Menu

КЫЗМАТ-МАНСАП

Нуркамал Набиев Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары -аскер прокурору болуп дайындалды

Алмазбек Атамбаев бүгүн, 9-октябрда  кол койгон буйрукка ылайык, Набиев Нуркамал Бурханович  Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары-аскердик прокурор болуп дайындалды. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.

Нургазы Нишанов «Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасынын директору болуп дайындалды - бул Бабановго каршы кутум

Кыргыз Республкиасынын Премьер-министри Сапар Исаков буйрукка кол койду. Ага ылайык, Нишанов Нургазы Нурланович Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине караштуу «Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасынын директору болуп дайындалды. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

Буга чейин Нургазы Нишанов Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Республика-Ата-Журт” фракциясынын депутаты болуп иштеген.

Билермандардын айтуусунда бийлик Нургазы Нишановго бул кызматты сунуш кылып, БШКнын атына өз эрки менен депутаттык мандатын тапшыруу тууралу арыз жаздырып алуу менен тизмеде кезекте турган Зарылбек Рысалиевге депутат болууга жол ачты. Бул бийликтин Бабановго каршы жасаган кутуму. Анткени Зарылбек Рысалиев өз партиясы РАЖды таштап коюп, азыр КСДПнын талапкери Сооронбай Жээнбеков үчүн чуркап жүрөт жана Өмүрбек Бабановго каршы үгүт иштерин жүргүзүүдө.

Күтүлгөндөй эле КР БШК чагылгандай тездик менен Зарылбек Рысалиевге депутаттык мандатты тапшырып, парламентке алып келди. Кутумчулардын планы боюнча Зарылбек Рысалиев эми РАЖ фракциясынын ичинде туруп Бабановго каршы тукурулат.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Түркмөнстан президенти прокурор менен сотторду алмаштырды

Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов сотторду жана прокурорлорду иштен алып, алардын ордуна башка кишилерди дайындоо боюнча жарлыкка кол койду.

3-октябрда Коопсуздук боюнча мамлекеттик кеңештин жыйыны өтүп, аскер жана укук коргоо органдарынын тогуз ай ичинде аткарган иштеринин жыйынтыгы чыгарылды. Башкы прокурор менен Жогорку соттун төрагасы отчет бергенден кийин прокуратура органдары менен сот системасында жаңы дайындоолор болору жарыяланды.

Жергиликтүү ММКлар билдиргендей, президент Гурбангулы Бердымухамедов мамлекеттик жана жеке түзүм өкүлдөрү мыйзам бузууга аракет кылышса, дароо чара көрүүнү талап кылды.

Жыл башында Түркмөнстан өкмөтү коррупция менен күрөштү күчөтүү чараларын жарыялаган. Буга удаалаш башкы прокурор, жогорку соттун башчысы кызматынан бошотулуп, ички иштер жана улуттук коопсуздук министрлери сөгүш алышкан. Ондогон аткаминерлер жемкорлук айыбы менен камалган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Канат Исаевдин агасы Талантбек Исаев ИИМдин МАККББнын башчысы кызматынан кетти. Жаңы башчы - Улан Асанов

Улан Асанов Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик атайын адистештирилген күзөт башкы башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.

Асанов Улан Касенович-милициянын полковниги. 1974-жылы 13-мартта туулган. 2003-жылы милициянын генерал-майору Э.Алиев атындагы Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясын аяктаган.

1992-жылдан 1993-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүндө кызмат өтөгөн. 1994-жылдан баштап ички иштер органында Бишкек шаарынын Биринчи май районунун милиция батальонунда милиция катары иштей баштаган. Ал эми ИИМдин МАККББнын башчысынын орун басары, ИИМдин МАККББнын милициянын түзүмдүк полкунун командири, Кыргыз Республикасынын ИИМдин МАККББнын Бишкек шаарынын Ленин райондук күзөт бөлүмүнүн башчысы катары жетекчилик орундарда иштеген. Кызмат учурунда түзүмдүк төш белгилер менен сыйланган.

Буга чейин аталган кызматты УКМКтарабынан камакка алынган Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевдин бир тууган агасы Талантбек Исаев жетектеп келген. Ал кечээ, 2-ноябрда кызматтан кеткен.

Алексей Коротеев Премьер-министрдин коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп дайындалды

Сапар Исаков буйрукка кол койду, ага ылайык Алексей Коротеев Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп дайындалды. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

Ал көп жылдар бою Россиядагы Б.В.Петровский атындагы илимий хирургия борборунда эмгектенген.

2004-жылы ал жүрөктүн жасалма толтосун иштеп чыккан.

2011-жылы бейтаптын ооруган жүрөгү чоңоюп кетпеши үчүн дакрондук торчо кийгизүү жолу аркылуу, жүрөктүн оор дартын дарылоонун жаңы ыкмасын ойлоп тапкан. Бул ыкма менен 115 бейтапка операция жасаган.

Россияда алгачкы жолу жүрөктүн жасалма толтосун имплантация жасап, Impella 42 жолу операция жасаган.

2005-жылы Россияда биринчи жолу EXCOR BIVAD жүрөктүн жасалма толтосун бейтапка салып операция өткөргөн.

2012-2014-жылдары «Курчат институтунун» улуттук илимий изилдөө борборунун алкагында клиникалык жумушту жасалма органдарды жасоо (биотехникалык система) менен айкалыштырган.

2017-жылы  чакан жасалма жүрөк толтосун ИНВЕНТА ойлоп тапкан, ал денеде кан тамырга жайгаштырылат.

Жүрөк кемтиги ооруларын дарылоочу Коомдук башкармалыктын мүчөсү (ОССН). (Roland Hetzer) жүрөк-кан тамыр ооруларын дарылоочу хирургдар коомунун мүчөсү. Жүрөк-кан тамыр оорулары боюнча бүткүл Россиялык хирургдар коомунун мүчөсү.

2017-жылдын март айында Кыргыз Республикасында БУУнун программалырын өнүктүрүү боюнча эксперт катары келген.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 25-августунда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде Өкмөттүн «Жаңы доорго – кырк кадам» программасын сунуштап жатып, Өкмөттүн ишмердүүлүгүндөгү эн бир приоритеттүү багыттардын бири медицина тармагындагы рак ооруларына жана жүрөк-кан тамыр илдетинен жабыркагандарга кам көрүү экенин билдирген.

Буга байланыштуу Алексей Коротеев Премьер-министрдин коомдук башталыштагы кеңешчиси катары өлкөдөгү жүрөк-кан тамыр ооруларынан жабыркаган жарандарга медициналык жардам көрсөтүү системасындагы бардык маселелер боюнча жооп берет.

Кытайдагы Элчи Азамат Усенов эки ишти айкалыштырып, Кыргызстандын Монголиядагы Элчиси болуп дайындалды

Алмазбек Атамбаев кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси  Усенов Азамат Эркинбекович Кытай Эл Республикасынын Пекин шаарындагы резиденциясы менен эки ишти айкалыштырып, Кыргыз Республикасынын Монголиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси   болуп дайындалды. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.

Назик Бейшеналы – коомдук башталышта премьер-министрдин кеңешчиси болуп дайындалды

Сапар Исаков буйрукка кол койду. Ага ылайык, Назик Бейшеналы коомдук башталышта  Кыргыз Республикасынын Премьер-Министрдин Кенешчиси болуп дайындалды. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты билдирет.

Назик Бейшеналы – Кыргызстандын 200дөн ашык айыл чарба кооперативдерди бириктируучу, Кооператив союзунун (биримдиктин) Президенти. Анын демилгеси менен 2013-жылдан бери жыл сайын Эл аралык кооперативтердин форумдары өткөрүлөт.

Өзүнүн  эмгек ишмердүүлүк жылдары КРнын НИСИнин директордун орун басары, КРнын Президентинин алдындагы Башкаруу Академиясынын изилдөө жана эл аралык кызматташуу боюнча проректору БУУнун КР Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын саясий маселелери боюнча кеңешчиси жана ошондой эле БУУнун системасында улуттук жана эл аралык конусультант катары эмгектенген.

Учурда ал Англиядагы Оксфорд университетинде «Мамлекеттик саясат политика»  багыты боюнча билим алат. Экономика  илимдеринин доктору.

Кылычбек Токтогулов Башкы прокурордун биринчи орун басары кызматынан бошотулду

Алмазбек Атамбаев кол койгон буйругуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун биринчи орун басары Токтогулов Кылычбек ээлеген кызматынан берген арызына ылайык бошотулду. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.

Боконбай Казаков Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун биринчи орун басары болуп дайындалды

Алмазбек Атамбаев кол койгон буйрукка ылайык Казаков Боконбай Джаныкеевич мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.

Медет Ахматов Э.З.Гареев атындагы Ботаникалык бактын директору кызматынан бошотулду

Сапар Исаков Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Э.З.Гареев  атындагы Ботаникалык багында  бир нече жолу чыккан өрттүн себептерин аныктоонун жыйынтыгы боюнча тиешелүү чара кабыл алды.

Э.З.Гареев  атындагы Ботаникалык бактын директорунун милдетин аткаруучу биология илимдеринин кандидаты  Медет Ахматов 2017-жылдын 13-сентябрында ээлеген кызматынан бошотулду.

2017-жылдын июль-август айларында Э.З.Гареев  атындагы Ботаникалык бактын аймагында  8 жолу өрт кырсыгы катталган. Өрт 10-100 кв. м. ге чейинки аянтты каптаган. Өрт убагында өчүрүлүп, Ботаникалык бактын аймагынан сырткары  жакка тараган эмес.

Бардык чыккан өрткө сырттан өткөн адамдардын тамеки калдыктарын таштап, жоопкерчиликсиз мамиле кылуусу себеп болгон.

Белгилей кетсек, Э.З.Гареев  атындагы Ботаникалык бактын жетекчилиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча Мамлекеттик инспекциясы тарабынан коюлган көрсөтмөлөр толук аткарылган эмес. Тактап айтканда бактар убагында суугарылбагандыктан, алардын тез кургап калышына алып келген жана куураган бактардын жалбырактары убагында тазаланган эмес.

Учурда Э.З.Гареев  атындагы Ботаникалык бакты калыбына келтирүү боюнча биринчи кезекте аткарыла турган чаралардын Концепциясынын долбоору иштелүүдө.

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы бүгүн күндө жогоруда катталган өрт кырсыгынын себептерин кайталабоо үчүн чараларды көрүп, Ботаникалык бактын кире беришинде жана бактын айланасында коргоону күчөтүү иштерин колго алды.

Меню