Menu

ШОУ-БИЗНЕС

Видео - "Балээнин баары ошол ууртагандан башталат". Илим Карыпбеков Гүлнур Сатылганова тууралуу ой-пикирин айтты

Бүгүн, 30-октябрда КТРКнын мурунку жетекчиси Илим Карыпбеков өзүнүн Инстаграм баракчасына КРнын Эл артисти Гүлнур Сатылганованын түн ичинде мас абалында унаа айдап бара жатып кармалган окуя боюнча өз ой-пикирин айтты.

“Азыр социалдык тармактардын көпчүлүк бөлүгү Гүлнур Сатылганованы колдоп жатышат. Ушул Эл артистибизди сыйлап коюшпайт деп жанагы МАИ кызматкерлерин, оператор-журналист балдардын итин чыгарып жатышат. Гүлнур Сатылганованы “Мен кыргызмын” – деген адамдын баары сыйлайт. Менин ал менен өзгөчө достук мамилем бар, мен дагы сыйлайм, жакшы көрөм, урматтайм. Силер айтып жатасыңар, кичине ууртап коюптур эмне болмок эле деп. Балээнин баары ошол ууртагандан башталат. Сен ким болбогун мыйзамды так сакташ керек. Мыйзам боюнча ичкен болбойбу, отурба рулга.

Гүлнур Сатылганованы видеотасмага тартып чыгардыңар, эмне таптыңар?, – деп жатасыңар. Мен айтам эмне таптык экенин. Биринчиден, ошону көрсөткөндөн кийин Сатылганова мындан кийин өлүп баратса дагы кичине ууртап коймок турсун, жыттап койсо дагы рулга отурбай калат. Экинчиден, эгерде мас абалында Гүлнур Сатылганованы кое берип койгондо, андан ары эмне болуп кетээрин ким билет. Бул видеотасманы башка артисттер көргөндөн кийин алар дагы мас абалында рулга отурбай калышат. Биз ушуларды таптык”, – деди Карыпбеков.

Ошондой эле, ал МАИ кызматкерлерине ыраазычылык билдирди. Анткени алар сылык-сыпаа менен жумушун так аткарышкан.

Эске салсак, социалдык тармактарга КРнын Эл артисти Гүлнур Сатылганова мас абалында унаа айдап бара жатып, кармалган видеотасма тараган. Анда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери ырчыны экспертизага алып барган, ал Сатылганованын мас экендигин тастыктаган. Анын “Toyota Land Cruiser Prado” унаасы айып төлөөчү жайга токтотулган.

https://www.instagram.com/tv/CG9q7uTjNkT/?igshid=h8ra0eyz0zqr

Видео - КРнын эмгек сиңирген артисти Гүлнур Сатылганова мас абалында унаа айдап бара жатып, кармалды

КРнын эмгек сиңирген артисти Гүлнур Сатылганова унаа башкарып бара жатып мас абалда болгон. Аны жол эрежесин бузгандыгы жана төлөнбөгөн айып пул үчүн Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери токтоткондон кийин белгилүү болду.

Анда ырчы жакында эле айып пул төлөгөндүгүн айткан.

“Мен ар дайым айып пул төлөйм, жакында эле беш айып пул төлөдүм. Башкалар жөнүндө билдирүү келе элек” – деди Сатылганова.

Бирок инспектор айып пулдар тутумунда анын төлөнбөгөн мыйзам бузууларынын бардык тизмесин көрсөттү. Алардын саны 12 болгон. Ошондон кийин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери ырчыны экспертизага алып барган, ал Сатылганованын мас экендигин тастыктаган. Анын “Toyota Land Cruiser Prado” унаасы айып төлөөчү жайга жөнөтүлдү.

Анжелика: "Биздин №1 примадоннабыз - Гүлнур Сатылганова. Видеону көрдүм, ал бир ай мурун болгон окуя"

Бүгүн, 30-октябрда ырчы Анжелика өзүнүн Инстаграм баракчасына КРнын Эл артисти Гүлнур Сатылганованын түн ичинде мас абалында унаа айдап бара жатып кармалган окуя боюнча өз ой-пикирин жазды.

Анын айтымында, бул бир ай мурун болгон окуя.

“Биздин №1 примадоннабыз – Гүлнур Сатылганова. Ар дайым жакшы сөзүн бизге арнап, батасын берип, шоу-бизнестин жаштарынын жакшылыктарында төрдүн көркүн ачып, баарыбызга тегиз караган, элибиздин сүйүктүү Эл артистине сөз тийгизбейбиз.

Баарыбызга чоң сабак болду. Жаңы эле ал видеону кокустан көрүп калдым. Көрсө, бир ай мурунку окуя экен. Кайгуулдун мактанаарлык көрсөткүч видеосу ушундай болдубу? Атайлап азып чыгаргандарын. Эх… жакшы нерсе эч айтылбай, бизде жаман нерсе эле бат жайылчу болду” – деди Анжелика.

Эске салсак, социалдык тармактарга КРнын Эл артисти Гүлнур Сатылганова мас абалында унаа айдап бара жатып, кармалган видеотасма тараган. Анда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери ырчыны экспертизага алып барган, ал Сатылганованын мас экендигин тастыктаган. Анын “Toyota Land Cruiser Prado” унаасы айып төлөөчү жайга токтотулган.

Ырчы Алмаз Шаадаев башынан операция болду

Ырчы Алмаз Шаадаев кечээ, 9-январда башынан операция болду. Бул тууралуу ал өзү “Instagram” баракчасына жазып, төмөндөгүдөй пост калтырды.

Анда ал: “Кудай шүгүр, ойгондум. Операция эки саатка созулуп, ийгиликтүү аяктады. Ден соолугумду сурап жаткан баарыңарга ырахмат!”,-деп жазган.

Анын айтымында, чекесине шишик чыгып, чоңоюп кеткен. Дарыгерлер липома деген диагноз койгон.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Ырчы Нияз Абдыразаков ажы болдубу?

Ырчы, аранжировщик Нияз Абдыразаков учурда Сауд Арабияда, умра (кичи ажылык) сапарында жүрөт. Бул тууралуу ал өзү ошол жактан түшкөн сүрөттөрүн социалдык тармактарга жайгаштырып, көптөн берки кыялы аткарылганын жазууда. Анын айтымында, Сауд Арабиясына 41 адам менен барган, Меккеде 7 күн жүрөт.

Нияз Абдыразаков белгилүү ырчы Ильяс Абдыразаковдун бир тууган иниси.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ырчы Дилшат Кангелдиева Мирлан Самыйкожого болгон таарынычын айтты

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Дилшат Кангелдиева КТРКнын көркөм жетекчиси Мирлан Самыйкожого нааразычылыгын билдирип, коомдук каналдын “Көгүлтүр отуна” чакырылбай калганын Фейсбуктагы баракчасына кечээ, 19-декабрда жазып чыкты.

“Мен КТРКнын көркөм жетекчиси Мирлан Самыйкожого жакпайт экенмин. 1988-жылдан бери эшек такалап жүргөн кишидей эле көрөт экен. Улуттук филармонияга ошол жылдан киргенден баштап, алгачкылардан болуп чыгыш, батыш, чет өлкөнүн баарына Кыргыздын маданиятын тартуулап, пропагандалап келе жатканымды айтпай эле коеюн. Анча мынча салым кошуп эле келетам. Калжайып карып деле калганым жок, бирок Көгүлтүр отуна батпай калганымды айткым келди. Былтыр эптеп батырышкан болчу. Быйыл жаңы жетекчи келип батпай калыпмын” – деп таарынычын жазган.

https://www.facebook.com/photo.php?fbid=1329591180547358&set=a.180400735466414&type=3&eid=ARCklmdjtc9b7ELkZXAwIqdzbBtXrJV8hbHdrZgHH136M_bZvUAvzx_07a8TbuEk6YwV7moa_gcurSyf

Булак: «KyrgyzToday»

Казакстан Жаңы жылдык кечеге 100 миң еврого София Ротаруну чакырса, ал баш тартып коюптур. Эмнеге?

Белгилүү ырчы София Ротару Казакстандын чакыруусунан баш тартты. Бул тууралуу ырчынын концерттик директору Сергей Лавров “Газету.Ru” маегинде билдирген.

Анын айтымында, София Ротаруну Казакстан жаңы жылдык кечеге 100 миң еврого (43 миллион тенгеге) чакырышса, ырчы баш тартып койгон. Себеби, ал бир эле ырга жол жүргүсү келбейт экен.

Булак: KyrgyzToday.kg

Бек Борбиев, ырчы: «Иним милицияга берип, кечирим суратам деп ызырынып жүрөт»

“Борбиев личкаңызга акыбызды сурап жаздык, жооп жок. 70 000ди садака кылдык”,-деп бирөөлөр Бек Борбиевге жазганын социалдык тармактарга тарса, аны бөлүшүп, кызуу талкууга алышты. Ырчы аларга жооп кайтарып, өзүнүн “Фейсбуктагы” баракчасына төмөндөгүдөй пост калтырды.

Ушундай пост жазылыптыр. Жооп бербей коеюн десең, мага садака кылып жатса, унчукпай коюш туура эмес. Анда сөз башынан болсун. Бул акча сурап жаткан жигит өзбек улутундагы Мурод деген жигит, 2010-жылы менин кафемде устачылык кылып иштегенге барыптыр, Марат деген жигиттин бригадасы менен. Ал кафени 10 жылдай курдум окшойт, ошондуктан мен ким иштеп жатканы жөнүндө кабарым болгон эмес. Инимдин айтуусунда, 2010-жылкы Ош коогалаңы чыкканда бул балдар эсебин алып, тагыраак айтканда, 25 миң сом алып (объектисин бүтүрбөй) кетип калышат. Кийин алар келбей койгон соң, башка усталар ал объектини бүтүрүп, акысын алып кетишиптир. Мурод деген жигит кийин мага жазып, акча сураганда, мен түшүндүрүп, “бригадир менен сүйлөшүп, чечип алгыла”,- деп айттым эле. Эми мага садака кылып, турганына жол болсун. Унчукпай коеюн десем, кечээ Кудрет иничек чоң пост кылып жазып алыптыр, айла жок жазышка туура келди.
Иним милицияга берип, чындыкты тактап, кечирим суратам деп ызырынып жүрөт.. Мен кой дедим.. Кудай баарына күбө. Жараткандын алдында баары жазасын алат, убагы келгенде”,-деп бүтүргөн сөзүн ырчы Б.Борбиев.

Булак: KyrgyzToday.kg

Миргүл Бообекова, "Миссис Кыргызстан - 2019": "Сынак мага чоң дем-күч берди"

“Кызы кыйын кыргыздын” деп элибиз бекеринен айтпаса керек. Бүгүнкү каарманыбыз Миргүл Бообекова биринчи кезекте мээримдүү эне, камкор жубай жана да өлкөнүн сулуу айымы болуп саналат. Ал 27-45 жаштагы айымдар арасында өткөн «Кыргызстандын сулуу айымы – 2019» сынагынын жеңүүчүсү жана «МRS. ASIA INTERNATIONAL  2019» сынагынын
катышуучусу жана жеңүүчүсү. Өлкөбүздө көп кыз-келиндер үлгү алчу айым десек жаңылышпайбыз. Каарманыбыз менен жакындан таанышсак.

—Миргул, алгач өзүңүздү тааныштыра кетсеңиз, кайсы жердин кызы болосуз?

—Мен, Миргүл Бообекова Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-суу районунда Кереге-Таш айылында туулуп өскөнмүн. Учурда 2 баланын апасымын. Уулум 15 жашта болсо, кызым 2 жарым жашта. Жогорку билимди КГУСТАдан алгам, экономика факультетин аяктагам.

—Өлкөбүздө айымдар арасында өткөн сынакта жеңүүчү болуптурсуз, кандайча катышып калдыңыз эле?

—Кыргызстанда өткөн сынакка курбумдун сунушу менен катышып калгам. Кастинг болуп жатканын айткан, барып катышып кастингден өтүп кеттим. Анан даярданып баштадым. Жалпы сынак боюнча айта кетсем, сынакта 100 кыз болчубуз. Тандалып отуруп акырында 28 кыз калдык. Ошол кыздар 3 ай бою даярдандык, бир үй-булөдөй болуп калдык. Сынакта жеңүүчү болуу оңойго турган жок деп айтат элем. Себеби бул сынак турмушка чыккан, бака-бакыралуу айымдардын  арасында ойнотулчу конкурс болгондуктан, үй-бүлө менен чогуу алып кетиш керек болчу. Таланттарыбызды көрсөтчү талаптары дагы жогору эле. Даярдануу аябай кызыктуу болуп жатты.

—Талапкерлер арасында атаандашуу болдубу?

—Албетте. Канчалык ыйтымактуу болуп, бир үй-бүлөдөй болгонубуз менен бири-бирибизге карап атаандашуу болуп жатты. Атаандашуу болбой койбойт экен. Атаандашпасак дагы жакшы даярдана албай калабыз дегендей… Бири-бирибизден өтүп сулуу көрүнгүбүз келди.

—Сынакта жеңүүчү экениңизди укканда кандай сезимдер болду?

-Биринчи орунду алганымды укканда ыйлап жибердим. Баары күтүүсүздөн болду. Аябай сүйүнүп, кубанычымда чек жок болуп, толкундандым.

-Андан кийин катышкан Азия сынагы тууралуу айта кетсеңиз?

—Жолдомо кийин Азия сынагына болду. 25 сулуу айым катышкан сынактан дагы биринчи орунду камсыздадым. Ал жакта дагы кызыктуу окуялар, сонун күндөр болду. Дагы бир айта кетчү нерсе атаандашуулар Кыргызстанга салыштырмалуу өтө күчтүү деңгээлде болду. Ар бир айым биринчи болсом экен деген аракети байкалып жатты. Мен сынактын башынан аягы-на чейин жылмайып, көтөрүңкү маанай менен өлкөбүздүн намысын коргоп жаттым. Сынакта биринчи орунду гана камсыз кылбай, мен көрсөткөн сынактык формалар боюнча дагы биринчи орунду жеңдим. Жеңишти багындырганымда дагы аябай сүйүндүм. Сынактагы жеңиштен кийин менде жашоого болгон чоң умтулуулар пайда болду. Себеби дегенде бардык нерсеге ишениш керек экен. Ишенсең гана ошол кыялданган нерсеңе жетет экенсиң. Азия сынагына аттанып жатканда корккон элем. Бирок өзүмө өзүм ишенгендиктен, ар бир талапкатыкыр даярдандыктан жеңишти камсыздай алдым деп ойлойм. Жеңиш менен кайтып, ал өлкөдө Кыргызстандын желегин желбиреткениме сыймыктанам.

—Сынактан кийин өзүңүздө кандайдыр бир өзгөрүүлөрдү байкадыңызбы?

—Конкурстан кийин менде өзгөрүүлөр абдан көп болду десем болот. Себеби дегенде жаңы досторуң пайда болот экен, жаңы катыштар, жаңы алдыга умтулуу, жаңы максаттар… Ошолорду көздөп эле өзүмдүн ар бир бош убактымды текке кетирбей пайдалуу өткөргөнгө аракет кылып калдым. Дайыма сулуу жүрүш керек экендигин байкадым. Өлкөдөгү жана чет өлкөдөгү сынактарды жеңип келген соң балдары менен отурган айымдарга өзүмдү үлгү катары көрсөтүшүм керек экендигин түшүндүм.

—Келбетиңизди бир калыпта алып жүргөнүңүздүн сыры менен бөлүшө кетсеңиз?

—Мен келбетимди бир калыпта алып жүрүү үчүн спорт менен машыгам. Спорт менен машыккан адамдын ден соолугу чың болот, сулуулугу да сакталат, келбети дагы жайында болот деп айтсам болот. Биз айымдар өтө деле толуп кетпешибиз керек. Атайы диета кылып, мүнөздөп деле тамактанбайм. Болгону камырдан жасалган тамак-ашты аз-аздан жейм. Жалпы эле тамактанууда аз-аздан, бирок аралыгы 2-3 саатта тамактанууну адат кылып алгам. Анан ар дайым күлүп, жылмайып жүрүү керек деп эсептейм. Себеби күлкү дагы биздин ийгиликтердин башаты болуп эсептелет.

—Айымдарга сулуулук жаатында кандай кеңеш берет элеңиз?

—Сулуулук сырлары дегенде адам сыртын эле боеп албай, алгач ички дүйнөсүн оңдоосу керек. Анткени жан дүйнө сулуулугу сыртка чыгат. Анан ар бир аялзаты өздөрүнө кам көрүшү керек деп ойлойм. Азыр 21-кылым, бардык нерсе бар, даяр заманда жашап жатабыз дегендей. Жогорку сапаттагы косметиканы өзүңүздөн аябаңыз, маска коюудан эринбеңиз. Анткени жаштын өтүшү менен тери кошумча аракеттерди талап кыла баштайт. Бардык айымдар сулуу, болгону ошол сулуулукту туура багытта алып жүрүү керек. Мисалы боенгондун да өзүнүн чеги, кийингендин да өзүнүн чеги болот. Ошонун баары айкалышып, төп келип турса эле сулуулук жаралат. Анан ар бир сүйлөгөн сөзүн сулуу болушу керек, мамилең, жакындарына, балдарыңа, ата-энеңе жасаган аракетиң сулуу болуш керек. Ички жан дүйнөң тышкы келбетиңди чагылдырып турат, баары аракеттен көз каранды. Аракет кылган айым сөзсүз сулуу боло алат. Жылмаюуну да сулуулук деп санайм. Майда-майда нерседен чон ийгиликтер жаралат эмеспи. Өзүн карабаган айым сулуулугун да, келбетин да жоготуп алат. Биз болсо жакындарыбызга керекпиз.

—Өзүңүз эмне менен алектенесиз?

—Учурда ишкерлик менен алектенем. Соода жаатында жумуш кылам.

—Алдыда кандай ой-максаттарыңыз бар?

—Алдыда кудай буюрса чон ой-максаттар бар. Сынак мага абдан чоң дем-күч берди, өзүмө дагы абдан чоң ишеничтер пайда болду. Бизнес тармагын кеңейтип, Кыргызстанга аз да болсо пайдам тийсе деп аракет кылып жатам. Кайрымдуулук иштери боюнча аракеттер жүрүүдө. Адам баласына пайда алып келе турган нерселерди иштеп чыгуу максатым бар. Калган пландарым азырынча сыр боло турсун.

Назгул Исаков

Булак: “Де-факто”

Элдияр Кененсаровдун кызы балдардын КВНи боюнча кийинки этапка чыкты

Кыргызстандын “Азия Микс” командасынын капитаны Элдияр Кененсаровдун кызы Эмилия Москвадагы балдардын музыкалык театрынын командасында ойнойт. Алардын “Балдар КВНи” шоусундагы “Классики” командасы кийинки этапка өтүштү. Бул тууралуу 4-декабрда кыздын апасы Камила Абдил өзүнүн Instagram баракчасына жазып чыкты.

Эми алардын атаандаштары Осетия-Алания, Курск, Брянск жана Свердлов облустары болмокчу. Балдар КВНинин чейрек финалы Москва шаарында болот. Шоу СТС каналынан 2020-жылдын жазында көрсөтүлөт.

Булак: KyrgyzToday.kg

Меню