Menu

КООМ

“Конституциялык кеңешме үчүн” кыймылынын КР Жогорку Кеңешинин депутаттарына шашылыш Кайрылуусу

Кечээ, 2-апрелдин таңында экс-депутат Садыр Жапаров Бишкектеги N1-тергөө абагынан кескиленген жаракаттары менен, оор абалда  N47-абактагы ооруканага которулганы белгилүү болду.

Коомчулук бул кабарды, азыр абакта кармалып жаткан Садыр Жапаровдун өз эркинен ажыратылган абалда, мамлекеттик юрисдикциянын калкалоосу астында туруп, ага физикалык кепилдик камсыз кылынбаганына үрөйү учуу менен кабыл алды.

КР Жогорку Кеңешин өзүнүн парламенттик көзөмөл фуңкциясынын алкагында Садыр Жапаровдун жаракаттары кандай шартта, кандай мүнөздө жасалганын тыкыр медициналык документтештирүүнү кепилдөөгө чакырабыз.

Бул максатта КР Саламаттыкты сактоо министрлиги Садыр Жапаровдун ден соолугун иликтөө үчүн мекемелер аралык врачтык комиссияны түзүп, ал комиссия мындай учурларды документтештирүү боюнча эл аралык стандарттардын – Стамбул протоколунун негизинде иш алып баруусу керек.

“Конституциялык кеңешме үчүн”  кыймылы

Жалал-Абадда эмгек рыногуна керектүү адистерди даярдап чыгаруунун жолдору  талкууланды

Бүгүн, 3-апрелде Жалал-Абад шаарындагы “Мөлмөл” тейлөө комплексинде кыска убакыт аралыгында эмгек рыногуна керектүү болгон адистерди даярдап чыгарууга  арналган семинар-кеңешме болуп өттү. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады. “Жалал-Абад облусунда кыска убакыт мезгилинде эмгек рыногуна керектүү болгон жумушчу адистерди даярдап чыгаруу” деген темадада өткөрүлгөн семинар-кеңешменин ишине Жалал-Абад шаарынын вице-мэри, Сузак, Базар-Коргон жана Ноокен райондорунун акимдеринин социалдык маселелер боюнча орун басарлары, облус аймагындагы кыш чыгаруучу, пахтаны кайра иштетүүчү заводдордун жетекчилери, айыл чарба, өнөр жай, кайра иштетүү жана жеңил өнөр жай тармагында иш алып барган жеке ишкерлер менен фермерлер, дыйкан чарбаларынын жетекчилери жана облус аймагындагы кесипчилик-техникалык билим берүү лицейлеринин жетекчилери катышты.

Семинар-кеңешменин катышуучуларын КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков кутуктап, семинар-кеңешеминин катышуучуларына пайдалуу ишти алып баруудагы демилгелүү иш-аракеттерине ийгилик каалады.

Семинар-кеңешмеде кайрымдарды өнүктүрүү фондунун кыска убакытта жумушчу адистерди даярдап чыгаруу боюнча фонддун улуттук консультанты Адибахон Хайтматова кенен маалымат берди.

Кыргызстанда кайрымдарды (адистерди кайра даярдоо) өнүктүрүү фонду тарабынан акыркы жылдары бир катар алгылыктуу иш-аракеттер жасалып жатат. Азия өнүктүрүү банкынын каржылоосу менен колдоого алынган бул ищ-аракеттерди жандандыруу багытында бир топ саамалыктуу иштер жасалууда. Эң башкысы калктын аярлуу катмараларын – социалдык колдоого муктаж болушкан үй-бүлөлөрдү, мүмкүнчүлүгү чектелген инсандарды, эмгек мигранттарын такай жана жумушсуз жүрүшкөн жардарды жумуш орундарын менен камсыз кылууда КӨФ (Фонд разивития навыков) тарабынан бир топ саамалыктуу иштер жүзөгө ашырылган. Анын натыйжасында 1 айдан 6 айлык кыска мөөнөттүү атайын адистиктерди даярдоо курстарын бүтүрүп чыгышкан квалификациялуу адистер Кыргызстан боюнча курулуш, өнөр жай тармагы, айыл чарбасы, кайра иштетүү жана тейлөө тармагында кыйла ийгиликтерди жаратууну камсыз кылышты. Бул маселеге кызыккан 5 миңден ашуун атуулдардан кайрылуулар келип түшкөн.

Семинар-кеңешменин жүрүшүндө кыска убакыттын аралыгында квалификациялуу адистерди даярдап чыгаруунун жолдору жана аларды иш менен камсыз кылуунун оптималдуу варианттары туурасында кеңири пикир алышуулар болду. Азыркы учурда эмгек рыногуна керектүү болгон квалификациялуу адистерди даярдоо жана кайра даярдап чыгаруу боюнча Кыргызстанда 78 профессионалдык лицейлер менен коллеждерде атайын окутуулар ишке ашырылып жатат. Аны каржылоону Азия өнүктүрүү банкы колдоого алган. Семинар-кеңешмеге катышкан компаниялар менен фирмалардын жана жеке ишкерлер менен дыйкан чарбалардын жетекчилери эки тараптуу кызматташууну жандандырууга кызыктар экендиктерин жашырышкан жок. Алар өз иш билген жана кесибин кастарлаган жаш адистер менен иштешүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Айыл чарба министрлигинде кайрадан чыр чыкты

JIСА Эл аралык уюумунун колдоосунда республикадагы ветеринарларды 1-февралдан 15-мартка чейин Японияда окутуу боюнча семинар болду. Ал эми бул долбоорду ишке ашырган КРнын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги алдындагы айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү болгон. Эң кызыгы, бул эл аралык донорлордун колдоосунда өтүүчү долбоорго жалаң гана республика боюнча ветеринарлар катышыш керек болсо, Айыл чарба долбоорлорун ишке ашырган бөлүм жетекчиси Майрамбек Таиров да ветеринарлар менен кошо барып, семинар убагында эки күн “жинди суу менен дос болуп” Кыргызстандыктарды уят кылганы аз келгенсип, жосунсуз жоруктарды көргөзгөн. Азыр бул семинардан кайтып келген республикадагы ветеринарлар Майрамбек Таировдун Япониядагы жоругуна нааразы болушуп, айрымдары ишинен кетип жатышат. Алардын бири республикадагы мыкты адистердин бири Нурлан Арстанбекович Дүйшеев. Азыркы министр Нурбек Мурашев тартип маселесин карабай текей терип жүрөбү?

Булак: “Фабула”

Жалал-Абад шаарынын бийликтери жер көчкү коркунучунда калгандарга жардам беришүүдө  

Жалал-Абад шаарынын басма сөз кызматынын маалыматына таянсак,  шаардын муниципалдык бийликтери жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин шаардык бөлүмү тарабынан алыскы тоо койнундагы Кызыл-Суу айылында пайда болгон жер көчкү коркунучунун алдын алуу чаралары жүрүп жатат. Бул тууралуу шаар мэриясынын курулуш, транспорт жана коммуникация бөлүмүнүн башчысы Миргүл Эгемова билдирди.

Анын айтымында, шаардан 80 чакырым алыстагы тоо койнуна орун алган Кызыл-Суу айылынын түндүк жагындагы адыр-тоонун айылга караган жагында жарака кетип, жер көчкүсү жүрүү коркунучу пайда болгон. Азыр калкты коопсуз жакка чыгаруу менен кырсыктын алдын алуу чаралары жүрүп жатат.

-Шаардын биринчи вице-мэри Турдалы Темирбаев баш болгон тийиштүү муниципалдык кызматтардын жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин шаардык бөлүмүнүн жетекчилери Кызыл-Суу айылында болушуп, андагы кырдаал менен таанышышты. Ал жердеги көчкү коркунучунда 7 кожолук, турак үйлөрдө жашаган 23 киши калган. Бул кожолук ээлери мурда эле мамлекеттен ссудаларды алышып, бирок башка жакка көчпөй келишкен. Шаар бийликтери аларды бүгүнкү күндө убактылуу башка жакка жашап турууга көндүрүштү. Андан тышкары, адырдын түшө беришинде жайгашкан №12 Сагындыков атындагы 9 жылдык мектеби да коркунуч астында турат. Мектеп да убактылуу жабылып, балдар коопсуз жайдагы эки үйдө убактылуу окутула турган болду. Калктын копсуздугун толугу менен камсыз кылуу чаралары улантылууда, – дейт ал.

Эскерте кетсек, Жалал-Абад шаарына караштуу алыскы Кызыл-Суу айылында 120 кожолук, 753 киши жашайт. Калкты бир мектеп, бир фельдшердик-акушердик пункт тейлеп турат.

Ошто имамдардын демилгеси менен «Хадия» боорукердик дүкөнү ачылды

“Бүгүн, 31-март жума күнү Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүнүн 23 имамынын демилгеси менен аталган айыл өкмөттө “Хадия” кайрымдуулук-боорукердик дүкөнү ачылды. Бул боюнча аталган айыл өкмөттүн жооптуу имам-хатиби Рахимжан ажы Нишанов билдирди” – деп маалымдады Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы.

Маалыматка ылайык дүкөндү ачуу мечит имамдары тарабынан демилгеленип, буга чейин мечитке келген тургундарга идеяны түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Натыйжада жергиликтүү ишкер өз дүкөнүн акысыз пайдаланууга берсе, жергиликтүү тургундар үйлөрүнөн ашыкча кийим-кече, турмуш-тиричиликке зарыл болгон буюмдарын дүкөнгө алып келип тапшырышкан. Дүкөн ачылаары менен колунда жок, кийимге муктаж болгон 15 жаран өзүнө ылайыктуу кийим-кечелерге ээ болушту.

Иш-чаранын негизги максаты колунда бар жарандарды кайрымдуу, боорукер болууга үндөө жана муктаж болгон бир туугандарга жардам берүү болуп саналат. Эскерте кетсек, аталган дүкөнгө бардык калоочу кайрымдуу адамдар өз салымдарын кошо алат жана бардык муктаж жарандар өзүнө керектүү кийимин алып кетсе болот.

Азамат Кыязов, журналист: "“Маалыматтык согуш” шылтоосу менен Сөзгө кишен салуу – кеменгерлик эмес. Кызмат абалынан пайдаланып, журналистке үстөмдүк кылуу – бул дагы даанышмандык эмес"

СӨЗ
Гезитте иштеп жүргөнүмдө, көңүл коңултактай түшсө эле “Жанмаанай” жаза калмайым бар эле, бүгүн да жазгым келди…
Кудай – биринчи, Сөз – экинчи. Сөз – Кудайдыкы…
Демек, Сөздү туткундаганга эч кимдин акысы жок! Сөз түгөнгөн жерде – тирүүлүк түгөнөт! Оо, кудуреттүү Кудай, өзүң кечир. Оо, улуу Сөз, өзүң кечир. Биз сени ириген оозго салдык, уу тамган тилге салдык, кечир, кечир…
Сөз кадырын күтө албай “сөрөйлөдүк”. Айтылган Сөз – атылган ок экенин аңдабадык. Сөз бакканга, Сөзгө аяр мамиле кылганга дараметибиз жетпеди. Сөз сүйлөсүн деп, Кудайдын улуу Сөзүн сүйлөсүн деп, журт башына Сөз бердик… Сөз жок…
Кечир, Сөз! Сени биз, сый-урматка, ынтымакка караганда чыр-чатакка, каргышка, сөгүшкө, калпка, жалаага, арамзалыгыбызды, уурулугубузду жаап-жашырган жалганчылыкка, алсыздыгыбызды, кошоматчылыгыбызды коргогон жасакерликке, булдуруктап-чулдуруктап аракчылыкка, арам көңүлгө беткап кылып жалапчылыкка, караңгы ойго от бүрккөн ушакчылыкка, түшүнбөй туруп сүйлөгөн түркөйлүккө, кесирликке, кусурлукка… анан, ыймансызды ыймандуу көрсөтүүгө жан далбас урган жасалмалуулукка пайдаланып келдик. Сени майдаладык. Тагыраагы, биз майдаландык. Молекуладай майдаландык. Майда адамдар чоң Сөз сүйлөй албайт экен. Сөз кутун учурдук. Бири-бирибизге Сөз сиңбей калды. Сөз атасы айтылбай жетимсиреди. Ошол жетим Сөзгө боштондук каалап, Сөзгө эркиндик сурап бийликке жалдырап… “Сөз эркиндиги” деген түшүнүк өзү, эгемендүү элдин карманаар туткасы эмей эмине.
Сөз менен жан баккан жазмакер Сөздөн коркпойт. Сөз менен жан баккан саясатчы Сөздөн коркот. “Маалыматтык согуш” шылтоосу менен Сөзгө кишен салуу – кеменгерлик эмес. Абалынан пайдаланып, журналистке үстөмдүк кылуу – бул дагы даанышмандык эмес. Кырк киши көчөгө чыгып кыйкырып Сөз сүйлөп койсо эле, мылтыгын асманга аткылап калуу – бул деле эстүү-баштуу башкаруу эмес.
“Өлгүлө!”, – деп кыйкырды, кечээ бир кыз. – “Каргышың кара башыңа!” – деп жооп кайрып же эркек каадасында укмаксанга салып басып кетишкен жок. 5-6 милийса “ит талаган түлкүдөй” алсыз кызды баса калып, колу-бутун бурап камакка сүйрөп баратканын интернет дүйнөгө таратты. Кыз да кыргыз, милийса да кыргыз. Уйпаланып, “жоюлуп бараткан” улутумдун кылык-жоругуна жооп таба албай, саясий шермендечиликти токтотуп калчу Сөз таба албай карайлаган мен да кыргыз… Кайран кыргыз, кайран Сөз…

Азамат Кыязов, журналист

Жалал-Абадда экстремизм жана терроризмге каршы түшүндүрүү иштери күчөтүлдү

Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматына таянсак, шаардагы бардык жалпы билим берүүчү мектептерде, коомчулук арасында диний экстремизмге жана террорчулукка каршы күрөшүү максатында түшүндүрүү иштери күчөтүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын социалдык бөлүмүнүн башкы адиси Апел Адылбекова билдирди.

Анын айтымында, мындай түшүндүрүү иштери шаардагы бардык мектептерде жана коомчулук арасында өткөрүлүп жатат жана жаш өспүрүмдөргө, ата-энерлерге, коомчулук өкүлдөрүнө терс көрүнүштөрдүн алдын алуудагы чогуу аракеттердин мааниси айтылууда.

-Мындай иш-чараларга областтык казыяттан, шаардык ички иштер бөлүмүнөн тийиштүү адистер келип, ата-энелерге, окуучуларга, коомчулук өкүлдөрүнө диний экстремизм менен террорчулук тууралуу, анын кесепеттери, алар менен күрөшүүнүн жолдору жана андай агымдарга азгырылбоо чаралары түшүндүрүлүүдө, – дейт ал.

Жыйынга катышкан ата-энелер, окуучулар, коомчулук өкүлдөрү терс диний агымдар, экстремизм, террорчулук сыяктуу кесепеттердин алдын алуу, эл арасындагы биримдикти, ынтымакты бекемдөө багытында өз ойлорун айтышууда.

Эскерте кетсек, шаар аймагында 22 жалпы билим берүүчү мектептер бар. Аларда шаар бийликтери жана шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан жыл бою коомдук коопсуздук, адеп-халак, маданият жана улуттук баалуулуктар багытында тарбиялык иштер алынып барат.

Жалал-Абадда өспүрүмдөр арасында кургак учук оорусу катталган жок  

Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматына таянсак, Жалал-Абад шаары боюнча өткөн жылы жана быйылкы жылдын алгачкы чейрегинде өспүрүмдөр арасында кургак учук оорусу менен ооруп калуулар катталбады. Бул тууралу шаардык кургак учукка каршы күрөшүү диспансеринин башкы дарыгери Акылбек Ормонбеков билдирди.

Анын айтымына караганда, жыл сайын шаар боюнча калк, аны менен катар өспүрүмдөр арасында кургак учукка каршы түшүндүрүү иштери тынымсыз жүрүп келүүдө. Ошондой эле бул ооруга каршы шаарда дайыма коомдук акциялар, практикалык иш-чаралар дамамат жүрүп келет. Бирок, ага карабай шаарда чоңдор арасында кургак учук оорусу боюнча эпидемиологоиялык кырдаал курч бойдон калса, өспүрүмдөр арасында ооруп калуулар катталган жок.

-Аталган оорунун алдын алуу максатында учурда кургак учук оорусуна тушуккандарды өз убагында табуу үчүн ар бир үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда  какырыктарды изилдөө үчүн атайын кабинеттер уюшулган жана тийиштүү медицина кызматкерлери менен камсыз болуп, ар бир жаран көзөмөлүбүздө турат, – дейт ал.

Эске сала кетсек, шаар мэриясы тарабынан быйылкы жылы февраль-март айларында кургак учукка каршы күрөшүүнүн айлыгы жарыяланып, анын алкагында коомдук алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлгөн. Шаарда жаштардын катышуусу менен кургак учук оорусуна каршы массалык жөө жүрүш уюштурулуп, коомчулуктун көңүлүн буруу аракеттери жүргөн.

Меню