Menu

КООМ

Таштанды төгүлгөн жерде жашоочулар бар

Бүгүнкү жумушсуздуктун, оор жашоонун айынан Бишкектеги таштанды төгүгөн жерде жашап, иштеп жаткан адамдар көп. Алардан кабар алган Свердлов райондук акимчилигинин кызматкерлери аларга медициналык жардам жана башка жерден жумуш сунушташты. Ошондой эле юридикалык кеңеш берүүгө, жеке документтерин алууга жардам берүүнү убада кылышты. Мындан ташкары ата-энелер таштанды жайында уул-кыздарын иштетсе, укуктарынан ажыратылып, балдары мамлекеттин тарбиясына алынары эскертилди.

Булак: “Азия ньюс”

Кыргызстан акча “жууган” тепшиби?

2016-жылдын башында “Аманбанктын” Оштогу филиалы аркылуу 4,4 млрд. сом (58 млн. доллар) “жуулуп” кеткендиги маалым болгон. Банктын филиалынын башкы бухгалтери менен анын досу “Беркут Строй” деген компанияны каттоодон өткөрүшүп, ал аркылуу курулуш материалдарын сатып алууга жасалма келишимдерди “түзүп”, Кытай менен Литвага каражаттарды которуп турушкан. Ошол эле мезгилде ишкана салык кызматына нөлдүк көрсөткүч менен отчет берип келген. Схема 2014-жылдын январынан октябрь айына чейин иштеп, жыйынтыгында 4,4 млрд. сомду өлкө сыртына чыгарып кетүүгө үлгүрүшкөн.

Ошол жылдын мартында 6 млрд. сомду мыйзамсыз чыгарып кеткен дагы бир факты аныкталган. Мыйзамсыз акча которуу ишин иликтеген тергөөчүлөр күтпөгөн жерден бир жарандын 3 “бир күндүк фирма” аркылуу Туркия, Дубай, Кытай, Эстонияга 5 млрд. 641 млн. 38 мин сомду “жууп” кеткенин таап чыгышкан. Акчалар 3 фирма аркылуу которулган.

Ошондой эле, былтыры Орусиянын ИИМинин антикоррупциялык башкармалыгынын Дмитрий Захарченко аттуу полковниги кадимки эле спорттук сумкага 170 млн. доллар салып, Кыргызстандан алып чыгып кетип, Москвада колго түшкөн. Анын Кыргызстандагы шериктеши Каржы министрлигинде иштеген чоң чиновник болгон.

Булак: “Алиби”

Телефон чукулаган айдоочулар

Азыркы учурда ар бир күнү үрөй учурган жол кырсыктары катталат. Көбүнчө айдоочулар өздөрү себепкер болуп калууда. Бир жуманын ичинде Кыргызстан боюнча автоунаа айдап баратып сүйлөшкөнү үчүн үч минден ашык айдоочуга айып салынды. Бул тууралуу ИИМдин кайгуул милиция башкы башкармалыгы маалымат таратты.

КР Административдик жоопкерчилик кодексине ылайык, телефондон сүйлөшкөн айдоочуга 200 сом айып салынат. Телефон менен сүйлөшүп баратып жол кырсыгына кабылгандар боюнча ИИМмде так маалымат жок.

Булак: “Азия ньюс”

 

Жалал-Абадда вирустук гепатитке кабылгандар саны үч эсеге азайды

 

“Жалал-Абад шаарында 2017-жылдын алгачкы эки айында вирустук гепатитке кабылып, оорудан жабыр тарткандар саны өткөн 2016-жылдын экинчи айына салыштырмалуу үч эсеге азайган. Бул тууралу областтык  үй-бүлөлүк медицина борборунун директорунун орун басары Хадича Пратова билдирди” – деп маалымдады Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Анын айтымында, өткөн жылдын алгачкы эки айында 29 атуул вирустук гепатит оорусуна чалдыккан болсо, быйылкы жылдын 2-чи айында 9 оору катталган.

-Бул оорунун эң кыйын жери бир жылга чейин оорунун белгиси байкалбаганында.  Оору дени соо кишиге вирус менен булганган тамак-аш, оюнчук, сүлгү, идиш-аяк, жуулбаган кир колдор аркылуу жугушу мүмкүн. Жалал-Абад шаарында январь, февраль айларында 9 киши аталган оору менен катталып, алар дайыма биздин көзөмөлүбүздө болуп, медицина кызматкерлери алардын үйлөрүнө жума сайын барып, текшерүү иштерин жүргүзүп жатышат. Биз азыр шаар тургундарына, бала-бакчаларда, мектептерде түшүндүрүү иштерин байма-бай жүргүзүп жатабыз, – дейт ал.

Эскерте кетсек, жугуштуу оорулардын алдын алуу, ушул багытта дарыгерлердин билимин арттыруу максатында област боюнча 17 дарыгер Бишкек шаарына барып, билим-тажрыйбаларын арттырып келүүгө даярданып жатышат.

Эки миңге жакын кыз эрте турмушка чыгат

ЖК депутаты А.Салянованын демилгеси менен эрте турмуш курууга каршы мыйзам кабыл алынды. Бирок, аны жүзөгө ашыруу үчүн да көп түшүндүрүү иштери керек.

«Данакер» үй-бүлөнү  бекемдоо борборунун кызматкери, психолог Сүйүн Курманова бейөкмөт уюмдардын изилдөөлөрүнө таянып, Кыргызстанда бир жылда 14 жаштан 17 жашка чейинки 2000ге жакын кыз эрте турмуш курарын айтат. «Мунун бир себеби диний түшүнүктөрдөн улам болууда десек болот. Алар балдарын 5-6-клаастан кийин окуптай медресеге берет. Ал жактан тарбияланган кыз өз укугун билбей 15-16 жашында эле ата-энеси айткан адамга турмушка чыгып кетет. Айрымдары социалдык жактан кыйналгандыктан да ушундай кадамга барышы мүмкүн.

Мамлекеттик каттоо кызматынын расмий маалыматы боюнча Кыргызстанда соңку жети жылдын (2010-2016) аралыгында 368 007 түгөй никеге турса, ушул эле учурда 61412 ажырашуу катталган.

Булак: “Азия ньюс”

Жеңишбек АРЗЫМАТОВ: «Студенттер да азыркы өзгөртүүлөрдү окушу зарыл»

Сот тармагында жүрүп жаткан реформа, жаңы кабыл алынган кодекстер тууралуу көз карандысыз юристтер кандай ойдо? Жогорку сотто болуп өткөн «Сот тутумунун ачык-айкындыгынын жетишкендиги – сот актыларына жетишүүнүн кеңири механизми» аталыштагы тегерек үстөлдүн катышуучусу, Кыргызстандын юристтер ассоциациясынын башкармалыгынын төрагасы Жеңишбек Арзыматов төмөнкү суроолорго жооп кайтарды.

Көз карандысыз юрист катары sot.kg сайтынын ишине мониторинг жасап жатасызбы? Аталган сайттын дурус, буруш жактары эмнелер деп ойлойсуз?

 – Биздин ассоциациянын мүчөлөрү көз карандысыз юристтер катары sot.kg сайтына мониторинг жасашкан. Байкоо жүргүзүү азыр деле уланып жатат. Негизи ушул сайт­тын ачылып, иштеп жаткандыгынын өзү сот тутуму үчүн чоң жетишкендик. Бирок, айрым кемчиликтер бар, алар деле убакыттын өтүшү менен жоюлат. Эң негизгиси, сот тармагынын жетекчилеринин мындай иштерди улантуу боюнча саясый эрки бар. Бул сайттын иши бара-бара коомчулукка кеңири тарайт. Бирок, «азыр ушундай сайт иштеп жатат, ага соттук актылар жарыяланат, кызыккандар каалаган судьянын чечимдерин ушу сайттан алып окуса болот» деп атайын маалыматтык кампания жүргүзүү зарыл болуп турат.

Сот реформасынын жүрүшүн сиз юрист катары кандай баалайсыз?

-Юрист катары биз укуктук жактан гана баа бере алабыз. Сот реформасы жүрүп жа­тат. Белгилүү бир кыйынчылыктар, ошол эле кезде жетишкендиктер да бар. Мисалы, ушу sot.kg сайты, Жогорку соттун өзүнүн сайты иштеп жатканы, сот мекемелеринин алдында басма сөз катчыларынын иштөөсү жакшы көрсөткүчтөрдөн. Ал эми кемчилиги тууралуу айтсак, реформанын жүрүшүнө көп убакыт кетип жатат. Мына, жакында эле чоң мыйзамдардын пакети кабыл алынды. Аларды коомчулук, жарандык коом өкүлдөрү жана мамлекеттак кызматкерлер арасында талкуулап, консенсуска келип, кабыл алгыча бир топ убакыт өттү. Бирок, ал сот ре­формасынын тез ишке ашуусун күтүп жатат.

Жаңы кабыл алынган кодекстер ме­нен таанышып чыккандырсыз. Алар ишке киргенде эмне өзгөрүү болушу мүмкүн? Эл анын пайдасын кандайча көрө алат?

– Негизи эл үчүн өзгөчөлүктөр деле көп маанилүү эмес. Эл үчүн сот системасы анын кызыкчылыгындагы иштерди аткарса, алардын укуктук маселелерин акыйкаттык менен чечип берсе, эл ошого ыраазы болсо керек. Кандай процедуралар, эмне жаңылыктар киргени элди көп деле кызыктырбайт. Жаңы жазылган Жазык кодекси негизинен гумандуу болууга багытгалган. Муну биз жеңилирээк иштер үчүн атайын Жоруктар кодекси иштелип чыкканынан көрсөк болот. Талашкан эки тараптын бирин дароо эле жазалабай, жарашканга да жол ачкан юридикалык мүмкүндүктөр пайда болуп жатат. Соттун багыттоосу ме­нен эки тарапты өкүм чыгарбай эле элдештирүүчү медиация институту пайда болууда. Ушундай өзгөрүүлөрдү укук коргоо органдарында иштегендер кандайча үйрөнүп, өздөштүрүп, анан колдонуп кетишет, бул дагы бир опурталдыкты пайда кылат. Бул үчүн дагы эле убакыт, окутуу, тажрыйба талап кылынат. Мындай процесстер иштеп жаткандар үчүн эле эмес, юридика багытында окуп жаткан студенттер үчүн да киргизилиш керек. Мисалы, биз судьяларды, адвокаттарды, прокурорлордуокутканыбыз менен, юридика факультеттерин бүтүрүп чыгып жаткан студентгердин армиясы үчүн да жогорудагыдай жаңылыктарды киргизүү зарыл. Алардын окуу программаларын азыркы кабыл алынган мыйзамдардын талабына ылайыктап чыккан туура. Ошондой эле окутуучуларды да даярдаш керек. Биз азыр укук коргоо органдарында иштеп жаткандарды эле кайра окутуп, ал эми биздин келечектеги кадрлар болуп келчү студенттер эскиче эле окуй беришсе, бул кийин чоң көйгөй жаратышы ыктымал. Ошон үчүн ушундай жагдайга өзүбүз да, донорлор да убагында көңүл бурсак туура болот деп эсептейм.

Булак: “Азия ньюс”

Жалал-Абадда жаштардын ишкердик пландары ишкерлер тарабынан колдоого алынды

 

 Жалал-Абад шаарындагы Экономика жана ишкердик университетинде жогорку жана орто кесиптик билим берүүчү окуу жайларынын студенттеринин арасында “Бизнес  ринг” аталышындагы интеллектуалдык оюну  өткөрүлүп, жыйынтыгы чыгарылды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасы Байышбек Ташбаев билдирди” – деп маалымдады Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Анын айтымында,  студенттер арасында өткөрүлгөн бул  интеллектуалдык оюн  Жалал-Абад шаардык жаштар иштери боюнча комитети тарабынан уюштурулуп, аны Экономика жана ишкердик университети, PHOENIX эл аралык уюму жана  Жаш ишкерлер ассоциациясы (ЖИА) колдоого алган. Жаш студенттердин бизнес-пландары менен таанышууга демөөрчү-колдоочулардан жана бул тармакта иш алып барып жаткан бир катар ишкерлерден түзүлгөн калыстар тобу катышып, алар катышкан командалардын бизнес-пландарына өз бааларын беришти. Сынакка жаштардан түзүлгөн жалпы беш  команда катышты. Сынактын эрежеси боюнча ишкердик пландын наркы 5 миң АКШ долларына тете болуп, ага сарпталган убакыт да калыстар тобунун купулуна толушу керек.

-“Бизнес ринг” интеллектуалдык оюнун уюштуруубуздун негизги максаты –  жаштарды бош убактысын туура, максаттуу жана жаратмандык менен пайдаланууга үндөө жана аларды бизнес чөйрөсүнө тартуу,  шаар жаштарынын  ортосундагы достук карым-катнашын күчөтүү, – дейт Б. Ташбаев.

Интеллектуалдык оюндун соңунда 1-орунду Экономика жана ишкердик университетинен түзүлгөн топ ээлеп,  үч миң сом акчалай байгеге ээ болду.

Жалал-Абадда жаштардын ишкердик пландары ишкерлер тарабынан колдоого алынды

 

 Жалал-Абад шаарындагы Экономика жана ишкердик университетинде жогорку жана орто кесиптик билим берүүчү окуу жайларынын студенттеринин арасында “Бизнес  ринг” аталышындагы интеллектуалдык оюну  өткөрүлүп, жыйынтыгы чыгарылды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасы Байышбек Ташбаев билдирди” – деп маалымдады Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Анын айтымында,  студенттер арасында өткөрүлгөн бул  интеллектуалдык оюн  Жалал-Абад шаардык жаштар иштери боюнча комитети тарабынан уюштурулуп, аны Экономика жана ишкердик университети, PHOENIX эл аралык уюму жана  Жаш ишкерлер ассоциациясы (ЖИА) колдоого алган. Жаш студенттердин бизнес-пландары менен таанышууга демөөрчү-колдоочулардан жана бул тармакта иш алып барып жаткан бир катар ишкерлерден түзүлгөн калыстар тобу катышып, алар катышкан командалардын бизнес-пландарына өз бааларын беришти. Сынакка жаштардан түзүлгөн жалпы беш  команда катышты. Сынактын эрежеси боюнча ишкердик пландын наркы 5 миң АКШ долларына тете болуп, ага сарпталган убакыт да калыстар тобунун купулуна толушу керек.

-“Бизнес ринг” интеллектуалдык оюнун уюштуруубуздун негизги максаты –  жаштарды бош убактысын туура, максаттуу жана жаратмандык менен пайдаланууга үндөө жана аларды бизнес чөйрөсүнө тартуу,  шаар жаштарынын  ортосундагы достук карым-катнашын күчөтүү, – дейт Б. Ташбаев.

Интеллектуалдык оюндун соңунда 1-орунду Экономика жана ишкердик университетинен түзүлгөн топ ээлеп,  үч миң сом акчалай байгеге ээ болду.

Өзбекстанда президентке даттанууну каалаган тургундарды айылдан чыгарбай коюшту

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин Навои облусуна болгон сапары маалында Тасмачи айылынын тургундары мамлекет башчысына жолугуп, көйгөйлөрүн айтууну каалашкан. Бирок маале аксакалдары менен жол коопсуздук кызматкерлери айылдын чыга беришин тосуп, жергиликтүүлөрдүн президент менен жолугушууга барышына уруксат беришкен жок.

Айылдын тургуну Нафосат Халидова шейшемби эртең менен жергиликтүү жашоочулардан турган топ президент менен жолугуу үчүн район борборуна барууга аракет кылганда, аларды айылдан чыгарбай коюшканын билдирди.

«Жашоочулардын көбү президенттин район борборуна келерин угуп, автобус менен барууну чечишкен. Бирок айылдын чыга беришинде МАИ кызматкерлери жолду тосуп алышты. Мааленин аксакалы эч ким эч жакка барбайт деп бизди урушуп койду» — деди ал.

Айтымында, нааразы болгон эл жергиликтүү бийлик тарабынан чечилбеген айылдагы көйгөйлөрдү айтып, президентке даттанууну каалашкан.

«Кышында бизде таптакыр электр жарыгы болбойт, отун болсо абдан кымбат. Элдин аны сатып алууга акчасы жок. Быйыл бир жүк ташуу унаа отун 2 миллион сумдан ($260 көбүрөөк) сатылды. Карапайым адамдар арзан ун менен майды маале төрагасы жана анын жакындарынан артса гана сатып ала алышат. Президент элди ишкерлик менен алектенүүгө чакырган эле. Мен эки насыя алуу үчүн арыз жазып койгом, бирок үч айдан бери жооп беришкен жок», — деп даттанды Нафосат Халидова.

28-мартта Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев Навои облусуна сапары менен барган. Анда ал курулуп жаткан ишканалар жана долбоорлор менен таанышты. Мамлекет башчынын басма сөз кызматы сапардын жүрүшүндө президенттин эл менен жолуга турганын кабарлаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Аскар Акаев кызы экөө Кыргызстандын келечеги тууралуу китеп жазышты

Бул китепте Акаевдер Кыргызстандын потенциалы жана келечеги тууралуу жазат. Китеп “Стратегия опережающего развития для Кыргызстана” деп аталат. Тарыхты эске салган сүрөт-ирмемдер “2030-жылга чейинки жаркын келечек үчүн кандай стратегия болушу керек? Кыргызстанда инновациялык өнүгүүдөн озуп өтчү стратегияны иштеп чыга турган маалыматтык коомду түзүүгө болобу? Кыргызстан күн, шамал жана суудан алынган энергияны колдонгон экологиялык жактан таза өлкө боло алабы? Кыргызстан интернет-индустриясы аркылуу экономикасын көтөрүп, аны XXI кылымдын “жибек жолуна” коё алабы?” деп айтылат китептин аннотациясында. Авторлор ушул сыяктуу суроолорго жооп издеп, өз пикирлерин билдирет. Алардын айтымында, китеп Кыргызстандын келечегине жана 2020-жылдардагы өлкө лидерлерине арналат.

Булак: “ПолитКлиника”

Меню