Menu

АНАЛИТИКА

Кыргызстандын экс-президенттери да соттолушсун!

Кытайда өткөн “Бир алкак — ​бир жол” (“Один пояс – один путь”) дүйнөлүк масштабдагы эң ири саясий форумдардын бирине Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков да катышып сөз сүйлөдү. Отузга жакын мамлекеттин башчылары катышкан бул жаңы уюм соңку жылдарда дүйнөлүк жаңы геополитикалык аба-ырайды түзө турган эң ири саясий уюмдардын бирине айланып бара жатат.

Бул ирет өзгөчө көңүл бурдурганы — ​башка мамлекеттик жетекчилер менен бир катар эле мындан бир жарым айча мурда өзүнүн президенттик кызматтан отставкага кеткенин жарыялаган Нурсултан Назарбаевдин өзгөлөрдөн айырмаланган урмат-сый менен кабыл алынганы болду. Казакстан Республикасынын мурдагы президенти, бул Борбордук Азиядагы өтө ыкчам темпте өнүгүп жаткан өлкөнү дээрлик отуз беш жыл бою башкарган (союз учурундагы мезгилди кошуп атай турган болсок) жетекчинин башка мамлекет башчылары менен бир катарда кандай статуста катышканы анчалык ачыкталбай, бир аз бүдөмүк бойдон калганына карабастан, бул жагдай да байыркы улуу Кытайдын акылман саясатын тастыктап турат!..

Анткени, мурдараакта эле башка бардык кызматтык ыйгарым укуктарын өткөрүп берип, өзүнө Улуттук коопсуздук Кеңешинин төрагалыгын гана калтырган Казакстандык лидер жөнүндө анын Дэн Сяо Пиндин жолун тандап, дал ошол ыкма менен, акырындап гана кызматтан четтей баштагандыгы айтылган. Бардык эксперттер бир ооздон — ​буга каршы болгондору да, муну ачык колдошкондору да! — ​макул болушканы бир гана нерсе болуп, алардын баары тең жапырт бойдон Назарбаев өзүнүн саясаттагы таасирин жоготпой, ал тургай, жогорку бийликтеги бардык керектүү рычагдарды өз колунда сактап калды деп белгилешкен.

Албетте, Кытай биринчи иретте ырааттуулукту, улантуучулукту (мураскерликти эмес — ​саясаттагы мурдагы багытты улантуучулукту!) колдогон өлкө. Ал өзүнө союздаш, коңшулаш өлкөлөрдүн саясаты кескин өзгөрүлүшүн жана өлкө башчысы алмашары менен эле кайрадан жаңыдан түзүп баштоону эч убакта каалабайт. Калдайган калың Кытайдын эбаккы Мао-Цзе Дундан берки коммунисттик идеологияны сактап келе жаткандыгы да дал ушундан улам.

Арийне, доор талабына, өзгөргөн жаңы шарттарга жараша, мамлекеттик идеологияга да, өнүгүү программаларына да айрым бир тактоочу гана толуктоолор, өзгөртүүлөр киргизилгени менен да, эң негизги стратегиялык багыттары боюнча дале болсо баягы багытынан жазбай келе жатат. ХХ кылымдын соңку он жылында жана жаңы кылымдын башында чоң секирик жасап, АКШдан кийинки экинчи экономика аталып, жакынкы аралыкта аны басып өтүүгө кам уруп турган өлкө жогорудагыдай зор саясий форумдарды да тээ алыскы келечекти гана ойлоп өткөрүүдө.

Мурдагы Орто Азия республикалары жана Казакстан деп аталган чөлкөмдүн союз ураган соң Кытайдан болгон таасири алыскы Москвадан кем болбой калгандыгы маалым. ШОС, ОДКБ сыяктуу абройлуу эл аралык уюмдардын мүчөлөрү болушкан өлкөлөрдүн өз ара биргелешкен аракеттери тууралуу макулдашуулары жана дагы милдеттенмелери бар сыяктуу эле, “Один пояс — ​один путь” аттуу масштабдуу ири саясий форум кийинчерээк дал ушундай бирдиктүү, чогуу аракет кыла турган күчтүү уюмга айланып калышы да толук ыктымал.

Нурсултан Назарбаевдин орус президенти Владимир Путинден кийинки эле экинчи кавалер болуп, Кытайдын чет өлкөлүктөргө берүүчү эң сыйлуу “Достук” орденин алышы да — ​ошол эле кытайлык ырааттуулукту, саясаттагы улантуучулукту камсыз кылуу далалаты экендиги шексиз.

Бул жагдайдан алып караганда, биздеги айрым саясий серепчилер (айрыкча, экс-президент Атамбаевге тийиштүү деп эсептелген “Апрель” телеканалынын “бакма” эксперттери) Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун “куру кол” кайтканын айтышып, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге эбегейсиз өлчөмдө берилген кредиттер эми мындан ары кытай тараптан Кыргызстанга келбейт деген пикирлер айтылды. Бул “талдоолорго” ишенсек, Кытай жетекчилери ТЭЦ грантына байланышкан кылмыш иштерине жана кытайлык TBEA компаниясынын наамына шек келтирилгендиктен улам, азыркы президент Сооронбай Жээнбековго ишеним артпай калган имиш!..

Эгемендик өлкөнүн ички саясаты жана тышкы саясаты эки башка тармак болуп, бири бирине эч качан тоскоолдук кылбашы зарыл. Тескерисинче, аларды бири-бири менен тыгыз байланыштыруу чоң катачылыкка гана алып барышы мүмкүн!

Бул жагынан алганда, Кыргызстандын азыркы президенти абдан туура жана алысты көздөгөн саясат жүргүзүүдө. Бул ар тараптан колдоого татыктуу аракет. Маселен, өткөн жылдагы эле АКШчыл өкмөттүк эмес уюмдардын өрөпкүп-өпкөлөгөн аракеттерин эске алалычы?!

Ага кошул-ташыл болуп, дагы өзүнүн түздөн-түз милдетин аткарууда жарытылуу иштер менен көзгө көрүнө албаган акыйкатчы Токтокүчүк Мамытовдун кытайдагы кыргыздардын укугун коргоо маселесин караштырып жатабыз деп, туурадан чыга калганычы?.. Сооронбай Жээнбеков бул маселе Кытай мамлекетинин ички маселеси экендигин, ал кыргыздар — ​Кытайдын жарандары болгондуктан, ошол өлкөнүн ички мыйзамдарынын чегинде жашашы керектигин билдиргендиги гана биздеги сырттан улам НПОлор аркылуу ар кандай гранттар менен шыкакталып, козутулуп, эл аралык маселеге айлана баштаган жагдайды токтотуп калган.

Кытай акылман саясаты муну ачык айтпаганы менен — ​акырын гана унчукпай байкап, тиешелүү жыйынтыктарды чыгарууда. Буга эч күмөн кылууга да болбойт. Демек, ТЭЦ кылмыш ишин жана кытайлык кампаниянын алкы бузуктар тарабынан желип кеткен кредитин кимдир бирөөлөр чолок ойлогондой, “кытай тарап таарынып калат” деп, чочулап олтурбай эле, мыйзамдык-логикалык чекитке чейин жеткирүү керек.

Азыркы мойнубуздан ныгыра басып турган 4,5 миллиард долларлык сырткы карыздын дээрлик жарымы Кытайга туш келип, ансыз деле экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ишенимге арзып алып келген, а бирок, жарымы желип кеткен деп шек жаралып, кылмыш иши козголгон кредиттеринен улам, жашоо улам оордогондон оордоп бара жатат. Жылына бюджеттен бир нече жүз миллиондогон долларлар дал ушул багытка сарпталууда. Бул дагы эч нерсе эмес, — ​сырткы карзыдарды төлөөнүн эң оор мезгили 2023-жылдан 2029-жылга чейин созулары белгилүү. Дал ошондо, карайлаган калың карапайым эл: ушинтип кадырын салып, кайрымы жок карыз алгандан көрөкчө, жөн эле тынч жашасак болмок! — ​деп айтышат!.. Албетте, азырынча экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кийинки тагдыры кандай болот жана президенттик ишмердиги тарыхта кандай бааланат — ​бир жактуу, кесе айтуу кыйын. Аны азыр түрмөгө отургузууну талап кылгандар да, көкөлөтүп баатырга айландыргандар да жетишерлик санда жолугат. Канткен күндө да, обьективдүү баалоо үчүн дагы бир аз убакыт өтүшү талап кылынат шекилдүү… Себеби, алдыда дагы али биз билбеген көп нерселер ачыкка чыгып калышы мүмкүн. Ошондуктан, Атамбаевдин алты жылына дүңүнөн баа берүүгө ашыкпай туралык.

Анын үстүнө, мына кечээ жакында эле Кызыл-Омполдо казылып жаткан уран, торий, цирконий, темир, титан, фосфор кендерин чалгындоо үчүн «Кыргызстандагы Юразия» ЖЧКсына № 2852 лицензиясы 2010-жылдын 18-ноябрында берилгени ачыкталды. Болгондо да, өлкөнү убактылуу президент Роза Отунбаева жетектеп турган учурда! Уран казууга уруксат алган «Юразия Майнинг Компани» компаниясынын жетекчиси жана негиздөөчүсү экс-президент Роза Отунбаеванын жакын тууганы Айжан Чыныбаеванын күйөөсү Арсланбек Кененбаев экендиги айтылууда!..

Эгерде бул факт аныкталып кала турган болсо, Роза Отунбаевага карата дагы коррупция боюнча кылмыш ишин козгоону талап кылчулар чыгышы күтүлөрү турган иш… Асыресе, дегеле, биздеги НПОшник аттуулар жана да элдин, өлкөнүн кызыкчылыгын талашымыш болуп түр көрсөтүүгө аракет кылгандардан теңирден тескери аракеттерди да күтүүгө болот.

Кечээ жакында эле ГРСтин паспорт жасоо боюнча тендерине байланыштуу кармалган үч жетекчисин колдошуп, тескерисинче, кылмышты тергөө мекемелерине каршы чыга калышканы ушундай арсар ойго түртөт. Эгерде Роза Отунбаевага каршы жогорудагыдай кырдаал жаралса, аны колдошкон НПОшниктер бир кездеги кытайдагы кыргыз жарандарын колдошкондон да ашкан чуулгандуу коомдук-саясий кампанияларды уюштуруп жиберүүгө да барыштары мүмкүн.

Айтор, ушунун баары айланып келип эле, кайрадан — ​мурунку убактарда өз үй-бүлөсүн жана туугандарын гана ойлобостон, деги бизде жалпы элге, өлкөгө кызмат кылууга умтулган, дили таза, арам ишке барбаган бирди-жарым президент болбогон беле?! — ​деген олуттуу, өкүнүчтүү суроону жаратары түшүнүктүү. Демек, Кыргызстандын эгемендик доорундагы бийликке ар кандай күмөндүү жолдор менен, же ачык эле кан төгүп, төңкөрүш аркылуу бийликке келишкен президенттеринин ишмердигине да баа берүүдө өтө аярлык талап кылынат.

Азырынча бир гана нерсени ачык жана так кесе айтууга болот: алардын бири да артында элдин турмушун кардиналдуу түрдө жакшыртууга багытталган иштерди калтыра алышкан жок. Аскар Акаев тээ союздан калган завод-фабрикаларды талкалап, колхоз-совхоздорду менчиктештирүү деген ураандын урандысы алдында көмүлгөнү маалым. Союздан калган жук түгөнөрү менен, ачка калган эл аны кууп чыгуудан башка арга калбай калганын түшүнгөн. Курманбек Бакиев өндүрүштү жандантып, акаевдик мезгилге салыштырмалуу жашоону бир аз оңой баштаганда төңкөрүшчүлөр тарабынан оңкосунан кетип, жарытылуу эч нерсе жасаганга үлгүрбөдү.

Ал эми андан кийинки бийликке келишкен президенттер Роза Отунбаева менен Алмазбек Атамбаевдин абалы жогоруда айтылгандай, азырынча арсар абалда турат. Эмне демекчибиз, дагы далай жүрөк түшүргөн былыктар чыкса деле таң калбачудай болуп баратабыз…

Соңку эле айларда экс-президенттердин кол тийбестик укугу парламентте каралып, тиешелүү мыйзамдарга айрым өзгөртүүлөр киргизилгени белгилүү. Эми бул аракеттерди практика жүзүндө конкреттештирип, айрым экс-президенттерди кылмыш жообуна тартуу гана калды. Эгерде күнөөлүү болушса алар дагы башка жарандардай эле мыйзам алдында жооп беришип, жазага тартылышарын иш жүзүндө көрсөтүү абзел. Ошондой болгондо гана, балким, кийинки президенттер да өз ишмердик аракеттеринде кандайдыр бир шектүү чечимдерге баруу алдында бир аз ойлонушуп, мыйзам алдында жооп берип калуудан чочулашып, жалпы элди жана өлкө келечегин, азыркы жана кийинки муундардын кызыкчылыгын ойлой башташар?..

Антпесе бизде бийликке келген сайын эле президенттердин өз үй-бүлөсүн жана жакын туугандарын, жакын жан-жөкөрлөрүн байытуу керек деген гана максаттар менен жашап калышары көндүм адатка айланып бара жатат. Дүйнөлүк практикада деле жетишерлик мисалдар табылат. Түштүк Кореянын мурунку президенти, Бразилия президенти соттолуп, узак мөөнөттүү түрмөдө олтурушат. Армениянын экс-президенти Роберт Кочарян өтө чоң өлчөмдө пара алган деп айыпталууда. Болгондо да, кен казууга уруксат берүү үчүн.

Ал эми алар сыяктуу түрмөдө олтурууну каалабаган Перунун мурдагы президенти Алан Гарсия коррупция боюнча айыпталып, бирок, аны кармоого полицейскийлер келишкенде, жакында эле өзүн өзү атып салды…

Экс-президенттерге катардагы кылмышкерлерге караганда да мыйзам алда канча катаал болушу зарыл. Анткени, алар Куранды, Конституцияны кармап туруп, жалпы эл алдында ант беришкен. Ошол антты бузуп, элге жана өлкөгө карата карасанатайлык кылмыштары далилдене турган болсо, аларга дал ушундай мүмкүнчүлүктү түзүп берүү зарыл: түрмөдө узак мөөнөттүү олтуруп, өз кылмышын мойну менен тартып чыгуу, же — ​аны каалабаса, жогорудагы Перудагыдай ыкма менен мыйзамдан качып кутулам дешсе, анда өздөрү билип, жеке өздөрү чечишсин!

Ишенбек Муртазаев

Булак: «Жаңы Ордо»

Назарбаев Борбор Азиядагы мамлекеттердин биримдигин түзөбү?

Европа биримдиги соңку мезгилдеги саясий келишпестиктерге карабастан өз курамына кирген Европанын 20 өлкөсүнө бир катар пайдалуу мүмкүнчүлүктөрдү берип келе жатат. Казакстандын лидери Нурсултан Назарбаев көптөгөн жылдардан бери Орто Азияда дагы мына ушундай биримдикти түзүү демилгесин көтөрүп келген.

Н. Назарбаевдин пикиринде, Казакстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Кыргызстан жана Тажикстан — ​Борборазия мамлекеттеринин аймактык интеграциясын, коңшулардын бири-бирин колдоосун эске алганда, бул өлкөлөрдүн экономикасын жаңы деңгээлге алып чыгат.

Бул жерден Н. Назарбаев боолгологондой эле аймактагы постсоветтик мезгилдеги мамлекеттер акырындык менен болсо да кандайдыр бир жуурулушууга карай бет алгандыгын белгилей кетүү абзел. 2000-жылдардын башатында үч өлкө ортосунда (Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстан) түбөлүк достук жөнүндө Келишим түзүлдү. Аймактагы бардык мамлекеттер Түрк кеңешинде, Түрк парламенттер ассамблеясында жана Түркия мамлекети да кирген Түрк маданияты Эл аралык уюмунда турушат.

ТҮРКСОЙдун негизги максаты катары түрк элдеринин ортосундагы кызматташтыкты сактоо, өнүктүрүү жана бул элдердин жалпы материалдык жана маданий эстеликтерин келечек муунга татыктуу өткөрүп берүүдө экендиги аныкталган.

Ал эми Борбор Азиянын экономикалык биригүүсү болсо башка дагы көптөгөн жана маанилүү суроолорду чечүүгө өбөлгө түзүп, мисалы туризм багытында, жамааттык коопсуздукта, ал гана турсун жаңы бирдиктүү рынокту жана валютаны түзүү мүмкүнчүлүгүн шарттайт. Ошондой эле интеграция дамилгесинин алкагында “Шанген” визалык түзүлүшү сымал же андан да жөнөкөйлөштүрүлгөн Борборазиянын өздүк визалык тартибин киргизүү идеясы да айтылган.

Айтмакчы, эксперттер белгилеп жүргөндөй, мындай жаңы ыкманы киргизүү биринчи кезекте Борборазия биримдигиндеги (БАБ) өлкөлөрдүн калкынын жашоосун жакшыртып, айрыкча биснес чөйрөсүндөгүлөрдүн “колун узартат”. Ашыкча чыгым коротпостон Борбор Азиянын бардык кызыктуу жайларын кыдырып чыгууга мүмкүнчүлүк түзүлгөндүктөн, туристтер мындан да көп пайда табышат.

Азыркы учурдагы Бажы биримдигине салыштырып караганда БАБдын катышуучу өлкөлөрүнө кирип жаткан (импорттолгон) товарларга карата төлөмдөр азайып, товар жүгүртүү көбөйөт жана жөнгө салынат. Мисалы, өткөн жылдын соңунда Казакстан менен Өзбекстандын ортосундагы товар жүгүртүү 2,5 млрд долларды түзсө, Өзбекстан менен Түркмөнстандын ортосундагы көрсөткүч — ​302 миллион доллар болгон. Ошол эле учурда Тажикстандын КМШ өлкөлөрү менен болгон товар жүгүртүүсү, өлкөнүн Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигинин акыркы маалыматтары боюнча 5,1 пайызга төмөндөгөн. Эксперттердин көз карашында Борборазия биримдигине кирүү бул кырдаалды жөнгө салууга толук жол ачат.

Айтмакчы, Борборазия биримдигин түзүүдө башкалардын тажрыйбасына таянып, тактап айтканда ЕвроБиримдиктин кетирген катачылыктарынан сабак алса болот. 1990-жылдары Нурсултан Назарбаев бул идеяны биринчилерден болуп көтөрүп чыкканда, аны бир тараптуу караган, башкача айтканда ошол эле ЕвроБиримдиктеги кайсы бир өлкөнүн лидерлик, же болбосо үстөмдүк абалында болуу коркунучу менен байланыштырышкан. Мындай кооптонууну Казакстанга карата көптөгөн эксперттер тарабынан айтылган. Анткени, ал учурда Казакстандын экономикасын аймактагы башка мамлекеттерге салыштырмалуу алдыда туруп, Борбор Азияга келип жаткан бүтүндөй инвестициянын 80 пайызын камтып турган.

Борборазия биримдигин түзүүнү жактагандар ушул кезге чейин борборазия өлкөлөрүнүн европалыктардан айырмасын айтып келишет. Бул — ​баалуулуктар. Азия-түрк элдери үчүн көөнөргүс жана туруктуу болгон баалуулуктар Евробиримдик тарабынан жүргүзүлүп жаткан саясат ыргагына жараша бат-бат өзгүрүп келаткандыгы белгилүү. Н. Назарбаев башынан эле маданияты, каада-салты жана дүйнө кабылдоосу окшош бир тууган республикалардын башын кошуп бириктирүүнү көздөгөндүгү айдан ачык болчу. Мында өз ара жардамдашуу жана колдоо, көйгөйлөрдү биргелешип чечүү жана келишүүчүлүк өңдүү Азия элдерине таандык баалуулуктар эске алынган.

Тилекке каршы, Борборазия Биримдигин (БАБ) түзүү багытында алгылыктуу иш-аракеттер жүрбөй келет. Мунун бирден-бир себеби, кээ бир мамлекеттер ортосундагы чегара маселесинде талаш-тартыш жагдайлар алиге токтобой, аларды жөнгө салуучу документтердин жок болуп жаткандыгында болушу мүмкүн.

Ал эми Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов аймакта Эркин экономикалык мейкиндикти түзүүнүн жактоочусу экендигин, энергия булактарына бай Түркмөн өлкөсү коңшуларга нефть, газ, бензин жана дизельдик майларды эч тоскоолдуксуз сата алаарын бир нече жолу айтып келатат.

Борборазия Биримдиги бирликке кирген мамлекеттерге Орусия менен Кытайдын басымын кандайдыр бир деңгээлде азайтууга көмөкчү боло алаары да маанилүү фактылардан. Биримдиктеги катышуучу-өлкөлөр коопсуздук жаатындагы маселелерди макулдашып, аймактагы стратегиялык милдеттерди өз күчтөрү аркылуу чечүүгө жетишет. Эгерде Биримдик каалаган болсо Орто Азия өлкөлөрүнө сырткы коркунучтардан биргелешип коргонуу мүмкүнчүлүгүн берүү менен аскердик-саясий блокту түзүүгө да жетише алат.

М. Жаркулов

Булак: «Жаңы Ордо»

Сот бийликти соттогондо гана күчтүү боло алат

Жогорку Соттун Конституциялык Палатасы жогорку соттук органдан маалымат талап кылуусун Баш мыйзамга ылайык эмес деп чечти. Бул чечимге Жогорку Кеңештин бир депутаты реакция жасап, аны тиешелүү комитетте кароо зарыл экенин айтты. Калгандары нокаут “жеген” мушкердей үн каткан жок.

Аталган чечим чындыгында эле парламентти нокаут кылбаса дагы катуу хук кылды. Жалгыз гана мамлекет башчысына каяша айта албай, Өкмөт башчысын баш кылып, катардагы мекеменин эсепчи кызматкерин төш кылып, “тепкиге” алып көнгөн эл өкүлдөрү ушул күнгө чейин пайдаланып келген натыйжалуу рычагдарынын биринен — ​Жогорку Сотко таасиринен ажырады.

Парламенттин укуктук жагынан сабаттуу, юриспруденция тармагында тажрыйбалуу, беш тың депутаттын бири делген эл өкүлү кечээ жакында эле Жогорку Кеңеште мамлекеттик жогорку бийликтин үч бутагынын бири — ​Жогорку Соттун Төрагасын мектеп окуучусуна теңеп, отчет талап кылганы коомчулуктун эсинде. Адилетсиз асылып, өзүнүн билим деңгээлин эле эмес, этикалык жактан чарк-чамасын даана көрсөтүп алган ал депутат Төрагадан кечирим сураганга дагы жарабай көп жылдардан бери кашыктап жыйып келген кадыр-баркын чөмүчтөп чачып алды. Ырас, сот бийлигинин башчысы ага өз убагында татыктуу жообун берди, Конституциялык Палата дагы, орус ылакабында айтылгандай “акыркы мыкты” урду.

Бул чечим парламентти олуттуу таасирден эле ажыратпастан, коомчулукта рейтинги өтө төмөн мыйзам чыгаруучу бийликтин өз ыйгарым укуктарын ашыкча пайдаланып келгенин айгинеледи.

Баш мыйзамыбыздын 94-беренесинде “судьялар көз карандысыз жана Конституцияга жана мыйзамдарга гана баш ийет”, “сот адилеттигин жүзөгө ашыруу боюнча ар кандай кийлигишүүлөргө тыюу салынат” деп жазылган. Ошондуктан Конституциялык Палатанын чечими Баш мыйзамга толук ылайык келет деп эсептейм. Сот бийликтин иш-аракети же аракетсиздиги мыйзамга каршы келсе, кылчактабастан, аны соттогондо гана күчтүү боло алат.

Ал эми бүгүнкүгө чейин соттордун ишине, сот адилеттигин жүзөгө ашырууга ар кандай деңгээлде кийлигишүүлөр болуп келгени жашыруун эмес. Бийликтин бул маанилүү бутагынын көз карандысыздыгын, күч-кубатын арттырууга ушул кезге чейин жетиштүү көңүл бурулбай келатат. Башкасын айтпаганда дагы “Кыргыз тилинин жазуу эрежелеринин” 66-параграфында бакыйып, “Жогорку Сот” деп, баш тамга менен жазылып турганына карабай, Конституция баш болгон бардык ченемдик укуктук актыларда “Жогорку сот” (анын жетекчисин “төрага”) деп, кичирейтип жазабыз (бул Конституциялык Палатага дагы тиешелүү). Ошол актыларды кабыл алган өкүлчүлүктүү жогорку орган “парламент, анын жетекчи эмне үчүн баш тамга менен жазылат, ал эми жогорку сот органы, анын жетекчиси кичине тамга менен жазылат?” деп өзүнө өзү суроо койгонго жараган жок.

Ошентип, Конституциялык Палатанын чечими укуктук мамлекетти курууда бийлик бутактарынын тең салмактуулугун, сот бийлигинин көз карандысыздыгын бекемдеген маанилүү чечимдердин бири болуп калат деп ишенем.

Жыргалбек Турдукожоев, публицист

Булак: «Жаңы Ордо»

Кыргызстан - уулуу таштандылардын мекенине айланабы?

Асылын башкалар көрүп…

Эске сала кетели. Дүйнөнү дүңгүрөткөн СССРди оо дүйнөгө узатканга даярдыктар көрүлүп, ошол учурда башкаларды эсепке албай, атом бомбасын ээлеп алган 4 республиканын гана диктаторлору жана партиянын атын жамынган секретарлары айтылуу Беловожск токоюнда бардык кубаттуу аскердик-согуштук опурталдуу атом бомбаларынын потенциалдарын өздөрүнө менчиктеп алышкан эле. Бул аймактарда кубаттуу куралдын базасы жайгашканы талашсыз, бирок анын жаралышына керектүү сырьёлор иштетилген жана камсыз кылган өлкөлөр бул “энчиден” куру жалак калганын тайманбай айтсак болот.

СССРдин атом бомбасын жасап чыгарууда уран кени негизги мааниге ээ болгон. Бул бомбаны даярдоого улуу физиктердин бири Курчатов негизги салымын кошсо, бомбага жан кошкон уран эң алгач Майлуу-Суу менен Миң-Куш аймагынан казып алынганын тарых тандырбайт эмеспи. Натыйжада, 1943-жылдардан союз ыдыраганга чейин уран кени казылып алынган жердин негизги очогу болгон Кыргызстанга тийген үлүшү зыяндуу калдыктар сакталган “көрүстөн” гана мураска берилгенин каңырыкты түтөтүп айтуудан башка арга калган жок. Асылын башкалар көрүп, азабын тарткан биз болдук. Кени алынган жерлердеги “көрүстөндү” зыянсыздарып турууга эч кими каражат бөлүштүргөн жок. Натыйжада, өлкөбүздүн эсебинен ири суммадагы каражаттарды ошол таштандылардан чыккан зыяндуу нурлардын коопсуздугунан сактоо түйшүгүн ӨКМ тартып калды. Эгерде ошол каражаттар мамлекетибиздин башка тармактарды өнүктүрүүгө сарпталса, аз да болсо мамлекетибиздин бирди-жарым тешиктерин бүтөөгө жумшалбайт беле!?

Эл пикири менен эсептешпей

Кайдыгерликпи, же камырабастыкпы, болбосо ушундан ири суммадагы акча каражаттардан өөнөп-бутап алууга камылгабы, айтор, биз ишенген лизенция берүүчү тармактар көл аймагындагы Көк-Мойноктогу Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө “добро” бериши кимдир-бирөөлөрдүн кызыкчылыгына байланышкан сыяктанат. Зыяндуу кенге уруксат берүүдөн мурда бийлик мунарасы жергиликтүү калк менен жолугушуп, алардын пикирлери менен эсептештиби? Эл аралык мыйзамдарда мындай опурталдуу кенди иштетүүгө элдин макулдугусуз ишке киргизүүгө тыюу салынганан билбейби? Эл аралык жана мамлекеттик мыйзамдарды билбеген чиновниктер мамлекеттин кызыкчылыгын кантип коргойт?”

Кептин баары карапайым калк нааразылык акциясын баштаганга чейин эле “ЮрАзия в Кыргызстане” жоопкерчилиги чектелген компаниясына лизенция 2011-жылы берилип, чалгындоо иштери көп аянттта бүткөрүлүп Таш-Булак кен аянтчасы мамлекеттик баланска коюуга жетишкендиктери боюнча компаниянын жетекчиси Светлана Менг маалымат берет. Анын айтымында инвестиция Орусиядан келип, уран кени Кара-Балтадагы комбинатта иштетүү пландыштырылганын ачыкка чыгарат.

Бул ”Таш-Булак” тоо-кен участкасы 2015-жылы мамлекеттик баланска коюлган экен. Анда 1632 тонна уран, 3338 тонна торий, 33 800 тонна цирконий жана 4102 тонна титан магнитинин запасы бар деп эсептелинген.

“Төө ашуудан өткөн соң…”

Иликтөө иштерине уруксат берүүдөн мурда эмне себептен КРнын Өнөр жайы, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитети буга чейин жергиликтүү калк менен жолугушуу өткөрүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн эмес. Айрыкча уран кени чыккан жерлерге лизенция берүүдөн мурда ага элдин көз караштары, кенден түшүүчү пайдасы жана зыяны, мамлекетке түшүүчү пайда, таштандыларды зыянсыздандырып туруу мөөнөтү иштетүүгө чейин аныкталышы керек экендиги эч жерде белгиленбегендиги ачык көрүнөт.

Дагы бир нюнанс, жергиликтүү калк нааразылык акциясын баштагандан кийин 20га жакын мүчөдөн турган комиссиянын түзүлүшү биздин бийлик башындагылардын өз милдеттерин билбестигин жана кызматына кош көңүл мамиле жасаганы адатка айланганын далилдеп жатпасын? Ансыз да толгон “кен көрүстөнүнө” каражат таңкыс болуп жаткан ушул шартта элден мурда коркунуч коңгүроосун Өзгөчө кырдаал министрлиги неге көтөрүп чыккан жок? Мамэкотехинспекциясы, Айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги буга эмне үчүн кайдыгер мамиле жасап келишти? Элибиз мындай “оперативдүү” аракетти “төө ашуудан өткөн соң, кепшегениң курусун”, – деп кээрлөөчү эле. Биздин аттуу-баштуу кызматчыларыбыздын деңгээли ушул болсо, калганы жөнүндө эмнени айта алабыз?

Көрпендечиликтин тузагында

Атайын даярдалган дүжүрлөрдөнбү, жергиликтүү калктын ичинен Н. Садыгалиевдин: “Алма-өрүккө кандай кандай зыяны бар”- деп сурасак, алар: “Уран деген оор металл, учпайт” – дешти. Мына, карап көргүлө, көл боюнча Кажы-Сайда алма-өрүк жакшы чыгат” – деп үгүт жүргүзөт.

Уран металл болгону менен анын кыйратуучу касиетинен тышкары онкологиялык оорулардын башаты болорун ачык айтсак болот. Мунун ионунда альфа – оң, вета -терс заряддардан, ал эми гамма – тоскоолдуксуз тароо мүмкүнчүлүгүнө ээ болорун жана бул нурлар металлды иштетсең да, иштетпесең да айлана-чөйрөгө терс таасирин тийгизерин геофизиктер, ядролук физиктер жакшы билет. Эң опурталдуусу урандан бөлүнүп чыккан бул нурлар онкологиялык илдеттердин башкы булагы болгондугунда.

Азыркы учурда кыргыз жергесинде онкологиялык оорулар көбөйүп, жыл өткөн сайын жашарып бара жатканы жашыруун болбой калды. Бул илдетке чалдыккандар башка оорулардай жаңы башталганда билинбейт, качан жеттиккенде гана бир билесиң. Же болбосо атайын текшерүүлөрдөн өткөндө гана бул илдетке чалынганың дайын болот. Элибиздин энөөлүгү, учурунда көрөбүз деген кайдыгерлигинин кесепети тиер мезгил алдыда. Кажы-Сайдын алмалары эл аралык рынокко чыгарылса сатып алуучулар аны алар бекен? Башканы кой, уран кени иштетилген бул жердин алмасы экенин билген айрым кыргыздар азыр деле кол шилтеп басып кетерин билем.

Учурда урандын калдыктарын жана таштандыларын зыянсыздандырып турууга мамлекет тарабынан жумшалган каражаттар өлчөмсүз экендигинде. Бул адам “өзүм жашасам болду, мен өлгөндөн кийин бүт дүйнөнү сел алсын” – деген көрпендечилиги гана зээн кейитет.

Кенди иштетүү токтотулду, бирок…

“Экологиялык зыяндын орду толгус, радиациянын нормасы жогоруласа саякатчылардын жана курортко келүүчүлөрдүн саны кыскарат, жергебизге дагы бир зыяндуу заттардын жаңы “көрүстөнү” пайда болот”, – деген карапайым калктын нааразылык акциясынын натыйжасында бийлик кенди иштетүүнү токтотууга чечим кабыл алды. Ошондой болсо да кенди иштетүүгө мораторий канча мезгилге чейин күчүндө калары ачыкталган жок. Эл жеңди, бирок жеңишке жеткен менен калкыбыздын ал утушун колунан чыгарбай сактап кала алабы? Эгемендүүлүккө ээ болгон ушул чейрек кылымдын аралыгында канча кен байлыктарыбызды казууга тыюу салган токтомдор токулуп, бир аз убакыт өткөн соң кайрадан каражаттын “муктаждыгын” шылтоо кылып, кайрадан ызы-чуулар башталчу эле. Эң опурталдуусу, нааразылык акцияларда активдүүлөрдү эсепке алып, жок жерден аларга айып тагуу адатыбыз эми кайталанбас бекен?

Эртабылды Аттокуров

Булак: «13-квартал»

Кубан Мамбеталиев: "Реванш" революция эмес. “Алешанын” эми күчү жетпейт, “Бобик” менен “Омикти” кошуп алса да булар эми "элден чыккан кийиктер". “Кийиктер” кыргызды башкарган эмес

“Кыргыз Тудэй” сайтына “үчүнчү революцияны жасоого негиз жок, себеби буга саясый жана тарыхый шарт түзүлүш керек”  дегем. Мага каяша айткандар чыкты – “жок, сеники тап-такыр туура эмес” деп. Эмнеси жетишпегенин айтышпайт, себеби буларга бир орчунду нерсе тап-такыр жетишпейт. Мейли дейли, бирок ушул жерден  позицияларды тактайлы. Теорияда “революционная ситуация” деген термин бар, кыргызча айтсак – “ыңкылаптык кырдаал”. Буга эки нерсе керек, мунун да терминдери бар – “верхи не могут” (өйдө жак жарабайт) жана “низы не хотят” (ылдый жак каалабайт). Мааниси жөнөкөй – бийликтин кудурети бүттү, элдин чыдамы түгөндү. Биздеги эки ревоюциябыз тең (2005 жана 2010) так ушундай көрүнүшкө (кудурет менен чыдамга) негизделген. Өйдө жак ыдыраганда ыңкылаптар ылдый жактан башталган.

Биринчи президент (Акаев) кыргыз мамлекетинин Конституциясын тебелеп салса, аны “калктын кахраманы” кылмак белек. Экинчи президент (Бакиев) иниси менен уулун “жасоолдорго” айландырса, ага “эл басы” деген титул берилмек  беле. “Жасоолдун” аналогу – янычар, опричник, гестапо, НКВД, хунвейбин. Үчүнчү президент (Атамбаев) Конституциядагы “мөөнөт чегин” бузган жок, бирок ошол жерде так жазылган  “сөз экриндикти” камырдай кылып жууруду. Ооба, алты жыл иштеди, буга шүгүр, анан “мен бийликтен кеткенден кийин кечке чейин  уктайм, кечинде ыр жазам” деген убадасын аткарбады. Кантип уктаарын билбейбиз, бирок гитара менен чертилген ырын уктук. Жакшы.

Төртүнчү президент (Жээнбеков) шайланды, буга да шүгүр, бирок ошондон кийин Атамбаев чабуулду  баштады. “Муну мен өзүм ажо кылдым, бийликке өзүм алып келдим, эми ушул катамды элим кечирип койсун, муну өзүм оңдойм” деген мазмунда жар салды. Тарас Бульбага салыштыралык десең, окшобойт, себеби ал тарыхый “атаман” өзүнүн чыккынчы баласын жазалаган. Биздин  тарыхый “Алеша” баатырыбыз Бульбаны бутуна да окшобойт, бул Наполен Бонопарттын жыдыган учурун эске салат (1815-жылы ал жаткан жеринен качып, Парижди дагы бир жолу багындырам деп оолукту). Француздун экс-ажосу “реванш” кылам дегенде талкаланган.

Кыргыздын экс-ажосунун “реваншын” күткөн “үмүтчүлдөрдүн” өпкөсү үзүлбөйт деп ким кепил берет. Элдин деми Атамбаевге “кыл-кыяк” эмес, Жээнбеков ага “уул” эмес”, элдин добушу менен шайланды. “Алеша”  жаман жаңылды, кинодогу каарман айткандай, “перепутал собственную щерсть с государственной” (мамлекеттин жүнүн өзүнүн жүнүнөн ажыраталбады). Эми кайсы “катасын” оңдойт экен, бийликке талпактай кылып  талапкерин сүйрөп келеби,  чөнтөгүндө жашаган “кол күчүктөрү” калдыбы?  Бир чети камалды, бир чети качты. Экс-ажо эсине келбей койду, мындай учурга  ылайыкталган кыргыздын “көчүктү кыс” деген илгерки эки сөзү бар. Ошондой нерсеге ээ болгон адамдарга үмүт менен айтылат – “угат, кысат, оңдолот” деп. Айбандарга айтылбайт.

Артында калың калкы жок, бийликке экинчи ирет келүүгө асфальт жолу эмес, чычырканактуу чыйыры да жок. “Тиги менен биригем, муну менен ширелем, үчүнчүгө учкашам” деген аракеттери “амбициясынан” арылабайт, себеби саясый “сапарлаштары” (попутчики)  чейрек кылымдан бери “анака-мынака” деп акырдан жем аңдыган “жамакчылар”.

Революция кылууга негиз керек. Негизди тарых түзөт. Тарыхты эл жылдырат. Ажону электорат шайлайт. Электорат Конституцияны бекитет.

Конституцияны  узурпаторлор бузат. Бузукуларга эл “чык эшикке” дейт. Кыргыздын эгемендүү доорундагы биринчи он жылдыкта (десятилетие) эки жолу революция болду. Эки президент өлкөдөн качты. Элдин каарынан коркуп, куттуу коломтосуна  келелбай жатышат. Эми бул биздин тарыхыбыз.

Ушундай тарыхты түбү менен өчүрүүгө  “Алешанын” күчү жетпейт, “Бобик” менен биригип, “Омикти”  кошуп, “Ата-Мекенди” кыпчытып алса да май чыкпайт. Арстанбек акын айткандай, “элден чыккан кийиктер” кыргыз элин башкарбайт. Эки миң жылдык тарыхыбызда мындай болгон эмес. “Кийиктер” кыргызды башкарган эмес. Ушуга шүгүр.

Кубан Мамбеталиев

Автор тууралу учкай маалымат:

Кубан Мамбеталиев – профессор, публицист, Кыргызстандын Улуу Британиядагы экс-элчиси 

Булак: Кyrgyztoday.kg

Партиялар парадга даярданууда!..

Өткөн апта ичиндеги урунттуу саясий окуялар түрмөгүнө көз жүгүртүп олтурсаң, накта драмалуу сценаларга, же бардык закондору сакталган трагедияларга да, трагикомедияларга да туш болосуң…

Алардын ичинен жалпы коомчулуктун көңүлүн өзүнө бурдуруп, ал тургай, коомдук-саясий барометрди кыйла чыңалтып, саясий аба-ырайын да алай-бүлөй кылып, өзгөртүп жиберүүгө карата жасалган аракеттер да болду. Албетте, чоң саясатта болуп келген жана да боло бере турган андай “кирди-чыкты” окуялардын тизмегине саресеп салуунун алдында, өлкөбүздүн расмий саясатындагы урунттуу багыттарга көз кырды салып өтүү абзел…

Президент Сооронбай Жээнбековдун парламентке барып сүйлөгөн сөзү коомдук маанайда жаңыдан гана жаз алды менен кошо пайда боло баштагансыган күмөндөнүүлөрдүн, ар кандай революциячыл тополоңдордон үмүт кылгандардын, дегеле, бардык саясий спекуляциялардын айланасындагы түкшүмөлдөргө чекит койгондой болду. Болгондо да, — ​илеп белгилүү чоң чекитти! Эми эмне демекчибиз? Дал ушундай болмок! Ушундай болору көптөн бери эч кандай шексиз күтүлүп жаткан…

Эски досунан биротоло айрылып, өзүнүн келишкис (непримиримая!) оппозицияга өткөнүн расмий түрдө жарыялаган экс-президент Алмазбек Атамбаев “ээси келсе — ​бээсин бер” деп, кайра өзү төрага болуп калган СДПК партиясынын иштерин жандантуу аркакеттеринин баары азырынча текке кетүүдө. Анткени, бул партиянын ичиндеги ажырымдан кийин эң күчтүү делген партия деле өз туруш-турпатын жана ички дараметин мурунку калыбынан жазбай сактап кала алмак эмес!..

Бардык түркүн-түстүү протесттик электоратты өз айланасына чогултуу, бекемдеп-бириктирүү оңойго турбас иш. Андай максатты ишке ашыруу үчүн узак убакыттуу, күнүмдүк чоң түйшүктөрдү да талап кылган, кажыбас кайрат менен коштолгон далалаттар зарыл. Ал эми азыркы саясий партия деп аталган ар кандай убактылуу коомдук бирикмелердин лидерлери мындай иштерге такыр жөндөмсүз.

Бир жагынан, андай “майда-түйшүктүү” эмгекке моюндары жар бербесе, экинчи жагынан, азыркы саясатчылардын дээрлик баары тең түз эле шайлоого аттанып барып, ал жактан добуштарды сатып алып, конкуренттери менен жакалашып-мушташып, же соттошуп жүрүп жеңип алуу “методун” гана жакшы өздөштүрүп алышкан.

Буларда партиялык идеология, программа деген олуттуу түшүнүктөр турмак, эртеңки күнү эмне болорун жана кандай иштер менен алек болорун билишпей, башы маң болуп, көкмээ болгон койлордон бетер, саясий агым ташкыны кайда айдаса, дал ошол жакка карай кете берүү керек деген “ойлор” дайыма басымдуулук кылып келет. Партиянын идеясын, программасын ишке ашыруу үчүн күрөшүү аракети дегеле болгон эмес жана жакынкы аралыктарда күтүлбөйт!..

Дал ошондуктан улам, дээрлик эки жума бою элди дүрбөтүп, (мындан бир жарым жыл мурда, — ​президенттик шайлоодон кийин, “ден-соолугун чыңдап, дарылануу үчүн” (!) башка өлкөгө чыгып кеткен Өмүрбек Бабанов, сыягы, шайлоодон кийинки бир топ козголгон нерви, жана да абдан майышып, алдан тайган ден-соолугу калыбына келип калса керек), “Барамын эле барамын!” — ​деп булкунуп, ансыз да экс-президенттин ошол тушта жасаган “азыркы бийликке дагы эки айлык мөөнөт берүү” ультиматуму менен дал келип, коомдук-саясий маанайдын ого бетер чыңалуусуна гана алып келди.

Анан түштөн кийин, триумф менен кайтып келүү максаты оңунан чыкпай калган соң, Бабановдун: “элдин тынчтыгы мен үчүн баарынан кымбат” деген сыяктуу билдирүүлөр менен чыгышы, нукура трагикомедиялуу жагдайды жаратты.

Асыресе, Сооронбай Жээнбековдун парламенттеги сөзүндө “эч кандай ультиматум кабыл алынбасын, бардык маселелер мыйзам чегинде гана чечилерин” жарыялашы, жаңы президентибиздин социалдык-экономикалык багыттагы аракеттери абдан жай жана өтө кыйынчылык менен жүрүп жаткандыгына, алиге чейин жасалган ийгиликтери дээрлик көзгө көрүнө электигине карабастан, коомдук-саясий багытта, өлкөнүн эң башкы — ​стратегиялык маселелерине келгенде, дале болсо өтө чечкиндүү жана кайратынан моюбас эрктүүлүгүн айкындап турат.

Башкача болушу да мүмкүн эмес. Элдин, өлкөнүн тагдыры менен ойноп, өз жеке кызыкчылыктары үчүн ар кандай эксперименттерди жасап, улам ар кайсыл тобокелчиликтерге бара бергидей — ​биз уруучулдук-феодалдык деңгээлден жаңы гана өтө баштаган африкалык артта калган мамлекеттерден эмеспиз!

Жада калса, алардын ичинен да, жаңы XXI кылымда алдыга кеткендери, өнүгүүнүн демократиялык жолундагы бардык талаптарды эч кыйшаюуусуз аткара билүү боюнча бизден алдыга озо баштагандай сезилет. Ушунун өзү эле биздин элитаны, мамлекет жетекчилерин намыстандырышы керек го, акыры?!

Саясий ультиматум коюп, “эч күнөөсүз камалган жигиттерди” айтып, бийлик тарабынан жасалып жаткан айрым аракеттерди тез арада токтотуу талабынын өзү абсурд! Кызык, бийлик өз функцияларынан такыр эле четтеп, эми бир партиянын жана анын лидеринин гана кызыкчылыгы менен алектениши керек бекен?!

Коррупция менен күрөшүү дагы эле ырааттуу түрдө, чечкиндүүлүк менен улантыла бериши керек. Муну жалпы эл жапырт колдоого алууда. Дал ошол чет жактардан келген тендерлерден, гранттардан өөнөп калуу аракети, мамлекеттик-чарбалык кызыкчылыктардан да жеке пайда табууга умтулуудан улам экономикабыз очойгон бойдон калып, такыр бутуна тура албай жатканы жалпыга маалым.

Демек, дайыма Мыйзам талаасында гана аракет кыла билүүгө үйрөнүү, мыйзамдардын бардык учурларда үстөмдүк кылышы — ​биздин коомго азыркы тапта аба менен суудай эле зарыл.

Президент тарабынан 2020-жылдагы жакындап келе жаткан парламенттик шайлоолордо бардык партияларга бирдей шарттарды жана талаптарды камсыз кылуу керектиги да баса белгиленди. Ушуга байланыштуу жана да “Бабановдун бакырыгына” карата айта кете турган нерсе — ​“Республика” партиясынын келечеги да биротоло татаалдашып, бүдөмүк болуп калганы түшүнүктүү. Эгерде мурдагы президенттикке талапкер — ​азыркы статусу такыр түшүнүксүз болгон адам — ​же саясий качкын эмес, же убактылуу мигрант-жумушчу эмес, же Интерполдун издөөсүндө жок! — ​мынчалык чуру-чуу салбай эле, бир жылга жетип-жетпеген убакытта кайрылып келип, эч кандай популисттик кадамдарсыз эле, өзүнө козголгон мурдагы кылмыш иштерин жабууга жетишсе, абал азыркыдан такыр башкача түзүлмөк.

Анын Оштун Он-Адырындагы сүйлөгөн сөзү боюнча эксперттердин чыгарган жыйынтыгы оң чыкканы белгилүү. Ал эми “мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракет кылуу” беренеси боюнча — ​саясий кампаниядагы өнөктөшү — ​“Кыргызстан” партиясынын лидери, депутат Канат Исаев биротоло акталып чыгып, парламентте депутаттык креслосунда кебелбей олтурат. Кыскасы, соцтармактардагы Бабановду суу жүрөк-коркок дегендердин басымдуулук кылганы бекеринен эмес!..

Чынында эле, мурдараак эле келсе, дал аэропорттон колуна кишен салынган күндө деле, ашып барса эки-үч ай камакта олтуруп, андан соң, биротоло акталып чыкмак. Саясий аброю да артмак. Тилекке каршы, саясий интуициясынын начардыгынан, алысты көрө албаган сокурдугунан жана да чоң саясатчы катары батыл, чечкиндүү кадамдарга барууга жөндөмсүз болгондуктан улам, ал өз абалын мурдагыдан да татаалдантып алды.

Эми анын кайтып келиши тууралуу айтылар замат эле, “Бабанов Атамбаевге кошулуптур, алар биргелешип революция жасашат экен!” — ​деген сыяктуу жоромол-версиялар айтыла баштайт. Кыскасы, Бабановдун дүрбөлөңү накта трагикомедиялуу финал менен аяктады. Анын партиясы да ар кандай саясий акцияларды жасоо аракети менен бирге, лидеринин мындан аркы тагдырын биротоло туюкка камап салгандай болду. Тек гана кадыресе жарандай, эч кандай чуру-чуусуз эле келип, соттук териштирүүгө барыңыз, ошондо сот тарабынан адилетсиздиктер орун алса, биз сизди колдоп, акыры аягына чейин туруп беребиз! — ​деп үндөшкө жарашкан жок.

Дегеле, Бабановду мынчалык чоң салтанат менен тосуп алгыдай, ал ким? Аятолла Хомейни болуп калганбы? Мындан кырк жыл илгери Ирандагы ислам революциясында, алыскы Францияда саясий башпаанек таап, бозгунчулукта жашап жүргөн руханий-диний лидер келгенде жалпы эл кубана тосуп алганын түшүнсө болот!

Дале болсо, “Республика” партиясынын лидеринде өлкөгө саясий чечимдердин негизинде гана кайтып келүү жолу калгансыды. Балким, 2020-жылдагы парламенттик шайлоолордо анын партиясы бийлик партиялары менен өз ара электораттарды бөлүштүрүү жана саясий атаандаштарга каршы биригүү багытында сүйлөшүүгө жетише алар. Башкача айтканда, колунда бардык рычагдары бар, ар кандай маневрларды жасоого жетишерлик мүмкүнчүлүктөрү жана кубаты бар бийлик партиялары азырынча жарала элек. Демек, бийликке кызмат кылуу, анын кызыкчылыгы үчүн жардам берип, ушул жол аркылуу кайтып келсе болот деген гана, — ​өтө тар жана анча ишенимсиз чыйыр калгандай туюлат.

Арийне, бул жерде да саясий күрөшсүз, атаандашуусуз эч нерсе өзү эле келбейт. Себеби, кийинки парламенттик шайлоолордогу партиялар үчүн чектелген барьер 7 пайыздан 9 пайызга чейин көтөрүлө турган болсо, өздөрүнүн парламент аренасынан орун албасын алдын ала ачык сезишкен жана өздөрүн партия деп атап алышкан ар кандай коомдук-саясий кошулмалар дал ошол “күнөстөгү ору” үчүн, башкача айтканда, бийлик партияларынын канатынын калкасында өтүп кетүү үчүн жана-алакетке түшүп, жанталпас боло башташат.

Ошентсе да, “Республиканын бул айдыңда шансы бир топ бийик, кантсе да эл арасында таанымал жана жер-жерлердеги уюмдары бар, структуралашкан саясий бирикме эмеспи…

Ал эми СДПК чуулгандуу саясий билдирүүлөрдү жасап, өзүнүн “Резолюциясы” менен революциячыл маанайды жаратууга умтулуп жатканы да дал ошондон улам. Алар коомчулуктагы протесттик электоратты биротоло менчиктеп, ал добуштарга өздөрү гана ээ болушуп, башка эч кимди бул коомдук-саясий орунга киргизбей, буга көз арткандардын баарын эмитен эле сыртка сүрүп чыгууга кызыкдар болуууда.

Деген менен, коомдук-саясий протесттик маанай да саясий-сезондук жагдайларга жараша улам өзгөрүп, бирде курчуп, бирде басаңдап, айтор, ишенимсиз боло берери түшүнүктүү. Мындай олку-солку жагдай дал ошол парламенттик шайлоо жана да добуш берүү күнүнө чейин созулуп жүрүп олтурушу да толук мүмкүн.

Кыскасы, бекер сыр бир гана чычкандын капканында болот демекчи, ошол олуттуу электоратты азыртан даярдап, анын добушун башкаларга тарттырып жибербес үчүн, саясий партиялар ортосундагы өз ара күрөш жана атаандашуулар күн санап күч ала берери турган иш. Көптөгөн саны бар, сапаты жок, кагаз жүзүндөгү партиялар иргеле баштайт. Болгондо да табигый тандап алуу жолу менен…

Азыркы ачык турган коомдук-саясий маселе, — ​экиге бөлүнгөн СДПКнын ача жолдо турган, бул жакка барсаң атың өлөт, тигил жакка карай бурулсаң — ​өзүң өлөсүң дегендей абалды элестетет. Ал эми башы жок чабандести эске салган “Республика” партиясынын маневрдук мүмкүнчүлүктөрү андан да чектелүү экендигин жогоруда белгилеп өттүк. Өмүрбек Бабановдун абада асылып тура бериши деле чексиз созулбашы түшүнүктүү. Сыягы, бул абал дал ошол парламенттик шайлоого байланыштуу чечилери дайын болуп калды окшойт.

Ишенбек Муртазаев

Булак: «Жаңы Ордо»

Резолюциядан – революциягабы?..

Президент Сооронбай Жээнбеков кезектеги 2010-жылдагы “апрель революциясынын” күнүн тосууга аз убакыт калганда 2020-жылы бул датанын 10 жылдыгын мамлекеттик деңгээлде, салтанаттуу белгилөө боюнча Жарлыгына кол койду. Демек, айрым “апрельчилердин” бул “революциянын” маани-маңызын жокко чыгаруу аракети уланып жатат деп айткандары суу кечпейт.

Ошол революциячыл маанайлардын табигый уландысы сыяктуу болгон, жана да экс-президент “Атамбаевдин бүтпөй калган иштерин улантамын” деп убада берген азыркы президенттик бийлик расмий түрдө жогорудагыдай жалааларды жокко чыгаргандай болду. Ошол эле учурда, бул “төңкөрүштүү-революцияны” азырга чейин мыйзамсыз, кылмыштуу, куралдуу путч катары баалагандар да азайган жок. Ал тургай, мурдагы “апрель баатырыбыз” деп саналгандардын айрымдары да өз көз караштарын 180 градуска буруп, мурунку жасаган иштерине өкүнгөнүн билдирген учурлар да орун алды…

Коомчулукта кайрадан эле 2010-жылдагы кандуу 7-апрелдин окуяларына калыс баа берүү аракети жасалып, бул процесс улам күчөп жатканы мыйзамченемдүү көрүнүш. Жалпы коомчулук тарабынан — ​ошол окуяларга түздөн-түз тиешеси бар катышуучулардан тартып, катардагы жарандар да кайдыгер калышпай, алиге чейин кээде кызыл чеке боло калганга деле барышып жатышканынын өзү эле, бул окуя өзүнүн так, калыс баасын ала электигин тастыктап турат.

Ким билет, балким, тээ алыскы, же жакынкы эле келечекте, Гаага трибуналы сыяктуу (азыркыдай, бир кездеги Югославиядагы кандуу окуялардын уюштуруучулары соттолуп жаткан сымал!), эл аралык кадыр-барктуу, калыс орган тарабынан биротоло жыйынтык чыгарылып, укуктук-мыйзамдык баа берилер?..

Азырынча полемикага түшкөн эки тарап тең объективдүүлүктөн тайып, бир жагы — ​бул төңкөрүш болгон, накта кандуу кылмыш дешсе, экинчи тарабы — ​жок, бул элдик революция деп айтканынан тайбай келет. Ортодогу калыс, эки тараптын тең жүйөөлүү аргументтерин иреттештирип, башкача бир жыйынтык чыгарууга далалат кылгандардын аракети эч байкалбай, андай пикирлер жалпы чуру-чууда чөгүп кетип, эч угулбай кала берүүдө…

Ал ортодо бул кандуу окуялар тууралуу улам жаңы маалыматтар, мурда белгисиз болгон далай фактылар ачыкка чыгып, элдин оозун ачырууда. Маселен, жакында эле Максим Бакиевдин эң жакын досу, анын иштеринин мээ-кыймылдаткычы деп эсептелинип келген Алексей Елисеевдин ошол окуялардын тегерегиндеги кеңири маеги жарыяланды. “24 kg” сайтындагы бул маек жогорудагы каршылашкан эки жээктегилерге караганда кыйла нейтралдуу көз карашты чагылдырып тургандыгы менен айрымалангансыйт.

Өзүн “Максимдин адамы” деп эсептеген, калыптанган пикирди жокко чыгарып, ал ыраматылык Медет Садыркуловдун чакыруусу аркылуу жогорку бийлик эшелонуна кошулганын айткан Елисеев азыркы кезде Латвияда ити чөп жеген ишкер-адвокат экенин белгилей кетелик. Кантсе да, мээси иштеген адам болгондуктан, качкын макамын алып, убактылуу ар кандай татаал кыйынчылыктарга кабылгандыгына карабастан, өзгө жерден ордун таап, жолу ачылып, кайрадан бутуна туруп, ийгиликтүү адвокаттардын катарын толуктап кете алган.

Бизди кызыктырганы — ​ал маектеги ушуга чейин такыр айтылбаган, белгисиз болгон фактылар гана. Мисалы, Елисеев өз коопсуздугун ойлоп, Алмазбек Атамбаевдин штабынын күч курамын түзгөн (!) блокко алдын-ала өз информаторун киргизип койгонун айткан. Ошол аркылуу бардык маалыматтарды өз учурунда алып турган.

Елисеевге ишенсек, анын информаторунун айтымында 7-апрелден алда канча мурда эле куралдуу төңкөрүш аркылуу бийликти басып алуу пландалган экен. Шаардын борборунда курал жана ок-дарылар катылган тайниктер жасалган. Айрым бир боевиктер кээ бир казинолорго кайтаруучу-сакчы катары расмий түрдө катталышып, курал жана атайын жабдыктар менен мыйзамдуу түрдө жүрүүгө мүмкүндүк алышкан.

Бул иш-чараларды уюштуруучулар сырт жактан көзөмөлдөп турушкан. Елисеев даярдалып жаткан куралдуу төңкөрүш тууралуу билген соң, тиешелүү адамдарга бул маалыматты жеткирген, а бирок, алар “баары көзөмөлдө турганын” айтышып, сокурлук кылышкан.

Андан ары Алексей Елисеев бийлик да, бийликке жутунган оппозиция да чет элдик атайын кызматтардын колундагы марионеткалар болуп беришкенин айтып, “Сиз Бакиевге жакын адам болгонсуз. Ал өзү, же анын иниси Жаныш адамдарга каршы ок чыгарууга буйрук бериши мүмкүн деп эсептейсизби? — ​деген суроого: “Аянттагы адамдарды атууга биздин мамлекеттен сырткары жакта буйрук берилген. Менимче, Бакиевдердин эл жана мамлекет алдындагы күнөөсү — ​ушундай кандуу окуянын болуп кетишине мүмкүндүк бергендигинде турат” — ​деп жооп берген.

Бир кыргыз тилиндеги популярдуу сайт дал ошол кезде кан төгүлүшүн самап, 6-апрелде Таластагы кагылышууда 10 чакты адам өлүшү керектигин талап кылган, аты аталбаган “белгилүү саясатчы” да болгондугун жазып чыкты.

Демек, көпчүлүк эл бул окуялардын уюшулушунун чыныгы себептерин жана өзгөчөлүктөрүн билбей, тек гана “массовканын” (Елисеев) ролун аткаргандыгына карабастан, ошол кара ниет “чет элдик заказчылар” менен түздөн-түз кызматташышкан жана биргелешип аракет кылышкан айрым бир саясатчылар да болгон деп боолголоого толук негиздер бар.

Кандайдыр бир ич жактан жардам беришкен, өлкөдөгү ички абал боюнча маалымат берип турган күчтөрсүз чет элдик “атайын кызматтар” миң ирет кыйын профессионалдар болуп кеткенде деле, эч жыйынтык чыгара алышмак эмес. Сирия жана башка “горячая точкаларда” жалданма (наемные силы — ​боевики) күчтөр кадимкидей реалдуу тарап катары согушка катышып жаткандыгын эске ала турган болсок, ошол чет элдик казиного жумушка орноштурулган боевиктерди алдын ала чакырып, акыларын төлөп берип, аларды финансылаган күчтөр дагы болгон сыяктанат.

Демек, “банк ячейкалары”, мародерлук сыяктуу кылмыштар (ошол эле Елисеев миллиондогон суммалар менен өлчөнгөн анын жеке каражаттарын жана анын кардарларынын каражаттарын Убактылуу өкмөттөгүлөр тоноп алышканын айтып, эми эл аралык сот аркылуу эсептешемин деп бекер опузалап жатпаса керек?!) дал ошол боевиктерди ыраазы кылып, “канааттандыруу” үчүн да жасалып кетиши толук мүмкүн.

Антпесе, каражатын карабай туруп ушундай кымбат баалуу чыгымдарды талап кылган операцияны заказ кылышканы үчүн, ал “заказчиктердин” өздөрүн да кошо талап-тоноп, андан соң атып кетпешине да кепилдик жок болчу!

Кандуу окуялардын келип чыгыш себептерин, аларга күнөөлүүлөрдү таап, жазалоо маселесине келгенде — ​дээрлик ошол кездеги бийлик тарабындагылар гана мыйзам чегинде жазаланып, алды түрмөдө олтуруп чыгып, айрымдары амнистияга кабылышып, кээ бирлери узак мөөнөттүү жазаларга өкүм кылынышканы маалым.

Чынын айтканда, оппозициячыл ошол кездеги лидерлердин айрымдарын да жоопко тартуу керек болчу. Анткени, ар кандай саясий провокациялар, элди алдын ала куралдандыруу сыяктуу аракеттер көрүлүп жатканы жөнүндө 7-апрелден алда канча мурда эле коомчулукта ачык сөз жүрө баштагандыгы белгилүү. Соттук териштирүүлөрдө бул жагдайлар жетише иликтенгенби, же жокпу? — ​бүдөмүк бойдон кала берди!

Кечээ “Форум-Медианын” алдында өткөн митингде экс-президент Алмазбек Атамбаев: “Ата-журтубуз момундай кыйын мезгилге келгенде, Ата-Журтубуз 1,5 жыл ичинде мына, Бакиевдик командага кайра келгенде жүрөгү таза адамдар, Кыргызстандын келечегин ойлогон адамдар үйүндө жыргап олтура албайт, жыргап жашай албайт. Биз баардыгыбыз тең Кыргызстандын келечеги үчүн күрөшүүбүз керек” — ​деп билдирүү жасады. Бул сөздөрдөн жаңы, кезектеги кандуу “революция” жыттанып жаткан жокпу?

Жогорку Кеңеш экс-президенттин статусуна байланыштуу мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизди. Экс-президент Алмазбек Атамбаев “Кудай алдында тазамын!” — ​деп, буга чейин далай ирет жадыбалдай кайталаган сөзүн өзүнүн тарапкерлеринин партиясынын съездинен соң дагы бир нече ирет эске салды. Бул пассаж эмитен эле прокуратура, тергөө, сот органдарына карата алдын ала айтыла баштаган актануулардай угула баштады.

А бирок, азыркы динди ашыра спекуляциялык куралга айландырып, туш келген жерде эле Кудайды оозангандардын заманында мындай тастыктама аздык кылып калды. Эгерде зарылдык жарала турган болсо — ​сен мыйзам алдында тазасыңбы, же жокпу — ​дал ушуну тастыктап беришиң керек. Ошондон кийин гана, мен мыйзам алдында да, Кудай алдында да акмын десең жарашат!..

Дегеле, экс-президенттин логикасына (эгерде ал бар болсо!) түшүнүү өтө татаал маселеге айланып калды. Бир жагынан келишкис оппозицияга өткөнүн жарыялайт да, экинчи жагынан, Алмазбек Атамбаев: “…элдешели деп канча киши жөнөттүм. Тескересинче күнөөсү жок балдарымды камап салды. Эми атып башташын күтүп жатабыз. Бир жарым жылдын ичинде Бакиевдин заманы келди” — ​деп какшап жатат.

“Күнөөсү жок балдарымды камап салды” деп айткыдай, экс-президент эми өзүнө соттук функцияны да ыйгарып алганбы? Ошончолук эле күнөөсүз экенине ишенсе, деги эмнеге эле мынчалык күйүп-бышууда?

Деген менен, экс-президент кээде (кээ бир бытырама октордун да айрымдары бутага кокусунан тийип калган сымал) таамай сүйлөп койгон учурлары да кездешип калат. Мына, ошол эле “апрелчилер митингинде” айткан сөзү: “Бир барак кагазды жаза албаган депутаттар мага акыл үйрөтөт, биринчи чимкиригиңерди тазалап алгылачы…” — ​дептир!

Көрсө, депутат Рыскелди Момбеков өзү мойнуна алгандай, эки ортодо талтайып туруп калып, бул абалына абдан эле кыйналып кеткендиктен “экс-эки досторго” эми элди кыйнабай, эдешпейсиңерби?! — ​деген сыяктуу сунушту ачык эле таштаптыр.

“Сен ким элең? Ким болдуң?!” — ​демекчи, “апрель революциясынан” соң өздөрүн абдан чоң саясатчы, коомдук таасирдүү фигура сыяктуу санап алышкандар абдан көп болуп кеткен болчу. Мына, эми гана алардын чыныгы саясий салмактары, коомчулук арасындагы таасирлери аныктала турган учур жакындап келе жатат.

СДПКнын (атамбаевчилер тараптын) оппозиция жээгине өткөндөн берки тагдыры азыркы бийликтин кадамдары менен да тыгыз байланыштуу болору шексиз. Тагыраак айтканда азыркы расмий бийлик канчалык көп каталарды кетирип, чабалдыгы тастыктала берсе, аларды сындаган оппоненттеринин салмагы да арта берери түшүнүктүү.

Ал эми азыркы кырдаал сакталып, сөз эркиндиги, соттордун көз карандысыздыгы, коррупция менен күрөшүү сыяктуу позитивдүү жагдайлар экономикалык өсүү, жылыштар менен коштоло турган болсо — ​бул ойлонуп табылган, өзүнүн альтернативалуу программасы да, стратегиясы да жок алсыз оппозиция өзүнөн-өзү жок болуп, 2020-жылдагы парламенттик шайлоолордо эч кандай ийгилик жарата албасы бышык.

Демек, “Атамбаевчилердин” митингдин аягында резолюция кабыл алып, анда ультимативдүү талаптар коюлуп, эгерде ал талаптар аткарылбаса — ​дагы эки айдан кийин масштабдуу митингге чыгышарын жарыя кылып жатышканы бекеринен эмес. Болжолдуу алганда, дал ошол убакта азыркы чуулгандуу коррупциялык соттук териштирүүлөргө да чекит коюла баштайт. Демек, “күнөөсү жок туруп, узак мөөнөткө кесилди” деп нааразы болгондордун катары дагы кыйла калыңдайт. Кыскасы, коомдук-саясий жагдайды курчутууга оңой шылтоолор да, бекер тарапкерлер да табылат…

Ишенбек Муртазаев

Булак: «Жаңы Ордо»

Абдувахаб Мониев: "Сыймык эмне, “баатырың” ким, Кыргызстан!?"

“Өксүк өзүнө алат”

Элибиз кулчулук аң-сезимден арыла элек десең, “оозуңа карап сүйлө” деп каяша айтчулар четтен чыгат. “Кыргыз деген эркиндикти ашкере сүйгөн, эч кимге баш ийгиси келбеген “гордый” эл” дейт. Ал тургай, кыргыздын ар бири президент, берирээги, Жогорку Кеңеш депутаты болгусу келип, мансапка жулуна бергендигин, дагы тактаганда, акыл, дээр, билимин таразалабай, жапырт бийлик көксөгөн амалпараздыгын дагы ошого жоруйт. (Кыргызстандагы шайлоодо президенттикке талапкерлер жүзгө чукулдап кетет эмеспи. Бийлик көздөп уюшуп, каттоодон өткөн партия болумуштардын саны боюнча дагы кыргыз мамлекети дүйнөдө биринчи орунда турса керек!) Эгемен аталганы жыйырма жылга аяк баса электе эки жолу элдик төңкөрүш болуп, бийлик алмашканын дагы ошол “эркиндик сүйүүчүлүккө” жармаштырат.

Баарыбыз угуп жүрөбүз, тушоо той, же сүннөт тойдобу, карыларыбыз балдарыбызга бата тилесе да:“Ылайым, келечекте эл керегине жараган улуу инсан: президент болсун, депутат, министр болсун!” дейт. Болочок муунга ушинтип ак тилек каалайт. “Чоңойгондо ким болосуң?” деген адаттагы суроону жолдосоң, тестиер балдар эч буйдалбастан: “Президент болом” дейт. Болбосо, депутат, же министр болгусу келгенин айтат.

…Айтса, кыргыздын ишениминде,  бери дегенде районду башкарып, бир чоң кызматка жеткен адам гана, “эл керегине жараган, улуу инсан” болуп эсептелет. Анын ууру болгону менен деле, тууру болгону менен деле чатагы жок, ар бир айыл, өрөөн, уруу “бизден ушундай кыйын чыккан” деп, ичинен суурулган “чоң” менен сыймыктанат.

Кызыгы мында: ушул көрүнүштүн өзү “гордыйлыктын” эмес, тескерисинче, кулчулук сезимдин туундусу;  улут канында кулчулук психологиянын терең тамырлаганынын белгиси.  Мунун өзү табигый көрүнүш: өз башынан бийликтин (“чоңдуктун”) кордук, зордугун көп өткөргөн, запкысын арбын тарткан өксүгү күч коомдун кишилери  бийлик, мансап, амал, чоңдукка ашкере куштар болуп, эңсейт, көксөйт. Кыргыз бекеринен “өксүк өзүнө алат” деп айтпайт да.

Совет мезгили – рухий кулчулук коому

Тарыхый өнүгүштүн дүйнөлүк агымынан артта калып кеткендиктен, падышалык Россия бийлигинин доорундагы Түркстандын – учурдагы Борбор Азия мамлекеттеринин эли (өзбек, казак, тажик, түркмөн, кыргыз – жамысы бирдей ) –  узак убакыт бөтөн империянын астындагы  күнкорлукта жашап, көзкарандылык, кулчулук ташпишти көп тарткан журт. Ошолордун  ичинен дагы биздин калк, кыргыздар колониялык зордук, басмырлоонун азабын аёсуз көргөнүн көп алыс эмес, мындан 103 жыл оболку, 1916-жылкы “үркүн” – геноцид эле кашкайта мисалдап турат.

Албетте, биз бүгүн өзүбүздү тээ илгери Улуу Кыргыз каганатын түзгөн, эчен калкты ыкрарына имерген улуу элдин урпактары деп билебиз. Арийне, ал дөөлөттүү тарых калкыбыздын эстутумунан эбак өчүп калган экен. Эстутумда болбогон соң, ал өтмүш улуттук менталитеттин, мүнөздүн калыптанышына эч кандай таасир тийгизе албаптыр…

Бүгүнкү күндө улуу муундагы интеллигенттер канчалык мактап, жактап, көксөгөнү менен, 70 жылдык совет учуру деле кулчулуктун мезгили болгон. Муну укканда далайлар секирип кетерин туюп турам. Ооба, социалисттик революция, лениндик улут саясаты кыргызды этнос катары сактап калып, улут катарына кошту. Советтик түзүлүш кыргызга социалдык да, улуттук да (мында орус шовинизминин үстөмдүгүнө деле көз жуумп койсо болот) теңдик берди. А ошого катар, бетке тутаар улуу жазуучубуз өз романында аяр чагылткан маңкурттукту – рухий кулчулукту орнотту!

Советтик бийлик нени нускады? Жарандын Жаратканга, Кудайга ишенгени, андан үмүт эткени – кылмыш, а Ленинге, коммунисттик идеяга ишенмеги – милдет!  Эгер компартия нускоосунун тууралыгы менен лениндик-сталиндик саясаттын адилеттүүлүгүнөн шек санай турган болсоң, түз эле – түрмө! Өз Ата-Мекениңди, улутунду, тарыхыңды, тилиңди сүйгөнүң дагы өлүмгө алып барат, бери дегенде, саясий куугунтукка кабыласың!

…Сталиндик репрессияга кабылып, башы кеткен 1930-50-жылдардагы кыргыздын жүздөгөн кыйындарынын таржымалы, кечээги эле  Т.Усубалиевдин учурундагы Кубанычбек Нурбеков сындуу аалымдардын тагдыры мындан башканы айттырбайт.  Азыр биз көкөлөткөн Исхак Раззаков бийлеген учурда деле Бегималы Жамгырчынов, Кусейин Карасаев сындуу аалымдар куугунтукка кабылып, а ата-бабасынын” кул” экендиги менен сыймыктанып, ошонусун колко кылган Асылбек Алтымышбаев (атактуу Чыныбай манаптын туугандарынан) өңдүү окумуштуу сөрөйлөрдүн (үстүртөн эмес, анын илимий эмгектерин барактагандан соңку сыпаттоо) ”ити чөп жеген” эмеспи!

Эркин ой жүгүртүүгө, эркин сүйлөөгө тыюу салып, адамдын акылын, оюн чектеп, чийинге түшүргөн саясий түзүлүштү кулчулуктун доору дебегенде нетмекпиз?! Бул – жалгыз эле кыргыз эмес, орус эли баш болгон бүткүл СССР элинин башына түшкөн мүшкүл болчу. Демекчи… кулчулук сезим канына жедеп сиңип, денине кенен тараган кыргыздай калктын улуттук интеллигенциясы  гана арадан 30 жыл убакыт өтсө да, артка кылчактап,  ошол совет заманын эңсейт.Россияга телинмейинче оокатыбыз өтпөйт деп эсептейт.

Неге бизде “гордый” деген төл сөз жок?

Байкагандырсыздар, мен сөз арасында “гордый” деген орус сөзүн которбой колдонуп атам. Чычалаганда эмне, бул сын атоочтун маанисин так берген төл сөз кыргыз лексиконунда жок. “Текебер”, “менменсинген”, “бой көтөргөн” дегенибиз ал сөздүн адамга тескери мүнөздөмө берген жагымсыз жагы. А урматтоого ылайык сапатты билдирген оң маанисинин котормосу  жок. “Өз баркын билген” дегенибиз, тек, сөздүк үчүн гана табылган, турмушта пайдаланылбаган жасалма сөз айкашы. …Чагымда, кулчулук аң-сезим калкыбыздын канынан накта “гордый” сыпат, мүнөздү сүрүп, жоюп,  “колдонуудан” чыгарып таштаган окшойт. Мүнөз болсо, сөз табылат эле?..

Мына ошентип, кыргыз коомунда  “гордыйды” “кулга” айлантып, өзү культка айланган бийлик, чоң кызмат, мансап деген эмне? – Кошомат, саткындык, эки жүздүүлүк! Тээ атамзамандан мына  ушундай “касиеттин” күчү менен жете турган, кармалып тура турган оокат. Учурдагы адамзат цивилизациясынын көч башындагы Батыш менен Чыгыштын алдыңкы коомунда эле анын табияты тазарып, өзгөрүп кетпесе, постсоветтик Кыргызстанда ошол уркунда эле. (Ага кошумча, азыркы кыргыз демократиясынын шартында уурулук шыгың болгону оң.  Шайлоодо жогору жакты да, ылдый жакты (элди) дагы сатып алар пул керек!)

Эл ичинде артыкча урмат-сыйга ээ болгон Төрөбай Кулатов аксакалдын Исках Раззаковду иштен алган жыйында сүйлөгөн сөзү сымал, мансап кайгайындагы саткындык, эки жүздүүлүк боюнча кыргыздын өтмүшүнөн дагы, учур чагынан дагы миңдеген мисал келтирсең болот. Айрыкча, демократиялык аталган акыркы заманда биздин ал “артыкчылык” сапатыбыз  абыдан керектелүүдө. Мисалы, акыркы 20-30 жылда “бир кызматты ээлеп, чоң болуп отурушум керек” деген кыргыз интеллигенттеринин кирбеген, мүчө болбогон саясий партиясы деле калбады көрүнөт. (Же партия болумуштарыбыздын бир “уй байлаар жиби” – туу туткан туруктуу идеологиясы болсо эмне!) Төлөгөн Келдибаев деген теңтушум айтмакчы, ушу бүгүн түнү “Хизбут-тахрир” партиясы бийликке келди” деп жарыяласаң, биздин интеллигенттер эч ойлонбостон саарлап башына селде оронуп, колуна теспе кармап көчөгө чыга турган кейипке жетти.

…Алайкууда шахмат боюнча чоң мелдеш өтүп атыптыр. Ат салышта биринчиликти мурда кандайдыр бир кылмышы үчүн түрмөгө түшүп, камалып чыккан (алайкуулуктар “зекбай” деп тергеп коюшат) бирөө утуп алат. Ага болбой эле, байгелүү экинчи орунду дагы бир “зекбай” ээлейт. Канчалык тырышканына карабай, алдыңкы орунга илешпей калган бир шахматчы аны көрүп: “Эми… шахмат үйрөнөт элем деп, түрмөгө түшсөң дагы болбосо…” деп, утулганына ичи ачышып, улутунуп жүрөт дейт… Анын сыңары, “эми, чоңоёт элем деп, биротоло жүзүңү жоготуп, кошоматчы болуп кетсең да болбойт” деген, арканды узун таштап, мансап, наам сындуу убактылуу азгырыктан жогорураак ой жүгүртүп, мүдөө көздөгөн интеллигенттер бизде өтө-өтө аз… Бата тууралуу айтпадыкпы, эмнени эксең, ошону оросуң!

Мамлекеттик сыйлык, наам жана сыймык, баатырдык тууралуу кеп козгогон темабыздан четтеп кеттикпи? Жок. Адеп бутага алган маселе менен жогоруда кеп болгон улуттук менталитет, коомдук психологиянын мандеми – баарынын зубаласы бир жерден үзүлгөн. Кыргыз адамы инсандын дээрин, жетишкендигин мансабы, кызматы менен баалайт. Эгер анысы жок болсо(пенсияга чыгып кетсе), мамлекеттен алган наам, сыйлыгын санайт. Ошон үчүн алдыңкы билим, өнөрдү көздөбөгөн кыргыз мамлекеттик сыйлык, наамга келгенде дагы жата калып, чоң кызматка умтулгандан кем калбай чуркайт.

Кайрадан “баатырлар баяны”

Дагы бир атактуу Кыргыз Республикасынын Баатыры – Мамбет Мамакеев. Асыресе, бул аксакал дүйнөлүк медицинадагы кандайдыр бир ачылышы, же болбосо, кыргыз мамлекети үчүн башын сайган атуулдук  эрдиги менен эмес, тек, чоңдорго  жагына билген кошоматчылык өнөрү менен коомчулукка көбүрөөк белгилүү. Президент Аскар Акаевди көкөлөтүп мактай бергенин дагы анча-мынча түшүнсө болот, кантсе да, ал илимпоз-академик эмес беле… Көп өтпөй Мамакеев аксакал аны кууп чыккан Курманбек Бакиевге да кошомат кылып тим болбой, “көзү башкача, акылы көзүнөн көрүнүп турат” деп, анын баласы Максим Бакиевге деле көшөкөрлүк кыла бергени бар.

Кексе киши, коомчулукта өзүнүн ошондой “эрдиги”  тууралуу көбүрөөк айтылып, кошоматчы (“дүжүр чал” дешчү беле?) сыңары мүнөздөлүп жүргөнүн сезсе керек. Былтыркы жылы, 90 жаштан ашкан курагында бир оорулууга оор операция жасап, өзүнүнүн чыныгы баатырлыгын далилдөөгө аракет кылды. Бир гана жери, мындай сейрек эрдик “баатырлар баянына” эмес, эгер ченине бап келсе, Гиннестин китебине катталышы керек эле…

“Бала баатыр”Алиясбек Алымкулов

Атайын чыгынган соң, 2010-жылдын 7-апрелинде Бакиевдердин бийлигин кубалоодо ченемсиз эрдик жасаган “бала баатыр” Алиясбек Алымкуловду унутуп коюу кечиримсиз иш.

Сыягы, көпкөн бийликке кыжырданган Алиясбек мырза 7-апрелдеги массалык толкундоодо эч нерседен тайманбай, Акүйдү беттеп, алдыңкы сапта жүрсө керек. Акүйдөн атылган автоматтын огу бетинин чок ортосу – мурдуна тиет. О, бул адам ишенбей турган окуя: ок таноодон кирип, желкеден чыгып кетет, бирок, аман калат! (Бул да “Укмуштар китебине” каттала турган иш.) Алиясбек мырзанын бактысы тоодой экен, жарааттан куландан соо сакайып, ал тургай, кийин министр болуп иштейт.

Баш сөөктү ок аралап кетсе да, аман калат деген эмне шумдук? Ооба, бул Кудайдын кудурети! Жараткандын мээри! Бул укмушту андан башкача түшүндүрүү кыйын! (Эгер Алиясбек баатырдын кудурети болгондо, келаткан октон буйтап кетмек да, туурабы?) Ал кездеги Убактылуу бийлик бул укмушту атайын белгилеп коюуну эп көрдү. Арийне, Жараткан орден-медал, наамга муктаж эмес да, ошон үчүн аны Алиясбек Алымкуловдун өзүнө эле ыйгарууну туура табышты окшойт: ага Кыргыз Республикасынын Баатыры наамын ыйгарышты.

Ал эми Алиясбек баатыр: “Жараткан алтын башымды сактап калды. Адам үчүн өмүрдөн өткөн наам, сыйлык, белек барбы!? Кудайдын бул тартуусунун жанында пенденин көкүрөккө “алтын жылдыз”  кадаганы шоона эшеби? Мага өмүрдөн өткөн сыйлык жок!  Анан да, ошол күнү канча жигит набыт болуп, канча үй-бүлө кан жутуп, кайгыга батты…  Ошонун баарын көрүп туруп, көкүрөккө орден тагып, баатырмын деп шадыраңдоо не жорук? Койгула, уят. Андан көрө 7синде набыт болгон жарандарбыздын үй-бүлөсүнө кам көргөндү ойлойлу” деп, сыйлык-наамдан сылык-сыпаа баш тарта албады.

Антпей эле тим болбой, Алиясбек баатыр шардыгына салып, былтыркы жылы “экинчи эрдигин” жасап жиберди! Облустук бийликтин имаратынын астынабы, иши кылып, Талас шаарынын бир көрүнүктүү жерине өзүнүн айкелин тургузуптур. Айтуусуна караганда, айкелдин бүт чыгымын өзү көтөрүп, пулун жан чөнтөгүнөн төлөптүр… А бирок, өзгөчө белгинин расмий жобосу боюнча, Кыргыз Республикасынын Баатыры болгон адамдын айкели мамлекеттин эсебинен жасалып, орнотулушу керек эле. Баатырга андай сый-урмат көрсөтүү мамлекеттин (демек, элдин) парзы.  Бирок, бу жалган дүйнөдөн чын дүйнөгө узагандан кийин… Арийне, Алиясбек баатыр аны күтүп отурган жок, дагы да жүрөктүүлүк, чечкиндүүлүк кылып, марттыгын көрсөтүп, баарын өз чөнтөгүнөн төлөп, өз эстелигин койкойтуп койду!  А бул эрдик эмей эмине!?

“Чала баатыр” Алмазбек Атамбаев

Эшегине жараша – тушагы, Алмазбек Атамбаев Кыргызстанды дээрлик 7 жыл башкарды.

Аскар Акаевден баштап мамлекет башчыларыбызда оңдуу мамлекетчил көзкараш, акыл-ой болбогондугун, болсо да, өтө тайыздыгынан улам ал көрпенделик жеке кызыкчылык менен аралашып кетип, мамлекеттик саясаттын ашмалтайы чыкканын көрдүк. Алардын тайыздыгы өлкө башчысы катарында жарандарга мамлекеттик сыйлык, наам ыйгарган жосунунан дагы сезилип  турду. Мисалы, президент Аскар Акаев эң ириде өз режимин жактап, колдогон позициясын урматтап, анан да уруулук-тууганчылык ылымсаноо менен Турдакун Усубалиевди “баатыр” кылса, президент Курманбек Бакиев дал ошондой эле критерийдин негизинде Абсамат Масалиевге (көзү өткөндөн кийин)”баатыр” наамын ыйгарды.

Менимче, мамлекеттик саясаттагы тайкылык жагынан  Атамбаев Акаевди да, Бакиевди да жолго калтырды. А.Атамбаев илгерки европалык падыша Людовик ойлонгондой  эле, “мамлекет, бул –  мен” деп ойлоду. Ойлогонуна ишенди. Ошон үчүн өзүнүн шопуру (Илмиянов), жансакчысы (Сүйүмбаев), кол баласы(Исаков) сыяктуу жоон топ жанжөкөрлөрүнө (биз жакта кожоюндун көзүнүн агы менен айланып, айтканын илгиртпей аткарган андай кызматчыларды жетим жүгүрүк деп коёт) мамлекеттик чоң кызмат берип эле чектелбей, мамлекеттин орден-медалын дагы көкүрөктөрүнө каалашынча кадады.

Өзүнө сактап, өз доорунун ”жеке баатыры” болгусу келгендиктен, жалгыз гана Кыргыз Республикасынын Баатыры наамын эч кимге ыраа көрбөдү. Ойлогонундай эле, жаңы президент Сооронбай Жээнбеков алгачкы ишин ага Кыргыз Республикасынын Баатыры наамын ыйгаруу тууралуу жарлыкка кол коюу менен баштады көрүнөт.

Арийне, “Атамбаев – мамлекет эмес!” экендигин кеч түшүнүпкалышканбы, же дагы башка жөнү барбы, айтор, жаңы президент “Баатырдык” өзгөчө белгини алигече“салтанаттуу түрдө” тапшырган жок.  “Ак шумкар” алтын жылдызы экс-президенттин көөдөнүндө эмдигиче жаркырагай элек.

Жолдош Леонид Ильич сыяктуу эле, урматтуу Алмазбек Шаршенович дагы мамлекеттик сыйлык, наам алганды аябай сүйөрүн, төшүнө жылдыз кадалганда элжиреп, кадимкидей ээрип кетээрин 2007-жылы ага президент Курманбек Бакиев “Данакер” орденин бергенде бүт Кыргызстан теледен көргөн. (Түшүнгөн адамга ошондо эле Атамбаевдин дээри белгилүү болгон. Мыкты мамлекет башчысы, чыныгы улуттук лидерликке ылайык  адам арзыбаган орден-медаль, сыйлык, наамдан эле эмес,бүт көрдүйнө, акча, байлык дегендей көрпенделик азгырыктардан дагы азат, эркин болмогу кажет).   Мындан чыкты, Алмазбек Атамбаев  “чала баатыр” бойдон калгысы келбейт. Ошондуктан, ал эми өзүнүн “толук баатыр” экендигин далилдөөнүн камында.

“Айласы кеткен киши күлөт” дейт кыргызда. Кыргыз Республикасындагы эң жогорку сыйлык, өзгөчө белги – “Кыргыз Республикасынын Баатырына” жасалган мамлекеттик-коомдук  мамилеге серп салып, анын акылга сыйгыс алаңгазарлыгын көргөн адам аргасыз ”күлөт”: какшык менен кеп баштап, аны жогоркудай азил-куйкум менен улантканга аргасыз болот …

(Уландысы бар)

Абдувахаб Мониев

Булак: «Азия ньюс»

 

 

 

Табылды Акеров: "Биз көчмөндөр цивилизациясынын башатында турган руху бийик көчмөн элбиз, биз кыргыздарбыз!"

Кыргызстандагы улуттук идеология көйгөйү

Кыргыз элине таандык улуттук идеологияны иштеп чыгуу проблемасы Акаевдин мезгилинен бери көтөрүлүп, дайыма күн тартибинде болуп келет. Бирок, эч ким жеткиликтүү иштеп чыга алган жок. Кыязы, бул проблема Акаевдин мезгилинде туура багытта карала башталган. Бирок, кийинчерээк ал кагаз жүзүндө калып, Акаевдин бийликтен жылмышышы менен биротоло унутта калган. Белгилүү болгондой Акаевдин учурунда «Манас» эпосуна чоң көңүл бурулган. 1996-жылы «Манас –1000» салтанаты өткөн. Кыргыздар муну өтө сыймыктануу менен кабыл алган. Себеби, жаңы эле тоталитардык СССР мамлекетинен бөлүнүп чыгып, ООНдун эгидасында Кыргызстанда ушундай чоң салтанат өткөнүнө кадимкидей жетине албай калганбыз. Ошол кезде Манастын 7 осуяты иштелип чыккан. Бирок, бул осуяттар биздин тунгуч президентибиздин илимий адам болгонуна байланыштуу өтө эле илимий мүнөздө болуп калган. Аларды эч ким жалпак тил менен түшүндүрүп берген эмес. Бирок, мектеп окуучуларына аларды кандай болсо, дал ошондой кылып жаттатып коюшкан. Мен бүгүн ЖОЖдордо, колледждерде «Манас» эпосунан сабак берем. Ошондон улам «Манасты» идеология катары колдонуудагы айрым мүчүлүштүктөрдү байкай алдым.

Биринчиден, бул проблема директивдүү катары кабыл алынып, унутта калган. Мен «Манастаануу» сабагын өткөрүп жатканда окуучулардан Манастын жети осуяты жөнүндө сурайм. Көпчүлүгү аларды жатка билишет. Бирок, жакшылап, жалпак тилде чечмелеп айтып бере алышпайт. Ошондуктан, мен «Манасты» улуттук идеология катары кабыл алуу иштери кагаз жүзүндө жүргөн жана директивдуу кабылданып калган деген жыйынтыкка келдим. Чынын айтканда, Кыргызстанда бийлик демилгелеген баардык эле иш-чаралар директивдуу түрдө өтөт жана бир мезгилден кийин унутта калат. Иш-чара өткөндөн кийин эле баары унутта калат эмеспи. Ошол сымаал «Манасты» идеология катары тутуу да унутта калган.

Экинчиден, «Манас» кыргыз элинин улуттук идеологиясы катары жеткиликтүү изилденбей, окулуп-үйрөнүлбөй калган. Үчүнчүдөн, «Манас» улуттук идеология катары башка улут өкүлдөрү тарабынан жакшы кабылданбагандыгын байкоого болот. Кыргызстанда жашаган башка улуттардын өкүлдөрү бул процесстерге камтылбай, унутта калышкан. Себеби, кыргыз тилин окуп-үйрөтүү жеткиликтүү деңгээлде коюлган эмес.

«Манас» эпосу бул Кыргыз мамлекетинин жана кыргыз элинин Улуу Талаадагы көчмөндөргө мүнөздүү этностун саясий турмушун, жашоо-тиричилигин, каада-салтын, үрп-адатын, улуттук оюндарын чагылдырган көөнөргүс чыгарма жана элибиздин кайталангыс тарыхый эпопеясы. «Манас» аскердик демократиянын негизинде кыргыз элинин алгачкы мамлекет түптөгөн мезгилинен тартып, Мукамбет –Кыргыздын дооруна чейинки тарыхый окуяларды өзүнө камтыйт.

Нечендеген кылымдардан бери Манас руху кыргыздардын кыймылдаткыч күчү катары таанылып келген. Манас руху бул кыргыз баласынын аруу рух эгемендүүлүгү, аруу рух табияты. «Манас» бул кыргыз элинин жаралгандан бери, анын байыркы карт тарыхынан элдин кулк мүнөзүнө, канына сиңип келген эгемендүү аруу рух табияты.

Кыргыз эли туу туткан негизги баалуулуктар акыйкаттык, теңдик, калыстык

Кыргыздардын мамлекети аскердик –демократиянын негизинде курулган жана коомдук структуралар жана коомдун жашоосу ошону менен жөнгө салынган. Аскердик демократиянын бирден бир баалуулуктарынан болуп акыйкаттык, тендик, калыстык эсептелген. Бул принциптер аскердик –демократиянын негизинде кыргыздын канына сиңип кеткен. Кыргыз акыйкат, теңдик жана калыстык үчүн кан-жанын аябай күрөшкөн. Аскердик-демократиянын кыргыздар менталдык негизги касиетине, улуттук аруу рух эгемендүүлүгү табитине эгедер болгон. Кыргыздарда улут руху «Манастай» зор каармандык чыгармада чагылдырылып, эркиндик, көз карандысыздык идеяларына ширетилип, жоокердик турмушта калыптанып, майтарылгыз күчкө ээ болгон.

Кыргыздарда адам 40 жашка чыкмайынча хандын жанына олтурууга уруксат берилген эмес. 40ка чыккан адам гана кызуу кандуулукка алдырбай, ханга туура кеңеш бере алат деп эсептелген. Кыргыз мамлекетинде жаштарды руху бекем, эрки күчтүү кылып тарбиялоого умтулушкан. Көчмөн турмушунун талаптарына ылайык ар бир уул же кыз баалуу болгон. Тарыхый булактар айгинелегендей (жалпы көчмөндөрдө) коомдо «бир ок-бир жоокер» деген принцип өкүм сүргөн. Ар бир эркек киши бир ок (аскерге милдеттүү адам) деп таанылган. Ар бир эркек кагандын же өлкөнүн биринчи чакырыгы менен дароо курал-жарагы, аты менен кошо келип, аскер кошунуна кирүүгө жана аны толуктоого милдеттүү болгон. Кыргыз аскери ондук, жүздүк, миңдик жана түмөндөрдөн турган. Ар бир жоокер өзүнүн эр жүрөктүүлүк, каармандык жеке сапаттарына байланыштуу ондук, жүздүк, миңдик, түмөн башы болууга толук укугу жана мүмкүнчүлүгү бар болгон. Ошондуктан, кыргыздар руху бекем, эрки күчтүү азаматтардан болгон. Артыкчылыкты көрсөткөн жоокер сыйга арзыган. Мисалы, 840–842-жылдары Кыргыз каганынын буйругу боюнча генерал Алп Сол Тепек 100 миң аскер менен Чыгыш Түркстанга жортуулга барган. Көптөгөн шаарларды, урууларды караткан. Кытай императорунун сый-урматына арзыган. Бул эрдиктери үчүн Кыргыз каганы аны баалуу белектер менен сыйлаган. Ошону менен бирге ага Алтайдан эки чоң областы белекке берген.

Кыргыз уруулары дайыма эле бир чөлкөмдү мекендеп турган эмес. Ар кандай себептерге байланыштуу, өзгөчө тышкы коркунучтун айынан көпчүлүк учурларда айрым уруулар элдин негизги бөлүгүнөн бөлүнүп калып, өзүнчө күн өткөрүүгө туура келген. Бирок, кайсы бир мезгилдерде булар кайрадан биримдиктүү эл болуп биригишкен. «Манас» эпосунда да алатоолук кыргыздардын өкүлү Кошой Манас башында турган алтайлык кыргыздарды Теңир-Тоого көчүрүп келгендиги айтылат.

Кыргыздар эч кимге жана эч нерсеге баш ийбейт деп коёбуз. Кыргыздар бир гана нерсеге баш ийген. Ал учкул сөзгө, акыйкаттыкка жана чындыкка. Кыргыздар сөздүн кадырын билген, аны туура кабыл алып, баалай билген эл. Ошондуктан, кыргыздар байыркы баалуулуктарды күнү бүгүнкүдөй сактап, колдонуп келишет. Байыртадан «Өнөр алды кызыл тил», же «Баш кесмек бар, тил кесмек жок» деп айтылып келет. Чечендик өнөр менен чындыктын чыркырап жатканын так жана даана түшүндүрүп берүүгө болот. Башты кесүүгө болот, бирок, чыркыраган чындыкты айтып, акыйкаттыкты ачып берген тилди кесүүгө болбойт деген моралдык норма калыптанган жана жайылган.

«Манасты» идеология катары таануудагы тоскоолдуктар

Бул маселеде айрым батыштык политологдор, саясатчылар кыргыз эли эгемендүүлүккө жаңы эле чыкса, аларга кайрадан жаңы идеологияны табуунун кажети жок деп айткандары эсимде. Бирок, мен Батышты жакшы эле кыдырдым. Батышта христиан дини ачык эле пропагандаланып турат. Мисалы, Германия жана башка өлкөлөрдө райондордо, чөлкөмдөрдө Крестке арналган эстеликтер турат. Бул чөлкөмдөрдө эл христиан динин унутта калбасын деп, аны өтө аздектеп, ага өзгөчө көңүл бурат экен. Бирок, кыргыздар христиан дининде эмес да. Биз мусулманбыз, «Манас» биз үчүн ыйык, ата-бабаларыбыздан мураска калган кайталангыс чыгарма. Ошого, батыштагы эл үчүн биздин «Манасты» улуттук идеология деңгээлине чыгарып даңазалообуз өөн көрүнүшү мүмкүн. Бирок, бул кыргыз элинин турмуш реалдуулугу. Кыргыздар өзүнүн ар бир аракетин, жолго чыкса да, бир иш баштаса да, спортто мелдешип күрөшкө же башка мелдешке чыкса да Манас атанын арбагына сыйынат, аны колдосун деп тилейт. «Манас» бул күнүмдүк турмушубуздун, аракетибиздин көөнөрбөс булагы. Биз «Манастан» жаңы энергия, жаңы дем, жаңы багыт, күч-кубат алабыз. «Манас» биз үчүн рухий байлык, коомду консалидациялоочу жана мобилизациялоочу касиеттүү күч, түгөнгүс булак. «Манас» бул кыргыз элин дүйнөгө улуу этнос катары тааныткан чыгарма. «Манас» бул кыргыз элин башка элдерден обочолоп көрсөтүп, даңазалаган улуу дастан. Ошол эле көчмөндөр оюндарын алсак, «Манастын» негизги сюжеттеринин бири – Көкөтөйдүн ашында өзгөчө сүрөттөлүп берилет. Анан калса, кыргыз эч убакта немец же башка боло албайт. Биз кыргыз болуп бул жарыкка келебиз, кыргыз бойдон жашап өтөбүз, кыргыз бойдон бул жарыкты таштап кетебиз. Ошого «Манасты» идеологизациялоодон чоочулабай эле койсок болот. Керек болсо, «Манасты» улуттук идеологиялык деңгээлде көтөрүү мезгил талабы. Биздин элибиз бүгүн рухий колдоого муктаж.

«Манас» Ислам маданиятынын мурасы

Кыргыз эпосунда Манас мусулман. Анда Манас чоң казатка (газаватка) аттанган улуу каарман катары сыпатталат. Ошого биз «Манасты» Ислам маданиятынын мурасы катары караганыбыз туура. Бирок, Манасты мусулман катары тааныганы менен (айрым динчилдер) «Манас» эпосун теңирчилик жана башка ар кандай байыркы диндерди пропагандалаган чыгарма катары көрүп келишет. Мисалы, мусулман дининдегилер «Манасты» теңирчиликти да пропагандалаган чыгарма катары кабыл алышат. Бул жерде биз «Манасты» эң байыркы чыгарма катары карашыбыз абзел. Менимче, бул маселеде биз кыргыз эли (ошол эле динчилдердин ата-бабалары да) арабдар мусулманчылыкты ойлоп таап, кабыл алып, дүйнөгө жайылтканга чейин эле тарыхта белгилүү болуп, өз мамлекетин тигип, жашап келгенин так жана анык билип алуубуз зарыл. Кыргыз эли Ислам дининен алда канча мурун пайда болгондуктан анын ооз эки чыгармаларында мусулманчылык дооруна чейинки көптөгөн тарыхый окуялар, Борбордук Азия элдери табынган диндер да сакталып калган. Бул тарыхый реалдуулук. Ушуну жакшы түшүнүп алуу зарыл.

«Манасты» улуттук идеология катары таануу канчалык зарыл?

Биринчиден биз бүгүн глобализация доорунда жашап жатабыз. Ааламдашуу процесстери майда элдерди жуурултуп, сиңирип, алар жок болуп кетүү коркунучунда калууда. «Манаста» нукура көчмөн дөйнөтаанымы, идеологиясы, жашоо-турмушу, салт-санаасы чагылдырылган. «Манас» кыргыз элин ааламдашуудан сактап кала турган теңдешкис булак.

Экинчиден, кыргыз эли бүгүн өткөөл мезгилди башынан кечирип жатат. Өлкөбүздө эки жолу элдик толкундоолор, революция болду. Мунун эң негизги себеби, коомду багыттоочу рухий курал жок болуп жатат. Бүгүн эл өзүнүн лидерлерине ишенбей калды. Ошого биз элибиздин тарыхына кайрылууга мажбурбуз. Аруу рух эгемендүүлүгүнө эгедер кыргыз элинин «Манасы» бар. «Манас» кыргыз элинин тарыхый эпопеясы. «Манас» улуттук идеология катары бизди эл болуп сакталып калуубузга жардам берет. Биз бүгүн заманбап Кыргыз мамлекетин жана демократиялуу коомду курууга белсенип киришип жатабыз. Манас сымал кыялга батып, заманбап Кыргыз мамлекетин курууга аракеттенип жатабыз. Байыркы бабаларыбыз мурастаган «Манас» идеологиясын туу кылып алып, алга жылууга аракеттенүүнү каалайбыз. Биз да бабаларыбыз сымал жаш муундарды эч нерседен тайманбаган руху күчтүү азамат кылып тарбиялоого умтулуудабыз. Ошондуктан океан сымал «Манас», Манас атанын осуяттары бизге жаңы дем, энергия, күч-кубат берип, рухий табитибизди арттырып, өткөөл мезгилде мөгдүрөбөй, алдыбызда турган кыйынчылыктарга татыктуу туруштук берип, аларды жеңип чыгууга зор өбөлгө түзөт деп ишенебиз.

А. Сыдыковдун доорунда Кыргыз мамлекети, заманбап доордогу мамлекети куралган. Кыргыз мамлекети республикалык түзүлүштө куралып, илим-билимге, илимий техникалык прогресске сүңгүп кирген, анын жемиштерин пайдаланганды билген коомду куралды. Биз жана бизден кийинки муундар А. Сыдыков, И. Раззаков, Ч. Айтматов жана башкалардын эрдиктерин жана жетишкендиктерин улантуучу муунга киребиз. Бирок, бүгүн бизден мезгил «Манастын» улуу руху, кыргыз элинин аруу рух эгемендүүлүк табити жана жаңы бийиктиктеги жаңы идеяларга, илим-билимге сугарылган, жаңы техника жана технологияларды жарата ала турган жана башкара ала турган, коомубузга жаңылык киргизе ала турган, жаратман жаш муунду тарбиялоону талап кылууда. Ошол муундун жардамы менен коомубузду өзгөртө алабыз. Кыргыз элин, Манас бабабыз сөйлөгөн кыргыз тилин, кыргыз маданиятын, каада-салт, санааларын сактап кала алабыз. Бизди байыртан ата–бабаларыбыздан мурастап келген эгемен рух табитибиз жана жаңы бийиктиктеги билим алдыга сүрөйт, өткөөл мезгилдин кыйынчылыктарын жеңип чыгууга жана жаңы коомду курууга жардам берет. Кыргыз эли нукура көчмөн цивилизациясынын өкүлү катары дүйнөгө таанылат жана түбөлүк сакталып калат. Биз көчмөндөр цивилизациясынын башатында турган руху бийик көчмөн элбиз, биз кыргыздарбыз! Биз руху бийик көчмөндөрбүз, биз кыргыздарбыз!

Темирлан Токтоболотов

Булак: «Жаңы Ордо»

Көп партиялуулук бар,  – жалпы элдик кызыкчылык жок

Бул жумада бири-бирине куйрук улаш өтчү эки съезд — ​кийинки жаңы пайда болгон курамдагы СДПК (шарттуу түрдө айтканда, — ​атамбаевсиздердин тобунун) жана да эски СДПК (булар накта атамбаевчилер экендигин көрсөтүүгө далалаттанышууда!) партияларынын съезддери соңку саясий окуялардын чордону болуп калды.

Ачыгын айтканда, Алмазбек Атамбаев экс-президент статусу менен биринчи жолу өткөргөн өткөн жылкы марттагы съездде эле бул эң эле эски партиялардын ичинен жарака кеткени байкалган. Ошентип, ал жарака улам көбөйүп олтуруп, акыры партиянын ички маселеси болуу стадиясынан өтүп, республиканын ар кайсыл региондорундагы бул партиянын мурунку мүчөлөрүнүн — ​азыркы эки жээкте калган адамдардын жакалашуусуна чейин алып барган учурларга чейин да жетти!

Башкача айтканда, СДПК бирдиктүү партия болуудан биротоло калды. Эмки маселе — ​ошол экиге бөлүнүп калган партиялардын мындан аркы аталыштары жана саясий платформалары кандай болот, жана да алдыда аларды кандай тагдыр күтүп турат? — ​ушул сыяктуу эң жөнөкөй суроолор актуалдуу болот.

Эрксизден тарыхый паралеллдер эске түшөт. Мындан 125 жылча илгери РСДРП (бир кезде бүт дүйнөнү титиретип, тең жарымын былк эттирбей кармап турган КПССтин — ​коммунисттер партиясынын прообразы — ​ата-теги!) экиге бөлүнүп, көбүрөөк жагы “большевиктер”, азыраак калган тарабы — ​“меньшевиктер” атка конушуп, алардын өз ара тиреши тээ 1930-жылдарда башталган кандуу репрессияларга чейин уланып жүрүп олтурган. Анан калса, дал ушул тымызын жана ачык атаандашуу ошол репрессияларда өз ара эсептешүүдө “ыңгайлуу курал” болуп берип, мурдагы партиялаштар бирин-бири аеосуз талкалашып, түрмөлөрдө чиритишип, аттырганга чейин себеп болгон фактылар да орун алган!..

“Ыкка келишкис оппозиция” (непримиримая оппозиция) саясий кармашка өткөн соң, бул абдан коркунучтуу кырдаалга айланып, эч кандай мыйзам-абийир, нравалык норма сыяктуу түшүнүктөргө карабай кала турганы эбак эле тастыкталган. Кудайга шүгүр, азыр андай кандуу репрессия заманынан алыстап кеттик. Антпесек, тээ 30-жылдарда атылган, “Ата-Бейитте” жаткан курмандыктар деле дал ушундай күрөштөрдө жеңилгендер экени белгилүү. Балким, алар өтө эле ыплас, ыймансыз, пас “технологияларды” колдонууга келгенде тигил оппозиционерлерине караганда алсыздык кылышкан чыгар?!
Кандай болгон күндө да, бир нерсе жайкы тегиз тийип турган, чайыттай көк асмандай эле ачык жана да түшүнүктүү: эми бизге көп партиялуулук саясий системадан башка артка карай жол жок. Демек, алдыда жакындап келе жаткан парламенттик шайлоолор да дал ушундай түркүн түстүү партиялардын кармашы менен өтөт.

Ал тургай, алардын конфронтациялык платформаларынын азыртан эле эч кандай компромиссиз маанайга өтө баштаганы — ​биздин коомчулуктун алдында дагы көп чыңалуулар бар экенин, кийин келе турган кышкы ызгаардан эртелеп эле кабар берген кеч күзгү сууктан бетер ырастап тургансыйт… Партиялардын өз ара тиреши мыйзам чегинде өтүп, бийик саясий маданияттагы атаандашууну камсыз кылуу үчүн кандай аракеттер көрүлүшү керек?

Азыркы бийлик бул сыяктуу маселелерди кеч боло элегинде алдын алып, кийинки парламенттик шайлоолордун мыйзам чегинде өтүшүн камсыз кыла турган чараларды көрүшү зарыл. Кийинки шайлоолорго чейин дагы бир жарым жылдай убакыт бар экендигине карабастан, саясий партиялардын өтө эле активдеше башташканы, алардын болочок “күнөсканадан” азыртан эле орун талаша башташканы — ​коомдук-саясий чыңалууга чейин өтө баштаганы жакшы симптом эмес.

Биздеги партиялардын саясий маданиятынын төмөндүгүнөн улам, региондорду, элди дагы жиктеп бөлүп, өз ара бөлүнүүгө алып келип, ал тургай, каршылашууга чейин жеткире баштаганы ачык эле көрүнө баштады. Мындай темп менен кете берсек, кийинки парламенттик шайлоолор абдан чырлуу саясий кампания болуп, анын жыйынтыгын чыгаруу эч качан аягына чейин бүтпөс соттук-тергөөлүк териштирүүлөр менен аякташы турган иш.

СДПКны “большевиктер” (же, шарттуу түрдө “Өмүркуловчулар”) жана “меньшевиктер” (же – “Атамбаевчилер”) деп бөлүүгө мүмкүн болгон менен да, алардын расмий аталыштары чоң талаштык предметке айланары да түшүнүктүү. Анткени, “СДПК‑1”, “СДПК‑2” деген сыяктуу аталыштар мүмкүн болгон учурда деле, алардын эч кимиси “экинчи” болууну каалашпасы белгилүү. Ошол эле учурда, партиянын аталышын өзгөртүп, шайлоого абдан жакын калган убакта жаңыча, анча белгисиз болгон башка наам менен эл алдына чыгуу да абдан тобокелчил кадам болуп, опурталдуу кырдаалга кептейт. Кантсе да, СДПК таанымал, же азыркыча айтканда, бренд болуп калган наам. Демек, каршылашкан тараптардын эч кимиси андан өз ыктыяры менен ажырагысы келбейт. Сот дагы бул абсурд ситуацияда алсыздык кылат — ​себеби, эки тарапта тең партиянын тээ баштапкы түптөлүшүнөн берки жүргөн адамдары бар.

Сагынбек Абдырахманов менен Алмазбек Атамбаевдин, же Ирина Карамушкина менен Иса Өмүркуловдун ортосунда эле чечилип кала турган маселе эмес. Анын үстүнө, алардын өздөрүнүн да саясий айдыңда өздөрүн колдошкон пикирлештери жана оппоненттери бар экендиги маалым. Маселен, жакында эле жаза мөөнөтү кыскартылып, түрмөдөн амнистия менен чыккан Бекболот Талгарбеков мен үчүн Атамбаев менен Өмүркуловдун айрымасы деле жок деген мааниде билдирүү жасады…

Дегеле, түрмөдөн бошоор замат эле, өздөрүн саясий диссиденттер катары позициялай башташкан, саясий репрессияга дуушар болушкан адамдар катары пропагандалай башташкан Бекболот Талгарбеков, Кубанычбек Кадыров, Бектур Асанов сыяктуу коомчулукка таанымал болуп калышкан саясатчылар чылгый саясий контексттен алып карай турган болсок, Атамбаевдик бийликти жалаң гана катуу сынга ала берүүдөн башка дагы — ​ага ырахмат айтыша турган да жөнү бардай сезилет. Анткени, коомчулукта анча белгисиз болушкан, ал тургай жалаң гана негативдик багыттагы (айыл чарба министри Бекболот Талгарбековдун “австралиялык кочкорлору” сымал!) фактылар менен гана эсте калышкан бул саясатчылардын рейтингин көтөрүп, кеңири коомчулуктагы саясий популярдуулугун жогорулатып, “бекер реклама” кылып берген оппоненттерине ыраазы болушса деле жарашкансыйт!.. Мындай ирониясыз эле айта турган болсок, — ​азыр саясий реванш алууга умтулган, жекече мүнөздөгү оппоненттер менен өз ара эсептешүүгө карата болгон аракеттер да жалпы чоң саясаттын кандайдыр бир табигый бөлүгүнө айлана баштагандыгы көрүнүп турат.

Кандай болгон күндө да, саясий кармаштардагы алдын ала айтууга боло турган, же кайсыл бир өлчөмдө так болжолдосо боло турган жагдайлар да арбын. Айталык, азыркы экиге бөлүнүп, жогоруда биз белгилегендей, эки ача жолдун айрылышында калып, кайсыл тарапка кетүүнү чече албай, башы маң болуп тургансыган СДПК партиясы азыркыдай абалында эч кандай ийгилик жарата албайт. Эки тараптан тең катарлаштары кийинки парламентке карай мандат алышса да, алардын саны өтө чектелүү болуп, катардагы гана эмес — ​абдан чабал фракцияга айланышып (азыркы саны эң аз “Бир бол” сымал), башкалардын көзүн караган күчкө айланышы мүмкүн. Анткени, партиянын күжүрмөн күчтөрү болгон лидерлери гана эмес, анын кыймылдаткыч-мотору — ​эң негизги ресурстарынын бири болгон – финансылык каражаттары да экиге бөлүнөрү айкын. Демек, СДПК абдан кыйын кырдаалга кептелип, мындан аркы бул эң эле эски саясий партиялардын биринин тагдыры “быть или не быть?” деген гамлеттик суроого такалды.

Бул бүдөмүк саясий кырдаалда, алдыны туман каптап, саясий-метеорологиялык кызматтары чабалдык кыла баштаган кезде, Жогорку Кеңеште парламенттик шайлоо кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү аракети да активдүү көрүлө баштады. “Ата-Мекендин” убактылуу лидери (же, бул партиянын “Кедейканы” — ​дагы бир өзүн саясий репрессияга туш болдум деп эсептеген саясатчы — ​Өмүрбек Текебаевди убактылуу алмаштырган саясатчы-депутат) Алмамбет Шыкмаматовдун билдирүүсүнө караганда, алар партиялардын персоналдашып, тизмелеринде кимге добуш берилерин көрсөтүшү керек деген жобону демилгелеп жатышыптыр. Дегинкисин, бул колдоого ала турган жана да оң жактары арбын демилге экендиги байкалат.

Себеби, азыркыдай жалаң гана акчалуулардан куралган жана да өз капчыгын гана ойлошкон “эл өкүлдөрүнөн” куралган парламент эгемен Кыргызстандын тарыхында эч качан болгон эмес. Демек, “башка улуттардын өкүлдөрү”, “аялдардын өкүлдөрү” “жаштардын өкүлдөрү” деген сымал квоталар сыяктуу эле, олигархтардын жана да чоң бизнес өкүлдөрүнүн келишине да кандайдыр бир тосмо-чек сыяктанган барьерлер коюлса жакшы болмок. Мисалы, ар бир партиянын тизмесинде ошол катмарлардан белгилүү гана өлчөмдөгү адамдар тизмеге киргизиле тургандыгы жөнүндө… Ошондо да, “ар бир “төртүнчүсү же бешинчиси” деп эмес — ​отузунчу-кыркынчысы деп, же тагыраагы — ​ушунча сандагы талапкерлерден бирден гана олигарх, бизнесмен кире алат дегендей чек коюлушу зарыл.

Калың эл массасынын бардык катмарларынын өкүлдөрү четте калбай, жапырт парламентке киришкенде гана, алардын ички маңызы артып, коомдогу көйгөйлүү маселелердин баарын камтып, өз учурунда чечүүгө болот. Ансыз азыркы “касапчыга мал кайгы, кара эчкиге жан кайгы” деген сымал абал өкүм сүрө берет. Парламенттеги олигарх-бизнесмендер өз кызыкчылыктарын коргоп гана тим болбой, кол тийбестик сыяктуу макамдарга умтулушканы, чоңураак кызматтарга жетип калышса, ыйгарым укуктары андан дагы артаары — ​жалпы коомчулук кызыкчылыктарына эч качан коркунуч туудурушу керек эмес. Алар деле коомчулуктун катардагы бир бөлүгү сыяктуу бирдей укуктарга жана мүмкүнчүлүктөргө ээ болушу шарт.

Болочок парламентти түзүүдө жалпы элдин талаптары жана көйгөйлүү маселелери эске алынып, эң алдыңкы орунда турушу зарыл. Ошондо гана ал нукура элдик парламент деген наамга татыктуу боло алат.

Ишенбек Муртазаев

Булак: «Жаңы Ордо»

Меню