүүсүн талдап көрүп, андан толук кандуу иштей турган парламентаризмди да, жана айкын президенттик моделди да көрө албадык. Жөнөкөй тил менен айтканда, 2010-жылдагы Конституцияда «Колу жок, буту жок, рулу жок, ачык-айкын багыты жок автоунаага отуруппуз да, баарыбыз эле кыйкырып, чуру-чуу түшүп, кокуйлап эле жатабыз, бирок эч кимибиз эч жакка шашкан жерибиз жок, бир жерди таптап эле турабыз».

2010-жылдагы Конституциянын ачык-айкын, так эмес жана карама-каршы болушунан улам, Кыргызстан баары эле сүйлөй берген, бирок жоопкерчилиги жок өлкөгө айландык. Ушул мезгил ичинде – парламентке кайра эле баягы жадаткан, уят-сыйыты жок «чимкириктер» келип өтүп, 2020-жылдын октябрында кезектеги төңкөрүш чыкканга чейин эл кыжыры кайнап, карап отурду.

Эмне үчүн мындай окуялар болуп кетти жана бул жерде 2010-жылдагы Конституциянын эмне тиешеси бар?

Балким билбегендиктенби, же атайын элеби, айтор, 2010-жылдагы Конституцияда депутаттар баардыгына кийлигише берген, бирок эч нерсеге жооп бербеген, ал эми Өкмөт тескерисинче, баардыгына жооптуу болуп, бирок чечимдерин чыгарууда парламентке жана  президенттин администрациясынын эркине үтүр, чекитине чейин көз каранды болуп, өзү эч нерсени чечүүгө укуксуз болгон, бийлик жана мамлекеттик түзүлүшү киргизилген.

Депутат болуш түз да, кыйыр да маанисинде өтө  пайдалуу да, ынгайлуу да болуп калды. Биринчиден, бардыгында жеке унаасы, айлыгы жакшы жеке секретаршасы, жеке жардамчысы бар, акысыз уюлдук байланышы бар, өлкө ичиндеги каалаган сапары мамлекеттин эсебинен төлөнөт. Ай сайын депутаттар 40 миң сомдон күтүүсүз чыгымдарына алышат, аларга отчет беришпейт. Экинчиден, дээрлик бардык депутаттар туугандарын, жакындарын, досторун жана тааныштарын кызматтарга орноштура беришип, басып жүргөн кадрлар бөлүмүнө айланышты. Үчүнчүдөн, депутаттардын негизги киреше булагы – ата мекендик бизнеске кыянаттык кылуу менен чет элдик фирмалардын кызыкчылыгын көтөрүү болуп калды. Муну депутаттар ачык эле, бетпактык менен жасашчу, анткени оозеки айткандарын далилдеп берүүгө болбошун билишчү. Министрлерди, чиновниктерди мыйзамсыз чечимдерге кол коюуга мажбурлап, өздөрү четте карап турушчу. Ошон үчүн ар бир депутат өзүн министр сезип, фракция лидерлери өздөрүн премьер-министр сезип калышкан. Депутаттардын мыйзамсыз иштери андан көп, ошон үчүн азыр октябрь төңкөрүшүнөн кийин алар дымып, унчукпай отурушат, жана кандай болбосун чечимдерди колдоп берип жатышат. Депутаттардан принципиалдуулукту жана акыйкаттуулукту күтүү – бул келесоонун иши, алар кара санатай болгону үчүн эмес, алар мамлекеттик кызыкчылыкты кыпындай да ойлоп койбогондору үчүн! Анткени алар өздөрүнүн андан көп эселентип көбөйтүп алуу үчүн, акчаларын партиянын “общагына” салышкан. Шайлоо алдындагы какшаган убадаларын эстеп да коюшпайт, парламентке кирген партиялар кийинки шайлоого чейин иштеринин баарын жыйыштырып коюшат. Жеке жана партия ичиндеги талаштар парламенттик фракцияларга өтүп, ошол жактан кызматтарды, тендерлерди жана бюджеттин акчаларын бөлүштүрүү иши башталат. Депутаттар бат эле конституциялык-бычылган импотенттерге айланып отуруп калышат! Мунун баары кыргыз элинин башына бүткөн балээ…. коомдун саясий рак шишиги.

Эми жаны парламент да Кыргызстандын денесиндеги рак шишигине айланбашы учун эмне кылыш керек?

Эң биринчиден, Жогорку Кенешти күтүүгө болгон каражаттарды кескин азайтуу керек. Эгерде депутат – элдин кызматкери болсо, анда ал элге льготалар же артыкчылыктар үчүн эмес, таза идея үчүн, жөнөкөй элдин турмушун оңдош үчүн иштеп берсин. Жеке автоунаасын, жеке секретаршаларын, жогорку эмгек акыларын кайтарып алыш керек, ал эми жардамчылары коомдук башталышта, акысыз иштеп берсин. Жогорку Кенештин аппаратын кыскартуу менен сапатын жаңыртуу зарыл. Жогорку Кенештин аппаратына жогорку класстагы эксперттерди жакшы айлыкка ишке тартуу керек, алар мыйзам долбоорлоруна туруктуу мониторинг жана экспертиза жүргүзүшөт. Бүгүнкү күндө, көп акылгөй адистер чет элдик долбоорлордо иштешет. Мына ушул абалды түп тамырынан өзгөртүү кажет.

Ал эми эмгеги сиңген, акылман инсандарыбыз элге кызмат кылып берүүгө даяр жана  аткаруу бийлигиндеги чиновниктер коррупциясын, чынчыл иштешин көзөмөлдөп беришет. Жүрөгу ак депутаттар гана льготаларын же артыкчылыктарын жоготуп алуудан корпкпостон, тайманбай, принципиалдуу иштей алышат. Бул көптөгөн өнүккөн өлкөлөрдүн далилденген тажрыйбасы.

Жогорку Кеңештин чыгымдарын үч эсеге кыскартуу – тышкы карыздан кутулуунун кепилденген ыкмасы. Ошол ачкөз депутаттардын принципсиз иш-аракеттеринен улам, мамлекеттин тышкы карызы көбөйгөн!

Жаңы Конституция боюнча бийликтин толук жоопкерчилигин гана эмес, ошондой эле тарыхый зор жоопкерчиликти өзүнө алып жаткан Кыргызстандын азыркы жетекчилиги, анын айланасындагылар жана командасынын негизги мүчөлөрү бир өтө маанилүү акыйкатты түшүнүп алышсын – сырты жалтырак, ичи калтырак болуп, калп көрүнбөстөн, акыйкат иштеш керек! Мына ошондо гана мурунку президенттер аткара албай кеткен эл мүдөөсүн аткарууга – Кыргызстанды өнүккөн, гүлдөп өскөн өлкөгө айландыруу вазийпасын аткаруу мүмкүнчүлүгү берилет!

Иманкадыр Рысалиев, экс-министр

Минск шаарында Советтер Союзунун Баатыры Жумаш Асаналиевдин жаркын элесине арналган миниг-реквием болуп өттү

7-майда Минск калаасында 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик Жеӊиштин 76 жылдык мааракесинин алкагында Кыргыз Республикасынын Белорус Респубикасындагы Элчилиги менен Минск шаарынын Октябрь районунун Администрациясы  биргелешип  уюштурган Советтер Союзунун Баатыры Жумаш Асаналиевдин жаркын элесине арналган миниг-реквием болуп өттү.

Аталган митинг-реквиемге Элчиликтин жетекчилиги жана кызматкерлери, Октябрь районунун Администрациясынын жетекчилиги, ветерандар, коомдук жана мамлекеттик уюмдардын өкүлдөрү жана окуучулар катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Белорус Республикасындагы Элчиси Эрмек Ибраимов жана Минск шаарынын Октябрь районунун Администрациясынын башчысынын биринчи орун басары  Александр Мацевич ветерандарды майрамы менен куттукташты.

Э.Ибраимов өз сөзүндө эркиндик менен көз карандысыздыкты жеӊип берген ветерандарга тереӊ таазимин билдирип, ал жеӊиш Кыргызстан менен Белорус элининин жалпы тарыхынын жаркын барактары болуп калганын белгиледи. Ошону менен бирге, Белорусиянын борборунда тургузулган кыргызстандык баатыр Жумаш Асаналиевдин эстелиги эки элдин достугу менен жакындыгынын символу экендигин кошумчалады.

Өз кезегинде, Мацевич ветерандарды жана митингдин катышуучуларын куттуктап,  «Жумаш Асаналиевдин образы  биримдиктин жана ынтымактын, чыныгы патриоттук менен Мекенди сүйүүнүн символу»,- деп белгиледи.

Октябрь райондук ветерандар кеӊешинин Төрайымы Любовь Хвойницкая кыргызстандык баатыр Жумаш Асаналиевге  арнап жазган өзүнүн ырын окуп,  окуучулар баатырга арналган ырларды көркөм айтып беришти.

Аягында, Жумаш Асаналиевдин эстелигине гүл-чамбар коюу аземи болуп, Элчилик тарабынан ветерандарга азык-түлүктөн түзүлгөн жардамы тапшырылды.

Кыргызстан: “Чек арасыз дарыгерлер” уюму Баткендеги жабыркагандарга алгачкы медициналык жардам жана психологиялык колдоо көрсөтүүдө

Баткенде ыкчам түрдө медициналык жардам көрсөтүү максатында Médecins Sans Fontières / Чек арасыз дарыгерлер эл аралык уюму  Кыргызстан менен Тажикстандын чек арага жакын аймактарында болгон чыр-чатактан кийин психологиялык жардам көрсөтүү кызматын жана көчмө медициналык клиникаларын ишке ашырды.

Чек арадагы чыр 28-апрелде эки өлкөнүн ортосундагы шарттуу чек арадан бир нече метр аралыкта, Ак-Суу суусунун жээгинде болгон жана Лейлек районунун чек арага жакын айылдарына тараган.

30-апрелде, кагылышуулар жөнүндө биринчи билдирүүлөрдөн кийин «Чек арасыз дарыгерлер» уюмунун жамааты көчүрүлгөн калктын муктаждыгы боюнча баалоо иш-чараларын жүргүзгөн жана адистештирилген психологиялык жардам жана алгачкы медицико-санитардык жардам көрсөтүүдө олуттуу маселелер жаралгандыгын аныктады.

Ошентип, 1-майда «Чек арасыз дарыгерлер» уюму Баткен шаарына көчүрүлгөн калкка алгачкы медициналык жардам көрсөтүү боюнча көчмө клиникасын ишке киргизди. Негизинен адамдар жүрөк-кан тамыр оорулары, диабет, диарея жана жогору дене табы менен кайрылып жатышты.

Көчмө клиникаларга кошумча катары «Чек арасыз дарыгерлер» уюмунун психологдор командасы негизинен аялдар жана балдар менен жекече консультацияларды жүргүзө башташты.

«Биздин жумушубуз көчүрүлүп келген адамдар арасында жаракаттан кийинки стресстик тынчсыздануунун алдын алууга багытталган», – дейт, уюмдун психологу Жазгул Атакулова. «Адамдардын көпчүлүгү дистресстин, тынчсыздануунун, курч стресс белгилери байкалган, ошол эле учурда айрымдарында өнөкөт дистресстин жана депрессиянын белгилери байкалгандыгы региондун бул бөлүгүндө чек ара кагылышуулары жана чыңалуу ушул күнгө чейин да болуп келгендиги жөнүндө маалым берип турат».

2-майда «Чек арасыз дарыгерлер» уюмунун командасы Баткен облусунун батыш бөлүгүнө ыкчам түрдө, жеринен таанышып, жагдайга баа берүүнүн үстүнөн иштеп баштаташты, анда болжол менен, 30 000ден ашуун адам өз үйлөрүн таштап кетүүгө мажбур болушкан, ошондой эле көп сандаган үйлөр жана бизнестер күйүп кеткен.

Баткенде мобилдик клиниканын дарыгерлери көчүрүлүп келген аялга медициналык көрсөтүп жатат

«Исфанага жол ачылары менен, биз Баткен облусунун батыш бөлүгүндө жабыркаган аймактарга ыкчам турдө комплекстүү баа берүүнү жүргүздүк», – деп айтты Кыргызстандагы «Чек арасыз дарыгерлер» миссиясынын жетекчиси, Кевин Коппок. «Кагылышуудан көптөгөн адамдар жапа чекти жана алар  өзгөчө Кулуңду жана Самаркандек оруканалары камтыган аймактардан болушкан.  Бул эки аймак тең бир топ олуттуу зыянга учураган. Биз, жергиликтүү саматтык сактоо органдарына алардын чыр-чатактан жапа чеккен үй-бүлөлөргө баштапкы медициналык кызмат жана  психосоциалдык жардам көрсөтүү ишмердүүлүктөрүнө  колдоо көрсөтмөкчүбүз».

Эсиңиздерге сала кетсек, “Чек арасыз дарыгерлер” Кыргызстанда 1996-жылдан тартып иштейт. Ош облусунун Кара-Суу районунда «Чек арасыз дарыгерлер» уюму дарыга туруктуу кургак учукка каршы жаңы жана инновациялык диагностика жана дарылоо, анын ичинде бейтап тарабынан дарыланууга болгон мамилени жакшыртуу максатында видео байкоону киргизип, терс таасири төмөн жана кыска мөөнөттүк дары менен дарылануу ыкмалары менен бирге орууну аныктоону жакшырттууга бир топ салымын кошту.

Акыркы беш жылда «Чек арасыз дарыгерлер» уюму Кадамжай районунда медициналык жардам көрсөтүп жатат, бул аймакта айрым өнөкөт ооруларынын көрсөткүчтөрү Кыргызстандагы салыштырмалуу жогорку көрсөткүч болуп саналат. Саламаттык сактоо министрлиги менен тыгыз кызматташтыкта иштөө менен биздин командалар өзгөчө жаш балдар арасында таралган диабетти, гипертонияны жана аз кандуулукту (анемияны) кошо алганда, оруларды текшерүүдө, дартын аныктоодо жана алардын алдын алууда саламаттык сактоонун райондук органдарына колдоо көрсөтүп келүүдө.

Өткөн жылы Кыргызстанда COVID-19 илдети күчөгөн кезде «Чек арасыз дарыгерлер» ооруканалардын ашыкча толушун алдын алуу үчүн Чүй облусунун Аламүдүн жана Сокулук райондорунда орточо жана жеңил орулуу бейтаптар үчүн үйүнөн дарылоо программасын ачкан. Ошондой эле, бул программа Кадамжай районунда ишке ашырылган. COVID-19ду үйүнөн дарылоо ыкмасы өлкөдө биринчи жолу жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен кызматташтык алкагында колдонууга киргизилди.

 

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча өкмөттүк делегациялардын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү

Тараптардын жетишилген макулдашууларына ылайык, 2021-жылдын 5-9-майында Кыргыз Республикасынын Ош шаарында Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү.
Жолугушуу жыйынтыгы боюнча тийиштүү Протоколго кол коюлду.
Тараптар кезектеги жолугушууну Тажикстан Республикасынын аймагында өткөрүүнү макулдашты.
Жолугушуу достук жана өз-ара түшүнүшүү маанайында өттү.

Бишкекте 500 жетим жана томолой жетим калган балдарга гуманитардык жардам таркатылды

Бишкекте 500 жетим жана томолой жетим калган балдарга гуманитардык жардам таркатылды.  Иш-чарага Саламатыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова катышып, демөөрчүлөргө терең ыраазычылык билдирди.

Биринчи орун басар Ализа Солтонбекованын айтымында аталган жардам Министрлик менен тыгыз кызматташуунун натыйжасында ишке ашууда. «Бул азык-түлүк түрүндөгү жардам Дубай шаарындагы “Аль-Махтум” фонду тарабынан көрсөтүлдү. Ошондой эле буга “Жаркын жаштар келечеги” фондунун салымы чоң», – деди ал.

Ализа Солтонбекова муктаждарга колдоо көрсөтүү багытында  иш-чаралар улантылаарын белгиледи.

Президент Садыр Жапаров: Жеңиш күнү эрдиктин жана даңктын, тынчтык жана эркиндик үчүн каарман эмгектин символу болуп кала берет

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 9-майда, Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 76 жылдыгы менен кыргызстандыктарды куттуктады.

Төмөндө Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

«Урматтуу Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери жана ооруктун эмгекчилери!

Урматтуу кыргызстандыктар!

Сиздерди 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 76 жылдыгы менен чын жүрөктөн куттуктайм!

9-май – Улуу Жеңишти жана жакшылыктын салтанатын майрамдоонун жалпы элдик күнү.

Жеңиш күнү эрдиктин жана даңктын, тынчтык жана эркиндик үчүн каарман эмгектин символу болуп кала берет.

Ушул салтанаттуу күнү биз аталарыбыздын жана чоң аталарыбыздын эрдиктерин сыймыктануу менен эстейбиз, оорук эмгекчилерине сый көрсөтүп, ардагерлердин астында башыбызды ийип таазим этебиз.

Биздин жоокерлердин ысымдары Улуу Ата Мекендик согуштун тарыхынын барактарында алтын тамгалар менен жазылып калган.

Согуш талааларында биздин 360 миңдей жердешибиз согушкан, алардын 100 миңден ашууну кан майдандан кайтпай калды.

Эрдиги жана баатырдыгы үчүн 150 миңден ашык кыргызстандык ар түрдүү сыйлыктарга ээ болушту. Алардын ичинен 73 жердешибиз Советтер Союзунун Баатыры наамын алып, 22 жердешибиз “Даңк” орденинин толук кавалери болушкан.

Согуш жылдарында башка республикалардан эвакуацияланып келген жүз миңдеген адамдар өлкөбүздөн түнөк таап, камкордукка алынды, алардын көпчүлүгү биздин жерде экинчи Мекенин табышты.

Кыргызстан фронтту ок-дарылар, азык-түлүк жана кийим-кече, ал эми коргоо өнөр жайын стратегиялык чийки заттар менен камсыз кылып турган.

Эмгек фронтунда каармандык менен иштеген элибиз душманды талкалоого жана Жеңишке жетишүүгө баа жеткис салым кошкон.

Бүгүнкү күнү биз согуш талааларында жана оорукта Жеңишке жетүү үчүн өз жанын аябаган баатырларыбызды терең ыраазычылык жана зор сыймык менен эскеребиз.

Согуш ардагерлерин жана ооруктун эмгекчилерин дайыма камкордукка алып, көңүл буруу жана алардын эрдигин унутпай сактоо – биздин ыйык милдетибиз.

Улуу Ата Мекендик согуштун урматтуу  ардагерлери жана ооруктун эмгекчилери!

Бул Улуу Жеңишке Сиздер эрдик, каармандык, биримдик жана талыкпас эмгек менен жеттиңиздер. Бул бизге чоң жоопкерчиликти жүктөйт. Биз өлкөбүздүн тынчтыгын, бейпилдигин сактоого, элибиздин байгерчилигине жетишүүгө жана мамлекетибизди бекемдөөгө милдеттүүбүз.

Сиздерге бекем ден соолук, бакты-таалай жана бакубат жашоо каалайм.

Кыргызстаныбызда тынчтык, ынтымак, өнүгүү болсун!».

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Кытайга сапарынын алдында элчи Ду Дэвэнь менен жолугушту

Борбордук Азия-Кытай форматындагы тышкы иштер министрлеринин экинчи жолугушуусуна катышуунун алкагында (2021-жылдын 10-12 майында, Сиань ш.) Кытай Эл Республикасына расмий сапарынын алдында 2021-жылдын 8-майында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө  эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, ошондой эле эки өлкөнүн Тышкы саясий ведомстволорунун башчыларынын алдыдагы боло турган сүйлөшүүлөрүнүн күн тартиби боюнча пикир алмашуу болду.

Кытай Элчиси Ду Дэвэнь кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдын кесепетинен курман болгон Кыргыз Республикасынын жарандарынын үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтты. Ошондой эле Кытай Эл Республикасы Кыргызстандын ишенимдүү стратегиялык өнөктөшү болуп, КРнын жетекчилиги тарабынан кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы окуяларды тынчтык жолу менен чечүү, аймакта тынчтыкты жана туруктуулукту сактоо боюнча аракеттерди кубаттады. Кытай тарап  дипломатиялык аракеттер менен сүйлөшүүлөр аркылуу тынчтыкка жана стабилдүүлүккө жетишүү  камсыздалат деген ишенимин билдирет.

Видео - Жеңиш Молдокматов камакка алынды

Бүгүн, 6-майда мурунку “Замандаш” партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов КР Ички иштер министрлигинин тергөө башкармалыгындагы сурактан кийин камакка алынды. Укук коргоо органдары Жеңиш Молдокматовду былтыр, 9-октябрдагы бийликти басып алуу аракеттерине айыптап жатат.

Эсиңиздерге сала кетсек, 2020-жылдын 9-октябрь күнү абактан тарапкерлери тарабынан 5-октябрда чыгарылып алынган Алмаз Атамбаев эски жана жаңы саясатчылар: Өмүрбек Бабанов, Темир Сариев, Тилек Токтогазиев, Фарид Ниязов жана башкаларды “Ала-Тоо” аянтына жыйнап алып, бийликти алмаштыруу аракетин жасаган. Алмаз Атамбаевдин бул тобуна каршы ал кезде парламент тарабынан жаңы эле дайындалган премьер-министр Садыр Жапаровдун жана ошол учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун тарапкерлери аянтка чыгып, атамбаевчилерди кууп таратышкан.

Эртеси, 10-октябрда кылмыш иши козголуп, анын натыйжасында Алмаз Атамбаев жана Фарид Ниязовдор 9-октябрдагы окуялар боюнча да камакка алынышкан. Бир нече атамбаевчилер суракка алынууда. Бүгүн Жеңиш Молдокматов сурактан кийин абакка камалды.

Жеңиш Молдокматов 2020-жылдын 4-октябрындагы Жогорку Кеңешке шайлоодо “Замандаш” партиясынын лидери катары катышкан, бирок жеңилип калып, нааразычылык акциясына чыккандардын катарында болгон.

Жакында эле бир кезде Тайырбек Сарпашевге тиешелүү деп айтылып жүргөн “Туран” партиясынын лидери болуп шайланганы жарыяланган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Баткен облусунун жашоочуларынын жабыркаган үйлөрү мамлекеттин эсебинен толугу менен калыбына келтирилет

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги акыркы окуялардан улам жабыркаган Баткен облусунун жашоочуларынын үйлөрү мамлекеттин эсебинен толугу менен калыбына келтирилет.

Бул тууралу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирет.

Ошону менен бирге, калыбына келтирүүгө мүмкүн болбогон турак жайлар мамлекеттин эсебинен бекер курулуп берилерин белгилейбиз.

Премьер-министр Улукбек Марипов: Гуманитардык жардамды жеткирүүдө жана бөлүштүрүүдө кармалуулар болбошу керек

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен облусундагы кампасына барды, анда өлкөнүн булуң-бурчунан келип жаткан гуманитардык жардамдар топтолууда.

«Бардык гуманитардык жардам өз багыты боюнча муктаж жарандарга жеткирилиши тийиш. Кармалуулар болбошу керек. Элибиз даг бир ирет ынтымагын жана биримдигин көрсөттү, жардам ар тараптан келүүдө. Бир дагы жараныбыз четте карап турган жок. Эли-журтубуз Баткен облусу үчүн кыйын кырдаалда бирикти», – деди Улукбек Марипов.

Өкмөт башчы физикалык жана юридикалык жактардан түшүп жаткан гуманитардык жардамды кабыл алуу боюнча штабдын иши тууралуу маалымат алды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө кампага 279,881 тонна гуманитардык жардам келип түштү. Булар – азык-түлүк, жеке гигиена каражаттары, кийим-кече, жууркан-төшөктөр.

256,881 тонна гуманитардык жардам жабыркаган жарандарга жеткирилди. Калган 30 тоннасы кампада сакталууда жана зарыл болгон учурда Баткен облусунун жарандарына жеткирилип, бөлүштүрүлүп  берилет.

Меню