Ооганстандын белгилүү аскер башчыларынын бири Гүлбеддин Хекматияр өкмөт менен түзүлгөн тынчтык келишимден бир нече ай өткөн соң, 4-майда Кабулга кайтып келди. Өлкө жетекчилиги аны президенттик сарайда кабыл алышып, чоң салтанат өткөрүштү.
Салтанатта Хекматияр талиптерди өкмөттүк аскерлер менен каршылашууну токтотууга чакырды. Ал талиптер менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн өткөрүүдө ортомчу болууга даяр экенин билдирди. Иш-чарада сөз сүйлөгөн президент Гани Хекматиярдын кайтып келиши менен өлкө тынчтыкка карай чоң кадам таштаганын айтты.
“Кабулдун касапчысы” ысымы менен белгилүү мурдагы премьер-министр Хекматияр Нангархар провинциясынан Ооганстандын борборуна куралдуу унаа кербендин коштоосу менен келди. Кербендин коопсуздугун камсыздоо үчүн куралдуу күчтөр тартылган.
Хекматиярдын «Хизб-и-Ислами» тобу 1979-жылы советтик аскерлерге каршы күрөшүү үчүн түзүлгөн. Ал сентябрда Ооганстандын президенти Ашраф Ганинин өкмөтү менен тынчтык келишимине кол койгон. Бул келишимге өлкөнүн көптөгөн жарандары жана батыш укук коргоочулары нааразы болушкан.
Акыркы 20 жыл куугунтукта жашаган Хекматияр 1990-жылдардагы жарандык согушта өзгөчө мыкаачылык менен жасалган кылмыштар үчүн айыпталып келген.
https://www.youtube.com/watch?v=gYXAnWD9Ep0&feature=youtu.be
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”