Menu

САЯСАТ

Эрдоган: Түркия Сирияда жаңы операцияларды баштайт

Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган Анкара террордук деп эсептелген сириялык топторго каршы жазында жаңы чабуулдарды баштай турганын жарыялады. Өткөн аптада Түркия “Ислам мамлекети” тобунун жоочуларына жана Түркия менен чектеш райондордогу күрд козголоңчуларына каршы башталган “Евфрат калканы” операциясы аягына чыкканын билдирген.

Эрдоган чек арага жакын аймактардагы операциялар Күрдистан жумушчу партиясы (РКК) менен “Элдик коргонуу отряддары” (YPG) сыяктуу түзүмдөргө каршы багытталарын маалымдады. YPG ИМ тобуна каршы күрөшүүдө Кошмо Штаттардын өнөктөшү болуп эсептелет, бирок Түркия бул түзүмдү террордук деп эсептейт.

“Террорчуларга жетүү үчүн биз башка аймактарда жаңы операцияларды баштоого даярдык көрүп жатабыз”—деди Эрдоган 3-апрелде. Ал жаңы операциялар кайсы жерде болорун так айткан жок.

Буга чейин Сириянын Ракка шаарындагы ИМ тобунун таянычына Түркия менен биргеликте чабуул жасоо боюнча АКШнын пландары ишке ашкан эмес. Вашингтондун YPG түзүмдөрүн кубаттоосу буга себеп болгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Казакстанда «Таблиги Жамааттын» «мүчөлөрү» соттолду

Түштүк-Казакстан облусунун соту Казакстанда тыюу салынган «Таблиги Жамаат» диний уюмунун идеаларын жайылтуу айыбы менен жергиликтүү жети тургунду ар түрдүү мөөнөттөргө эрктеринен ажыратты.

ММКлардын билдиришинче, топтун лидери жана анын тарапташы деп айтылып жаткан эки адам төрт жылга кесилди, калгандарына карата жатак абагына бир жылга эркинен ажыратуу чечими чыгарылды. Соттолгон жети адам тең сот залында камакка алынды.

Коопсуздук кызматы топтун мүчөлөрүн өткөн жылдын ноябрында кармаган. Аларга карата «Экстремистик же террордук деп табылган уюмдун ишмердүүлүгүнө катышуу» беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн версиясы боюнча кармалгандардын экөө 2000-жылдардын башында «Таблиги Жамаатка» мүчө болуп, чет өлкөдө окуп келишкен. Соттун материалдарына ылайык, алар Карабулак жана Карасу айылдарындагы мечитте жана жашоочулардын үйлөрүнө барып үгүт иштерин жүргүзүшкөн. Соттолгондордун айыптоолорду четке каккандыктары айтылууда.

Казакстанда «Таблиги Жамаатка» 2013-жылдын февралынан бери тыюу салынып, соттун чечими менен экстремисттик уюмдардын катарына киргизилген. Бийлик уюмдун максаты аймакта исламисттик халифат орнотуу экенин айтып келет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Атамбаевдин аңчылык маалы кайсы саясатчы менен токтойт?

Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын президенти болуп шайлангандан тарта, бир топ салмактуу республикалык деңгээлдеги саясатчылар камалып келе жатат. Кыскача хронологияны келтирсек, биринчилерден болуп “ата-журтчулар” Атамбаевдин аңчылык сезонун ачып беришкен – алар: Нариман Тулеев. Ахматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев,

Садыр Жапаров, Талант Мамытов. Биринчи камоолордун толкундан кийин, былтыр 2016 – жылдын жазында экинчи толкун каптап кетти, анда: Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Эрнест Карыбеков. Дастан Сарыгулов, Бекболот Талгарбеков ж.б. Ал эми быйыл, камоолордун үчүнчү толкуну Өмүрбек Текебаевден башталып. Дуйшөн Чотонов, кайра Садыр Жапаров менен уланып, андан кийин Райкан Төлөгөнов менен азыркы убакытта убактылуу токтоп турат.

“Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт”- дегендей, биздин коомдо биринчи ушактар пайда болуп, анан алардан кийин иш жүзүнө ашканы күнүмдүк эле көрүнүш болуп калбадыбы. Быйылкы камоолордун толкуну ким менен, тагыраак айтканда кайсыл саясий топтун, же партиянын жетекчиси менен токтошун бир эле киши билсе керек. Өзүңүздөр билгендей, ал бир пресс-жыйындын учурунда айтпады беле – “мен, өзүм менен эски саясатчылардын баарын алып кетем”,- деп.

Эски саясатчыларга – орустар айткандай “моя хата с краю” сыяктуу жүргөн башкы республикачыл Өмүрбек Бабановбы? Өзү менен өзү болгон, солтолордун башкы селпилдегичи Темир Сариевби? Түштүктүн айыл-чарбасын, өзгөчө агро секторду уктап жатып дагы айтып бере турган Быкыт Төрөбаевбы? Түштүктө анча-мынча тилди албагандарды тартипке салып тизгиндеп, тике тургузган Оштун бир кездеги арстаны Мелис Мырзакматовбу? Же, калган-каткан Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүбү?

Жогоруда айткандай, реалдуулукка жакын болгон ушактарга таянсак Өмүрбек Бабанов, Темир Сариев, Мелис Мырзакматов, Бакыт Төрөбаев, Болот Шер, Алмамбет Шыкмаматов, Убактылуу Өкмөттүн мурунку мүчөлөрү ж.б., толук потенциалы бар саясатчылар камалышы ыктымал экен. Жөнөкөй эле логикага таянсак, алар учурдагы режимдин атаандаштары, алар барда бул режим толук кандуу өзүнүн саясатын эркин жүргүзө албайт. Демек, аларды же көндүрүш керек, болбосо саясаттан четтетиш керек, четтетүүнүн жолдору абдан көп, эң эле радикалдуу жана эффективдүүсү ал камоо. Албетте саясатчыны камакка алуу бул акыркы ыкма, себеби сөзгө көнбөсө анда “эпке” салганы дегендей. Мисалы, азыркы мезгилде абакта отурган саясатчылар, учу­рунда режимге сыпайыраак каяша айтып турганда азырынча эркиндикте жүргөн саясатчылардай болуп жүрүшмөк, бирок, алар ачык тирешүүгө чыккандан кийин бийлик жүзүн сактап калыш үчүн оор кадамдарга барганга мажбур болушту. Табит тамак ичип отурганда ачылгандай, “ата-журтчуларды” биринчи камакка алып баштаганда коомчулуктун көбү көрүп, баардык кылмыш-процессуалдык нормалардын бузулушуна көз жумганда, коомдун көпчүлүгү кайдыгер экенин жогору жак жакшы түшүндү дагы, ошондо инерциясы күчөп, камакка алуу пландары ишке аткаруу фазасына өттү.

Башында этияттык менен акырын баштаган саясатчыларды, мурунку режимдин чиновниктерин камоолор азыркы учурда ачык эле, жогорку трибунадан биринчи коркуп- үркүп айтылып жатат. Демек, азыркы тапта “саясий майданды тазалоо” операциясы соңку фазасына жакындап калды.

Ал бөлүгү республикалык деңгээлдеги саналуу эле саясатчылар менен аяктайт. Анын соңуна чыга турган эки эле жолу болушу мүмкүн. Биринчиси – Кыргызстанда “бирин­чи” болом деген, шайлоого бара жаткан амбициялуу саясатчылар жогору жактагы башкарып жаткан топтун “сунушуна” конот. Ал сунуш болгону “ооз басырык” позиция формасында болот, же убактылуу.

Экинчиси, бул кылмыш иштерди козгоо, ошондо алар шайлоодон чектелип, кыңк- мыңк дей турган болсо анда Өмүрбек Текебаевди абакка алгандай эле бат эле желин чыгарып коюшат. Ошол үчүн, үчүнчү толкун менен астында калбайлы деген “кандидаттар” акы­рын, байкап, “тиги кишинин” нервине тийбей тургандагылары. Режимдин колдоочусу, тилектеши, аткаруучусу Тайырбек Сарпашевге дагы козголгон кылмыш иш соңуна чыкпайт, бул коомчулук үчүн эле көрсөтүп жаткан сая­сий спектакль. Анын максаты, “бизде биздикилер деген жок, баары мыйзам алдында бирдей” деген ойду коомчулукка жеткирүү үчүн ойлоп тапкан абдан төмөн сапаттагы сценарийдин бир эпизоду. Ал эми, анын кийинки эпизоду, бул Бишкектин мурунку жылма мэри Иса Өмүркулов аткарат окшойт, себеби, кечээ ага мурун козголгон кылмыш иш боюнча Башкы прокуратура УКМКдан кылмыш иши тууралуу кагаздарды суратты. Демек, Тайырбек Сарпашев сыяктуу КСДП фракциясынын “лидерине” карата дагы тамашалуу кылмыш иши козголушу ыктымал. Бүгүн, 31 мартта Сарпашев айтты – “тергөө менен мен толук кызматташам”, деп, бул жогору айткан шектенүүгө далил десек жаңылышпайбыз.

Ал эми үчүнчү жол, бул режимге каршы болуу жана өздөрүн сактап калуу максатында убактылуу биригүү. Саясатчылардын көпчүлүгү таарынчак, эскиден аттай албаган кекчил адамдар болгондуктан мындай биригүү мүмкүн, бирок аны кылыш абдан татаал болуп калды. Алардын мүмкүнчүлүктөрүн, кыялдарын, мүнөздөрүн жана бири-бирине болгон мамилелерин абдан жакшы билген режим мындай аракет менен кыйналбай эле саясий майданды тазаламай болду окшойт.

Калысбек АЙКЫНОВ

Булак: “Майданkg”

Турсунбек Акун Алмаз Атамбаевге:"Кеч боло электе оппозициянын өкүлдөрү менен компромисске барыңыз..."

Урматтуу Алмазбек Шаршенович!

Өлкөдөгү түзүлгөн курч саясий абал өзүнүн апогейине жеткени калды. Абалдын оорлошу мындан жети ай мурун башталып, кризистик абалдын курчушу акыркы саясий камоолордун аркасында ого бетер күчөп кетти. Тилекке каршы, саясий кризистин күчөшүнө биринчи ирет оппозиция же башка күчтөр эмес, прези­дент болгонуңузга карабастан өзүнүз себепчи болгонуңуз өтө өкүнүчтүү.

Учурдагы саясий абал жөнгө салынбай, ушинтип курчуй берсе акыры элдик толкундоолорго алып келип, дагы бир элдик революциянын кайталанышы толук реалдуу болуп калды. Ошондуктан, дагы кеч болуп кете электе жалпы эл тарабынан шайланган президент катары элибиздин келечегин ойлоп, камалган оппозициянын жетекчилери жана өкүддөрү менен компромисске барышынызды көптөн-көп суранам.

Сиз ушул президенттик мөөнөтүңүздө эл үчүн бир топ ургалдуу жана оозго алаарлык иштерди жасап жатасыз. Аны эл билет. Бирок, акыркы убактагы оппозицияга карата сиздин жаалданган аракетиңиз эл тарабынан саясий куугунтук катары бааланып жатат. Бийликтин оппозицияга карата репрессиялык аракетин сындагандар улам барган сайын чагылгандай көбөйүүдө. Айрыкча Өмүрбек Текебаевдин террорист катары камалышы, Садыр Жапаровдун бир туугандарынын, туугандарынын жана балдарынын сабалып, коллективдүү жоопко тартылышы элдин кыжырын келтирүүдө. Ага чейин эле сиз ондогон оппозициянын өкүлдөрүн эл алдында аттарын атап, жамандап жатып, камалышына көмөк көрсөттүңүз. Соттун чечими болмоюнча кандайдыр-бир адамды “күнөөлүү” деп эч ким айта албайт. Жада калса президенттин да соттун чечимисиз эч бир адамды “күнөөлүү” деп айтууга акысы жок. Анткени президенттин мындай ойлонбогон сөзү эл тарабынан сот жана укук коргоо органдарына берген атайын көрсөтмө катары кабыл алынат.

Сизден суранаарым, өз элиңиздин өкүлдөрү жана оппоненттериңиз менен эрегишпей, алардын эркин пикирине сыйлоо менен мамиле кылыңыз. Сиздин наамыңызга айткан сөздөрү жана тайманбас мүнөздөрү үчүн сиз аларды саясий куугунтукка албаңыз. Сиз дагы убагында ошол кездеги президенттер Акаев менен Бакиевди катуу сындап, кызматтан кетүүсүн талап кылган учурларыңыз болгон. Бирок алар сизге канчалык каршылык кылган менен сиздин балдарыңызды жана туугандарыңызды сабап, камап мынча куугунтуктаган эмес. Тескерисинче, Бакиев сизди премьер-министр кылып дайындаган учурлары болгон. Акаевдин убагында болсо, кийин кыйынчылык көргөнүңүздү эске албаганда, башында өзүңүз айткандай, китеп сатып бизнесиңизди гүлдөткөн учурларыңыз да болгон. Өлкөнүн президенти Манас баатыр сыяктуу айкөл болушу керек.

Ошондуктан, саясий куугунтуктун аркасы менен камалган Өмүрбек Текебаев, Садыр Жапаров баштаган ондогон оппозициянын өкүлдөрүнө кечирим берип, эркиндикке чыгарып коюшуңузду суранам. Ал эми жасаган күнөөлөрү үчүн алар тергөө жана сот алдында жооп беришсин.

Экинчи өтүнүчүм, кармоо учурунда кыйноого кабылган жарандардын укугун коргоп, тынч атуулдарга кол көтөрүп кыйноого барган тийешелүү укук коргоо органдарынын кызматкерлерине татыктуу жаза берилишин көзөмөлгө алышыңызды суранам.

Ушундай кадамга барган учурунузда гана өлкө тынч бо­луп, дагы бир чаң-тополоңду алдын-алып калган болосуз.

Эгер биздин бул кайрылууга кулак салбай, өз билгеницизди кылсаңыз, анда өзүңүз катуу өкүттө калып, өлкөнү дагы бир апаатка кабылткан болосуз.

Сизди сыйлоо менен, Турсунбек Акун, “Кыргызстан Демократиялык Кыймылынын” төрагасы.

Булак: “Майданkg”

Жогорку Кеӊештин бир катар депутаттары, Аппарат менен Иш башкармалыгынын кызматкерлери КМШ ПААнын сыйлыктары менен сыйланды

Бүгүн, 5-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин бир катар депутаттарына, Аппарат менен Иш башкармалыгынын кызматкерлерине Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) 25 жылдык маарекесине карата сыйлыктар тапшырылды. Сыйлыктарды Жогорку Кеӊештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков тапшырды. Бул тууралуу КР ЖК Басма сөз кызматы маалымдады.

Ошентип, КМШ ПААнын «Содружество» ордени менен депутат Азамат Арапбаев, КМШ ПААнын Ардак грамотасы менен депутат Динара Исаева, КР Президентинин Жогорку Кеӊештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Молдакун Абдылдаев сыйданды.

«КМШ ПААга – 25 жыл» медалы менен депутаттар Нурланбек Макеев, Таабалды Тиллаев, Кожобек Рыспаев, Анвар Артыков, Экмат Байбакпаев, Акылбек Жапаров, Камчыбек Жолдошбаев, Тынчтыкбек Конушбаев, Наталья Никитенко, Алмазбек Токторов, ошондой эле Аппарат жетекчисинин милдетин аткаруучу Сүйүнбек Касмамбетов жана Аппараттын Эл аралык байланыш жана протокол бөлүмүнүн эксперти Аида Арыкбаева сыйланды.

Ал эми «КМШ ПААга – 25 жыл» эстелик белгиси менен депутаттар Алтынай Өмүрбекова, Марат Аманкулов, Асель Кодуранова, Гүлкан Молдобекова, Айтмамат Назаров, Алмасбек Акматов, Салайдин Айдаров, Карамат Орозова, Абдыкапар Султанов, Жыргалбек Турускулов жана Иш башкармалыгынын Социалдык-протоколдук камсыздоо бөлүмүнүн башкы адиси Кубандык Жусупов сыйланды.

Бүгүн бийлик ЭлТРден “Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” телеберүүсүн эфирге чыгарбай койду

Бүгүн, 5-апрелдин кечинде, саат 20.00.дө ЭлТР телеканалы Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” телеберүүсүн эфирге чыгарбай койду. Бул тууралу берүүнү даярдаган “Азаттыктын” иликтөөчү журналисти Уланбек Эгизбаев жазып чыкты.

Көрсө  “Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” телеберүүсү Кыргызстан эгемендик алгандан бери эл аралык донорлордон 9 миллиард 200 миллион доллар грант, кредит алганын. Ал карызга алынган каражаттардын кайда корогонун иликтөөгө алган экен.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Садыр боюнча Ташиев менен Келдибеков позициясын жакында айтат

Учурда бекерчи соцтармактагы журт менен бийликтин акырынан жем жеген айрым басылмалар Камчыбек Ташиев менен Ахматбек Келдибековду “экс-партиялаштары, досу камалып, атүгүл венасы менен мойну кесилип кансырап жатса да ооз ачып койгонго жараган жок”-таризинде байма-бай сындап жазып жатышат.
Биз да бул багытта комментарий алуу багытында “Ата-Журт” партиясынын азыркы лидерлерине байланышуу аракетин жасадык. Корсө, К.Ташиев менен А.Келдибековдун үн катпай жатышына бир гана себеп бар экен – учурда экөө тең өлкөдөн сырткары жакта жүрүптүр. А.Келдибеков Москвада, ал эми Ташиевдин кайсы мамлекетте экенин так биле албадык. Бирок, бүгүн-эртең сапары карып, Кыргызстанга кайтышат. Биздин кабарчыбыз байланышканда алар ким болбосун мындай кыйноого салуу адамгерчиликке жатпастыгын, балдары, туугандарына да куугунтуктун жайылып кетиши – чектен чыккандык экенин айтышты. Ошондой эле, жакынкы күндөрү бул багытта принципиалдуу позициясын айтып чыгышарын, бардык суроолорго так жооп болорун кыйытышты. Ошондуктан, “эзелки бригаданын берки эки мүчөсү досу өлүм алдында жатканда унчукпады”- деп кине койгон жарабайт.

Баса, эл ичинде “үч баатыр” аталган Мадумаров-Ташиев-Келдибеков үчилтигинен Адахан Кимсанбаевич апта башында маалымат жыйын куруп, С. Жапаровго байланыштуу кескин позициясын билдиргенин унуткан жок болсоңор керек. А жакында бул багытта үчилтиктин билдирүүсүн да окуп калышыңар мүмкүн…

Булак: “Майданkg”

Ашхабадда түрк клиникасы жабылды

Ашхабадда белгилүү “Central Hospital” түрк клиникасы белгисиз мөөнөткө жабылды. Клиниканын жетекчилиги 4-апрелде бардык кызматкерлерин бир айга акы төлөнбөгөн эмгек өргүүгө жөнөттү.

“Central Hospital” түрк клитникасы Түркмөнстанда 1990-жылдардын соңунан тарта иштеп баштаган.

Клиникага 4-апрелде келген Ашхабад шаарынын жашоочуларынын айтымында, медициналык жай толугу менен жабылган, келген кишилерди анын жанындагы унаа токтотуучу жайга дагы жолотушкан эмес.

Клиниканын жетекчилиги жана Түркмөнстандын саламаттыкты сактоо органдары комментарий берүүдөн баш тартышты. Айрым булактардын кабарлашынча, түркмөн бийлиги клиниканын лицензиясын узартуудан баш тарткан.

Түркмөнстанда 2016-жылдын декабрынан тарта ондогон түркмөн-түрк мекемелери жабылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Өзбекстан менен Орусия 16 миллиард долларлык келишим түзөт

Келишимдин 3,5 миллиард долларга тете биринчи бөлүгүнө 3-апрелде Москвадагы Өзбекстандын дипломатиялык өкүлчүлүгүндө, Мирзиёевдин сапары алдында кол коюлду. Мындай маалыматты Өзбекстандын премьер-министринин биринчи орун басары Ачилбай Раматов билдирди.

Расмий маалыматтар боюнча Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев Орусия президенти Владимир Путин жана премьер-министри Дмитрий Медведев менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Жогорку дэңгээлдеги жолугушуу бүгүн, 5-апрелде болору күтүлүүдө.

Мирзиёевдин сапарынын алдында Москвадагы өзбек элчилигинде эки өлкөнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү 3,5 миллиард долларлык эки тараптуу 16 келишимге кол коюшту. Документтер соода-экономикалык жана инвестициялык тармактарды камтыйт.

Мындан тышкары Орусияга 612 миллион долларлык жаңы жана кайра иштетилген жашылча-жемиш продукцияларын жеткирүүгө, Өзбекстанга мунай экспорттоо меморандумуна, экскаватордук техника жеткирүү боюнча келишимдерге кол коюлду. Калган документтерге жогорку деңгээлдеги өзбек-орус сүйлөшүүлөрүнөн кийин Кремлде кол коюлат.

Орусиянын Федералдык бажы кызматы билдиргендей, Орусия менен Өзбекстандын товар жүгүртүүсү былтыр дээрлик 3 миллиард долларды түзгөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тажикстан аба каттамдары боюнча Орусияга эскертүү берди

Тажик бийлиги орус тарап тажикстандык “Сомон Эйр” аба компаниясына карата чектөөлөрүн токтотпосо, 6-апрелден тарта орусиялык эки авиакомпаниянын Тажикстанга каттамдарына тыюу салаарын эскертти.

4-апрелде Орусиянын Транспорт министрлигине нота жөнөтүлгөнүн Тажикстандын Транспорт министрлиги кабарлады.

Орусия 31-мартта “Сомон Эйр” компаниясынын Дүйшөмбү менен Хоженттен Москвага багыт алган каттамдарына тыюу салган. Буга тажик бийлигинин орусиялык “Ямал” авиакомпаниясынын Москванын Жуковский аэропортунан Дүйшөмбү шаарына учуусуна уруксат бербегени себеп болгон.

Тажик тарап орус аба компанияларынын Тажикстанга каттамдары көбөйүп кеткенин жүйө кармап, бул жергиликтүү компанияларга залакасын тийгизерин билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню