Menu

ВИДЕО

Видео - Жанар Акаев: "Президенттин "сот системасын реформаладык" дегенин укса соттор өздөрү күлөт"

Депутат Жанар Акаев “super.kg” медиапорталынын түз эфиринде маек берип жатып, Президент Атамбаевди сындап өттү. Ал “Президенттин “сот системасын реформаладык” дегенин укса соттор өздөрү күлөт” деди.

Мындан сырткары ал Атамбаевдин оң жана терс саппаттарын санап берди.

https://www.youtube.com/watch?v=m5gO1I84tnE

Булак: “Super.kg

Видео - Жанар Акаев: "Президенттин "сот системасын реформаладык" дегенин укса соттор өздөрү күлөт"

Депутат Жанар Акаев “super.kg” медиапорталынын түз эфиринде маек берип жатып, Президент Атамбаевди сындап өттү. Ал “Президенттин “сот системасын реформаладык” дегенин укса соттор өздөрү күлөт” деди.

Мындан сырткары ал Атамбаевдин оң жана терс саппаттарын санап берди.

https://www.youtube.com/watch?v=m5gO1I84tnE

Булак: “Super.kg

Видео - Атамбаевдин канын ичип, нервин жегендер кимдер?

Кечээ, 11-июнда Алмаз Атамбаев Кыргызстанга иш сапары менен келген БУУнун Генкатчысы Антониу Гутеррештин көзүнчө өзүнүн саясый оппоненттерин эки жолу бокко теңеп кайталады. “Бок саясатчылар менен журналисттер 7 жылдан бери канымды ичип, нервимди жеп келатышат” деп арызданды.

Булак: Сентябрь

Видео - Өмүрбек Текебаевге карата тарыхта жок соттук чечим чыкты

Бүгүн, 12-июнда Бишкек шаардык сотунда айыпталуучу Дүйшөн Чотоновдун адвокаттарынын арызы боюнча Биринчи май райондук сотунун анын баш коргоо чарасы боюнча чечимине аппеляциясы каралмак.  Бирок, Генпрокуратура мыйзамда жок жосун жасап, Текебаевдин арызы жок эле анын баш коргоо чарасын күчүндө калтыруу боюнча Бишкек шаардык сотуна кайрылып, биринчи жолу мындай мыйзамсыз прецедент жасады.

Булак: Сентябрь

Видео - Бүгүн Садыр Жапаровдун соту кайра уланды

Бүгүн, 12-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда экс-депутат Садыр Жапаровдун үстүнөн бийлик козгогон кылмыш ишинин соттук териштирүүлөрү кайрадан башталды.

https://www.youtube.com/watch?v=aKGUWD11QNw&t=89s

Видео: NEXT TV 

 

Видео - Тажикстанда Эмомали Рахмондун китептери чоң суроо-талапка ээ болууда

Тажикстан президенти Эмомали Рахмондун калемине таандык китептер, ошондой эле өлкө башчынын өмүрү жана ишмердүүлүгү тууралуу чыгармалар Дүйшөмбүдөгү китеп дүкөндөрүндө эң көп сатылган китептердин сап башында турат.

Китеп сатуучулар акыркы жылдары мектеп китептерине суроо-талап күчөгөн август жана сентябрь айларынан башка учурларда мамлекет башчынын китептери көп сатыла турганын айтышууда.

Шаардын борборундагы китеп дүкөнүн иштеткен Абуали Умарзода күн сайын 10 чакты тарыхый китеп сатса, алардын жарымынан көбү президенттин калемине таандык экенин айтат.

Ал мамлекет башчынын китептерине суроо-талаптын жогору болушун өлкөдөгү жогорку окуу жайлардын көбүндө Улут көсөмүнүн китептеринин бурчтары түзүлүп жаткандыгы менен түшүндүрдү.

Тажикстанды 25 жылдан бери башкарып келаткан Эмомали Рахмон тажиктердин тарыхы жана тажик тили боюнча жалпысынан 20дан ашык китеп жазган. Президенттин эмгектери ири нускада жана мыкты сапатта басылып чыгат. Алардын эң кымбаты тажиктердин байыркы замандан XIX кылымдын аягына чейинки тарыхын камтыган «Тажиктер тарых күзгүсүндө» аттуу китеби эсептелет.

Эксперттердин пикиринде, аткаминерлер иш бөлмөлөрүнө президенттин китептерин коюшуп, эл алдына чыгып сүйлөгөндө Эмомали Рахмондун китептеринде жазылган сөздөрдү колдонушат. Саясий серепчи Хурсанд Хуррамов Тажикстандагыдай коомдордо кошоматчылык менен мактоолор мамкызматкерлердин кызматтан жогорулашына жардам бере турганын белгилейт. Айтымында, президенттин китептери менен сүрөттөрүн сактоо, сүйлөгөндө мамлекет башчынын сөздөрүн колдонуу авторитардык коомдорго мүнөздүү көрүнүш.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - Июнь коогалаңына кимдер күнөөлүү?

Текебаевге карата “Белизгейт”, “Маевскийгейт” операциясын уюштурган бийликтин арам ою ишке ашпай калган соң, 2010-жылдагы июнь коогалаңына Текебаевди ошондой эле бүтүндөй Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн күнөөлөп, мамлекеттик телеканкалдардан каралоо иштери жүрүп жатат.

Булак: “Сентябрь ТВ”

Видео - Бишкек - Ош жолунун Атамбаев доорундагы абалы

Бишкек-Ош автоунаа жолу 2016-2017-жылдары адам тургай техника чыдагыс абалга жетти. Стандартка ылайык каралбагандыктан талкаланып, жол аты эле калды. Айрыкча Төө-Ашуу – Суусамыр участогу бомбаланган жолдорго тете абалга жетти.

Видео: kenesh.kg

Өмүрбек Текебаев: “Атамбаевдин күбөлөрү жалганчылар! Ушакчылар! Эмне, ал Кыргызстанда аскердик хунта орноштурганы жатабы?”

Атамбаевдин күбөлөрү жалганчылар! Ушакчылар! Кичинекей сот залына автоматчан аскерлерди толтуруп коюп, иш жүзүндө бул аскердик жабык сот болуп жатат да! Эмне, ал биздин Кыргызстанда аскердик хунта орноштурганы жатабы?”, – деп билдирди абактагы “Ата-Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев 8-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда болуп өткөн процессте сүйлөп.

“Мен сот процесси ачык болуп, телевидение түз эфирде элге көрсөтүүсүн талап кылам… Убагы келет, Исмаил Исаков менен Феликс Куловго чыгарылган сот чечимдери кандай жокко чыккан болсо бизге чыккан сот чечимдери да ошондой эле жокко чыгат. Мен өзүмдүн күнөөм жок деп эсептейм. Мен ГКНБнын, Генпрокуратуранын, Атамбаевдин алдында өзүмдүн моралдык үстөмдүгүмдү сезип турам. Анткени мен өзүмдүн ак экениме ишенем. Атамбаев өзүнүн ак экенине ишенеби? Атамбаев бир ай мурун айтып жаткан: “Ар бир адам күбөлөрдүн айтканын көрсүн, уксун, Текебаевдин коррупционер экенин билсин” деп. Анда эмнеге менин үстүмөн өтчү сот иштерин жабык болсун деп жатасыңар? Анткени Атамбаевдин күбөлөрү жалганчылар! Анын күбөлөрү ушакчылар! Фактылары фальсификацияланган, бурмаланган иштер. Биз өзүбүздүн күбөлөрүбүз менен, документтер менен, видеоматериалдар менен анын баарын жокко чыгарабыз. Анан сиздер кантип сот процессин видеого тартууну жаап коюп жатасыздар? Кичинекей сот залына автоматчан аскерлерди толтуруп коюп, иш жүзүндө бул аскердик жабык сот болуп жатат да! Эмне, ал биздин Кыргызстанда аскердик хунта орноштурганы жатабы? Хунта дегенимдин да жөнү бар. Анткени Атамбаев менин “кой!” деп айтканыма карабай, Жарандык коом айтканына карабастан Генпрокуратуранын, Аскер күчтөрүнүн, Коргоо министрин, УКМКнын жетекчилерин жеке өзү дайындап, жеке өзү кызматтан ала тургандай кылып, Өкмөттөн бөлүп алды. Мына ошону менен ал депутаттарды да сындырып, Өкмөттү да сындырып, Сотту да сындырып, Күч органдары менен бирдикте өзүнүн жеке президенттик бийлигин орнотуп алды. Ошол ыкма менен азыр өзү алып келген марионетка президент менен күч органдарын, СМИлерди да коркутуп алды. Ошондуктан менин сотум ачык өтүш керек. Эл аралык уюмдар, биздин коомчулук, эл ачык көрсүн, тарыхта калсын. Нюрнберг сотун да документалдуу фильмдерден көрүп жатпайбызбы. Нюрнберг процессинде адамзаттын душмандарын соттогондо дагы видеого тартууга уруксат беришкен. Анткени жеңүүчүлөр өзүнүн моралдык чындыгына, үстөмдүгүнө ишенген. Ошол фашисттик лидерлердин күнөөлөрүн далилдеп, аларды атып салабызбы же өмүр бою камайбызбы ошого эл, адамзат ишенгендей болсун, ошол адамзатка сабак болсун деп туруп, Нюрнберг процессин видеокамера менен тартып алганы үчүн тарыхта турат азыр. Анан жана мен айткандай солдаттар менен бир караңгы жерге жашынып алып, чечим чыгарып, басып кетебиз десеңер туура болбой калат. Ошондуктан жок дегенде бир оператор таап, процессти тарых үчүн, кийинки сот процесстерине сабак болсун үчүн видеого тартып коюш керек”, – деди Текебаев.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Видео: Сентябрь

Видео - Адахан Мадумаров: "Бүгүн деле айтам, таза шайлоо өтпөйт"

Саясатчы, “Бүтүн Кыргызтан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров super.kg медиапорталынын түз эфиринде конокто болуп, жарандарды кызыктырган суроолорго жооп берди.

https://www.youtube.com/watch?v=mDLA-GatnMM&feature=push-u&attr_tag=w3GxbseQmhZzsAvS-6

Меню