Menu

КЫЗМАТ-МАНСАП

Нурлан Дюшембиев Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары болуп дайындалды

Алмазбек Атамбаев кол койгон буйрукка ылайык Дюшембиев Нурлан Касымбекович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары болуп дайындалды. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.

Жогорку Кеӊеш Улуттук банктын төрагалыгына Кубанычбек Кулматовдун талапкерлигин колдоду

Жогорку Кеӊеште КР Президенти тарабынан Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагалыгына көрсөтүлгөн Кулматов Кубанычбек Кеӊешовичтин талапкерлиги каралды. Бул туурасында Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы маалымдайт.

Депутаттардан суроолоруна жооп берген талапкер Кубанычбек Кулматов Улуттук банктын башчылыгына бекип калса, банктын ишинде жана анын жетекчилигинде анчалык деле кадрдык өзгөрүүлөр болбой турганын белгиледи. «Улуттук банк азыр натыйжалуу иштөөдө. Экономикалык каатчылыкка да кыйла туруштук берди. Ошондон улам, ал азырынча кескин өзгөрүүлөрдү киргизүүгө муктаж деле эмес, бирок ишти алга жылдыруу аркеттери жасалат», – дейт ал.

Электрондук жашыруун добуш берүү жыйынтыгында Кулматов Кубанычбек Кеӊешович Улуттук банктын төрагалыгына шайланды. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин токтому кабыл алынды.

Белгилей кетсек, Улуттук банктын мурдагы төрагасы Толкунбек Абдыгулов жаӊы өкмөт курамындагы вице-премьер-министрлик кызмат ордуна дайындалган. Ал Кубанычбек Кулматов ушу тапта Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондун жетектөөдө.

ИИМдин Башкы штабынын башчысы болуп Абдиш Коомбаев дайындалды

Милициянын полковниги Коомбаев Абдыш Абазович 1969-жылы 23-февралда туулган. 1997-жылы КМУУну бүтүргөн. 2008-жылы Россия Федерациясынын ИИМнин Академия башкармалыгын аяктаган. Юридика илимдеринин доктору. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.

1987-1989-жылдары Советтик армияда кызмат өтөп, 1992-жылдан тартып ички иштер органдарында иштеп баштаган. Анын ичинен Сокулук жана Чүй РИИБнин тергөө бөлүмдөрүнүн башчысы, Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн башчысы катары жетекчилик орундарда иштеген. Кыргыз Республикасынын ички иштер органында иштеп жаткан учурунда мамлекеттик жана түзүмдүк төш белгилер менен сыйланган.

Махамаджан Иминов Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары кызматынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков буйрукка кол койду, ага ылайык, Махамаджан Иминов Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары кызматынан бошотулду. Бул туурасында Өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

Равшан Абдуллаев Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков буйрукка кол койду, ага ылайык, Абдуллаев Равшан Бахтиярович Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары болуп дайындалды. Бул туурасында Өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

Мухамметкалый Абулгазиев Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалды

Алмазбек Атамбаев бүгүн, 12 сентябрда кол койгон Жарлыкка ылайык Абулгазиев Мухамметкалый Дюшекеевич мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.

А. Мадумаров Мамлекеттик кадр кызматынын директору болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 12 сентябрда кол койгон Жарлыкка ылайык Мадумаров Акрам Камбаралиевич мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директору болуп дайындалды. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.

Юлия Калиниченко жана Бермет Турсункулова Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кеңешчилери болуп дайындалды

Сапар Исаков буйрукка кол койду. Ага ылайык Калиниченко Юлия Александровна менен Турсункулова Бермет Асанкановна Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кеңешчилери болуп дайындалды. БУл туурасында өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

Юлия Калиниченко, 1991-жылы туулган. Борбор Азиядагы Америка Университетинин бүтүрүүчүсү, Будапешттеги Борбордук-Европа Университетинин Европа таануу жана Эл аралык мамилелер боюнча магистр даражасынын ээси Венгрия (2013).

Буга чейин ал Россиянын Москва шаарында «Институт отраслевого питания» АНО долбоорунун жетекчиси, КР Президенинин Мамлекеттик башкаруу академиясынын эл аралык байланыш жана уюштуруу иштери боюнча бөлүм башчысы жана Улуттук стратегиялык илим изилдөө институтунун координатору болуп иштеген.

Ошондой эле Борбор Азиядагы Амерка университетиндеги Тянь-Шань  аналитикалык борборунун иликтөө долбоорунун координатору да болгон.

Англис, француз тилдеринде эркин сүйлөйт.

Бермет Турсункулова 1976-жылы туулган. Доцент жана саясат илимдеринин кандидаты илимий наамдарынын ээси. «Кыргыз Республикасында билим берүүнүн Отличниги».

Кыргыз Республикасындагы Эл аралык университетинин бүтүрүүчүсү (1998). Будапешттеги Борбордук-Европа Университетинин магистр даражасынын ээси Венгрия (1999).

Буга чейин Борбор Азиядагы Амерка Университетиндеги академиялык маселелер боюнча вице-президенти, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары, «Жарандык билим берүү долбоору – Борбор Азия жана Монголия» программасынын директорунун орун басары болуп иштеген.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасынын ээси, «Жарандык билим берүү долбоору» ийгиликке жетишкендиги үчүн Стефан Р. Гранд атындагы сыйлыгын алган.

Англис, француз, түрк жана венгер тилдеринде эркин сүйлөйт.

Өзбекстандын жаңы ИИМ башчысы «мунасага келбеген немис» деген ат менен белгилүү

4-сентябрда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 56 жаштагы Пулат Бабажановду ИИМ башчысы кызматына дайындады. Ушуну менен өлкөдө жыл башынан бери үчүнчү ички иштер министри алмашууда.

Өзбек өкмөтүндөгү аткаминерлердин биринин айтымында, Пулат Бабажанов прокуратура кызматкерлеринин арасында «мунасага келбеген немис» жана «сатылбас орус» деген каймана ат менен белгилүү.

– Бабажанов 2000-2005-жылдары башкы прокурордун орун басары, кийин 2005-2006-жылдары Башкы прокуратуранын алдындагы Салык жана валюта кылмыштарына каршы күрөшүү департаментинде жетекчи болуп турган кезде мекеме кызматкерлери ага «мунасага келбеген немис» жана «сатылбас орус» деген каймана ат коюшкан. Мындай ат ага таптакыр пара албагандыгы үчүн берилген. Ал эч качан мыйзамсыз аракеттерге барган эмес. Ал Бухара жана Жизак облустарында иштеп жүргөндө көйгөйлөрдү парасыз чечкен аткаминерлердин бири болгон, – деди ал.

Пулат Бабажанов Хорезм облусундагы Багат районунун таасирдүү жетекчилеринин бири, Раззак Бабажановдун үй-бүлөсүндө 1961-жылы туулган. Апасы райондун аткаруу комитетинин төрайымы, атасы партиялык жетекчи болгон.

Багат районунун улгайып калган жашоочулары Пулат Бабажанов окуучу кезинде райондук китепканадагы бардык китептерди окуп чыкканын айтып келишет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Кубанычбек Кулматов Улуттук банктын төрагалыгына сунушталды

Кубанычбек Кулматов Улуттук банктын төрагалыгына сунушталды. Бул маалыматты Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунан 24.kg маалымат агенттигине билдиришкен.

Анын талапкерлиги азыр парламенттин кароосунда.

Кубанычбек Кулматов буга чейин Бажы кызматын, Бишкек шаарынын мэриясын жетектеп келген. Учурда Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун төрагасы.

Меню