Menu

ВИДЕО

Видео - Таза коом долбоору менен Аскар Акаевдин китеби окшошпу?

Бюджетинин дефицити жылдан-жылга чоңоюп, тышкы карызы чектен өтүп кеткен Кыргызстандын жакынкы 2-3 жылдык келечегине эмес 2033, 2040-жылдарга чейинки өнүгүү стратегиялары жарык көрө баштады. Кызыгы 2033-жылга чейинки стратегияны кеткен Президент Аскар Акаев кызы менен биргеликте китеп кылып жазса, 2040-жылга чейинки стратегияны кетээр Президент Атамбаев демилгеледи.

Булак: “Сентябрь”

Видео - Этникалык түркмөндөр Ооганстан уездин «Талибандан» бошотууга катышты

Ооганстандын түндүгүндөгү этникалык түркмөндөр жергиликтүү куралдуу топтор жана өкмөттүк күчтөрдүн курамында Кала-и-Зал районун «Талибан» кыймылынын жоочуларынан бошотууга катышты.

Кундуз провинциясында жайгашкан районду талиптер он күн мурда басып алышкан. «Арбаки» деп аталган жергиликтүү топтун командири Мухаммет Небинин билдиришинче, өкмөттүк күчтөрдүн уездге чабуулу 16-майда башталган.

«Кала-и-Залда талиптер көптөгөн бейкүнөө адамдарды өлтүрүштү. Адамдар кырылууда. Жаштар алардын курмандыгы болуп жатышат. Курал алып жүргөндөрдү кармап алышса, алардын бутун, тилин кесип, кыйнап өлтүрүшүүдө. Үйлөрдү тоноп, көпүрөлөрдү, мектептерди кыйратып жатышат», – деди Мухаммет Неби.

Ал ооган армиясына каршы күрөш жүргүзүп жаткан топтордун курамында чет өлкөлүк жарандардын да бар экенин билдирди. Айтымында, алардын арасында өзбекстандыктар, тажикстандыктар, чечендер жана казактар бар.

Жергиликтүү полиция башкармалыгынын маалыматына караганда, Тажикстан чек арасына жакын жайгашкан Кундуз провинциясындагы Кала-и-Зал уезди согушкерлерден үч сааттык кагылышуулардан кийин бошотулуп, Кабулдун көзөмөлүнө өттү. Уездди талиптер 6-майда тартып алышкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - Ат үстүндө, улакты колуна кармаган адам көп кабаттуу үйдүн үчүнчү кабатына чыкты

Бул видеону социалдык тармактардын колдонуучулары тараткан. Кайсы убакытта жана кайсыл жерде болуп турганы так билинбегени менен анын Кыргызстанда тартылганын видеодон байкоого болот. Анда кыргыз жигити өз атын минип, колуна улакты кармап, көп кабаттуу үйдүн үчүнчү кабатына чейин чыгат. Ал чыкканы аз келгенсип, аттан түшпөй квартирага кирүү аракетин да жасаганы көрүнүп турат.

https://youtu.be/fJpd2-I_E6w

Видео: “Chagylgan KG

Видео - Самаркандда кайрадан эшектер уурдалууда

Өзбекстандын Самарканд облусунун тургундары эшектери уурдалып жатканына даттанып, мындан улам алардын айрымдары колбаса жебей калганын айтышууда.

Жергиликтүү жашоочулардын билдиришинче, акыркы он күндүн ичинде облустун Пайарык районунда кеминде эки эшек жоголгон. Кийинчерээк уурулар эшектерди союп, терисин алып кеткени белгилүү болгон. «Эшектин териси кымбат деп жүрүшөт. Мага бир эшектин териси 100 долларга сатылат деп айтышкан», – деди райондун жашоочуларынын бири.

Райондо эшектер уурдалып жаткандыгы жөнүндөгү кептерден улам жергиликтүүлөр колбаса сатып албай бушайман болушууда. «Биздин мааледе жашагандар эшектин этинен жасалган болушу мүмкүн деп колбаса сатып албай калышты. Биз да кооптонуп жатабыз», – деди жергиликтүү тургундардын бири.

Пайарык РИИБсинен эшеги жоголгону боюнча жергиликтүү тургундардан эч ким даттанбаганын билдиришти.

2016-жылдын 15-декабрында Самаркандда эшек бизнеси менен алектенген адамдардын тобу соттолгон. Анда топтун ар бир мүчөсүнө эң төмөнкү маянадан беш эсеге көп суммадагы айып салынган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - Өзбекстан менен Кытай 23 млрд долларлык келишимге кол коюшту

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин Кытайга жасаган сапары учурунда 23 миллиард долларга тете 105 документке кол коюлду.

Жергиликтүү ММКлардын кабарлашынча, энергетика, мунайды кайра иштетүү, электростанцияларды модернизациялоо, айыл чарба жана транспорт тармагы боюнча документтерге кол коюлду.

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев Кытайга 13-майда кеткен. Ушул тапта ал Пекиндеги “Бир алкак –бир жол” аттуу эл аралык форумга катышууда.

Кытай учурда Өзбекстандын эң ири өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат. 2016-жылы эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүү 4,2 миллиард долларды түзгөн. Шавкат Мирзиёев Пекиндеги сапарынын жыйынтыгында 2017-жылы өзбек-кытай ортосундагы товар жүгүртүү 5 миллиард долларга жетерин белгиледи.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - Түркмөнстанда мурдагы башкы прокурор камакка алынды

Түркмөнстанда экс-башкы прокурор Аманмырат Халлыев жана прокуратура, ички иштер органдарынын мурдагы элүү кызматкери камакка алынды.

Президент Гурбангулы Бердымухамедов Коопсуздук кеңешинин 4-майдагы жыйынында Халлыевди жемкорлукка каршы күрөш жүргүзбөй жатат деп айыптаган. «Азаттыктын» түркмөн кызматынын өз булагы экс-башкы прокурор менен анын кол алдындагы кызматкерлер Азия оюндарын каржылоо үчүн ишкерлерден акча чогулта албагандыгы үчүн жумуштан алынгандыгын билдирген.

Түркмөнстан борбору V Азия оюндарын өткөрүү укугуна 2010-жылдын декабрында ээ болгон. Энергетикалык ресурстарга болгон баалар төмөндөгөн азыркы шартта өлкө экономикалык каатчылыкты башынан өткөрүүдө. Буга байланыштуу бийлик ишкерлерди ири спорттук иш-чараны өткөрүүгө каражат жагынан көмөк көрсөтүүгө чакырган.

Бүгүнкү күнгө карата Ашхабадда өтө турган Азия оюндарына 8 миллиард долларга жакын каражат жумшалды. Анын 5 миллиарддан ашыгы Олимпадалык шаарчанын, 2,3 миллиарды жаңы эл аралык аэропорттун курулушуна сарпталды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - Астанада Назарбаевдин сүрөтү чапталган үй түрттүрүлдү

Астанада үйүнүн дубалына өлкө президенти Нурсултан Назарбаевдин сүрөттөрүн чаптап алган Несипкүл Уябаеванын тамы түрттүрүлдү. Маалыматтарга караганда, жергиликтүү бийлик үйдүн жашоочуларын көчүп кетүүгө көндүргөн.

Астана акимчилигинин алдындагы «Шаардык кыймылсыз мүлк» ишканасынын жетекчиси Александр Строчков билдиргендей, сот тарабынан аныкталган компенсация төлөнүп берилгенче, үйдүн тургундары жатаканада жашап турушат.

Несипкүл Уябаева акимчиликтин бул чечимин мыйзамсыз деп эсептей турганын, бирок бийликке каршы туруудан чарчаганын билдирди.

Астана бийлиги шаарды кеңейтүү иштеринин алкагында өткөн жылдан бери соттун чечими менен Уябаевдердин үйүн бузууга аракет кылып келген. Бирок үй ээлери төлөнүп берилчү компенсация көлөмүн аз деп эсептеп, көчүп кетүүгө макул болбой келишкен.

21-апрелде «ЭКСПО» эл аралык көргөзмөсүнө даярдык көрүү маселелери талкууланып, анда Нурсултан Назарбаев Астанада эски үйлөрдүн бар экенин жана алар шаардын көркүн бузуп жатканын айтып ачууланган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - Өзбекстан менен Кытай 23 млрд долларлык келишимге кол коюшту

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин Кытайга жасаган сапары учурунда 23 миллиард долларга тете 105 документке кол коюлду.

Жергиликтүү ММКлардын кабарлашынча, энергетика, мунайды кайра иштетүү, электростанцияларды модернизациялоо, айыл чарба жана транспорт тармагы боюнча документтерге кол коюлду.

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев Кытайга 13-майда кеткен. Ушул тапта ал Пекиндеги “Бир алкак –бир жол” аттуу эл аралык форумга катышууда.

Кытай учурда Өзбекстандын эң ири өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат. 2016-жылы эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүү 4,2 миллиард долларды түзгөн. Шавкат Мирзиёев Пекиндеги сапарынын жыйынтыгында 2017-жылы өзбек-кытай ортосундагы товар жүгүртүү 5 миллиард долларга жетерин белгиледи.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - Өзбекстан менен Кытай 23 млрд долларлык келишимге кол коюшту

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин Кытайга жасаган сапары учурунда 23 миллиард долларга тете 105 документке кол коюлду.

Жергиликтүү ММКлардын кабарлашынча, энергетика, мунайды кайра иштетүү, электростанцияларды модернизациялоо, айыл чарба жана транспорт тармагы боюнча документтерге кол коюлду.

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев Кытайга 13-майда кеткен. Ушул тапта ал Пекиндеги “Бир алкак –бир жол” аттуу эл аралык форумга катышууда.

Кытай учурда Өзбекстандын эң ири өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат. 2016-жылы эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүү 4,2 миллиард долларды түзгөн. Шавкат Мирзиёев Пекиндеги сапарынын жыйынтыгында 2017-жылы өзбек-кытай ортосундагы товар жүгүртүү 5 миллиард долларга жетерин белгиледи.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - Алмазбек Атамбаев менен орус депутатынын кайым-айтышы

Алмазбек Атамбаев 9-майдагы куттуктоо сөзүндө майрам менен куттуктап келип, аягында Россиялык айрым саясатчыларды сындап өтткөн. Президенттин сөзүнөн соң Россиялык мамлекеттик думанын депутаты Константин Затулин жооп кайтарды. Учурда Президенттин сөзү жана орус депутатынын жообу коомчулукта талкуу жаратып жатат.

Булак: “Сентябрь”

Меню