Menu

КЫЗМАТ-МАНСАП

Толкунбек Абдыгулов Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри болуп дайындалды

Алмазбек Атамбаев кол койгон  Жарлыктын негизинде Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 84-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык  Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович  мурда ээлеген кызматынан бошотулуп,  Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри болуп дайындалды. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.

Райымбек Матраимов Бажы кызматынын төрагасынын орун басары кызматынан бошотулду

Премьер-министр Сапар Исаков буйрукка кол койду, ага ылайык  Матраимов Райымбек Ысмайылович ээлеп турган КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары кызматынан бошотулду. Бул туурасында өкмөттүн аппаратынын маалымат кызматы билдирди.

Болсунбек Казаков Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы милдетин аткаруудан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков буйрукка кол койду, ага ылайык, Казаков Болсунбек Күмүшбекович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы милдетин аткаруудан бошотулду. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

Абдыгулов Зилалиевдин ордуна келди

Жогорку Кеӊеш Премьер-министр Сапар Исаков тарабынан Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин кызматына сунушталган Абдыгулов Толкунбек Сагынбековичтин талапкерлигин жактырды. Бул туурасында Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирет.

Бул туурасында Ал мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин ордуна дайындалууда.

Толкунбек Абдыгулов буга чейин Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри кызматын аркалап келген.

Марат Жаманкуловго “Юстициянын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси” деген атайын класстык чин ыйгарылды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон Жарлыкка ылайык Джаманкулов Марат Турганбаевичке “Юстициянын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси” деген атайын класстык чин берилди. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.

Эркинбек Мамыровго жогорку квалификациялык класс берилди

Алмазбек Атамбаевдин кол койгон Жарлыктын негизинде “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 8-10-беренелерине ылайык жана Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын төрагасы Мамыров Эркинбек Тобокеловичке жогорку квалификациялык класс берилди.

Парламентте тармактык комитет Зилалиевдин ордуна Толкунбек Абдыгуловдун келишин жактырды

Бүгүн, 21-ноябрда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри кызмат ордуна Толкунбек Абдыгуловду дайындоо жөнүндө маселени карашты. Бул туурасында Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирет.

Аталган маселе боюнча КР премьер-министри Сапар Исаков баяндама жасап, сунушталган талапкер боюнча маалымат берди.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында КР вице-премьер-министри кызмат ордуна Толкунбек Абдыгуловдун талапкерлиги жактырылды.

Белгилей кетсек, мурда вице-премьер-министр кызмат ордун Дүйшөнбек Зилалиев ээлеп турган, ал эми Т.Абдыгулов биринчи вице-премьер-министр кызматында турган.

Эсенкул Момункулов КР Инвестицияларды алга жылдыруу жана коргоо агенттигинин директору болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков буйрукка кол койду, ага ылайык, Момункулов Эсенкул Дуйшөнкулович Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды алга жылдыруу жана коргоо агенттигинин директору болуп дайындалды. Өкмөт башчы бүгүн, 16-ноябрда, Агенттиктин эмгек жамаатына жаңы жетекчини тааныштырды. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

«Агенттик келечектүү инвесторлор үчүн маанилүү эсептелген: инфраструктураны өнүктүрүү, милдеттенмелерди жана инвестициялык талаштардын сотко чейинки чечимдерин аткаруу сыяктуу факторлорду жакшыртуу үчүн мамлекеттик мекеме жана ведомстволордун мыкты иштөөчү тутумун түзүүгө активдүү катышат. Агенттик тышкы жана ички инвесторлордун укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча ишенимдүү өнөк болот», – деди Сапар Исаков Агенттик жамаатына жаңы жетекчини тааныштырууда.

Өкмөт башчы Кыргыз Республикасынын инвестициялык саясатын бирдиктүү мамлекеттик орган тарабынан ишке ашырылышы ички жана келечектүү чет элдик инвесторлор үчүн да кошумча ыңгайлуулуктарды жана мүмкүнчүлүктөрдү түзөөрүн өзгөчө белгилеп өттү.

«Агенттик үчүн негизги милдеттердин бири болуп инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жана инвестициялык абалды жакшыртуу үчүн тийиштүү ченемдик-укуктук актыларды өзгөртүү боюнча ыкчам жооп кайтаруу максатында мамлекеттик органдардын өз-ара аракеттешүүсүн камсыздоо болуп саналат. Аталган милдетти ишке ашырууда көрсөтүлүүчү тейлөө сапатын жогорулатууга жана биздин өлкөдө инвесторлор жана экспотерлор үчүн өз ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө тоскоолдуктарды азайтууга мүмкүндүк түзүлөт», – деп белгиледи Сапар Исаков.

Премьер-министр мамлекеттик орган жана бизнес-тармак өкүлдөрүн Агенттик менен активдүү диалог жүргүзүүгө, өлкөдөгү бизнес-чөйрөнү өркүндөтүү жана жакшыртуу боюнча бирдиктүү максатка жетишүү иретинде тажрыйба алмашууга, демилге кошууга чакырды.

«Мен мамлекеттик түзүмдөр, атамекендик бизнес жана биздин чет элдик өнөктөштөр жаңы Агенттик менен алгылыктуу иш алып бараарына ишенем. Биргелешкен эмгек жана тең укуктуу өнөктөштүк аркылуу биз каалаган жыйынтыктарга, тактап айтканда, жаңы технологияларды тартып, жумушчу орундарды түзүп, инвестициялык абалды жана бизнес-чөйрөнү жакшыртууга жетише алабыз», – деп жыйынтыктады Сапар Исаков.

Белгилесек, кечээ Өкмөт башчы буйруккка кол койгон, ага ылайык Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Инвестицияларды жана экспортту алга жылдыруу боюнча мамлекеттик агенттигинин макамы жогорулатылган. Буга байланыштуу ал Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды алга жылдыруу жана коргоо агенттиги болуп кайрадан түзүлгөн.

Дүйшөнбек Зилалиев вице-премьер-министр кызматынан бошотулду

Алмазбек Атамбаев кол койгон Жарлыктын негизинде  “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 24-беренесинин 3-бөлүгүнүн  4-пунктуна ылайык  Кыргыз Республикасынын  вице-премьер-министри Зилалиев Дүйшөнбек Текшербекович ээлеген кызматынан бошотулду.

Мындай чечим Кыргыз Республикасынын Премьер-министри  С. Исаковдун сунушу боюнча кабыл алынды. Сунушка  Дүйшөнбек Зилалиевдин башка ишке өткөндүгү негиз болгон.

Бишкек милициясында орун алмашуулар болобу?

Бишкек шаардык милициясынын жетекчилигинде орун алмашуулар болушу күтүлүүдө. Тактап айтканда жетекчилигинен тарта орун-басарларына чейин алмашат деген божомолдор бар. Биздин билишибизче, башкы башкармалыктын жетекчисинин биринчи орунбасарлыгына Талант Аттокуров деген жигит келет экен. Анын артында илешкеги бар эле, эмне болоор экен…

Булак: “Ачык саясат”

Меню