Menu

КЫЗМАТ-МАНСАП

Жеңиш Разаков Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды

Алмаз Атамбаев кечээ, 26-августта кол койгон  Жарлыкка ылайык  Разаков Жеңиш Парпиевич  Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды.

Бул тууралу КР Президенттик аппаратынын расмий сайты маалымат таратты.

 

Арзыбек Кожошев Кыргыз Республикасынын экономика министринин милдеттерин аткаруудан бошотулду

Алмаз Атамбаев кечээ, 26-августта кол койгон  Жарлыкка ылайык, Кожошев Арзыбек Орозбекович мурда жүктөлгөн Кыргыз Республикасынын экономика министринин милдеттерин аткаруудан бошотулду.

Бул тууралу КР Президенттик аппаратынын расмий сайты маалымат таратты.

Сапар Исаков Кыргыз Республикасынын Премьер-министри болуп дайындалды

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 26-августта, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 84-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык Исаков Сапар Джумакадыровичти мурда ээлеген кызматынан бошотуп, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындоо тууралуу Жарлыкка кол койду. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.

Алмазбек Атамбаев подписал Указы о назначении членов Правительства Кыргызской Республики

Алмазбек Атамбаев сегодня, 26 августа, в соответствии с частью 5 статьи 84 Конституции Кыргызской Республики подписал Указы о назначении членов Правительства Кыргызской Республики. Об этом сообщает пре

Согласно Указам Главы государства:

Момуналиев Нурханбек Сакенович назначен Руководителем Аппарата Правительства – министром Кыргызской Республики, освободив от ранее занимаемой должности;

Абдылдаев Эрлан Бекешович назначен министром иностранных дел Кыргызской Республики и освобожден от исполнения ранее возложенных обязанностей;

Исраилов Улан Джумабекович назначен министром внутренних дел Кыргызской Республики и освобожден от исполнения ранее возложенных обязанностей;

Ахметов Уран Тулондиевич назначен министром юстиции Кыргызской Республики и освобожден от исполнения ранее возложенных обязанностей;

Касымалиев Адылбек Алешович назначен министром финансов Кыргызской Республики и освобожден от исполнения ранее возложенных обязанностей;

Новиков Артем Эдуардович назначен министром экономики Кыргызской Республики и освобожден от ранее занимаемой должности;

Мурашев Нурбек Мурпазылжанович назначен министром сельского хозяйства, пищевой промышленности и мелиорации Кыргызской Республики и освобожден от исполнения ранее возложенных обязанностей;

Жамшитбек Калилов назначен министром транспорта и дорог Кыргызской Республики и освобожден от исполнения ранее возложенных обязанностей;

Боронов Кубатбек Айылчиевич назначен министром чрезвычайных ситуаций Кыргызской Республики и освобожден от исполнения ранее возложенных обязанностей;

Кудайбердиева Гульмира Каримовна назначена министром образования и науки Кыргызской Республики и освобождена от исполнения ранее возложенных обязанностей;

Батыралиев Талантбек Абдуллаевич назначен министром здравоохранения Кыргызской Республики и освобожден от исполнения ранее возложенных обязанностей;

Казаков Тугелбай Токтогулович назначен министром культуры, информации и туризма Кыргызской Республики и освобожден от исполнения ранее возложенных обязанностей;

Исакунова Таалайкул Базаркуловна назначена министром труда и социального развития Кыргызской Республики и освобождена от исполнения ранее возложенных обязанностей;

Cегизбаев Абдил Кенешевич назначен председателем Государственного комитета национальной безопасности Кыргызской Республики и освобожден от исполнения ранее возложенных обязанностей;

Рыскулов Уланбек Дуулатович назначен председателем Государственного комитета промышленности, энергетики и недропользования Кыргызской Республики;

Абасканов Нурбек Эсенканович назначен председателем Государственного комитета информационных технологий и связи Кыргызской Республики;

Касымкулов Мирбек Абдыкаимович назначен председателем Государственного комитета по делам обороны Кыргызской Республики и освобожден от исполнения ранее возложенных обязанностей.

Толкунбек Абдыгулов Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри болуп дайындалды

Алмазбек Атамбаев бүгүн, 26-августта, кол койгон  Жарлыктын негизинде Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 84-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри болуп дайындалды. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.

Баевди МАИни кыйратып жибергенсип эми штабды жетектетип коюшканы - карапайым калкты шылдыңдагандары

Ички иштер министрлигинин Башкы штабын мындан ары Эркин Баев жетектейт. Муну угуп алып, эмне Баевден башка кадр жок беле деп суроо бергибиз келип жатат. Эркин Баев буга чейин ИИМдин Кайгуул башкы башкармалыгын жетектеп келген. Ал жерди жыргаткан жок. Жол кырсыгынын саны саат сайын өстү, адамдар кырылды. Айдоочуларды тартипке келтире албады. Бишкекте машинени номери жок, мас, документи жок айдаган айдоочулар ээн-эркин жүрүп калышты. Баевдин элге кылган кызматы ушулбу? МАИни кыйратып жибергенсип эми штабды жетектетип коюшканы – карапайым калкты шылдыңдагандары. Эл акыры силерди өз ордуңарга коёт.

Булак: “Ачык саясат”

Сапар Исаков сунуш кылып жаткан жаңы өкмөттүн курамы

Сапар Исаков (40 жашта) – Премьер-министр
Толкунбек Абдыгулов (41) – Биринчи вице- премьер-министр
Дүйшөнбек Зилалиев (44) –Экономикалык маселелер боюнча вице-премьер-министр
Темир Жумакадыров (38) –Коопсуздук маселелери боюнча вице-премьер-министр
Чолпон Султанбекова (48) – Социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министр
Артем Новиков (30) – Экономика министри
Адылбек Касымалиев (57) – Каржы министри
Нурбек Мурашев (42) – Айыл чарба министри
Жамшитбек Калилов (60) – Транспорт министри
Уран Ахметов (37) –Юстиция министри
Эрлан Абдылдаев (51) – Тышкы иштер министри
Улан Исраилов (44) – Ички иштер министри
Кубатбек Боронов (53) – ӨКМ министри
Түгөлбай Казаков (66) – Маданият министри
Талантбек Батыралиев (57) –  Саламаттыкты сактоо министри
Таалайгүл Исакунова (50) –Эмгек жана соцөнүгүү министри
Улан Рыскулов (44) – Өнөр-жай жана энергетика комитет башчысы
Нурбек Абасканов (36) – Байланыш комитетинин башчысы
Нурханбек Момуналиев (46) – Өкмөт аппаратынын жетекчиси
Абдил Сегизбаев (44) – УКМК жетекчиси
Мирбек Касымкулов (49) – Коргоо иштери мамкомитет жетекчиси
Гүлмира Кудайбердиева (51) – Билим берүү жана илим министри

Булак: Кyrgyztoday.kg

Жогорку Кеңеш Сапар Исаковду премьер-министр кызматына шайлады жана өкмөттүн жаңы курамын бекитти

Бүгүн, 25-августта КР Жогорку Кеңешинин кезексиз жыйыны КСДП баштаган башкаруучу коалиция сунуштаган Сапар Исаковду КР премьер-министр кызматына шайлады.

Аны менен катар парламент Сапар Исаков сунуштаган өкмөттүн структурасын жана курамын да бекитип берди. Добуш берүү учурунда жыйында катталган 103 депутаттын 97си “макул”, 6 депутат “каршы” добуш беришти.

Жаңы бекитилген КР өкмөтүнүн курамы:

Сапар Исаков (40 жашта) – Премьер-министр
Толкунбек Абдыгулов (41) – Биринчи вице- премьер-министр
Дүйшөнбек Зилалиев (44) –Экономикалык маселелер боюнча вице-премьер-министр
Темир Жумакадыров (38) –Коопсуздук маселелери боюнча вице-премьер-министр
Чолпон Султанбекова (48) – Социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министр
Артем Новиков (30) – Экономика министри
Адылбек Касымалиев (57) – Каржы министри
Нурбек Мурашев (42) – Айыл чарба министри
Жамшитбек Калилов (60) – Транспорт министри
Уран Ахметов (37) –Юстиция министри
Эрлан Абдылдаев (51) – Тышкы иштер министри
Улан Исраилов (44) – Ички иштер министри
Кубатбек Боронов (53) – ӨКМ министри
Түгөлбай Казаков (66) – Маданият министри
Талантбек Батыралиев (57) –  Саламаттыкты сактоо министри
Таалайгүл Исакунова (50) –Эмгек жана соцөнүгүү министри
Улан Рыскулов (44) – Өнөр-жай жана энергетика комитет башчысы
Нурбек Абасканов (36) – Байланыш комитетинин башчысы
Нурханбек Момуналиев (46) – Өкмөт аппаратынын жетекчиси
Абдил Сегизбаев (44) – УКМК жетекчиси
Мирбек Касымкулов (49) – Коргоо иштери мамкомитет жетекчиси
Гүлмира Кудайбердиева (51) – Билим берүү жана илим министри

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эркин Баев ИИМдин Башкы штабынын башчысы болуп дайындалды

Эркин Баев ИИМдин Башкы штабынын башчысы болуп дайындалды. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.

Баев Эркин Кочкорович-милициянын полковниги. 1967-жылы 26-майда туулган. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин аяктаган. Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.

Эмгек жолун 1989-жылы ички иштер органында милиция кызматынан баштаган. Ошондой эле ар кандай жетекчилик кызматтарда: Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук коопсуздук башкы башкармалыгынын башчысы, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Патрулдук милиция башкы башкармалыгынын башчысы кызматын аркалаган.

Кыргыз Республикасынын ички иштер органында иштеп жаткан учурунда мамлекеттик жана түзүмдүк төш белгилер менен сыйланган.

 

Өкмөттүн курамындагы болжолдуу өзгөрүүлөр белгилүү болду

Эртең, 25-августта Жогорку Кеңеш жаңы өкмөттү түзүү боюнча кезексиз жыйынга чогулат.

КСДП баштаган парламенттик көпчүлүк коалициясы президенттин аппарат башчысы Сапар Исаковду (40 жашта) премьер-министрлик кызматка сунуштайт.

АКИпресс жазганына караганда, биринчи-вице-премьер  Мухамметкалый Абулгазиевдин ордун Улуттук банктын башчысы Толкунбек Абдыгулов (41 жашта) ээлеши мүмкүн.

Олег Панкратовдун ордуна Дүйшөнбек Зилалиев (44 жашта) Вице-премьер болушу ыктымал жана Коопсуздук кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров (38 жашта) курал жана чек ара боюнча иш алып барчу вице-премьерликке каралууда.  Ал Жеңиш Разаковду алмаштырат деп айтышууда.

Андан сырткары экономика министри Арзыбек Кожошев жана өкмөттүн аппаратынын башчысы Акылбек Осмоналиев да алмаштырылышы ыктымал. Кожошевдин ордун президенттин аппаратынан Артем Новиков (30 жашта), Осмоналиевдин ордуна Нурханбек Момуналиев (46 жашта) келиши мүмкүн.

АКИпресске депутат Рыскелди Момбековдун билдиргенине караганда, финансы министринин кызматына Мухаммедкалый Абулгазиев (49 жашта), Байланыш мамлекеттик комитетинин башчысына Нурбек Абасканов (36 жашта) көрсөтүлүүдө.

Меню