Menu

КЫЗМАТ-МАНСАП

Маданият, маалымат жана туризм министрлигине Султанбек Жумагуловдун талапкерлиги жактырылды

Жогорку Кеӊеш КР Премьер-министри тарабынан маданият, маалымат жана туризм министри кызмат ордуна сунушталган Султанбек Жумагуловдун талапкерлигин бир добуштан жактырды. Бул туурасында Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирет.

Жыйын жүрүшүндө депутаттар өлкөнүн маданият, маалымат, туризм тармагын өнүктүрүү, айрыкча элет жергесине көӊүл буруу жаатында бир топ алгылыктуу сунуштарды берди. Талапкер эл өкүлдөрүнүн пикирин өз ишинде эске алууга, министрликтин ишин жакшыртууга, өлкө аймагындагы маданий очоктордун ишин кыйла жандандырууга, маданият тармагында иштеген кызматкерлердин маянасын көтөрүүгө аракет жасоого убада берди.

Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков жалпы депутаттардын атынан Султанбек Жумагуловду жаӊы кызмат орду менен куттуктап, анын ишинде ийгиликтерди каалады. Ал талапкерди дүйнөлүк тажырыйбада өтө кирешелүү тармак болуп саналган туризм тармагын өнүктүрүү өзгөчө көӊүл бурууга чакырды. Талапкер өзүнө ишеним көрсөткөнү үчүн эл өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирди.

Эске салсак, мурдагы маданият, маалымат жана туризм министри жакында өз каалоосу боюнча ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон.

Султанбек Жумагулов 1959-жылы Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Жерге-Тал айылында туулган. Жогорку билимдүү. Кыргыз мамлекеттик университетин журналист адистиги боюнча бүтүргөн. Эмгек жолун республикалык басылмаларда кабарчы катары баштап, кийин «Би-Би-Си», «Азаттык», «ЭлТр», КТРК сындуу бир катар ири жалпыга маалымдоо каражаттарында жетекчилик кызматтарда эмгектенген. Буга чейин КР Президентинин Аппаратында кеӊешчи болуп иштеп турган. Ал окурмандардын кеӊири чөйрөсүнө мыкты журналист, эксперт-талдоочу, жазуучу катары таанымал.

Асел Кодуранова Жогорку Кеӊештин Төрагасынын орун басарлыгына шайланды

КСДП парламенттик фракциясынын өкүлү Кодуранова Асел Союзбековна Жогорку Кеӊештин Төрагасынын орун басары кызмат ордуна шайланды. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин токтому кабыл алынды. Мындай маалыматты Жогорку кеңештин басма сөз кызматы жарыялады.

Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков жалпы депутаттардын атынан Асел Кодуранованы вице-спикер болуп шайланышы менен куттуктап, анын ишинде ийгиликтерди каалады.

Эске салсак, Жогорку Кеӊештин Төрагасынын мурдагы орун басары Данияр Төлөнов («Кыргызстан» фракциясы) өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон.

Асель Кодуранова 2012-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын “юрист” адистиги боюнча бүтүргөн. Эмгек жолун 1988-жылы Фрунзе политехникалык институттун комсомолдук комитетинде иштөө менен баштаган. 1991-1993-жылдары – ордо калаанын Биринчи май райкомкомсомол комитетинде сектор башчы. 1994-2009-жылдары – КСДП партиясынын уюштуруу бөлүмүнүн башчысы, КСДП партиясынын төрагасынын уюштуруу жумуштары боюнча орун басары. 2009-2010-жылдары – IV чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты. 2010-жылы – КР Убактылуу Өкмөтүнүн Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын жооптуу катчысы. 2011-2012-жылдары – «Кыргызтелекомдун» Директорлор кеңешинин мүчөсү. 2012-2015-жылдары – КР Президентине караштуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын жооптуу катчысы. 2015-жылдан тарта – VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты.

Тармактык комитет вице-спикерлик кызмат ордуна депутат Асел Кодуранованын талапкерлигин жактырды

Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети Жогорку Кеӊештин Төрагасынын орун басары кызмат ордуна КСДП парламенттик фракциясынын депутаты Асел Кодуранованын талапкерлигин жактырды. Бул туурасында Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирет.

Депутат Асел Кодуранова ушу тапта Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрайымы болуп иштейт.

Эске салсак, Жогорку Кеӊештин Төрагасынын мурдагы орун басары Данияр Төлөнов («Кыргызстан» фракциясы) өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон.

Улуттук илимдер Академиясынын жаны президенты болуп Мурат Джуматаев шайланды

Бүгүн, Кыргыз Улуттук илимдер академиясында  Жогорку башкаруу органы болуп саналган жалпы чогулушта УИАнын президенти шайланды. УИАнын Уставына ылайык УИАнын президентинин талапкерлиги Кыргыз Республикасынын Премьер-министри жана УИАнын жалпы чогулушу тарабынан сунушталат. Бул туралуу КР УИАнын Маалыматтык бөлүмү билдирди.

Шайлоонун негизинде УИАнын академиги, техника илимдеринин доктору Мурат Садырбекович Жуматаев президент болуп шайланды.

Жалпы чогулушту өткөрүүнүн регламентине ылайык, УИАнын академиктери күн тартиби боюнча өз ойлорун билдиришти. Анда окумуштуулар Кыргызстандын илими жана илимдер академиясынын илимий-уюштуруучулук ишмердиги жөнүндөгү актуалдуу маселелерди көтөрүп чыгышты. Илимий кадрларды академияда кармап калуу жана жаштарды илимге тартуу, айлык акыны көтөрүү, илимий-изилдөөлөрдү өткөрүү үчүн жабдуулар менен материалдык жана техникалык базаны тез арада жаңылоо көйгөйлөрү айтылып,  илим тармагын көтөрүү мамлекеттин илимий кадрларды колдоосунан жана буга чейинки иштелмелерди өткөрүүдөн көз каранды экендигин билдиришти.

 

Физика жана техникалык, математикалык жана тоо-кен жана геологиялык илимдер бөлүмүнүн төрагасы, академик Алтай Бөрүбаев М. Жуматаевди колдоорун билдирип жатып: “Өлкөнүн жаңы бийлиги илимге эми көңүл бурат деген үмүттөмүн. Илимдин өнүгүүсү үчүн Өкмөттүн колдоосу абдан маанилүү. Мисалы, айрым бир өлкөлөрдө фундаменталдык изилдөөлөрдүн мааниси улуттук коопсуздук маселелерине барабар экен. Илимдер академиясы 15 жылдан бери бир да мамлекеттик буйрутма ала элек”, – деп кошумчалады.

 

УИАнын академиги, геология жана минералогия илимдеринин доктору Розалия Женчураева УИАда прикладдык изилдөөлөр жок деген пикир негизсиз экенин айтып: «Биз карта, бургулоочу орноткучтарды жана математикалык моделдерди түзөбүз, прикладдык иштелмелер колдо бар болсо дагы, бизге мамлекеттик буйрутмалар түшө элек. Сапаты биздикинен төмөн, даяр жабдууларды чет өлкөлөрдөн сатып алуу ыңгайлуу болгону менен Кыргызстанда эмес, башка өлкөлөрдөгү жумуш орундарды түзүлүп жатканы өкүндүрөт.

 

“Илимий жетишкендиктер өндүрүшкө жакшы киргизилбей, өз ордун таппай жатат. Алгылыктуу багыттарды аныктап, жаңы иштелмелерибиз  колдоого алынса, биз жогорку деңгээлдеги жетишкендиктерге ээ болобуз деген ойдомун”, – деди УИАнын жаңы шайланган президент М.Жуматаев.

 

Академик М.Жуматаевдин  кандидатурасынын жактырылганына байланышкан документ 1 айдын ичинде КРнын Премьер-министри тарабынан бекитилиши керек.

 

 

Дайыр Кенекеев Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү кызматынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков буйрукка кол койду, ага ылайык Кенекеев Дайыр Атакулович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгырым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгырым укуктуу өкүлү кызматын убактылуу аткаруу биринчи орун басар Чолпонкул Төрөкуловго жүктөлдү.

Түгөлбай Казаков Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин кызматынан бошотулду

Алмазбек Атамбаев «Түгөлбай Казаков жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.

Жарлыкта Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 87-беренесинин  1-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 24-беренесинин 4-1-бөлүгүнө ылайык токтом кылынат:

Казаков Тугелбай Токтогуловичтин отставкасы кабыл алынсын жана Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин кызматынан бошотулсун.

Жарлык кол коюлган учурдан баштап күчүнө кирет.

Азамат Мамбетов Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин статс-катчысы болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков буйрукка кол койду, ага ылайык Мамбетов Азамат Муратович Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин статс-катчысы болуп дайындалды. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

Илияз Ташбаев Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун статс-катчысы болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков буйрукка кол койду, ага ылайык Ташбаев Илияз Азизбекович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун статс-катчысы болуп дайындалды. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

КСДПдан вице-спикерликке Асел Кодуранованын, анын ордуна Канат Керезбековдун талапкерлиги сунушталууда

Жогорку Кеӊештин КСДП фракциясынын кезектеги жыйынында Жогорку Кеӊештин Төрагасынын орун басары кызмат ордуна Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана ЖК Регламенти боюнча комитеттин төрайымы Асел Кодуранованын, ал эми анын ордуна депутат Канат Крезбековдун талапкерлигин сунуштоо чечими кабыл алынды. Бул туурасында Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирет.

Эске салсак, кечээ 26-октябрда Жогорку Кеӊештин Төрагасынын мурдагы орун басары Данияр Төлөнов («Кыргызстан» фракциясы) өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон.

Дайыр Кенекеев Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри болуп дайындалды

Алмазбек Атамбаев кечээ, 25-октябрда кол койгон  Жарлыктын негизинде Кенекеев Дайыр Атакулович Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 84-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри болуп дайындалды. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.

Меню