Menu

ВИДЕО

Видео - "Кыргызстан" фракциясынын депутатынын балдарга жасаган коркунучтуу белеги

https://www.facebook.com/kloop.kg/videos/10154592068564639/

Ушундай кооптуу балдар аянтчасын “Кыргызстан” фракциясан,  Каракол шаардык кеңешинин депутаты Улан Сапаров балдарга белек кылыптыр. Социалдык тармактарда балдарга коркунуч келтирүүчү аянтча туралуу талкууларда партиянын өкүлү бул абал жөнүндө билдирүү жасады.

“Аянтча 2016 жылы күзүндө курулуп баштаган. Күтүүсүздөн суук келип калып, жумушчулар куруу иштерин бүтүрө албай  калышкан. Бул жуманын аягында балдар аянтчасын оңдоо иштери башталат” – деп билдирди ал.

Ал эми берилген маалымат канчалык денгээлде чындыкка туура келет белгисиз. Бардыгына белгилүү, шайлоо учурунда депутаттар эбегейсиз убадаларды беришет, а бирок алардын көпчүлүгү  аткарылбай, же жогоруда көрсөтүлгөн балдар аянтчасындай чала жасалып калат

Булак: Kyrgyztoday.kg

Видео - Сентябрь КТРКда чыккан сюжетти төгүндөөнү талап кылды

“Коомдук каналдын эфирине чыккан “Кызыкчылыктар кагылышы” аттуу сюжеттеги маалыматтар чындыкка дал келбейт. А. Абековго тиешелүү каражаттар “Сентябрь” каналында болгон эмес жана белекке берсе дагы албайбыз”. Мындай пикирди маалымат жыйынында “Сентябрь” телеканалынын топ менеджерлери билдиришти.

Булак: “Сентябрь”

Видео - Байсалов «бомбочкаларды» эми жардырат

“Балээнин баарын Алмазбек Атамбаев өзү баштады, Башкы прокурорду чакырып, Түркияда акциям бар болчу деп жарыялабаганда жабылуу аяк жабылуу бойдон калып, кыргыз эли Президент мурда эле мультимиллионер болчу деп ойлоп жүрө бермек”. Эсептен жаңылгандан кийин, Эдил Байсалов Президент элин алдады деп айыптады. Алмазбек Атамбаевдин артынан тушкөнү да ошондон.

Булак: “Сентябрь”

Видео - Равшан Жээнбеков: Эгер экономиканы өнүктүрөбүз десек саясий реформаларды жасоого туура келет

Бүгүн, 27-апрелде “Ак кеме” мейманканасында “Экономика: сандар жана чындык” деген аталышта тегерек стол өттү.

Ал тегерек столго катышкан экс-депутат Равшан Жээнбеков, 20 жылдан бери саясатта жүргөн адам катары “эгер экономиканы өнүктүрөбүз десек саясий реформаларды жасоого туура келет” деген пикирин билдирди.

Видео - Лавров Орусиянын талиптерге курал-жарак жеткиргенин четке какты

Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров Вашингтондун Москва талиптерге курал-жарак жеткирүүдө деген билдирүүсүн негизсиз деп атады.

РИА Новости билдиргендей, Орусиянын ТИМ башчысы Ооганстандагы америкалык күчтөрдүн командири, генерал Жон Николсондун айткандарын ырастай турган бир дагы факты жок экенин билдирди.

Буга чейин Кабулдагы маалымат жыйынында Николсон талиптер орустардан курал алып жатканы тууралуу билдирүүлөр түшүп жатканын айткан.

The Washington Post гезитинин маалыматы боюнча Москва ИМ террордук тобуна каршы колдонулат деген жүйө менен талиптерге курал-жарак, анын ичинде оор пулеметторду жеткирүүнү көбөйткөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - "Сентябрь" телеканалын жабуу аракети башталды

“Белизгейт”, “Маевскийгейт” сыяктуу операцияларда негизги ролду ойноп берген Коомдук телеканал каралоо менен жалган жабууну жаңы дем менен баштагандай. 23-апрелде “прайм-тайм” же эң кымбат деп саналган кечки эфирдик убакыттын 19 мүнөтү Текебаевди каралоого арналды.

Атайын түрмөгө барып 25 жыл эркинен ажыратылган Алмаз Абековдон кенен маек алган КТРК журналисттери акыры “Сентябрь” телеканалынын техникалары менкики болчу деп айттырышты.

Булак: “Сентябрь”

Видео - Камчыбек Жолдошбаев: Кыргыз спортчулары утуп алган 70тей медалдардын 40тан ашууну “Беш-Сары” спорт клубунун жигит-кыздарына тиешелүү

Өлкөдөгү спорттун өнүгүшүнө Жогорку Кенештин депутаты, «Беш-Сары» спорт клубунун негиздөөчүсү Камчыбек Джолдошбаевдин салымы чоң десек жаңылышпайбыз. Джолдошбаев спортчуларга заманбап шарт түзүү менен бирге, аларга ар тараптуу колдоо көрсөтүп келет. Депутаттын максаты – кыргыз спортчуларын дүйнөлүк аренага алып чыгып, Кыргызстандын желегин желбиретүү болуп саналат.

«Бизде 300 дөн ашык бала күнүгө машыгат. Биз аларды бардык керек болгон каражаттар менен, кийим менен камсыздайбыз. Жакшы жетишкендиктерге жетиш үчүн мыкты тренерлер менен иштешебиз. Спортчуларыбыз дүйнөлүк чемпионаттарда ийгиликке жетип кыргыздын туусун бийик желбиретсе мен үчүн абдан чоң сыймык» – деп айтты Жолдошбаев.

Депутаттын айтуусу боюнча, «Беш-Сары» спорттук клубунун түптөлгөнүнө 20 жылдын жүзү болду.

«Учурда ал Федерация болуп, анда спортчулар спорттун 7 түрү менен машыгышат. 20 жыл мурун волейбол командасынан башталган, ошондо дагы жыйынтыктарга жеткенбиз, Кыргызстандын 10 жолу чемпиону болуп, дүйнөлүк чемпионаттарга катышып жакшы жеңиштерге жетип келгенбиз. Бүгүнкү күндө 4 спорттук зал бар. Менин оюум боюнча, балдар жакшы машыкса, көптөгөн дүйнөлүк жеңиштерге жетет. Акыркы жылдары биздин балдар ар түрдүү чемпионаттарга катышып чемпион болуп келүүдө» – дейт эл өкүлү.

Ошентип, Камчыбек мырзанын Кыргызстанды дүйнөгө таанытууда эмгеги чоң. Бүгүнкү күндө Жолдошбаев түптөгөн “Беш-Сары” спорт комплексинин спортсмендери дүйнөлүк чемпионаттарда жеңишке жетишип, алтын медаль тагынышып, Кыргызстандын туусун бийик көтөрүшүүдө. Алсак, 2015-жылы кыргыз спортчулары утуп алган 70тей медалдардын 40тан ашууну “Беш-Сары” спорт клубунун жигит-кыздарына тиешелүү. Бул көрүнүш кыргыз жаштарын спортко шыктандырып, кыргыз желегин дүйнөгө желбиретпестен, өзгөчө улут саламаттыгын чындоодо да эбегейсиз стимул десек жарашат.

Ал Камчыбек Жолдошбаев өзү да спортс­мен катары бир топ жогорку даражадагы спортсмендерди тарбиялаган. Он жылдан ашуун Кыргыз Республикасынын Волей­бол федерациясын жетектеп, кыздар жана эркектер командасына жогорку класстагы волейболчуларды даярдаган. Бүгүнкү күндө ал Кыргыз Республикасынын волейбол федерациясынын ардактуу президенти. Дене тарбия жана спорт академиясынын ардактуу профессору, Эл аралык дүйнөлүк бел боо күрөшү федерациясынын ви­це-президенти.

https://www.youtube.com/watch?v=1GANZlB84aw

Булак: Kyrgyztoday.kg 

Видео - Эдил Байсалов: "Атамбаевдин айткандары дагы калп чыкты, ал 2003-жылы январда 35 миллионго саттым деген ишкана 2003-жылы февраль айында гана ачылган экен"

“Алмаз Атамбаевдин быйыл, 12-апрелде жарыя кылган: “Түркиянын Измир шаарындагы “ELEKTROMED ELEKTRONİK SANAYİ VE SAĞLIK HİZMETLERİ A.Ş” ишканасына мен алгачкы капитал катары 45 млрд түрк лирасын салгам, ал ишкананын 90%ы мага таандык болучу,  ал ишканамдагы акциямды 2003-жылдын 31-январында 35 млн долларга саткам деген маалыматы толук жалган экендиги аныкталды”, – деп билдирди бүгүн, 25-апрелде коомдук ишмер Эдил Байсалов Түркияга болгон сапары боюнча маалымат жыйынын өткөрүп.

“Түркияда билим алып жүргөн бир канча студент менен биригип, Измирдеги (филиал) ELEKTROMED ишканасынын тарыхын архивдик материалдардан изилдеп көрдүк. Түркияда фирмалардагы жаңы дайындоо, акциялардын сатылышы, башкаруу курамынын өзгөрүшү жана башка бизнес маалыматтар атайын бир мамлекеттик гезитке жарыяланып турат. Ал гезит “TÜRKİYE TİCARET SİCİLİ GAZETESİ” (Маалыматтык бюллетень) деп аталат. Азыркы кезде ал гезиттин электрондук варианты дагы бар, каалаган адам катталып, ал жердеги каалаган фирма тууралуу баардык маалыматтарды ачык ала алат. Бирок гезиттин PDF үлгүсүндөгү версиясы 2004-жылдан тарта чыккан гезиттердики гана бар. Ошондуктан Атамбаев айтып жаткан Измирдеги ELEKTROMED ишканасы тууралуу маалымат 2003-жылдын 12-февралда жарыяланган экен. Ал материалды биздин кыргыз студент Измирдеги мамлекеттик мекеменин архивинен барып алып чыкты”, – деди Байсалов.

“Ал документте Анкара шаарында 103972 номурлуу ишкананын (ELEKTROMED ELEKTRONİK SANAYİ VE SAĞLIK HİZMETLERİ A.Ş) ээлери Измир шаарына дагы ишкананын филиалын ачуу боюнча чечим кабыл алышкан. Жыйынга Ахмет Кая, Али Фатих Шахин жана Мехмет Шахин болуп ишкер шериктештер катышышкан. Жыйындын жүрүшүндө үч чечим кабыл алынган:  Биринч, Измир шаарында “ELEKTROMED ELEKTRONİK SANAYİ VE SAĞLIK HİZMETLERİ A.Ş – Измир филиалын” ачуу.  Экинчи, Измирдеги ELEKTROMED ишканасынын филиалынын директору кылып 1 жылдык мөөнөткө Хусейин Ташан деген адамды дайындоо. Үчүнчү, Измирдеги ELEKTROMED ишканасынын филиалынын капиталын 1.000.000.000 (1 миллиард лир) кылып бекитүү. Биз бул документтен көрсөк болот ELEKTROMED ELEKTRONİK SANAYİ VE SAĞLIK HİZMETLERİ A.Ş ишканасынын Измирдеги филиалы 2003-жылдын 2-февралында гана Каялар жана Шахиндердин үй-бүлөсү тарабынан ачылгандыгын. Эгерде ишкана (филиал) 2003-жылдын февраль айында ачылып жатса, Атамбаев ал ишкананы ачыла элегинде – январь айында сатып жибериши таптакыр мүмкүн эмес!”, – деди Эдил Байсалов.

Видео: Клооп.kg

Видео - Казакстандын жети облусун суу каптап, алты киши өлдү

Кардын эриши жана дарыялардагы суунун деңгээлинин жогорулашынан улам Казакстандын Актөбө, Караганда, Павлодар, Түндүк-Казакстан, Чыгыш-Казакстан, Костанай жана Акмоло облустарында жалпысынан 52 айылды суу каптады. Суу борборго жакындап, Астана суу сактагычындагы суунун деңгээли азайтылып жатат.

Маалыматтарга караганда, суу республикалык жана жергиликтүү маанидеги 120 унаа жолду жууп кетти. Бүгүнкү күнгө карата андагы багыттардын жарымын гана калыбына келтирүүгө мүмкүн болду.

Баарынан да Акмоло облусундагы Атбасар шаарында абал оор экени кабарланууда. Анда өткөн жылы курулган дамба бузулуп, 269 үйдү жана жакында эле оңдоодон өткөн мектепти суу каптаган. Дагы 130 үйгө суу келүү коркунучу бар. Буга байланыштуу шаардан 1300 киши эвакуацияланды.

Ташкын суу Астананын чек жактарына да жакын келгени айтылууда. Борборду суудан сактоо үчүн Астана суу сактагычындагы суу агызылып, ал шаардын тегерегиндеги айылдарга каптап жатат. Андан сырткары сел суунун деңгээлин теңдеп, агымдарын бөлүштүрүп турган борбордук контррегулятордун ишине да коркунуч жаратууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - Казакстандын жети облусун суу каптап, алты киши өлдү

Кардын эриши жана дарыялардагы суунун деңгээлинин жогорулашынан улам Казакстандын Актөбө, Караганда, Павлодар, Түндүк-Казакстан, Чыгыш-Казакстан, Костанай жана Акмоло облустарында жалпысынан 52 айылды суу каптады. Суу борборго жакындап, Астана суу сактагычындагы суунун деңгээли азайтылып жатат.

Маалыматтарга караганда, суу республикалык жана жергиликтүү маанидеги 120 унаа жолду жууп кетти. Бүгүнкү күнгө карата андагы багыттардын жарымын гана калыбына келтирүүгө мүмкүн болду.

Баарынан да Акмоло облусундагы Атбасар шаарында абал оор экени кабарланууда. Анда өткөн жылы курулган дамба бузулуп, 269 үйдү жана жакында эле оңдоодон өткөн мектепти суу каптаган. Дагы 130 үйгө суу келүү коркунучу бар. Буга байланыштуу шаардан 1300 киши эвакуацияланды.

Ташкын суу Астананын чек жактарына да жакын келгени айтылууда. Борборду суудан сактоо үчүн Астана суу сактагычындагы суу агызылып, ал шаардын тегерегиндеги айылдарга каптап жатат. Андан сырткары сел суунун деңгээлин теңдеп, агымдарын бөлүштүрүп турган борбордук контррегулятордун ишине да коркунуч жаратууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню