Menu

КЫЗМАТ-МАНСАП

“Толкунбек Абдыгуловду Улуттук банктын төрагасы кызмат ордунан бошотуу жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынды

Бүгүн, 6-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Толкунбек Сагынбекович Абдыгуловду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору каралды. Бул туурасында Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирет.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Молдакун Абдылдаев Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын кызмат ордунан Т.С.Абдыгуловду өз каалосуу боюнча мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө арызы Жогорку Кеңештин Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында каралгандыгын маалымдап, Т.Абдыгуловдун арызын канааттандырып берүүсүн өтүндү.

Ачык электрондук добуш берүүнүн жыйынтыгында Т.С.Абдыгуловду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору кабыл алынды.

Эске салсак, 2017-жылдын 25-августунда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны болуп, анда КР Өкмөтүнүн жаңы курамы куралып, Толкунбек Абдыгулов КР Өкмөтүнүн 1-вице-премьер-министри кызмат ордуна бекиген.

Талант Султанов Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кеңешчиси болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков буйрукка кол койду. Ага ылайык Султанов Талант Исакович  Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кеңешчиси болуп дайындалды. Бул туурасында өкмөттүн аппаратынын маалымат кызматы билдирет.

Талант Султанов, 1978-жылы туулган, Гарвард университетинин профессионалдык билим берүү программасынын бүтүрүүчүсү (2016), финансы тармагы боюнча Колумбия университетинин магистрдин даражасын аяктаган (2006), жана Сан-Франциско университетинин бакалавр даражасын (1999) артыкчылык диплому менен бүтүргөн.

Талант Султанов «Таза Коом» программасы боюнча жумушчу топтун координатору. Буга чейин Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык изилдөө институтунун директору жана Борбор Азиядагы Америка университетинин финансы тармагы боюнча Вице-президенти болуп иштеген.

Ошондой  эле ал Дүйнөлүк банктын Вашингтондогу штабында жана Алматыдагы  Борбор Азиялык кеңсесинде да эмгектенген.

Сүйүнтбек Аликеев Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков буйрукка койду. Ага ылайык Аликеев Сүйүнтбек Сакыевич Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

Эсенкул Момункулов премьер-министрдин кеңешчиси болуп дайындалды

Сапар Исаков буйрукка кол койду. Ага ылайык Момункулов Эсенкул Дүйшөнкулович Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кеңешчиси болуп дайындалды. Бул туурасында өкмөттүн расмий сатй жарыялады.

Эсенкул Момункулов, 1978-жылы туулган. Германиядагы Гейдельберг университетинин бүтүрүүчүсү (2008),  АКШ дагы Миннесота  университетинде илим изилдөөчү болуп иштеген (2012).

Буга чейин   КР Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүндө эксперт (2011) жана КР Президентинин  Аппаратынын кадрдык иштер, аймактык жана мамлекеттик башкаруу бөлүмүнүн инспектору (2013) болуп эмгектенген.

Ошондой эле 2015-жылы Өкмөттүн Аппаратынын жетекчисинин кеңешчиси болуп да кызмат өтөгөн.

Акыркы кезде  Эсенкул Момункулов түрдүү инвестициялык долбоорлордун үстүнөн иштеп келген.

Өзбекстанда президенттин басма сөз катчысы менен УТРК башчысы жумуштан алынды

Өзбекстанда президенттин басма сөз катчысы Асаджон Хаджаев менен Улуттук телерадиокомпаниянын төрагасы Бабур Алиханов жумушан алынды. Бул тууралуу өзбек ММКлары билдиришти.

Асаджон Хаджаев басма сөз катчылыкка ушул жылдын мартында, Бабур Алиханов УТРКнын төрагалыгына февралда дайындалган.

Kun.uz маалыматтык сайты өз булактарына шилтеме кылып жазгандай, эки аткаминердин кызматтан алынышы өз ара байланыштуу. Басылманын маалыматына караганда, Хаджаев менен Алиханов 25-августта Самаркандда башталган “Шарк тароналари” аттуу эл аралык музыкалык фестивалды чагылдырууда кетирген каталарынан улам жумуштан бошотулган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ислам Каримовдун кызы ЮНЕСКОдогу элчилик кызматтан кетти

28-августта Өзбекстандын туңгуч президенти Ислам Каримовдун кичүү кызы Лола Каримова-Тилляева өлкөнүн ЮНЕСКОдогу өкүлү кызматынан кетип жатканын билдирди.

Reuters агенттиги кабарлагандай, 39 жаштагы Каримова-Тилляева убактысынын көбүн атасынын атындагы кайрымдуулук кордун ишмердүүлүгүнө жардам берүүгө жумшай тургандыгын айтты.

“Алдыда үй-бүлөмө, максаттарыма, Ислам Каримов атындагы корго, ошондой эле башка чыгармачылык, кайрымдуулук жана маданий долбоорлорго көбүрөөк көңүл бурайын дедим. Ушул себептен ЮНЕСКОдогу элчилик кызматтан баш тартууну туура деп таптым”, – деп билдирди ал.

Маркум президент Каримовдун учурда Батышта жашап жүргөн кичүү кызы жакынкы убактарда Өзбекстанга кайтып келер-келбесин ачык айткан жок.

Мурдагы президенттин улуу кызы, кезинде Өзбекстандын БУУдагы элчиси болгон Гүлнара Каримова азыр камакта. Өзбек бийликтери ал 2015-жылы беш жылга “эркиндигин чектөөгө” кесилгенин, ал эми Каримованын өнөктөштөрү опузалоо, акча уурдоо жана салык төлөөдөн качканы үчүн соттолгонун өткөн айда расмий жарыялашкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Түркмөнстандын чек ара кызматынын башчысынын аскер наамы төмөндөтүлдү

“Азаттыктын” түркмөн кызматынын билдиришинче, Ахал облусунда “Ислам мамлекети” тобунун айрым жоочулары качып кеткендиктен президент ушундай чечим кабыл алган.

“Июлдун ортосунда Ахал жана Марый облустарынын аймактарында ИМ тобунун 4-5 жоочусун кармоо боюнча атайын операция өткөн. Үчөө колго түшүрүлгөн, бирок бир нечеси качып кетүүгө үлгүргөн. Президенттин катышуусундагы күтүүсүз аскердик машыгуу дагы ушуга байланыштуу өткөрүлгөн. Чек ара кызматын мактаганына карбай, бир нече аптадан кийин ал генерал Гундогдыевдин наамын полковникке чейин төмөндөттү”, – деди өз булак.

Чек ара кызматын 2016-жылдан бери жетектеп келе жаткан Бегенч Гундогдыевдин наамы биринчи жолу төмөндөтүлүп жаткан жок. 2011-жылы коргоо министри болуп турганда Гундогдыев аскер даражасы “кызматтык милдеттерин канаатандыраарлык эмес аткаргандыгы үчүн” полковник наамына чейин төмөндөтүлгөн. Буга 2011-жылы Абадан шаарында ок-дары сакталган кампанын жарылышы себеп болгон. Кырсыктан 15 киши набыт кеткен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Гульнура Торалиева өкмөттүн басма сөз кызматынын жетекчиси болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын премьер-министри Сапар Исаков буйрукка кол койду. Ага ылайык, Гульнура Торалиева өкмөттүн аппаратынын маалымат бөлүмүнүн жетекчиси болуп дайындалды. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты маалымдады.

Нурсулу Ахметова КР Президенттик аппаратынын финансы-экономикалык талдоо жана өнүгүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды

Алмаз Атамбаев кечээ, 26-августта кол койгон Жарлыкка ылайык Ахметова Нурсулу Меирбековна Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын финансы-экономикалык талдоо жана өнүгүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.

Бул тууралу КР Президенттик аппаратынын расмий сайты билдирет.

Мухамметкалый Абулгазиев Президенттин кеңешчиси болуп дайындалды

Алмаз Атамбаев кечээ, 26-августта кол койгон  Жарлыкка ылайык  Абулгазиев Мухамметкалый Дюшекеевич  Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси болуп дайындалды.

Бул тууралу КР Президенттик аппаратынын расмий сайты маалымат таратты.

Меню