Бүгүн, 20-июнда жаңы, 28-майда шайланган Жалал-Абад шаардык кеңешинин 8-чакырылышы өз ишин баштады. Кызыгы башкаруучу коалицияны 1-орунга чыккан “Өнүгүү” фракциясы эмес, 2-орундагы КСДП фракциясы түздү. Көпчүлүк коалицияга КСДП, “Республика”, “Кыргызстан” жана “Мекеним Кыргызстан” фракциялары биригип, Бакыт Төрөбаевдин “Өнүгүү” жана Камчыбек Ташиевдин “Ата Журт” фракциялары коалициянын сыртында калышты. Бул адилетсиздиктер келечектеги чыр-чатактардын пайдубалы болуп берери турган иш. Административдик ресурстарга таянган КСДП фракциясы Жалал-Абадда өз билемдикке салып, өткөн 2016-жылдын декабрында шайланган чакырылышты да иштетпей коюп, тарап кетүүгө аргасыз болушкан эле.
Бүгүнкү биринчи отурумда эле көпчүлүк коалициядагы КСДП фракциясынын өкүлдөрү менен азчылыкта калышкан “Өнүгүү” фракциясынын өкулдөрү шаардын келечек мэрин шайлоо боюнча тымызын тирешүү бар экенин көрсөтүштү. Шаардык кеңештеги конфликттик потенциал улам күчөй турганы айдан-ачык байкалып калды.
Видео: NEXT TV