Президент Атамбаев бүгүн, 7-июлда, өлкөнүн ички иштер министри Улан Исраиловду кабыл алды. Бул туурасында Президенттин Аппаратынын расмий сайты жарыялады.
Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысына укук тартибин жана коомдук коопсуздукту коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер, коомчулукта резонанс жараткан кылмыш иштерин иликтөөнүн жүрүшү жана кылмыштардын бетин ачуунун динамикасы тууралуу маалымат берилди.
Улан Исраилов ошондой эле туристтик сезондо курорттук аймактарда коомдук тартипти камсыз кылуу, өлкөдөгү жол кырсыктарынын алдын алуу иштерин активдештирүү туурасында дагы айтып берди.
Президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн жарандары үчүн ички иштер органдарынын ишинин натыйжалуулугунун маанисин баса белгилеп, милициянын алдында турган актуалдуу милдеттерди, анын ичинде жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү маселелерди чечүү боюнча чараларды күчөтүүгө милдеттендирди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ