Menu

КООМ

Жалал-Абад шаарынын бийликтери жер көчкү коркунучунда калгандарга жардам беришүүдө  

 

Жалал-Абад шаарынын басма сөз кызматынын маалыматына таянсак,  шаардын муниципалдык бийликтери жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин шаардык бөлүмү тарабынан алыскы тоо койнундагы Кызыл-Суу айылында пайда болгон жер көчкү коркунучунун алдын алуу чаралары жүрүп жатат. Бул тууралуу шаар мэриясынын курулуш, транспорт жана коммуникация бөлүмүнүн башчысы Миргүл Эгемова билдирди.

Анын айтымында, шаардан 80 чакырым алыстагы тоо койнуна орун алган Кызыл-Суу айылынын түндүк жагындагы адыр-тоонун айылга караган жагында жарака кетип, жер көчкүсү жүрүү коркунучу пайда болгон. Азыр калкты коопсуз жакка чыгаруу менен кырсыктын алдын алуу чаралары жүрүп жатат.

-Шаардын биринчи вице-мэри Турдалы Темирбаев баш болгон тийиштүү муниципалдык кызматтардын жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин шаардык бөлүмүнүн жетекчилери Кызыл-Суу айылында болушуп, андагы кырдаал менен таанышышты. Ал жердеги көчкү коркунучунда 7 кожолук, турак үйлөрдө жашаган 23 киши калган. Бул кожолук ээлери мурда эле мамлекеттен ссудаларды алышып, бирок башка жакка көчпөй келишкен. Шаар бийликтери аларды бүгүнкү күндө убактылуу башка жакка жашап турууга көндүрүштү. Андан тышкары, адырдын түшө беришинде жайгашкан №12 Сагындыков атындагы 9 жылдык мектеби да коркунуч астында турат. Мектеп да убактылуу жабылып, балдар коопсуз жайдагы эки үйдө убактылуу окутула турган болду. Калктын копсуздугун толугу менен камсыз кылуу чаралары улантылууда, – дейт ал.

Эскерте кетсек, Жалал-Абад шаарына караштуу алыскы Кызыл-Суу айылында 120 кожолук, 753 киши жашайт. Калкты бир мектеп, бир фельдшердик-акушердик пункт тейлеп турат.

 

Жалал-Абад шаарынын бийликтери жер көчкү коркунучунда калгандарга жардам беришүүдө  

 

Жалал-Абад шаарынын басма сөз кызматынын маалыматына таянсак,  шаардын муниципалдык бийликтери жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин шаардык бөлүмү тарабынан алыскы тоо койнундагы Кызыл-Суу айылында пайда болгон жер көчкү коркунучунун алдын алуу чаралары жүрүп жатат. Бул тууралуу шаар мэриясынын курулуш, транспорт жана коммуникация бөлүмүнүн башчысы Миргүл Эгемова билдирди.

Анын айтымында, шаардан 80 чакырым алыстагы тоо койнуна орун алган Кызыл-Суу айылынын түндүк жагындагы адыр-тоонун айылга караган жагында жарака кетип, жер көчкүсү жүрүү коркунучу пайда болгон. Азыр калкты коопсуз жакка чыгаруу менен кырсыктын алдын алуу чаралары жүрүп жатат.

-Шаардын биринчи вице-мэри Турдалы Темирбаев баш болгон тийиштүү муниципалдык кызматтардын жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин шаардык бөлүмүнүн жетекчилери Кызыл-Суу айылында болушуп, андагы кырдаал менен таанышышты. Ал жердеги көчкү коркунучунда 7 кожолук, турак үйлөрдө жашаган 23 киши калган. Бул кожолук ээлери мурда эле мамлекеттен ссудаларды алышып, бирок башка жакка көчпөй келишкен. Шаар бийликтери аларды бүгүнкү күндө убактылуу башка жакка жашап турууга көндүрүштү. Андан тышкары, адырдын түшө беришинде жайгашкан №12 Сагындыков атындагы 9 жылдык мектеби да коркунуч астында турат. Мектеп да убактылуу жабылып, балдар коопсуз жайдагы эки үйдө убактылуу окутула турган болду. Калктын копсуздугун толугу менен камсыз кылуу чаралары улантылууда, – дейт ал.

Эскерте кетсек, Жалал-Абад шаарына караштуу алыскы Кызыл-Суу айылында 120 кожолук, 753 киши жашайт. Калкты бир мектеп, бир фельдшердик-акушердик пункт тейлеп турат.

 

Таласта “Жерүй”  долбоорун иштетүү боюнча эл алдында отчет берилди

Бүгүн, 31-мартта Талас шаарынын “Кырк Чоро” кино-театрында 300дөн ашык адам чогулган жыйында Таласта алтын кенин иштетүүгө укук алган  россиялык “Востокгеолдобыча” компаниясына караштуу “Альянс-Алтын”  жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору М.А. Шубин жана анын коомдук байланыш боюнча орун басары М. Көлбаев облустун жалпы элинин алдында өткөн 2016-жылда аткарган иштери боюнча отчет беришти. Бул тууралуу Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Мухамеджан Суранчиев маалымдады. Аталган коомдун  башкы директору М.А. Шубиндин айтуусунда 2015-жылы Кыргыз Өкмөтү тарабынан “Жерүйдү” иштетүүгө мамлекетибизде биринчи жолу ачык-айкын өткөн сынакта россиялык “Востокгеолдобыча” компаниясы жеңип чыгып, сынактын шартына ылайык аталган компания Кыргыз мамлекетине 100 млн АКШ доллары өлчөмүндө алгачкы бонус катары акча каражатын которуп берген. Анын эсебинен Талас облусуна 170 млн. сом, Талас районуна 170 млн. сом жана “Жерүй” кени жайгашкан Бекмолдо айыл аймагына 170 млн. сом которулуп берилип, бул каражатка атайын өнүктүрүү фонддору түзүлүп, учурда Талас облусунда 6 мектептин курулушу жүрүп, Талас районунун айыл өкмөттөрүнө айыл чарба техниклары сатылып алынып, 4 МТС ишке кирген. Ошондой эле азыркы учурда Талас облусунун бардык райондорунда социалдык-экономикалык долбоорлор түзүлүп, алар ишке ашырылууда.

“Жерүй” долбоорунун ишке ашырылышына арналган жыйынга Кыргыз Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Дайыр Кенекеев, республикадан айлана чөйрөнү коргоо, экология маселелери боюнча тийиштүү жетекчилер келишип, эл тарабынан берилген суроолорго жоопторду беришип, өз ойлорун, сунуштарын ортого салышты.  Белгилей кетсек “Жерүй” кенин түздөн-түз иштетүү иштери азырынча баштала элек. Азыркы учурда кенге бара турган жолдорду оңдоо жана башка даярдык иштери жүрүп жатат.

 

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: Биз 2010-жылдын 7-апрелинде курман болгон баатырлар жөн жерден жанын бербегенин далилдөө менен, аларды эскеребиз.

«Кыргыз мамлекетинин тарыхындагы эӊ орчундуу окуялардын бири – 2010-жылдын 7-апрелиндеги элдик революция. Мамлекетибиздин эртеӊи үчүн эр азаматтарыбыз канын да, жанын да аяган жок. Жүрөгүндө оту, жүлүнүндө намысы бар жигиттер атылган октон корккон эмес», – деди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 31-мартта, 2010-жылдагы апрель окуясынын жети жылдыгына арналган эскерүү иш чарасында. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады.

Ал 7-апрелдин жеңишин, элдин бийлигин сактап калуу оӊой болгон жоктугун, революциядан кийин да чыдамкайлык, чечкиндүүлүк менен күрөштү улантуу зарыл болгондугун эскертти. Сооронбай Жээнбеков 2010-жылдан кийин да кыйын учурга туш болгонун, эскиче жашоону эңсеген реваншисттик күчтөр ар кандай аракеттерин жасап көргөнүн кошумчалады.

Ошого карабастан, зор ийгиликтерди жараттык. Элибиздин мүдөөсүн, шейит кеткен баатырлардын тилегин ишке ашыруу боюнча сыймык менен айтылчу жетишкендиктер болду,-деди ал.

Өкмөт башчысы өлкөнүн  экономикасын өнүктүрүү максатында ири долбоорлор ишке ашырылып жатканына токтолду.

«Туӊгуюктан чыгып, транзиттик мамлекет болуу үчүн стратегиялык жолдор салынып жатат. Кытайга, Казакстанга, Тажикстанга кеткен жолдордун курулушу аяктаганы турат. Энергетикалык көз карандысыздыкты камсыз кылдык. КАСА-1000 долбоорун ишке ашыруу боюнча макулдашуулар жүрүп жатат.  Жеӊил өнөр жайындагы жана кайра иштетүү багытындагы ишканалар салынууда. Мурда токтоп калган заводдордун айрымдарын кайрадан жандандырып жатабыз. Айыл чарба техникалары лизингге берилип, дыйкандарды колдоо максатында төмөн пайыз менен каржылоо системасына бюджеттен ири суммадагы каражаттар берилип жатат.

ЕврАзЭС мамлекеттеринин көлөмдүү рыногуна чыгуу үчүн зарыл болгон бажы посттору, текшерүү пункттары, лабораториялар курулду жана курулуп жатат. Социалдык чөйрөдөгү реформалар улантылууда. Бюджеттин 50 пайызы социалдык тармакка багытталды. Мектептер, бала бакчалар, спорттук жана маданий объекттер жакшы темп менен курулуп жатат. Былтыр эле 100 мектепти капиталдык ремонттон өткөрүп, 80 билим берүү мекемесин ишке бердик. Акыркы чейрек кылым ичинде мынчалык тез темп менен мектеп куруу эч качан болгон эмес.  Улуттук маданиятыбызды, мамлекеттик тилибизди өнүктүрүү максатын көздөгөн олуттуу иштер аткарылууда. Дин саясатын колго алдык. Мамлекеттин дин чөйрөсүн тейлөөсү ырааттуу жолго бурулду» ,-деди Премьер-министр.

«Ал эми Апрель революциясынын максатын бурмалап, мыйзам сыртында, элден өзгөчө статуста жашоого аракет кылган саясий күчтөр азыр да тоскоолдуктарды жаратууда. Революцияга жамынып, элдин мүлкүн өз олжосуна айлантып, өз көмөчүнө күл тарткандар өлкөдөгү туруктуулукка, калк ичинде ынтымакка залал келтиргенге даяр турат. Мындай учурда ак менен караны так ажыратып, ким эл үчүн, ким өзү үчүн жан талашып жатканын так баамдоо абзел. Ушуга кылдат бололу. Бүгүн да чогуу, бир багытты көздөп, Президентибиздин демилгелерин колдоп, тоскоолдуктарды жеӊишибиз зарыл. Ушул багытыбыз өнүккөн өлкөнү, калыс коомду курууга жеткирет», – деди Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.

Премьер-министр Президенттин демилгелерин колдоо менен, өлкөнүн өнүгүүсү үчүн, бардык тоскоолдуктарга  каршы бирге күрөшүүгө багыт алуу зарыл экендигин билдирди.

«Биз 2010-жылдын 7-апрелинде курман болгон баатырлар жөн жерден жанын бербегенин далилдөө менен, аларды эскеребиз. Биз баарыбыз чогуу гүлдөгөн Кыргызстанды курабыз. Элибизде аманчылык, коомубузда ынтымак, мекенибизде тынчтык болсун»!,-деп жыйынтыктады Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекеттик тилде иш кагаздарын жүргүзүү боюнча окуу курстарына талап өсүүдө

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Окуу-маалымат борбору бүгүн 31-мартта Кемин жана Чүй райондорунун мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерине иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча окутуу иштерин баштады. Бул тууралуу комиссиянын басма сөз кызматы маалымдады.

Аталган окуу борбору тарабынан учурда “Толубай” банкынын, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын, “Кыргызаэронавигация” мамлекеттик  ишканасынын жана Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин кызматкерлерине мамлекеттик тилде иш кагаздарын жүргүзүү боюнча билимин өркүндөтүүчү семинар-тренингдери өткөрүлүп жатат.

Жалал-Абадда экстремизм жана терроризмге каршы түшүндүрүү иштери күчөтүлдү

 

Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматына таянсак, шаардагы бардык жалпы билим берүүчү мектептерде, коомчулук арасында диний экстремизмге жана террорчулукка каршы күрөшүү максатында түшүндүрүү иштери күчөтүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын социалдык бөлүмүнүн башкы адиси Апел Адылбекова билдирди.

Анын айтымында, мындай түшүндүрүү иштери шаардагы бардык мектептерде жана коомчулук арасында өткөрүлүп жатат жана жаш өспүрүмдөргө, ата-энерлерге, коомчулук өкүлдөрүнө терс көрүнүштөрдүн алдын алуудагы чогуу аракеттердин мааниси айтылууда.

-Мындай иш-чараларга областтык казыяттан, шаардык ички иштер бөлүмүнөн тийиштүү адистер келип, ата-энелерге, окуучуларга, коомчулук өкүлдөрүнө диний экстремизм менен террорчулук тууралуу, анын кесепеттери, алар менен күрөшүүнүн жолдору жана андай агымдарга азгырылбоо чаралары түшүндүрүлүүдө, – дейт ал.

Жыйынга катышкан ата-энелер, окуучулар, коомчулук өкүлдөрү терс диний агымдар, экстремизм, террорчулук сыяктуу кесепеттердин алдын алуу, эл арасындагы биримдикти, ынтымакты бекемдөө багытында өз ойлорун айтышууда.

Эскерте кетсек, шаар аймагында 22 жалпы билим берүүчү мектептер бар. Аларда шаар бийликтери жана шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан жыл бою коомдук коопсуздук, адеп-халак, маданият жана улуттук баалуулуктар багытында тарбиялык иштер алынып барат.

 

Свердлов райондук соту С. Жапаровду колдоо митинги боюнча төмөндөгүнү билдирет

Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту тарабынан 2017-жылдын 27-мартында Кыргыз Республикасынын КЖКнин 234-беренесинин 3-бөлүгү 2,3-пунктары, 341-беренесинин 1-бөлүгү, 174-беренесинин 1-бөлүгү менен айыпталган А. Бегишов, С. Жапаров, К. Жапаров, Р. Жапаров, Б. Казиев, Шамшидин  уулу Айдынбек, Э. Тагаев, Ж. Жеңишбеков, Ч. Кожогельдиев, А. Бейшенбеков, У. Усупов жана А. Исаевге карата баш коргоо чараларын тандоо жөнүндө өтүнүчтөрү каралган. Соттун токтомдору менен өтүнүчтөр канааттандырылып, аталган жарандарга эки айга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чаралары тандалган. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматы маалымдады

Р.С.Жапаровго карата баш коргоо чарасын тандоо учурунда, Кыргыз Республикасынын ЖПКнин 95-беренесинин талаптары бузулгандыгы аныкталгандыктан, башкача айтканда, кармоо протоколу шектүүгө жактоочунун катышуусуз жарыялангандыктан, Бишкек шаарынын ИИББнын ТБнын тергөөчүсү А. Жапаровго жай аныктама чыгарылган.

 

Жалал-Абадда өспүрүмдөр арасында кургак учук оорусу катталган жок  

 

Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматына таянсак, Жалал-Абад шаары боюнча өткөн жылы жана быйылкы жылдын алгачкы чейрегинде өспүрүмдөр арасында кургак учук оорусу менен ооруп калуулар катталбады. Бул тууралу шаардык кургак учукка каршы күрөшүү диспансеринин башкы дарыгери Акылбек Ормонбеков билдирди.

Анын айтымына караганда, жыл сайын шаар боюнча калк, аны менен катар өспүрүмдөр арасында кургак учукка каршы түшүндүрүү иштери тынымсыз жүрүп келүүдө. Ошондой эле бул ооруга каршы шаарда дайыма коомдук акциялар, практикалык иш-чаралар дамамат жүрүп келет. Бирок, ага карабай шаарда чоңдор арасында кургак учук оорусу боюнча эпидемиологоиялык кырдаал курч бойдон калса, өспүрүмдөр арасында ооруп калуулар катталган жок.

-Аталган оорунун алдын алуу максатында учурда кургак учук оорусуна тушуккандарды өз убагында табуу үчүн ар бир үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда  какырыктарды изилдөө үчүн атайын кабинеттер уюшулган жана тийиштүү медицина кызматкерлери менен камсыз болуп, ар бир жаран көзөмөлүбүздө турат, – дейт ал.

Эске сала кетсек, шаар мэриясы тарабынан быйылкы жылы февраль-март айларында кургак учукка каршы күрөшүүнүн айлыгы жарыяланып, анын алкагында коомдук алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлгөн. Шаарда жаштардын катышуусу менен кургак учук оорусуна каршы массалык жөө жүрүш уюштурулуп, коомчулуктун көңүлүн буруу аракеттери жүргөн.

Социалдык түйүндөрдө бийлик каршылаштарынан утулууда

Интернет талаасында, өзгөчө Фейсбук баштаган социалдык түйүңдөрдө бийлик жана каршылаштарынын тиреши ар дайым жүрүп келет. Дегенибиз, соңку бир жумада оппозициялык күчтөр Акүйдүн жактоочуларын, пиаршиктерин утуп койду. Билинбегени менен бул жагы өтө маанилүү. Коомдук пикир түзүлүп, бийликке каршы элдин тескери маанайы жаралууда. Анүстүнө, барган сайын интернет колдонуучулар тездик менен арбып баратат. Бул жагына олуттуу көңүл бурулбаса, күздөгү президенттик шайлоодо КСДПдан чыккан бийликчил талапкер көпчүлүккө жагымсыз көрүнүп, утулуу ызасын тартып калбайбы?

Булак: “Азия ньюс”

Жалал-Абадда вирустук гепатитке кабылгандар саны үч эсеге азайды

 

“Жалал-Абад шаарында 2017-жылдын алгачкы эки айында вирустук гепатитке кабылып, оорудан жабыр тарткандар саны өткөн 2016-жылдын экинчи айына салыштырмалуу үч эсеге азайган. Бул тууралу областтык  үй-бүлөлүк медицина борборунун директорунун орун басары Хадича Пратова билдирди” – деп маалымдады Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Анын айтымында, өткөн жылдын алгачкы эки айында 29 атуул вирустук гепатит оорусуна чалдыккан болсо, быйылкы жылдын 2-чи айында 9 оору катталган.

-Бул оорунун эң кыйын жери бир жылга чейин оорунун белгиси байкалбаганында.  Оору дени соо кишиге вирус менен булганган тамак-аш, оюнчук, сүлгү, идиш-аяк, жуулбаган кир колдор аркылуу жугушу мүмкүн. Жалал-Абад шаарында январь, февраль айларында 9 киши аталган оору менен катталып, алар дайыма биздин көзөмөлүбүздө болуп, медицина кызматкерлери алардын үйлөрүнө жума сайын барып, текшерүү иштерин жүргүзүп жатышат. Биз азыр шаар тургундарына, бала-бакчаларда, мектептерде түшүндүрүү иштерин байма-бай жүргүзүп жатабыз, – дейт ал.

Эскерте кетсек, жугуштуу оорулардын алдын алуу, ушул багытта дарыгерлердин билимин арттыруу максатында област боюнча 17 дарыгер Бишкек шаарына барып, билим-тажрыйбаларын арттырып келүүгө даярданып жатышат.

Меню