Menu

ШОУ-БИЗНЕС

Анжелика: "Телевидения, радио азыр мага бут тосуп жатат, эртең башка сюрприздер чыгат"

Бүгүн, 19-ноябрда ырчы Анжелика Кайратовна Инстаграмдагы официалдуу баракчасына телевидения жана радио ага бут тосуп жатканын жазып чыкты.

Анын айтымында, ал мындан кийин чыгармачылыгын өзүнүн Инстаграм баракчасында улантат.

Күнү-түнү мага кабатырланып, каалоо-тилек, бата берген инсандар аябай көп экенине ынандым. Кээ бир сайттардан оозуна алы келбеген инсандардын жазган сөздөрүн көрүп ызаланчу болгом. Көрсө, көбүнчөсү жашоого таарынган, жана бул жашоодон үмүтүн үзгөн боттор (атайын 20-30аккаунт кармаган үй камагындагы тентектер) экен.

Мен эми теришпейм. Бардык нерсени өз жайына коём. Мейли телевидения, радио азыр мага бут тосуп жатат, эртең башка сюрприздер чыгат. Илгертен бери келе жаткан согуштун уланышын каалабайм. Мен жеңилдим. Чыгармачылыгымды баракчаман улантам. Эл менен катар оокат кылып, кооз жашоомду кыздарыма арнаганымды көрө албагандарга айтаарым, силерге албан ийгилик. Иштегиле! Акыйкаттуу болгула. Адамдык сапатыңарды жоготпогула. Мен жөнөкөй элге бекер кызмат кылып жүргөнүмө 20жылдан ашты. Акчасын чачам дегендерден алардын алына жараша гонорар алабыз. Жакшылыкта той ээси өзү билет эмне кылышты. Ал эми ошол түшкөн каражаттын канчасын биз кайрымдуулукка дагы жиберип, балдарыбызды багып, чыгармачылыкка коротуп жатабыз?

Айтып, көрсөтсөң мактоого арзып, башка өлкөлөрдүн ырчыларындай тыкан сүрөткө түшсөң, дароо туура эмес маалыматтарды жаадырып баштагандар болот экен“, – деп билдирүү жазган Анжелика.

Эскерте кетсек, буга чейин Анжелика бир клипти эфирге чыгарыш үчүн 45 миң сом сурап жатышат деп жазып чыккан.

Анжелика: "Аябай капа болуп отурам. Жаңы клипти эфирге чыгарыш үчүн 45 миң сом дешти"

“Кайсы радио ырды жактырып өздөрү угармандары менен бөлүшсө ыраазы болом. А так өзбек, казактардыкын эфириңерге кое бергиле. Өзүбүздүкүлөрдү колдогончо башкаларга кошомат кыла бергиле”, – мындай пикирин бүгүн, 18-ноябрда ырчы Анжелика Инстаграмдагы сторис бөлүмүндө билдирди.

Анын айтымында, жаңы клипти эфирге чыгарыш үчүн 45 миң сом акча каражат сурашат.

Аябай капа болуп отурам. Бүгүн кызымдын жана менин клипим чыкмак. Эфирге чыгарыш үчүн бир клипке 45 миң сом дешти. Ал эми радиолордон ырларыбызды такыр алып салган. Ай сайын акчаны чөнтөктөрүнө салып турмайынча чыгарышпайт. Бир ыр – аранжировка, обону, сөзү, жаздыруу, аспаптар – 80 миң сомдон 300 миң сомго чейин турат. Ошондо той чыкса ырдайсың, чыкпаса чыгармачылыгыңды үйдө уланта бер деген заман.

Бир гана ютуб каналыма жана баракчама клиптер чыгат. Клипке 40 миң сомдон жогору акча коротосуң. Ал эч кандай акталбайт. Бул чыгармачылыкка болгон сүйүүбүз өтө кымбат болуп бара жатат. Ырчылардын 90% да азыр иш жок. Киреше жок. Зарыл тойлор өтө аз төлөйт.

Байкасаңар, кээ бир каналдардан кетип жаткан клиптердин сапаты өтө начар. Бирок, эфирде. Көрсө, ротацияга акчаны көбүрөөк берип, арзаныраак клип тартыш керек экен. Ырларыбызды дагы телеграмм жана ютуб каналыман гана уга аласыздар. Кайсы радио жактырып өзүлөрү угармандары менен бөлүшсө ыраазы болом. А так өзбек, казактардыкын эфириңерге кое бергиле. Өзүбүздүкүлөрдү колдогончо башкаларга кошомат кыла бергиле. Сөз ээсин табат“, – деп билдирүү жазды ырчы Анжелика.

Гүлнур Асанова Кадырбековго: "Өнөр адамдарына чара көрөөрдөн мурун, гонорардан сол чөнтөккө катып алып жаткан, кол алдыңыздагы кызматкерлерге чара көрсөңүз туура болчудай"

Ырчы, актриса Гүлнур Асанова Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбековдун айткандарына жооп кайтарды. Бул тууралуу ал Инстаграм баракчасына билдирүү жазды.

Белгилей кетсек, буга чейин Нуржигит Кадырбеков мамлекеттик иш-чараларга чакырганда келбеген ырчыларга чара көрүү керек деген ой-пикирин айткан.

Өнөр адамдарына чара көрөөрдөн мурун, ошол мамлекеттик ишке чыгармачыл адамдарга анда – санда бөлүнүп калган ( көпчүлүк учурда бекер эле катышып берет) жарыбаган гонорардан % же сол чөнтөккө катып алып жаткан, өзүңүздүн кол алдыңыздагы иштеп жаткан кээ бир инсандарга чара көрсөңүз туура болчудай. (кааласаңыз аты-жөнүн айтканга даярмын). Ушунча жыл бул тармакта келе жатам, Маданият министрликтин бир колдоосун көргөнүм жок. Тилекке каршы бут тосууларын баштан кечирдим. (Кызык болуп кетсе аны да айтып бергенге даярмын). Маданият тармагында мындан башка өтө чоң көйгөйлөр бар. Ошолордун баарын чече албасаңыз да, кээ биринин ишке ашып калышына себепкер болоорсуз деп ишенем.

Баса, той ээлерине болгон сый-урматынан улам кээде мамлекеттик иш-чарадан баш тартып калышы мүмкүнбү? Той ээлери да мамлекеттин жараны эмеспи? Балким жакшылыгында ошол өнөр адамын көргүсү келген чыгар… Мени го тойлордон көптөр көрүшпөйт, болгону мен кесиптештериме карата оюмду жазууну туура көрдүм. Кээ бирөөлөрү үй-бүлөсүн ошол тойлор менен гана баккандар бар. Ал жагын ойлоп койсок туура болоор“, – деди Асанова.

Эскерте кетсек, буга чейин ырчы Анжелика дагы Нуржигит Кадырбековго карата өз оюн айткан.

Ырчы Анжелика Маданият министри Нуржигит Кадырбековдун айткандарына жооп кайтарды

Ырчы Анжелика Кайратовна Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбековдун айткандарына жооп кайтарды. Бул тууралуу ал Инстаграм баракчасына билдирүү жазды.

Белгилей кетсек, буга чейин Нуржигит Кадырбеков мамлекеттик иш-чараларга чакырганда келбеген ырчыларга чара көрүү керек деген ой-пикирин айткан.

Эми ырчыларды дагы жаңы министрибиз угуп койсун. Бир суроо: Концерттик зал куруу планда барбы?
Мен эми кара тизмеге даана түшөм го. Мейли, учурдан пайдаланып, өз оюмду жазайын.

1. 23 жылдан бери эмгегимдин тарыхчасын ачып, бир грамота бербеген маданият министрлигине мен дагы нааразычылыгымды билдирип кетейин .

2. Ырчылар арасындагы бир дагы мамлекет тарабынан өткөн концерттерге температура болсок дагы, жаңы төрөсөк дагы, COVID 19 болсок дагы чакыруудан калбай барып жатабыз. Керек болсо 15 жыл аралыгында чоңдор үчүн (кой, балким , баалап калат деп) резиденцияга барып , бир күндөп репетиция жана кезек күтүп ырдап келе жатабыз. Ыр жаздырганга, же ошол эле жасанганга жетпеген акча төлөнүп калат. Анан албетте той багып келет бизди.

3. Жеке концертке тааныш-билиш аркылуу гана министрликтен келип, куттуктоо сөз айтып калышбаса, айтор, буга чейинки эки министр тең тойго кетип, маданият өкүлдөргө көңүл бурулбай калган учурлар жок эмес.

4. Кечээ 20дан ашуун ырчылар эшикте, суукта, маданият министрлигинин чакыруусу менен бекер ырдап, колдодук. Бир сом эмес, бир стакан ысык чай уюштура алышпады.

5. Мен кээ бир чыгармачылыктагы агай эжелеримди көрүп кабыргам кайышат. Өз өмүрүн чыгармачылыкка арнап, тытынып соода кылып – акча таап, ошол акчага ыр жаздырып келишет. Клип, костюм, жайылтуу деген нерселерге укмуш көп акча кетет. Мунун баары – чыгармачылыкка, угармандарына болгон сүйүү үчүн.

6. Ал эми кыялданып жүрүп алган “маданият отличниги” – эмне берет? 1% арзандатуу бир жерге берилсечи.

7. Чара көргөндөй, мамлекеттик кызматкер болуп, айлык алып жатабызбы? Мамлекеттин же министрликтин каттоосунан тастыктоочу күбөлүк алыптырбызбы? Же маданият күнүңөр менен деп бир куттуктоо кагазын беришиптирби ушул күнгө чейин?

8. Ырчыларды чогултуп , жыйын өткөрүлүш керек деп ойлойм. Улуу муун ырчылардан, жаштардан байкоочу кеңеш түзүлсүн! Ачык иштеп, келишимге кол койдуруп, анан чараларды көрө бергиле“, – деп билдирүү жазды ырчы Анжелика.

Ырчы Нелянын апасы оорудан улам каза болду

Кечээ, 15-ноябрда ырчы Нелянын апасы оорудан улам каза болду. Бул тууралуу ырчынын күйөрмандары Инстаграм баракчасында Нелянын апасы менен чогуу түшкөн сүрөтүнө кайрат айтышууда.

Буга чейин, ырчы Неля апасынын абалы өтө оор экенин билдирген.

“Апаңдын ден-соолугу, абалы кандай болуп калды? – деп тынчсызданып, жакшы тилектерди жазып сураганыңыздарды окуп аябай ыраазы болдум, ырахмат. Бирок апамдын абалы азыр өтө оор. Алланын ырайымы, мээрими менен буйруса бардыгы жакшы болот деген үмүтүм бар. Силерден болгон суранычым алакан жайып апама дуа кылып коюңуздарды өтүнөм. Эч ким оорубасын”, – деп билдирүү жазган ырчы айым.

"Мисс Кыргызстан - 2020" сулуулар сынагынын финалы жылдырылды

“Мисс Кыргызстан” улуттук сулуулар сынагынын жетекчилиги жыл сайын өтүүчү “Мисс Кыргызстан – 2020” улуттук сулуулар сынагын 2021-жылдын жазына жылдырды.

Бул жылы сынактын регионалдык гана тандоо турларын онлайн режиминде өткөрүү пландалууда. 2020-жылдын 10-декабрынан тартып 18-23 жаштагы кыздар “Мисс Кыргызстан” сынагынын @misskyrgyzstan_official расмий баракчасына онлайн катталып, конкурска катышуу үчүн арыз бере алышат.

“Мисс Кыргызстан – 2019” наамынын ээси Екатерина Заболотнова сынактын жеңүүчүсүнө өткөрүп берет, ал сулуу 2021-жылы октябрь айында “Дүйнө сулуусу” сынагында өлкөбүздүн атынан катышат.

Белгилей кетсек, “Дүйнө сулуусу – 2020” сынагынын финалы пандемияга байланыштуу 2021-жылдын күзүнө жылдырылган. 

Актриса Анастасия Заворотнюктун сырткы келбетиндеги өзгөрүүлөр жөнүндө белгилүү болду

Актриса жана ырчы Анна Калашникованын айтымында, актриса Анастасия Заворотнюктун абалы жакшырган. Ал сүйлөп, баса алат, бирок анын келбети бир аз өзгөргөн. Бул тууралуу “РИА Новости” жазып чыкты.

Заворотнюктун жанында анын энеси, күйөөсү Петр Чернышев жана балдары бар. Актрисанын толук калыбына келиши жөнүндө айтуу азырынча эрте, деди Калашникова.

“Бирок анын абалында позитивдүү динамика болгондугу буга чейин эле таң калыштуу. Настя ооруну жеңе алат деп үмүттөнөбүз. Себеби ага баардыгы муктаж: туугандары, кесиптештери жана күйөрмандары”, – деп ырчынын сөзүн келтирет “Собеседник” басылмасы.

Калашникова ошондой эле Заворотнюк оптимисттик көз карашта экендигин белгиледи.

“Оорудан кийин ал өзгөрдү, күн сайын ыракат ала баштады!” – деп түшүндүрдү ырчы.

Ал белгилегендей, актрисага азырынча барууга болбойт. Мунун бир нече себептери бар.

“Биринчиден, Настя мурдагыдай эмес. Мындан улам ал келген туугандарды кабыл алгысы келбейт”, – деди Калашникова. Экинчи себеби – коронавирус пандемиясы.

Эскерте кетсек, Анастасия Заворотнюктун оорусу жөнүндө кабарлар 2019-жылы жайында пайда болгон. Айрым маалымат каражаттары анын мээсинде рак деген диагноз коюлганын жазып чыгышкан, бирок актрисанын жакындары эч нерсе билдиришкен жок. Кийин алар Заворотнюк дарыланып жаткандыгын тастыкташты.

Назира Айтбекова: "35 жашты капка ката албайт экенсиң. Уялып, же жашыра турчу эч нерсе жок. Карылыкка жеткен бар, жетпеген бар"

Белгилүү телеалыпбаруучу Назира Айтбекова 35 жашка толду. Анын күйөрмандары социалдык тармактан куттуктап, каалоо-тилектерин жазып жатышат. Назира Айтбекова өзүнүн жаш курагы боюнча Инстаграм баракчасына билдирүү жарыялады.

“Раматылык таятам 60 жашында эле чамынып, сакал – мурут өстүрүп алып, “80 ге чыктым” деп эле кыйкыра берчү. Анын сыңарындай мен дагы 30га чыгып алып эле 40га чыгып калдым деп кыйкыра бермей адатым бар. Бир жаш жигит , -Назира эже, канчадасыз? – дейт. – 35 ке чыгам ,- десем, – Маанайды жаман буздуңуз да. Пландарым бар болчу. Эмдигиде жашыңызды айтпай эле коюңузчу эч кимге,- деп тамашалады эле. 35 ти капка ката албайт экенсиң шибеге сыңары. Уялып, же жашыра турчу эч нерсе жок. Карылыкка жеткен бар, жетпеген бар. Учурда гүлдөп , жашымдын эң сонун учуруна келген кезим. Болуп – толуп, 35 жылдык тажрыйба топтоп, аздыр – көптүр абдыракатын кошо чогулткан учур. Ичимде сүйүнүч, кубаныч аралаш сезим негедир. Шүгүр кылуу, ыраазы болуу, бактылуулукту туюу, топук болуу сындуу сонун сезимдерди үйрөндүм.

Артымды карасам, кайгылуу күн эмес кубанычтуу учурлар гана тартылат. Демек, наалыбасам, шүгүр кыла алсам, жакшылыкты көрө алсам, бактылуулукту туя алсам, жашоонун сабагын жакшы окуган окшойм. Демек, отуз беш жылдыгым текке кетпептир. Кайсы бир күнү “Тарс” үзүлүп кетсем да, кайгыра турчу, санаа тартчу эч нерсем деле жок. Таарынткандарды кечирип, таарынгандарды жазып алгам. Өлүмгө бүгүн кетчүдөй дапдаяр, таптаза, жыргап жашаш керек экендигин өмүр үйрөттү. Туулган күнүм менен! Ата , апа, экөөңөргө миң алкыш”, – деди Назира Айтбекова.

Шоумен Эрмек Нурбаев АКШда трак айдап эмгектенип жатат

Шоумен Эрмек Нурбаев Америкада “Amazon” интернет дүкөнүнүн жүк ташуучу унаасынын айдоочусу болуп эмгектенип жатат. Бул тууралуу ал Instagram социалдык тармагындагы баракчасына жазды.

Бирде жигит төө минет, бирде жигит жөө жүрөт. Төө мингенде жигитти тегеректеп эл жүрөт, жөө жүргөндө жигитти тегеректеп эл күлөт.
Бирде жигит трак айдайт” – деп жазган ал.
Нет описания.

Жол кырсыгына кабылган ырчы Асел Кадырбекова бүгүн биринчи жолу жүзүн көрсөттү

Июнь айында жол кырсыгына кабылган ырчы Асел Кадырбекова бүгүн, 30-октябрда биринчи жолу жүзүн көрсөттү. Ырчы айым Instagram социалдык тармактагы сторис бөлүмүнө жүзүн видеотасмага тарткан.

Анда ал сторис бөлүмүнө мындай жазуу калтырган: “Оо кандай мүмкүнчүлүк, макияжсыз өзүңдү киргизген”.

Белгилей кетсек, жол кырсыгына кабылгандан кийин ырчы айым өзүнүн жаңы сүрөттөрүн киргизген эмес.

Эскерте кетсек, 26-июнда болжол менен саат 15:30да Бишкектеги Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде “Хонда Одиссей” жана “Тойота Камри” үлгүсүндөгү жеңил автоунаа сүзүшүп, 3 адам жаракат алган. Жабыркагандардын арасында ырчы Асел Кадырбекова да болуп, оор абалда ооруканага жеткирилген.

https://instagram.com/stories/aselkadyrbekova/2431268227571462368?utm_source=ig_story_item_share&igshid=16f2plpda73sf

Меню