Жарандык активист Адиль Турдукуловдун билдиргенине караганда, учурда Аксы районунун Кербен шаарында бийликтин элге каршы саятына нааразычылык иретинде митинг өтүп жатат.
Эл мамлекеттик администрациянын маңдайына чогулушкан. Ал эми жергиликтүү бийлик оппозиция өкүлдөрүнө келип, митингди стадионго өткөрүүнү талап кылган.
“Спорттук дене түзүлүштөгү жигиттер митинг боло турчу жерге келе башташты. Мындан улам уюштуруучулар бийлик тараптан болчу провокациядан чочулап турушат”, – дейт Адиль Турдукулов.
Бишкектен барган “Жаңы муун” кыймылынын лидерлеринин бири Тимур Саралаев микрофонго чыгып сүйлөй баштаганда бийлик алып келген спортчу-провокаторлор Саралаевди түртүкүлөп, сүйрөп кетишкен жана ортого алып коркута башташкан. Милиция болсо кийлигишпей, шакаба чегип карап турган.
Спортчулар Адил Турдукуловду да сүйлөтпөй коюшту. Бкл тууралу Адил Турдукулов өзү билдирүүдө.
https://www.youtube.com/watch?v=So0-YwjB-fM
Булак:Кyrgyztoday.kg
Фотолор Адил Турдукуловдуку