Menu

ШОУ-БИЗНЕС

Кыргызстандык ырчылар Молдовада өткөн конкурста биринчи орундарга татышты

Молдовада эстрадалык ырчылардын “Кынтэ-Инима” аттуу эл аралык конкурс-фестивалы болуп өттү. Бул тууралуу жеңүүчүлөрдү бири Рустам Русланов өзүнүн Instagram баракчасына жазып чыкты. Анын айтымында, ал 26 жаштан өткөндөрдүн арасында утса, дагы бир ырчы жигитибиз Расул Асангазиев 26 жашка чейинкилердин арасында өзүн көрсөтө алган.

Конкурска ар кайсыл өлкөлөрдөн 10 ырчы катышып, кыргызстандыктар чакан айкел, диплом жана акчалай сыйлыкка ээ болшту.

Булак: KyrgyzToday.kg

Орустардын белгилүү ырчысы Максим Кыргызстанга эмнеге келип-кеткенин айтып берди

Ырчы Максим орус басылмаларынын бирине маек берип, 2019-жылдын апрелинде авокырсыкка учурап, чыгармачыл тыныгуу алганын айткан. Ошондо ырчы кыз Кыргызстанга сүкүт чалууну үйрөнгөнү келип-кеткенин белгилейт: “Бул эксперимент болду, дзен практикасынан өттүм. Сүкүт чалганда акыл-эсти, ойду кое бергенди үйрөнүшүң керек экен. Мээни бош кое берип, эч нерсе ойлонбошуң керек. Мен мурда киши ойлонбосо, тескерисинче, дөдөй боло баштайт деп ойлочумун. А чындыгында абдан пайдалуу экен. Бул практикамды улантам”, – деген ал өз маегинде.

Булак: KyrgyzToday.kg

Видео - Азамат Жаманкулов, Маданият, маалымат жана туризм министри: «Искусство үйүндө жылаңач денесин көрсөткөн иш-чарага каршыбыз, ал токтотулду!»

27-ноябрда, Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде феминнале башталган. Ал иш-чарада элдин алдына дырдай жылаңач кыздар чыгып, коомчулукту дүрбөлөңгө салып, кызуу талкууга алып келсе, кыргызымдын жигиттеринин кыжырын келтирди. “Аны уюштургандар жоопко тартылсын!”,- деген талап менен активист жаран Мелис Аспеков бүгүн. 2-декабрда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдына нааразылык акция уюштуруп, элди чакырган. Ага бир топ адамдар ар кайсы жерден келишти. Аларды министр Азамат Жаманкулов  кабыл алып, талаптарын угуп, туура көрүп, ал боюнча өз пикирин айтты. Министр көркөм сүрөт музейинде денесин көрсөткөн кыздар катышкан иш-чара болуп аткан учурда,“Ош шаары – Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” эл аралык долбоорунун жабылыш аземинде болгонун жана көргөзмөдөгү жылаңач кыздар боюнча иш-чарага министрлик каршы экендигин, ал көргөзмө министрлик менен кеңешилбей уюштурулганын баса белгилеп, аталган музейдин жетекчиси Мира Жангарачева кызматынан бошотулганын айтты. “Маданият, маалымат жана туризм министрлиги искусство үйүндө жылаңач денесин көрсөткөн кыздардын болуусуна каршылыгын билдирет жана заманбап искусствонун мындай провокациялык чакырыктарын колдобойт“,-деди министр А.Жаманкулов.

Министрдин позициясын жана расмий билдирүүсүн төмөндөгү видеодон көрө аласыздар:

Эске сала кетсек, 27-ноябрда Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде феминнале башталган. Ал 2016-жылы Москвадагы басмаканада чыккан өрттөн каза болгон 17 кыз-келиндин элесине арналган, иш-чара 17 күнгө созулмак. Ага баргандар жылаңач денесин көрсөткөн кыздарды көрүп шок болгон. Ошондой эле кир кыпчыткыч менен ич кийимдерди кыпчып илип, анда: “Аборт кылуу менин укугум” жана башка дагы коомчулукка, өзгөчө жаштарга терс таасирин бере турган сөздөр жазылганын окуп, ооздору ачылган. Кыргыздын менталитетине туура келбеген жат көрүнүшкө каршы акция бүгүн (2-декабрда) болду.

Булак: KyrgyzToday.kg

Сулуу кызыбыз Бегимай Карыбекова итальяндык Emporio Armani брендинин модели болду

Бул тууралуу Бегимай  өзүнүн Facebook баракчасына “Модель тармагындагы эмгегим өз жемишин бере баштады. Эми мен Emporio Armaniнин моделимин. Рахмат, кудай!” – деп жазган. Бегимай Карыбекова “Кыргызстан сулуусу-2017” конкурсунун жеңүүчүсү. 2016-жылы Шри-Ланкада өткөн “Интерконтиненталь сулуусу” эл аралык конкурстка катышып, 15 сулуу кыздын катарына кирген. Азыр минтип моделдик бизнесте ийгиликтерге жетишип келет.

Булак: KyrgyzToday.kg

Өзү жөнүндө маалыматка жооп кайтарган КВНчи Марат Жуманалиев: “Муктаж мусулмандарга жардам беребиз”

Кечээ соцтармактарда КВНдеги “Азия MIX” командасында ойногон “Маратик” жөнүндө орусия басылмалары жазып, Орусияда тыюу салынган ДАИШ (“Ислам мамлекети”) уюмунун “банкири” Исраил Ахмеднабиевдин (Абу Умар Састлинскийдин) агенти катары сыпатташкан. Ал жөнүндө бул шилтемеден окуй аласыздар: https://kyrgyztoday.org/news_ky/kvndegi-bizdin-aziya-mix-komandasynda-ojnogon-maratik-igildin-finansisti-abu-umardyn-agentibi/

Бул тууралуу Марат Жуманалиев өзү жооп кайтарды:

“Бул тууралуу биринчи жолу жазып жатышкан жок. Үч айда бир жазып калышат, бирок Ахмеднабиевди камакка алышпайт. Ал эч жерге жашынып жатып алган жок. Эркин эле жүрөт. Биз аны менен бирге муктаж мусулмандарга жардам берип келебиз. Мен анын “Ислам мамлекети” кыймылы менен эч кандай байланышы жок деп эсептейм”.

Булак: KyrgyzToday.kg

Мирбек Атабеков журналисттерден анын ысымын саясый максатта пайдаланбоону суранды

24-ноябрда ырчы Мирбек Атабеков Бишкекте өтө турган коррупцияга каршы митингге барарын соцтармактар аркылуу билдирген. Андан кийин жазгандарын кайра өчүрүп салган. 25-ноябрда кайра журналисттерден анын ысымын пайдаланбоону суранды. Ал биринчи кезекте Кыргызстанда тынчтык болушун кааларын жазган.

“Мен эч качан бирөөнү же бир нерсени, бирөөнүн позициясын, үчүнчү тараптарды колдобойм. Келечектеги шайлолоордо бир партияны же талапкерди колдоп чыкпайм. Мен саясатчы эмесмин, болгону Кыргызстандын коррупцияга каршы жаранымын, болгону ошол. Мен ошону эле айтайын дегем”, – деп Мирбек жазып чыкты. Андан соң провокациялуу макалалардын аталашытарына аты-жөнүн пайдаланбоого журналисттерди чакырган.

“Менин үй-бүлөмдү атап,рейтингиңердин статистикасын көтөрөм дегенсиңер окшойт. Сөз эл маданияттуу чогулуп, өз позициясын билдирген тынчтык митинги жөнүндө гана болгон. Мен Кыргызстанды жакшы көрөм, өз өлкөмдү дүйнөлүк аренада көтөрмөлөгүм келет, биздин мекенибиз гүлдөп-өскөн, ар бир жаран үчүн коопсуз өлкө болушун калайм. Асманыңар ачык, жүзүңөр жарык болсун”, – дейт ырчы өз баракчасында.

Түшүндүрө кетсек, Мирбек Атабеков бүгүн Бишкекте боло турган коррупцияга каршы митингге чыгарын билдирген эле. Мындай оюн жубайы Мээрим Төлөпберген да жазып чыккан. Кийин ырчы ал постун өчүрүп салган.

Булак: KyrgyzToday.kg

КВНдеги биздин “Азия MIX” командасында ойногон “Маратик” – ИГИЛдин финансисти Абу Умардын агентиби?

Орусиянын укук коргоо органдары эл аралык издөөгө салынып, Дагестандан чыккан жихадчы, Орусияда тыюу салынган “ДАИШ” (“Ислам мамлекети”, ИМ, ИГИЛ) уюмунун “банкири” Исраил Ахмеднабиевдин ( Абу Умар Саситлинский) ишмердүүлүгүн иликтеп жаткан кербези. Бул туурлауу eadaily.com сайты билдирди. Маалыматка ылайык, Саситлинский негиздеген “Тирүү жүрөк” сыяктуу “соопчулук” фонддор аркылуу ДАИШке акча чогултушкан орус жарандары маал-маалы менен соттолуп жаткан учур.

Саситлинский үчүн акча каражаттарды мурунку СССР республикаларында – анын ичинен Кыргызстанда чогултуп турушкан.

“Саслитскийдин агенти – Марат Жуманалиев – КВН ойногон «Азия MIX» командасынын мүчөсү, ошондой эле КРда баскетбол жана бокс боюнча бир нече ирет чемпион болгон. Жуманалиевдин спарринг-өнөктөштөрүнүн катарында Киевдин мэри Виталий Кличко да бар. КВНдеги “Маратик” Абу Умар Састлинский менен иштешкенин мусулмандардын “Умма” журналына берген маегинде өзү айткан”, – деп жазат орус басылмасы.

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын маалыматына ылайык, 2018-жылы декабрда Москвада, Дагестанда, Чеченстанда жана Ингушетияда тыюу салынган ДАИШ жана “Джебхат ан-Нусра” террористтик уюмдарынын майда уюмдары ачылган. Тинтүү учурунда терроризимди каржылаган банк карталары, экстремисттик адабият, сим-карталар алынган. 7 киши камакка алынып, 20сы сурак берген. 2016-жылы эле Абу Умардын уюмдары террористтерге 38 млн рубль которушкан.

90-жылдары Абу Умар Дамаскта жана Каирдин “Аль-Азхар” университетинде исламга окуган. Өзүнүн айтымында, шейх жана шариат казысы деген наамдарга ээ. Орусияга кайтып келгенде, ал жана шейит кеткен Александр Тихомиров (Саид Бурятский) жана Арсен Желилов ( Абу Яхъей Крымский) менен биргеликте мурунку СССРдин аймагында “таза исламды” кеңири жайылтышкан. Негизи эле Абу Умардын жоруктарына сөз жетпейт, кантип акча жасагандары том-том болуп жазылган. 2018-жылы ал Нигерде жашап, Африканын калкы үчүн азык-түлүк, дары-дармек чогултууну уюштуруп жүргөнү айтылат. Азыр ал издөөдө.

Ал эми кыргыз жараны Марат Жуманалиев жөнүндө Орусиянын күч түзүмдөрү башка эч кандай маалымат беришкен эмес.

Булак: KyrgyzToday.kg

Видео - Анжеликанын сүйүктүүсү 501 даана роза менен колун сурады

Ырчы, алып баруучу, ишкер, үч кыздын апасы, көп кырдуу таланттын ээси Анжеликанын азыркы убакта кубанычына чек жок десек жарашат. Дегенибиз, ырчы айымдын сырдуу жигити ачыкка чыгып, ал казак жигити экени белгилүү болду.

Анжелика сүйүктүүсү 501 даана роза гүлү менен колун сураганын айтып, макул болгонун айтып, “Он подарил мне сегодня 501 розу (500 настоящих и 1 одну искусственную) и сказал «Я буду любить тебя, пока последняя не завянет!” – деп өзүнүн инстаграм баракчасына жарыялаган.

Буга чейин ырчы айымдын жигити ким (?) деген суроого күйөрмандары  жооп таба албай келишкен болсо, эми бардыгы түшүнүктүү болду окшойт.

https://www.instagram.com/p/B5I_RJBFpi2/

https://www.instagram.com/p/B5GC8bml6PC/

Гүлназ Чыныбек кызы, ырчы: "Тойлор чыгармачылыктын өнүгүшүнө өбөлгө болот"

Өзүнүн ачык-айрым, жайдары мүнөзү жана тынымсыз эмгеги менен эл оозуна алынган Гүлназ Чыныбек кызын тааныбагандар аз чыгар. «Кайда» деген дебюттук чыгармасы ак жолтой болгон Гүлназ бүгүн кыргыз шоу-бизнесинде акырындык менен өз ордун бекемдөөдө. Ырчы айым менен болгон маек назарыңыздарда.

—Гүлназ, чыгармачылыгыңда эмне жаңылыктар болуп жатат?

—Буюрса чыгармачылыкта идея оргуп, ашып-ташып, кайсы бирин качан ишке ашырсам деп бир нече иштерди пландап жаткан учурум. Буюрса, жакшы чыгармалар даяр болуп жатат… Азырынча айтпай эле турайын, айтып койсом созулуп кетет экен. Даяр болору менен бөлүшүп турам деп ойлойм. Ар кандай тематикада ырлар иштелип жатат.

—Бир топ күйөрман чогултканга жетиштиң, жашоодогу күйөрмандарың менен соцтармактагы күйөрмандарыңдын айырмасы барбы?

—Интернет жашообуздун бир бөлүгү болуп калбадыбы. Жашоодо таанып калып, келип жакшы сөздөрдү айтып, сүрөткө түшүп кеткен инсандар, кайра эле интернеттен тапкан күйөрмандарым болуп чыгат. Анткени «сенин жазган посттордуңду окуп турабыз, видеолоруңду көрүп турабыз» -деп калышат, ошондон улам интернет аркылуу баарлашып жүргөн колдоочуларым экенин байкап калам.

—Учурда көп ырчылар той менен чектелип калууда. Той ырчысы бойдон калып кетем деп ойлобойсуңбу?

—Той менен чектелип, той ырчысы болуп калам деп коркпойм. Анткени, бизде же болбосо жеке менде чыгармачылыкка жумшаган каражат тойдон камсыздалып турат. Элден айлансак болот. Жакшылыгына канчалык көп чакырышса, менин чыгармачылыгым ошончолук өнүгө бергенге чоң өбөлгө түзүлөт деп билем. Мисалы азыр той сезондо кызмат кылып жатабыз. Кышта той токтогондо тапканымды кайра чыгармачылыкка жумшап, чыгарма жаздырып, клип тарттырып иштейм деп пландап жатам.

—Өзүңдүн командаң тууралуу айта кетсең?

—Командам тууралуу айтсам, менин командам өтө ишенимдүү жана мыкты деп айтат элем. Биринчи эле Азамат Бердибеков өзүнүн уюштуруу жөндөмдүүлүгүнун мыктылыгы жана жогорку аракети менен команданын башында турат. Андан сырткары мен иштешкен стилист, дизайнер, визажист, чач стилисти баары мен үчүн өз жумуштарынын мыктылары.

—Чыгармачылыкка аралашкандан бери эмгегиңдин үзүрүн көрө баштадыңбы?

—Ооба, кудайга шүгүр. Чыгармачылыкка аралашкандан бери өзумдү-өзүм камсыздоодо, баскан-турган, жашаган чыгымдарым баары чыгармачылык аркылуу камсыздалып жатат. Жараткан берээрин унутпасын деп шүгүр келтирип эле жүрөм. Демек мээнет акталып келатат деп ойлойм.

—Шоу-бизнестеги атаандаштыкка кандай көз караштасың?

—Мага атаандашкандар барбы же жокпу так билбейм. Бирок ар кимибиз өз стилибиз, аракетибиз, мээнетибиз, мүнөзүбүз менен эл көзүндө айырмаланып турсак керек. Өз жолубузда талыкпай эмгектене берсек, атаандашканга деле кажет жок го дейм. Эл өзү
эле таразалап алат деп оилоим.

—Жеке фронтто эмне жаңылыктар?

—Жеке фронтто тынчтык өкүм сүрүүдө. Өзүм менен өзүм эле… Эгер Кудай насип кылып калса, турмуш жолуна да аттанып каларбыз. Бирок, азыр эмес экенин так билем.

—Сенде да маанай түшкөн учурлар болобу, кантип бул кырдаалдан чыгасың?

—Негизи көбүнчө жакшы маанайда жүргөнгө, маанайды буза турган учурларга маани бербей өзүмдү алаксытканга аракет кылам. Бирок ошентсе дажашоо экен да, кээде болуп турат. Өтө маанай чөгүп, бир нерсе түйшөлтүп жатса уктап алам. Ойгонгондо сонун болуп унутуп калам. Эгер уйкуга убакыт жок болсо, унчукпай ичимден ойлор менен өзүмө мотивация берем. Үйдө жалгыз болсом ырдап, секирип-секирип бийлеп маанайымды көтөрүп алам.

—Алдыда кандай ой-максаттар бар?

—Алдыдагы максаттарды алдын ала айткандан коркуп калдым. Ошондуктан ишке ашып баратканда анан бөлүшүү керек экен. Айтып алып, айткан иштер кечигип кеткени жаман экен. Өзүм кошо кыжаалат болуп, күтө берет экенмин. Бирок 2020-жылы жеке тушоо кесүү концертимди берип алсак сонун болмок деп ниеттенип жатам.

—Ниеттериң кабыл болсун, чыгармачылык ийгилик каалайм!

Булак: “Де-факто”

Ырчы Данияр Эрматов үйлөндү

Бул тууралуу ал өзүнүн Instagram баракчасына жазып, үйлөнүү үлпөтүндөгү видео менен фотосүрөттөрдү кенен жайгаштырды. Той Ош шаарынын кадыр-барктуу ресторандарынын биринде өткөн. Тойго кыргыз эстрадасынын жылдыздары келди.

Келинчегинин аты – Айсалкын, 20 жашта, ОшМУнун кытай тили факультетинде окуйт.

Белгилей кетсек, Данияр Эрматовдун Instagram баракчасына 1 млн күйөрман жазылган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Меню