Menu

ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨ

Манчестердеги терактты уюштурууга шектелип 14чү шектүү кармалды

Британ полициясы жекшембиде 22 адамдын өмүрүн алган Манчестердин концерттик залындагы терактка байланыштуу тинтүү иштерин жүргүзгөнүн жана жардырууну уюштурууга шектүү катары 25 жаштагы адам кармалганын билдирди.

Маалыматка караганда, полиция тарабынан шаардын чыгыш бөлүгүндө кармалган шектүү терроризмге айыпталууда. Муну менен бул иш боюнча кармалгандардын жалпы саны 14 адамге жетти.

Полиция жардыруу боюнча тергөө иштерин улантууда жана анын алкагында терактты аткарган жанкечти Салман Абедиге байланышы бар бардык адамдарды колго түшүрүү аракетин көрүүдө.

22-майда Манчестер шаарынын стадионунда эл концерттен тарап жатканда жанкечти өзүн жардырып, 22 киши каза таап, 60тан ашуун адам жарадар болгон. Алардын 23үнүн абалы оор бойдон ооруканада жатат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Египеттеги зыяратчыларга кол салуу үчүн ИМ тобу жоопкерчилик алды

Египеттеги христиан-зыяратчыларга кол салуу үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” террордук тобу өзүнө алды. Экстремисттер 32 адам өлтүрүлгөнүн билдиришүүдө.

Египет бийлигинин маалыматында окуядан 29 адам каза таап, 13ү жаракат алганы жана алар ооруканада экени айтылат.

25-майда куралчан топ өлкөнүн түштүгүндө жайгашкан Минья провинциясындагы монастырга бараткан зыяратчылардын автобусуна кол салган.

Окуядан кийин Египет президенти Абдел Фаттах ас-Сиси “Ислам мамлекети” террордук тобунун Ливиядагы машыгуучу базаларына абадан сокку урулганын жарыялады. Ишембиде аскерлер зыяратчыларга кол салууга катышкан согушкерлер даярдалган бир нече база жок кылынганын билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Трамп күйөө баласы Жаред Кушнерге толугу менен ишенерин билдирди

АКШ президенти Дональд Трамп кеңешчиси жана күйөө баласы Жаред Кушнерге  толугу менен ишенерин билдирди.

The New York Times кабарлагандай, Трамп күйөө баласы миллиарддаган долларларды үнөмдөөгө жол ачкан программалардын үстүнөн иштөө менен өлкө үчүн чоң иш жасап жатканын айткан.

Бул арада президент Твиттердеги баракчасында ММКларды Акүйдөн чыккан жалган маалыматтарды таратууга айыптады.

АКШда Трамптын шайлоо штабынын Орусия менен былтыркы ыктымал байланыштарын иликтөө улам тереңдеп баратат. 25-майда ФБР президент Трамптын бир тууган күйөө баласы, азыр Ак үйдүн кеңешчиси Жаред Кушнерди да текшерип жатканы билинген.

Конгресстеги демократтар Кушнердин Сенаттын комитеттеринде жана Өкүлчүлүк палаталарында көрсөтмө берүүсүн талап кылышты. Президенттин күйөө баласы Трамп президенттик кызматына кирише электе Орусия элчиси менен жолуккандыгы үчүн сынга кабылууда. Ички коопсуздук министрлигинин башчысы Жон Келли болсо Орусия менен кошумча каналдарды түзүү – жакшы идеа деп эсептейт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - АКШнын Биринчи айымы Меланья Трамп Сицилияда элдин алдына баасы $51,5 миң доллардык күрмө менен чыкты

АКШнын Биринчи айымы Меланья Трамп Италиянын Сицилиясында элдин алдына баасы 51,5 миң доллар турган күрмө менен чыкты. Бул тууралу CNN телекомпаниясы билдирет.

Америка президентинин жубайы Италиялык дизайнерлер Dolce & Gabbanaнын күзгү сериядагы прет-а-порте коллекциясынан 3D Flowers күрмөсүн сатып алган. Бул күрмө кеңири сатыкка али чыга элек. Президент Дональд Трамп “Чоң жетиликтин” Таорминдеги саммитине катышып жаткан учурда Меланья жаңы күрмөсү менен элге чыккан. Анда президенттердин аялдары Сицилиядагы Таормин аралын аралап саякатташкан. G7 саммити Италияда 25-27-майларда өтүп жатат. Дональд Трамп менен Меланья Трамп (кыз кезиндеги фамилиясы Кнавс)  2005-жылы үйлөнүшкөн. 2006-жылы Бэррон Уильям аттуу уулдуу болушкан.

Дональд Трамп азыркы учурда 9 күндүк турне менен расмий иш сапарында жүрөт. АКШнын президенти буга чейин Сауди Аравия, Израиль, Ватикан өлкөлөрүндө болуп, Брюсселдеги НАТОнун саммитине да катышкан.

Видео - Трамп НАТОну Орусиядан тараган коркунучтарга көңүл бурууга чакырды

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп НАТОго мүчө мамлекеттердин лидерлерин террорчулукка каршы күрөшүү үчүн дагы көбүрөөк аракет жасап, миграция жана Орусиядан тараган коркунучту башкы маселе катары кароого чакырды.

– Келечектеги НАТО террорчулукка жана миграция маселесине, ошондой эле Орусиядан тарап жаткан коркунучтарга, НАТОнун чыгыш жана түштүк чек араларына көңүл бурушу керек, – деди Трамп 25-майда НАТОнун Брюсселдеги баш кеңсесинде сүйлөп жатып.

АКШ президенти Манчестердеги теракты айтыптап, мамлекеттер терроризмди жеңүү үчүн биригет деген үмүтүн билдирди.

НАТО лидерлери менен жолугушуу учурунда Трамп “терроризмди дүйнөдөгү биринчи душман” атап, террордук топтор менен күрөшүүдө АКШ болуп көрбөгөндөй прогресске жеткенин билдирди.

Учурдагы эсептер боюнча НАТО чыгымынын 70% Кошмо Штаттар көтөрөт.

АКШ президенти НАТОнун башчысы Йенс Столтерберг жана Германия канцлери Ангела Меркель менен жолугушуу учурунда альянстын 28 мүчөсүнүн 23ү каржылык милдеттемелерин аткарбай жатканын айтты.

Учурдагы эсептер боюнча НАТО чыгымынын 70% Кошмо Штаттар көтөрөт.

Коргонуу үчүн кеминде ички дүң өнүмдүн 2% жумшалсын деген эрежени былтыркы жылдын жыйынтыгы менен Британия, Польша, Эстония, Греция гана аткарган, Латвия, Литва, Румыния буга бир аз жакындаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Евробиримдик Чоң-Алайдагы жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам берет

Европа комиссиясы табият кырсыгынан жапа чеккен үй-бүлөлөрдү колдоо үчүн 165 миң евро бөлөт. Каражат Чоң-Алай районунда жер титирөөдөн жабыр тарткан 2 750 жашоочуга багытталат.

ЕБнын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн билдиришинче, каражат өлкөдөгү Улуттук Кызыл жарым ай коомуна жөнөтүлөт. Уюм жеңил жууркан, идиш-аяк, жеке гигиена каражаттары сыяктуу жашоо үчүн эң керектүү буюмдарды бөлүштүрүп, таратып берүү милдетин алды.

Мындан тышкары жабыр таркан үй-бүлөлөргө акчалай жардам берилет.

3-майда кыргыз-тажик чегинде күчү 5,9 баллга жеткен жер титирөө катталган. Экинчи жолу 5 майда ушул эле аймакта 5,8 баллга жеткен жер силкинүү болгон. 500дөй үй талкаланып, 200дөйүнөн жараңка кеткен. Жалпысынан 5 миңдей жашоочу жардамга муктаж.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Түркия жараны Түркмөнстандан компенсация талап кылууда

Түркиялык адис Эрол Эгрек аткарган иши үчүн түркмөн ишканаларынын компенсация төлөп берүүсүн талап кылууда.

Эрол Эгректин билдиришинче, ал үй-бүлөсү менен Түркмөнстанга иштөө үчүн 2004-жылы барган. 2009-жылдын июлуна чейин «Чалык Гроуп» компаниясынын түрдүү объектилеринде электроника боюнча адис болуп иштеген. Андан сырткары Эгрек «Балкан» текстил фабрикасында, Кахкинск жибек ийрүүчү фабрикада жана «Түркмөнбашы» деген жынсы фабрикасында эмгектенген.

Эгрек «Чалык Гроуп» компаниясы аны негизсиз иштен алып, эч кандай компенсация төлөп бербегенин билдирүүдө. Айтымында, ал өз кызыкчылыгын сотто коргоого аракет кылган, бирок компания буга эч кандай тиешеси жок экенин айтып, өлкөнүн Текстиль өнөр жайы министрлигине кайрылуусу керектигин билдирген.

Мындай жооптон кийин түрк жараны Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовго жана тармактык жетекчилерге кайрылып, 80 миң долларга баалаган коменсациясын алууга жардам берүүсүн өтүндү.

Бул иш боюнча «Чалык Гроуп» компаниясынан жана Текстиль өнөр жайы министрлигинен комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

ФБР Трамптын күйөө баласынын Орусия менен байланышын териштирет

Федералдык иликтөөлөр бюросу (ФБР) АКШ президенти Дональд Трамптын күйөө баласы Жаред Кушнердин Орусия менен байланышын териштирет. Бул тууралуу 25-майда жергиликтүү маалымат каражаттары билдиришти.

Washington Post жана NBC News басылмалары өз булактарына шилтеме кылып билдиришкендей, Кушнер өткөн жылы декабрда Орусиянын элчиси Сергей Кисляк жана орусиялык Внешэкономбанктын башчысы Сергей Горьков менен болгон жолугушууларынан кийин тергөөнүн көңүлүн бурган.

Бирок ММКлар белгилешкендей, бул — тергөөчүлөр Жаред Кушнерди кылмыш кылууга шектүү катары карап же кайсыл бир иш боюнча айыптайт дегенди түшүндүрбөйт.

Кушнердин адвокаты Жеми Горелик анын кардары тергөө менен кызматташа турганын билдирди. «Буга чейин Кушнер мырза бул жолугушуулар боюнча билген бардык маалыматтарды конгресске билдирүүгө даяр экенин айткан. Ага башка кайсыл гана тергөө иштеринин алкагында кайрылышпасын тергөө менен кызматташат»,- деди Горелик.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Бишкек шаары дүйнөдөгү эң начар 33 шаардын катарына кирди

Британиялык күн сайын чыгуучу The Independent  гезити Кыргызстандын борбор шаары Бишкек 2017-жылы дүйнөдөгү эң начар 33 шаардын катарына киргенин жарыялады. Mercer консалтингдик фирмасынын рейтингинде Бишкек дүйнөдөгү эң начар шаарлардын ичинде 21-орунду ээлеген.

Кыргызстандын экономикалык борбору болгон Бишкектеги калктын кедейлиги жана бийликтин терроризм менен болгон күрөшүнүн абалы анын ушул арткы орунга түшүп кетишине себеп болгон.

Mercer дүйнөдөгү 450 шаарды карап чыгып, алардын ичинен жашоого эң ылайыксыз деп 33үн тандап алган. Ал жака Ташкент дагы (26-орун), Ашхабад (23-орун) жана Душанбе (19-орун) дагы кошулган. Эң начар делип Багдад, Йемендин борбору Сана – 3-орунда, сириялыктардын Дамаскы 7-орунду ээлеген.

Мындай рейтинг жыл сайын жүрөт жана ал эл аралык компанияларды же башка жумуш берүүчүлөрдү ошол шаарларга жайгаштырууда жетиштүү каражаттарды бөлүү үчүн өткөрүлөт. Консалтингдик фирма баалаган критерийлерде коомдук жана саясий стабилдүүлүк, кылмыштуулук деңгээли, банктык кызматтар, цензура жана өздүк эркиндиктин чектелүүлөрү, медициналык жана ден соолукту жакшыртуу аспектилери, окуу жайлардын эл аралык билим берүү стандартына шайкеш келүүсү, коммуналдык кызматтар жана транспорт, ресторандар, театрлар, керектелүүчү товарлардын арзандыгы, турак жай жана турмуштук техниканы ижарага алуудагы жеңилдиктер жана экологиялык чөйрө эске алынган.

Трамп НАТОнун саммитине катышуу үчүн Брюсселге барды

АКШ президенти Дональд Трамп НАТОнун саммитине катышуу жана Евробиримдиктин жетекчилиги менен жолугушуу үчүн Брюсселге барды. Кошмо Штаттардын лидеринин сапарына алдын ала даярданып, Бельгия борборуна эки күн мурда эле келе баштаган адамдар Трампка каршы нааразылык жүрүшүн өткөрүштү.

Колоннада өтүп бараткан унаалардын биринде «Америкалык үчүн аябагандай түнт жерде орун жок!» деп жазылган. Дональд Трамп шайлоо өнөктүгү маалында Брюсселди так ушинтип атаган эле.

Уюштуруучулардын маалыматы боюнча, жүрүшкө 10 миңге жакын киши катышууда. Алардын айрымдары атайын Германия, Франция жана Нидерландыдан барышкан. Жүрүштүн катышуучулары НАТОнун бюджетин көбөйтүүгө каршы болушуп, каражатты айлана-чөйрөнү коргоого жумшоого чакырышууда.

Акыркы сааттарда Брюсселдин борборунда кандай окуялар болгондугу тууралуу “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун украин кызматынын кабарчысы Григорий Жигалов айтып берет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

 

Меню