Menu

РАСМИЙ КАБАРЛАР

«Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Президент Атамбаев социалдык кызматтын кардарларына социалдык кызматтарды көрсөтүүчү социалдык жактан тейлөөнүн жарым-жартылай стационардык уюмдарын жана мекемелерин аккредитациялоонун жол-жоболорун жөнгө салуу максатында кабыл алынган «Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн  негиздери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын  Мыйзамына өзгөртүүлөрдү  киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын  Мыйзамына кол койду. Бул туурасында Президенттин Аппаратынын расмий сайты жарыялады.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 31-майында кабыл алынган.

Ушул максатта Мыйзамдын түшүнүк аппараты “аккредитация” деген түшүнүк менен толукталат, ага ылайык аккредитациялоо – социалдык кызматтын кардарларына социалдык кызматтарды көрсөтүүчү социалдык жактан тейлөөнүн жарым-жартылай стационардык уюмдарын жана мекемелерин баалоо жол-жобосу, анын натыйжалары боюнча аккредитацияланган уюм белгиленген талаптарга ылайык келерин ырастоочу аккредитациялоо тууралуу сертификат берилет.(3-статьянын 2-абзацы)

Калкты социалдык жактан тейлөө чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген талаптарга ылайык социалдык кызмат көрсөтүүнүн сапатын камсыз кылуу максатында  кардарларга мамлекеттик социалдык заказдын алкагында  социалдык кызматтарды  көрсөтүүчү социалдык жактан тейлөөнүн жарым-жартылай стационардык уюмдары жана мекемелери аккредитациядан өтүүгө милдеттүү.

Мамлекеттик бюджеттин каражаттарынан тышкары, башка каражаттардын эсебинен каржылануучу социалдык тейлөөчү жарым-жартылай стационардык уюмдарды жана мекемелерди аккредитациялоо ыктыярдуу негизде жүргүзүлүшү мүмкүн.

Социалдык кызматтын кардарларына социалдык кызматтарды көрсөтүүчү социалдык жактан тейлөөнүн жарым-жартылай стационардык уюмдарын жана мекемелерин  аккредитациялоо тартиби Кыргыз Өкмөтү тарабынан бекитилет (6-1- статья).

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирүү милдети тапшырылды.

 

Алмазбек Атамбаев ички иштер министри Улан Исраиловду кабыл алды

Президент Атамбаев бүгүн, 7-июлда, өлкөнүн ички иштер министри Улан Исраиловду кабыл алды. Бул туурасында Президенттин Аппаратынын расмий сайты жарыялады.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысына  укук тартибин жана коомдук коопсуздукту коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер, коомчулукта резонанс жараткан кылмыш иштерин иликтөөнүн жүрүшү жана кылмыштардын бетин ачуунун динамикасы тууралуу маалымат берилди.

Улан Исраилов ошондой эле  туристтик сезондо курорттук аймактарда коомдук тартипти камсыз кылуу, өлкөдөгү  жол кырсыктарынын алдын алуу иштерин активдештирүү туурасында дагы айтып берди.

Президент Алмазбек Атамбаев  өлкөнүн жарандары үчүн  ички иштер органдарынын ишинин натыйжалуулугунун маанисин баса белгилеп, милициянын алдында турган   актуалдуу милдеттерди, анын ичинде жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү маселелерди чечүү боюнча чараларды күчөтүүгө милдеттендирди.

Жалал-Абадда юристтердин кесиптик майрамы белгиленди

Бүгүн, 7-июлда Жалал-Абадда  юристтердин кесиптик майрамы жана КРнын юстиция министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 90 жылдыгы белгиленди. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз  катчысы маалымдады.  Майрамдык салтанаттуу жыйынга ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев, Жалал-Абад облусттук юстиция башкармалыгынын кызматкерлери, мамлекеттик жана жеке нотариустар менен авдвокаттар жана облусттук укук коргоо органдарынын жетекчилери катышты.

— Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Юристтер күнү жана Эгемендүү Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 90 жылдык майрамы менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жана өзүмдүн атымдан куттуктаймын. Юстиция башкармалыгына мамлекеттик түрдүү органдарга, жарандарга жана юридикалык жактарга укуктук жана мыйзамдык жактан жардам берүүдө өлкөнүн аткаруу бийлик органдарына маанилүү координациялык иштерди алып баруу милдети жүктөлгөн. Юстиция башкармалыгы ар кандай сферадагы кызматкерлердин башын бириктирип турат. Булар адвокаттар, нотариустар, соттор жана прокурорлор, бир сөз менен айтканда өзүнүн кесиптик жолунда юстицияны тандап алгандар. Бүгүнкү жашообузду укук таануучуларсыз элестетүү дегеле мүмкүн эмес. Тагыраак айтканда, юристтер адилеттүүлүк идеяларын жана мыйзамдардын так сакталышын иш жүзүнө ашырат. Баш мыйзамыбыз болгон Конститутциянын негиздеринин кынтыксыз жана бурмаланбай иштөөсүн камсыз кылат. Карапайым адамдардын укугун жана эркиндигин,  мамлекетибиздин бүтүндүгүн жана кызыкчылыгын ар тараптан коргойт. Дасыккан юрист гана ар кандай структурада мыйзамдардын бардык ченемдик актыларын сактоо менен натыйжалуу ишти камсыз кыла алат.

Юрист болуу – чоң сыймык жана ошону менен бирге зор жоопкерчилик. Сиздердин кесипке өзгөчө моралдык, этикалык жана укуктук чоң жоопкерчилик жүктөлгөн. Областыбыздын юристтери өз милдеттерин ар дайым ар-намыстуулук менен аткарып келишүүдө. Атуулдарыбыздын мыйзамдык жана укуктук кызыкчылыктарын абийирдүүлүк менен коргойт. Эң башкысы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн ар тараптан чыңдоого  өздөрүнүн татыктуу салымдарын кошооруна терең ишенемин. Ушул майрам күнү областыбыздын аймагында татыктуу эмгектенип жатышкан бардык юристтерге бекем ден соолук, жооптуу жана ардактуу иштерине чын дилимден ийгилик каалап кетемин. Кесиптик майрамыңыздар куттуу болсун!,- деди ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев.

Ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев юстиция тармагында үзүрлүү иштеп келе жатышкан бир катар кызматкерлерге Ардак Грамоталар менен Алкыштарды тапшырды. Юстиция тармагынын кызматкерлерин Жалал-Абад облустук сотунун төрагасы Шаршенбек Камбаров, облустун прокурору Өткүрбек Жамшитов, улуттук мамлекеттик коопсуздук кызматынын облустук башкармалыгынын башчысы Канжарбек Бокаев, облустук ички иштер башкармасынын башчысынын орун басары, милициянын подполковниги Марат Хажиматов куттукташты.

Жалал-Абад облустук юстиция башкармалыгынын башчысы Бакыт Жайлообаев юстиция тармагынын бир катар кызматкерлерине Ардак грамоталар менен Алкыштарды тапшырды

 Жолдошбай Осмонов, Жалал-Абад облусу

   

 

Алмазбек Атамбаев Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаевди туулган күнү менен куттуктады

Президент Атамбаев Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаевди туулган күнү менен куттуктады. Бул туурасында Президенттин Аппаратынын расмий сайты жарыялады.

“Боордош Казакстандын  ийгиликтери, социалдык-экономикалык жетишкендиктери, же  дүйнөлүк  деңгээлдеги долбоорлорду ишке ашыруу жана эл аралык аренадагы өлкөнүн кадыр-баркын бекемдөөдө болобу,   мунун баары  Сиз жүргүзүп жаткан көрөгөч саясаттын көрүнүктүү жыйынтыктары. Сиздин кесиптик жана турмуштук бай тажрыйбаңыз дайыма Казакстан элинин колдоосуна татыктуу болгон Сиздин көп кырдуу жана жемиштүү мамлекеттик ишмердигиңиздин бекем негизи болуп саналат”,- деп белгиленет Мамлекет башчысынын куттуктоосунда.

Президент  тең укуктуу жана өз ара пайдалуу кызматташууга негизденген достуктун, жакшы коңшулаштыктын жана стратегиялык өнөктөштүктүн кыргыз-казак мамилелери бир тууган эки өлкөнүн элдеринин  кызыкчылыгында мындан ары дагы чыңдалып жана өнүгө берет деп ишенет.

Президент Алмазбек Атамбаев  Президент Нурсултан Назарбаевге чың ден соолук, мамлекеттик ишмердигинде ийгиликтерди, ал эми бир тууган Казакстан элине – тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Алмазбек Атамбаев Өнөр жай, энергетика жана кен байлыктары мамлекеттик комитетинин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиевди кабыл алды

Президент Атамбаев бүгүн, 6-июлда, Өнөр жай, энергетика жана кен байлыктары мамлекеттик комитетинин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиевди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысына  гидроэнергетикалык тармакка жана өлкөнүн энергетикасын өнүктүрүүгө инвестицияларды тартуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер туурасында маалымат берилди. Тактап айтканда,  республиканын дарыяларына ири жана чакан ГЭСтерди  куруу жолу менен жаңы кубаттуулуктарды  ишке киргизүүнү болжолдогон  долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пландар туурасында маалымат берилди.

Президент Алмазбек Атамбаев  электр энергиясы менен туруктуу камсыз кылуу жана өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун  мындан ары чыңдоо үчүн өлкөнүн гидроэнергетикасын  өнүктүрүү боюнча долбоорлорду сапаттуу ишке ашыруунун маанисин баса белгиледи.

Алмазбек Атамбаев АКШнын Президенти Дональд Трампты АКШнын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Президент Атамбаев Америка Кошмо Штаттарынын Президенти Дональд Трампты Америка Кошмо Штаттарынын Көз карандысыздык күнү менен куттуктады. Бул туурасында Президенттин Аппаратынын расмий сайты жарыялады.

Мамлекет башчысынын куттуктоо телеграммасында   Кыргызстан менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы  салттуу достук мамилелер өнөктөшүп кызматташуу жана өз ара урматтоо маанайында өнүгө берет деген ишенимин билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаев  АКШнын Президенти Дональд Трампка  мамлекеттик ишмердигине ийгиликтерди, ал эми достук мамиледеги  америка элине  – тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Алмазбек Атамбаев өлкөнүн мектептеринин мыкты бүтүрүүчүлөрүнө “алтын” сертификаттарды тапшырды

Президент Атамбаев бүгүн, 8-июлда, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында  жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча эң жогорку балл алган  республикабыздын мыкты мектеп бүтүрүүчүлөрүнө “алтын” сертификаттарды тапшырды. Бул туурасында маалыматты Президенттин Аппаратынын расмий сайты жарыялады.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө бүтүрүүчүлөрдү мектепти ийгиликтүү аякташы менен куттуктап, мындан ары дагы билимге умтула бергиле деп чакырып кетти. ”Сиздерди   жеңишиңиздер – “алтын” сертификатыңар менен куттуктайм. Билимди баарынан жогору коюш керек. Эң негизгиси – билим. Алтын сертификаттын ээси болуу – сиздерде келечекке бекем фундамент түптөлдү деген кеп. Өткөн жылдарымды эстегенде мен биринчи кезекте мектепте жакшы окуп, күнү-түнү китеп окуганым үчүн ушул даражага жетишкенимди түшүнөм. Бул жагдай ар дайым мени колдоп келген жана колдоп келет”, -деди Президент.

Мамлекет башчысы бүтүрүүчүлөргө Редьярд  Киплингдин “Заповедь” аттуу ырын окуп берип, эч качан кыйынчылыктардан тайсалдабай, башты ылдый салбай өз күчүңөргө ишенгиле деп белгилеп кетти.

Алмазбек Атамбаев өз сөзүндө өлкөдөгү диний кырдаалдын өнүгүшүнө дагы токтолуп, эне тилди, улуттук салттарды жана маданиятты сактоо керектигин белгиледи.  “Анткени биз – байыркы элбиз. Акылга салбаган ишенимден корккула. Билим жолу менен гана жүргүлө. Мен араб маданиятын мисалга келтирейин. Ислам гүлдөп  турганда билимге негизденген: алгебра, алгоритм, сандар арабдарда дал ошол мезгилде пайда болгон. Бирок кийинчерээк имамдар талашканга болбойт деп, билим тууралуу эстен чыгарып,  ошентип артка кетишкен, -деди Президент. – Акылга салбай, Кудайга ишенимди, араб же пакистан маданиятын чаташтырганда  бул чоң балаа”.

Мамлекет башчысынын сөзү боюнча диний радикализмге агартуу жана билим берүү жолу менен гана каршы турууга болот. “Билимсиздиктен улам  өздөрүн жардырган террористтер жакшы иш жасап жатабыз деп ойлошот. Ислам боюнча  өзүн өзү өлтүргөндөрдү адам катары мүрзөгө көмгөнгө болбойт. Эч качан  акылга салбай   кимдир бирөөнү ээрчибегиле, ар дайым  күмөн санап тургула”, – деди Алмазбек Атамбаев.

“Жашоо абдан татаал. Менин турмуштагы девизим – тагдырга каршы туруу. Тагдырга каршы тургула. Чынчыл, ак көңүл, кечиримдүү болгула. Эч качан  өзүңөрдү башкалардан бийик койбогула. Биз ушул өлкөдө –  Кыргызстанда гана бактылуу боло алабыз”,- деди Алмазбек Атамбаев.- Бизде нефть да, газ да жок, бирок бизде  билимдүү адамдар бар. Силер өлкөбүздү гүлдөтүп, кубаттуу мамлекетке айландыра аласыңар. Бизде аны үчүн баардыгы бар, биз эркин адамдардын өлкөсү болдук. Мен силердин  келечегиңерге жана  өлкөбүздүн келечегине ишенем”.

Президент Алмазбек Атамбаев бүтүрүүчүлөр  алардын жанында туруп жардамдашып, колдоо көрсөткөндөргө, мугалимдерге жана ата-энелерге ыраазы болушу керек экендигин белгиледи.

Мамлекет башчысы мыкты бүтүрүүчүлөргө бакыт-таалай, чың ден соолук жана мындан ары дагы ийгиликтерди каалап, өлкөнүн 55 мыкты мектеп бүтүрүүчүлөрүнө “алтын” сертификаттарды тапшырды.  Алар Мамлекет башчысынын колунан баалуу белектерди – планшет жана 10 000 сом өлчөмүндө бир жолку стипендия алышты.

Ошондой эле Мамлекет башчысынын демилгеси менен  жалпы республикалык тестирлөөнүн  жыйынтыгы боюнча  жогорку балл  алган аймактардагы мектептердин 15 бүтүрүүчүсүнө баалуу белектер жана акчалай каражаттар тапшырылды.

Алмазбек Атамбаев Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Мариповду кабыл алды

Атамбаев 1-июлда, өлкөнүн Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Мариповду кабыл алды. Бул туурасында Президенттин Аппаратынын расмий сайты жарыялады.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысына  республикалык бюджеттин каражаттарынын натыйжалуу пайдаланылышын контролдоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер, ошондой эле  Эсептөө палатасынын 2016-жылдагы ишмердигинин жыйынтыктары тууралуу маалымат берилди.

Улукбек Марипов  ошондой эле  мамлекеттик аудиттин системасын реформалоо,  аудиттин эл аралык стандарттарына өтүү жана  укук коргоо органдары менен өз ара кызматташууну жакшыртуу туурасында айтып берди.

Президент Алмазбек Атамбаев  бюджеттик каражаттардын натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдаланылышын камсыз кылуу максатында  өткөрүлүп жаткан контролдук иш чаралардын сапатын мындан ары жогорулатуунун зарылдыгын баса белгиледи.

Алмазбек Атамбаев Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды

Президент Атамбаев бүгүн, 3-июлда, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды. Бул туурасында Президенттик Аппараттын расмий сайты жарыялады.

Мамлекет башчысы өлкөдө экономикалык туруктуулукту жана Кыргызстандын банк системасынын ишенимдүү иштөөсүн камсыз кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу кеңири маалымат алды.

2016-жылдын жыйынтыктары боюнча 2015-жылга салыштырганда кредиттик портфелдин доллардашуусунун деңгээли 55,1 пайызга, ал эми депозиттик базанын доллардашуусу 65,6 пайыздан 44,5 пайызга чейин төмөндөдү. Быйылкы жылдын 1-июнуна карата кредиттик портфелдин доллардашуусу 42,5 пайызды, ал эми депозиттик базанын доллардашуусу 48,1 пайызды түздү. Банктарды капитализациялоо процесси уланууда, 2017-жылдын 1-июлуна карата  банктардын капиталы 600 млн сомго чейин өсүшү керек.

Президент Алмазбек Атамбаев дүйнөлүк экономикадагы кырдаал туруксуз болуп жаткан шарттарда өлкөнүн финансы-кредит мекемелеринин туруктуу жана ишенимдүү иштөөсүн камсыз кылуунун маанилүү экенин баса белгиледи. Ушуга байланыштуу Мамлекет башчысы Өкмөт менен бирдикте тобокелдиктерди азайтып, өлкөнүн экономикасынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ишти улантуу зарылдыгын айтты.

"Баткен, Жалал-Абад жана Ош областтарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө» мыйзам күчүнө кирди

Алмаз Атамбаев “Кыргыз Республикасынын  Баткен, Жалал-Абад жана Ош областтарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын  Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 25-майында  кабыл алынган.

Кабыл алынган Мыйзамда төмөндөгү  калктуу конуштарды айыл категориясына киргизүү каралган:

– Кыргыз Республикасынын  Баткен областынын Лейлек районундагы Кулунду айыл аймагынын  Максат калктуу конушун;

– Кыргыз Республикасынын  Баткен областынын Лейлек районундагы  Ак-Суу айыл аймагынын  Жезкен  калктуу конушун;

– Кыргыз Республикасынын  Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районундагы Кеңеш айыл аймагынын  Коткор калктуу конушун;

– Кыргыз Республикасынын  Ош областынын Кара-Суу районундагы Сарай айыл аймагынын  Ак-Өргөө калктуу конушун;

-. Кыргыз Республикасынын  Ош областынын Ноокат районундагы Найман айыл аймагынын  Улуу-Тоо калктуу конушун.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Меню