Menu

ВИДЕО

Видео - Мэр Албек Ибраимов шефи Алмаз Атамбаев Кытайдын министиринен кантип кагуу жегенин айтып, абийирин төктү

Алмаз Атамбаев Бишкектин жолдорун оңдоо үчүн Кытайдан 1 млрд юандык гранттык каражатты 3 жыл сурагандыгын шаардын мэри Албек Ибраимов шаардык кеңештин кечээги, 8-июндагы 5-сессиясында айтып чыкты.

“Кытайдын министри президентке (Атамбаевге-ред.) “Кытайда адамдар кыргызстандыктардан начар жашап жатканда каражат сурагандан кантип уялбайсыңар? Силердин жарандардын ар бириси терезелери караңгылатылган “Мерседес” минип, үчтөн айфон көтөрүп жүрөт”  деп айтканына мен өзүм күбө болгом”, – деп “балп” эткен сессияда Албек Ибраимов.

Албек Ибраимовдун Бишкек шаардык кеңештин сессиясында айткан бул сөздөрүн кечээ алгач Кыргызстандагы бийлик камчысын чапкан ири сайт жарыялап, кийин өчүрүп салды же өчүртүп салышты.

Булак: “Сентябрь”

Видео - Жамгырда калган МАИ кызматкери сыркоолоп калса, анын үй бүлөсүн Улан Исраилов багабы?

Жамгырда шөмтүрөтпөй МАИ кызматкерлерине плащ берип койбойсуңарбы. Коңшу өлкөлөрдүн баарында МАИ кызматкерлери жамгыр жааганда атайын суу өтпөгөн плащтар менен көчөдө турушат. Ден сак улут, дени сак коом деп бекеринен айтылбаса керек. Кыргыз эли үчүн кызмат кылып жаткан укук коргоо орган кызматкерлеринин дени сак болсо анан коомдук тартип да жакшы сакталат эмеспи. Кечээ мурдагы күнү катуу шамалда жааган жамгырда МАИ кызматкерлеринин бири Ахунбаев-Карл Маркс көчөлөрүнүн кесилишинде жол кыймылын көзөмөлдөп, машинелерди тыгындан чыгарып турду. Шодокондун бүркүтүндөй болуп, жеңи жок жука көйнөкчөн. Өпкөсүнөн суу өтүп эртең ооруканага жатып калса анын үй-бүлөсүн ким багат? Улан Исраиловбу?! Мына ушундай элементарный маселелерди чече албаган жетекчини кантип айга-күнгө теңеп мактайбыз да, кантип килейген ИИМге реформа кылат деп ишенип отурабыз? Кыскасын айтканда уят!

Булак: “Ачык саясат”

Видео: “super.kg”

Видео - Иса Өмүркулов Ата Мекендин КСДПдагы агентиби?

Мамлекеттин башкы каналы КТРКда “кылымдын соту” аталып жаткан Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун соту тууралуу сюжет 5-июнь күнү көрсөтүлгөн. Ата Мекенчилердин жана сот процессине барган жарандардын нааразычылыгын жараткан сюжетте Текебаевдин тарапташтары КТРдин журналистине кол салды деп айтылган.

Мындан сырткары дагы алар берген маалыматта Президент Атамбаев, КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов жана Убактылуу Өкмөттүн бардык мүчөлөрү КТРК журналистинин бекемдөөсү менен “Ата Мекендин” мүчөлөрү болуп чыккан.

Булак: “September TV

Видео - Тегерандагы кол салуулар үчүн «Ислам мамлекети» жоопкерчилик алды

Тегерандагы теракттар үчүн «Ислам мамлекети» тобу жоопкерчилик алды. Кечээ аятолла Хомейнинин мавзолеянин алдындагы жана парламенттеги кол салуудан 12 киши өлүп (анын ичинде төртөөсү кылмышкерлер), 42 адам жаракат алган.

Ирандын ички иштер министринин орун басары Хосейн Зольфахаринин айтымында, парламентке көчө тараптан куралдуу төрт адам кирип барып, күзөтчүлөргө карата ок чыгарышкан. Жыйынтыгында күзөтчүлөрдүн бирөөсү каза болуп, экинчиси «жанкечти курун» тагынган террорчулардын бирин атып өлтүргөн. Калган үч кылмышкер имараттын жогорку кабаттарынан атайын кызмат өкүлдөрү тарабынан жок кылынган.

Хомейнинин күмбөзүндөгү кол салууда террорчулардын бири өзүн жардырып, бир нече киши жарадар болгон. Кол салгандардын дагы бирөөсүн коопсуздук органдары атып өлтүрүшсө, экөөсү колго түшүрүлгөн.

2015-жылы буга окшогон кош теракт Тунистин борборунда болгон. Аскер кийимчен белгисиз адамдар өлкө парламентинин жыйындар залына кирип барып Калашников автоматтары менен ок чыгарышкан. Кийин жакын жайгашкан Бордо музейине качып барып, 30га жакын адамды барымтага алышкан. Анда кол салуу үчүн ИМ тобу жоопкерчилик алган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - Тажикстанда ИИМдин мурдагы башчысы Рахмондон мунапыс жарыялоону өтүндү

Тажикстан ИИМинин мурдагы башчысы Якуб Салимов президент Эмомали Рахмондон жарандык согушка чекит койгон Тынчтык жана улуттук ынтымак келишиминин 20 жылдыгынын урматына мунапыс жарыялоону өтүндү.

Салимов президентти тынчтыкты сүйгөн саясатчы катары сыпаттап, мунапыс жарыялоону сунуштаган билдирүүсүн 6-июнда Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.

Якуб Салимов мекенге чыккынчылык кылуу, бандитизм жана кызмат абалынын кыянат пайдаланууга айыпталып, 13 жыл темир тор артында отурган. Ал 2016-жылы июнда эркиндикке чыккан. Салимов өлкөнүн азыркы жетекчилеринин бийликке келишине чоң салым кошкон “Элдик фронттун” негизги фигураларынын бири болгон.

Ал саясий оюндардын курмандыгы болуп калганын билдирет. Салимов кайрылуусунда абакта күнөөсүз жаткан кишилер аз эмес экенин баса белгилеген.

“СССР” басылмасынын башкы редактору Сайёфи Мизробдун пикиринде, Якуб Салимов “Элдик фронттогу” мурдагы жолдошторунун эркиндикке чыгышын каалайт. Анын билдиришинче, жарандык согуштан кийин мунапыстарга карабай, Элдик фронттун” мурдагы мүчөлөрү узак мөөнөткө соттолушкан.

https://www.youtube.com/watch?v=nYeD6XExDHA&feature=youtu.be

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - Мухтар Аблязов сыртынан 20 жылга соттолду

Алматы соту мурдагы банкир жана оппозициячыл саясатчы Мухтар Аблязовду 20 жылга соттоду.

Мухтар Аблязов БТА Банктын каражаттарын уурдоо жана мыйзамсыз пайдалануу, кылмыштуу топту түзүү боюнча күнөөлүү деп табылды.

Башкармалыктын мурдагы төрагасы Садуакас Мамеш менен мурдагы орун басары Жаксылык Жаримбетов Аблязовдун шериктери катары арам акчанын адалдоого айыпталып, беш жылга эркинен ажыратылышты. Насыя берүү бөлүмүнүн мурдагы директору Кайрат Садыков өзгөчө режимдеги колонияга 15 жылга кесилди.

Соттолуучулар БТА Банктын пайдасына 10 миллиард доллар төлөп берүүгө милдеттендирилди.

Чет өлкөдө бозгунда жүргөн Мухтар Аблязов мурда айыптоолорду четке каккан. Ал казак сотунун чечимин тааныбай турганын билдирген. Аблязов Казакстан бийлиги андан ошол кезде эң көп активдерге ээ БТА Банкты тартып алды деп эсептейт.

БТА Банктын иши боюнча сот отурумунан видео:

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - Астанада EXPO-2017нин алдында турак-жайдын ижара акысы жогорулоодо

Астанада EXPO-2017 көргөзмөсүнүн ачылышына бир жумадан аз убакыт калганда шаардагы турак-жайдын ижара акысы кыйла жогорулап кетти. Ижара берүүчүлөр болсо «кардарлар баары бир алат» деп эсептешүүдө.

Астанада эл аралык EXPO-2017 көргөзмөсүнө карата жалпысынан 1300 батирлүү алты жана сегиз кабаттуу 42 үй курулган. Көргөзмө башталганда аларга дүйнөнүн 20 өлкөсүнөн келген туристтер кирип жашайт деп болжолдонууда. Бирок учурда иш-чарага келген чет өлкөлүктөр хостелдерге да жайгашып жатышат.

Шаардагы хостел ээлери турак-жайга болгон ижара акысынын жогорулашы болжолдонгон эле көрүнүш экенин билдиришүүдө. Айтымдарында, эгер буга чейин хостелдеги бир орун 3 900 теңге (12 доллардын айланасында) болсо, азыр алар 6 000 теңгеге чейин (19 доллардын айланасы) көтөрүлдү.

Астаналык риелторлор шаарда турак-жай ижарасы болжол менен бир жарым эсеге жогорулаганын, ал эми көргөзмө башталганда эки эсеге өсүшү мүмкүндүгүн айтышууда. «Эгер мурда сол жээктен бир бөлмөлүү батирди 130 миң теңгеге (400 доллардан ашык) ижарага алып келсек, учурда 150-170 миң теңгеге (500 доллардан ашык) алабыз. Ал эми эки бөлмөлү батирди 200-250 миңге теңгеге (800 доллардын тегереги) алып келген болсок, азыр 300-350 миң теңгеге (1100 доллардан ашык) ала алабыз», – деди Малика Тайшытаева аттуу риелтор.

Казак ММКлары Астана акимине шилтеме кылуу менен атайын көргөзмө үчүн деп курулган батирлерди кошкондо иш-чара башталганга чейин Астанада жалпысынан 35 миң адам сыярлык бир канча турак-жай пайдаланууга берилерин билдиришүүдө. Көргөзмөнүн уюштуруучулары 10-июндан 10-сентябрга чейин улана турган иш-чарага беш миллионго жакын турист келе деп болдолдошууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - Тиллерсон араб өлкөлөрүн пикир келишпестиктерди жоюуга чакырды

АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон Катар менен дипломатиялык мамилелерин токтоткон Перс булуңундагы өлкөлөрдү биримдикке чакырып, алардын мындай чечими «күтүүсүз» болгонун белгиледи.

Мамкатчы тараптар сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, ортодогу пикир келишпестиктерди жоюушу керек деп эсептейт. Андан сырткары ал зарыл болсо көйгөйдү чечүүгө жардам берүүгө дагы даяр экенин айтты.

Күн мурун Бахрейн, Египет, Сауд Арабиясы жана Бириккен Араб Эмирлиги Катар менен дипломатиялык мамилелерин токтотконун билдиришкен. Кийинчерээк ал чечимге Йемендин расмий бийлиги жана Ливия менен Мальдивдин эл аралык коомчулук тарабынан таанылган убактылуу өкмөттөрү да кошулушкан.

Аталган өлкөлөр Катар «Ислам мамлекети» жана «Аль-Каида» террордук уюмдарын колдоп жатканын жана мындан улам аны менен болгон бардык байланыштарын токтото тургандыктарын айтышкан. Йеменде шииттик хуситтерге каршы согушуп жаткан эл аралык коалициянын башында турган Сауд Арабиясы мындан ары Катардын аскерлери бул согуштук операцияларга катышпай турганын билдирди.

Катардын бийлиги дипломатиялык мамилелерди токтотуу чечимин «далилсиз айыптоолорго» негизделген деп эсептөөдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - 10 жаштагы кызды зордуктоого шектелген адамдын иши сотко өттү

Сокулук районунда 10 жаштагы кызды зордуктоого аракеттенген 33 жаштагы адамдын иши сотко өттү.

Чүй облустук ИИБсинин маалыматына караганда, шектүү ушул жылдын апрелинде 10 жаштагы кызды зордуктоо аракети маалында кармалган – зордуктоого шектелип кармалган кишини жергиликтүү тургундар өзүлөрү кармап, милиция чакырышкан.

Окуя быйыл 3-апрелде күндүз Чүй облусунун Сокулук районуна караган Ак-Ордо-3 жаңы конушунда болгон. Туура эки ай мурда тартылган бир нече адам эки колу байланып отурган кишини ылайга оонатып сабап жаткан видео 4-июнда интернетте тарап, катуу талкууга түшкөндөн кийин ачыкка чыкты.

Жергиликтүү тургун Урмат Мамытбеков милиция келгенге чейин тегеректеги эл топтолуп, кармалган адамга ачуу менен кол көтөргөндөр болгонун айтты. «Дагы жакшы кыздын атасы милиция келгенден кийин келип калды. Болбосо сабап, өлтүрүп салмак. Милиция деле жарым саатка жетпей келип, кармалган адамды алып кетти», – деди ал.

Чүй облусунун Сокулук райондук ИИБси Кылмыш кодексинин 28-129-беренеси боюнча (Зордуктоо аракети) кылмыш ишин козгоду. Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Нурбек Токтосунов иш 2-июнда сотко өткөрүлгөнүн билдирди. Тергөө маалында 33 жаштагы Жалал-Абад облусунун тургуну мас абалда секелекти зордуктоону көздөгөнү аныкталган.

https://www.youtube.com/watch?v=kJpgkMg3ZuI&feature=youtu.be

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - Тажикстанда жыл башынан бери табият кырсыгынан 27 киши каза болгон

Тажикстанда жыл башынан бери жаратылыш кырсыктарынан улам 27 киши каза болгон. Бул тууралу 5-июнда өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар жана жарандык коргонуу комитетинен билдиришти.

Мекеменин басма сөз катчысы Умед Юсупов билдиргендей, былтыркы жылы өлкөдө 55 табият кырсыгы катталып, андан 20 жаран мерт болгон.

Анын айтымында, быйыл баарынан да Дүйшөмбү-Худжанд унаа жолундагы кар көчкүсүнөн көп адам өлгөн. Өлкөдө январь айында эле 250 кар көчкүсү түшкөнү кабарланган.

Дүйшөмбү-Чанак унаа жолун тейлеген IRS компаниясынын басма сөз катчысы Даллери Абдулло табият кырсыктары бүгүнкү күндө да болуп жатканын билдирди. Айтымында, 4-июнда жолдун 51-чакырымында күтүүсүздөр сел жүрүп, 300 унаа суу туткунунда калган.

Тажикстандын Лахш районунда 28-майда болгон селден видео:

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Меню