Menu

КЫЗМАТ-МАНСАП

Алмазбек Курманалиев Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды

Алмазбек Атамбаев бүгүн, 26-октябрда кол койгон  Жарлыкка ылайык  Курманалиев Алмазбек Абдиназарович Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды. Бул туурасында президенттин рамий сайты жарыялады.

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен Курманалиев Алмазбек Абдиназарович мурда ээлеген кызматынан бошотулду.

Людмила Усмановага «Юстициянын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси» атайын класстык чини берилди

Алмазбек Атамбаев кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары Усманова Людмила Юрьевнага «Юстициянын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси» атайын класстык чини берилди. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.

Жогорку Кеӊештин Төрагасынын орун басары Данияр Төлөнов кызматын тапшырат

Жогорку Кеӊештин Төрагасынын орун басары алмашат. Жыйын жүрүшүндө вице-спикер Данияр Төлөнов (“Кыргызстан” фракциясы) өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтото турганын билдирди. Бул туурасында Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы маалымдайт.

Депутат өзүнүн кызмат ордунан кетишин «Кыргызстан» фракциясынын дагы бир өкүлү Дастанбек Жумабековдун Жогорку Кеӊештин Төрагалыгына шайланышы менен байланыштырууда. «Мен бир фракциянын эки өкүлүнүн парламент жетекчилигинин курамында отурушу этикалык жактан туура эмес болуп калат деген ойдомун. Башка фракциялардын мүчөлөрүнө да мүмкүнчүлүк берүү керек. Мага ишеним көрсөткөн эл өкүлдөрүнө өтө ыраазымын, мындан ары депутат катары чогуу иштеше беребиз», – деди ал.

Андан тышкары, депутат Данияр Төлөновдун Жогорку Кеӊештин Төрагасынын орун басары кызматынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтото турганы тууралуу арыз менен кайрылганы белгилүү болду.

Чыныбай Турсунбеков кызматтан кетти: “Бийликке келүү менен бийликтен кете билүүнү салтка айлантуубуз керек”

Бүгүн, 25-октябрда Жогорку Кеңеш жыйынында Төрага Чыныбай Турсунбеков Жогорку Кеңештин Төрагасы кызматын тапшыра тургандыгы боюнча билдирүү жасады. Бул туурасында Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирет.

Чыныбай Турсунбеков өз сөзүндө саясатка 7 жыл мурун келгенин, Жогорку Кеңеш Төрагасы кызматына 1,5 жыл мурун шайланганын, бул мезгил ичинде парламентте жасалган иштерге токтолду. Анын айтымында, бул мезгил аралыгында 2020-жылга чейин Жогорку Кеңештин өнүктүрүү стратегиясынын алкагында бир катар иш-чаралар жүзөгө ашты. Жогорку Кеңештин Төрагасынын астындан ишкерликти өнүктүрүү боюнча кеңеш түзүлүп, ишкерликке баардык мыйзамдык шарттарды түзүүгө кадамдар жасалды. Ошону менен катар соңку жылдарда Жогорку Кеңештин эл аралык коомчулукта, ЕККУ, ЖККУ, КМШ ПАА, ТүркПА сындуу эл аралык уюмдарда татыктуу өз ордун көрсөтө алды. Бир катар маанилүү ратификациялык мыйзамдар кабыл алынды.

Парламент жетекчилигинен кетип жатканын айткан Чыныбай Турсунбеков демократия куруу жолунда бараткан Кыргызстанда парламенттик башкаруу формасына өтүү үчүн конституциялык реформаны аягына чыгаруу керектигин билдирди. Мындан сырткары, өлкөдө Президенттик кызмат тынчтык жолу менен өткөрүп берүү салты ишке ашып, муну менен Кыргызстан дүйнө коомчулугунда аты таанылып жатканын белгиледи. “Бийликке келүү менен бийликтен кете билүүнү салтка айлантуубуз керек”, дейт Ч.Турсунбеков.

Сөзүнүн соңунда Чыныбай Турсунбеков саясаттан кетпестигин, демократиянын өнүгүшүнө салым кошуп келе жаткан жалпыга маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө, кесиптештерине ыраазычылыгын айтты.

Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары Чыныбай Турсунбековдун парламент спикери кызматын жогорку деңгээлде аткаргандыгын, баардык эл өкүлдөрүнө калыс мамиле жасагандыгын, анын адамдык бийик сапаттарга ээ экендигин баса белгилешти.

Жогорку Кеӊеш Жогорку соттун судьясы кызмат ордуна Нургүл Асанованын талапкерлигин жактырды

Жогорку Кеӊеш КР Президенти тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы кызмат ордуна сунушталган Асанова Нургүл Молдобековнанын талапкерлигин жактырды. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин токтому кабыл алынды.

КР Президентинин Жогорку Кеӊештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Молдакун Абдылдаевдин айтымында, талапкер Нургүл Асанова 1961-жылы туулган. Жогорку билимдүү. Кыргыз улуттук университетинин юридика бөлүмүн бүтүргөн. Юридикалык иш стажы – 27 жыл, анын ичинде 13 жыл судья болуп иштеген.

Жыйынга төрагалык кылуучу Данияр Төлөнов жалпы депутаттардын атынан Нургүл Асанованы жооптуу кызматка дайындалышы жана салтанаттуу ант бериши менен куттуктап, анын ишинде ийгиликтерди каалады.

Эске салсак, «КР судьясынын статусу жөнүндө» мыйзамдын талабына ылайык, өкмөт мүчөсү парламентте ант бергенден кийин өз ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.

Депутат Дастан Жумабеков Жогорку Кеӊештин Төрагасы болуп шайланды

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы кызмат ордуна «Кыргызстан» фракциясынан Жумабеков Дастанбек Артисбековичтин, «Өнүгүү – Прогресс» фракциясынан Масалиев Исхак Абсаматовичтин талапкерлиги көрсөтүлүп, добуш берүү жыйынтыгында Дастанбек Жумабеков 80 добуш менен кыргыз парламентинин спикерлигине шайланды. Ал эми анын атаандашы депутат Исхак Масалиев 32 добушка ээ болду. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин токтому кабыл алынды. Бул туурасында Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирди.

Жогорку Кеӊештин Төрагасынын орун басары Данияр Төлөнов жалпы депутаттардын атынан Дастанбек Жумабековду Жогорку Кеӊештин Төрагалыгына шайланышы менен куттуктап, анын жооптуу ишинде ийгиликтерди каалады.

Жогорку Кеӊештин жаӊы төрагасы Дастанбек Жумабеков чоӊ ишеним көрсөткөнү үчүн депутаттарга ыраазычылык билдирип, эл өкүлдөрүн журт кызыкчылыгын коргоо, калк көйгөйүн чечүү, кыргыз парламентинин абыроюн арттыруу, өлкөнүн мыйзамдык базасын өркүндөтүү жаатында мындан ары да биргелешип иш алпарууга чакырды. Ал таза жана калыс иштеп,өз кесиптештеринин ишенимин актоого аракет жасай турганын кошумчалады.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков 1976-жылы Талас областындагы Кара-Буура районунун Саткей айылында туулган. Жогорку билимдүү. 2001-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин “юриспруденция” адистиги боюнча бүтүргөн. 2010-2015-жылдары V жана VI чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. «Кыргызстан» парламенттик фракциясынын мүчөсү болуп саналат.

Белгилей кетек, «Кыргыз Республикасынын Регламенти жөнүндө» мыйзамдын 19-беренесинин талабына ылайык, Жогорку Кеӊештин Төрагасы бюллетень аркылуу жашыруун добуш берүү менен шайланат.

Эркин Асрандиев Россия-Кыргыз өнүктүрүү Фонду Башкармалыгынын төрагасы болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков буйрукка кол койду, ага ылайык  Асрандиев Эркин Шамшудинович Россия-Кыргыз өнүктүрүү Фонду Башкармалыгынын төрагасы болуп дайындалды. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

Фонддун жамаатына жаңы төраганы Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Толкунбек Абдыгулов тааныштырды.

Гульнура Торалиева КР Премьер-министринин кеңешчиси болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков буйрукка кол койду, ага ылайык Торалиева Гульнура Тынчтыкбековна Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кеңешчиси болуп дайындалды. Бул туурасында Өкмөттүн сайтында маалымдалды.

Гульнура Торалиева Бишкек шаарында 1984-жылы 8-июнда төрөлгөн.

Жогорку билимдүү. 2006-жылы Кыргыз-Россия Славян университетинин эл аралык мамилелер факутльтетин, 2010-жылы Улуу Британиядагы эң алдыңкы жогорку окуу жайлардын бири Лондон Сити Университетинин (City University London) журналистика факультетин аяктап, 2013-жылы РФ илимдер Академиясынан филология илимдеринин кандидаты илимий наамын алган.

Эмгек жолун 2003-жылы согуш жана тынчтыкта чагылдыруучу институтта аналитик болуудан баштаган. Андан соң, 2006-2008-жылдары Коомдук саясат институтунун программалык директору болуп, сөз эркиндиги, укук, мамлекеттик башкаруу сыяктуу эл аралык донорлор тарабынан каржыланган ЖМК боюнча 25 ашык долбоорлорду жетектеген.

Мамлекеттик кызматкерлер, журналисттер, студенттер, эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнө 300дөн ашык билим берүү семинарларын өткөргөн.

2008-2009-жылдары Би-Би-Си (BBC) Дүйнөлүк фондунун программалык директору болуп иштеген.

2010-2012-жылдары Борбор Азиядагы Америка университетинде «Журналистика жана массалык коммуникация» факультетин жетектеген.

2012-2016-жылдары Борбор Азиядагы Америка университетинде «Журналистика жана массалык коммуникация» факультетинде улуу окуутуучу болуп эмгектенген.

2013-2014-жылдары Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаевдин  стратегиялык байланыш жаатындагы мамлекеттик кызматкерлердин дараметин жогорулатуу, ошондой эле коомчулук менен байланышуу боюнча консультанты болуп иштеген.

2014-2015-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген.

2015-жылы аткаруучу директорлук кызматта ЖККУнун  Академиясын жетектеген. Акыркы жылдары Дүйнөлүк банктын, Азия өнүктүрүү банкынын, ЮСАИД, ПРООНдун эл аралык консультанты болуп иштеген. 500дөн ашык илимий жана журналисттик публикациялардын, журналистика жана коомчулук менен байланыш боюнча окуу маалымдамаларынын автору.

КР Премьер-министрдин кеңешчиси кызматында Гульнура Торалиева КР Өкмөтүнүн маалыматтык саясатын «Ачык маалыматтар», «Ачык Өкмөт», программаларынын ишке ашуусун  көзөмөлдөп,  мамлекеттик кызматкерлердин ачык ишин камсыз кылууда эл аралык умюдар, байкоочулар, кеңешчилер менен иш алып барат.

Сапар Исаковдун жаны пресс-катчысы болуп Урмат Кабылова  дайындалды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков буйрукка кол койду, ага ылайык, Кабылова Урмат  Нарзиевна Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин пресс-катчысы болуп дайындалды. Бул туралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

 

Буга чейин Кабылова Евробиримдиктин Кыргызстандагы медиа-консультанты болуп эмгектенип келген.

 

Кыргыздрамтеатрдын мурунку жетекчиси Нарындагы театрдын директору болуп дайындалды

Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрынын мурунку жетекчиси Темирлан Сманбеков М.Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык драма театрынын директору болуп дайындалды. Бул туурасында маданият министрлигинен маалымдашты.
Маалыматка ылайык, тийиштүү буйрукка маданият министри Түгөлбай Казаков кол койгон.
Меню