Menu

САЯСАТ

Сооронбай Жээнбеков: "2013-2017-жылдар аралыгындагы туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы өзүнүн тарыхий миссиясын аткарып, өлкөдөгү туруктуулукту сактоого негиз болуп бере алды"

“Туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы өлкөбүздүн соӊку тарыхында өзгөчө ролду ойнойт. Ал 2013-17 жылдар  аралыгындагы келечектин образын жаратып, өлкөбүздүн жаӊы багытын аныктаган жол картасы катары кызмат  өтөдү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков кечээ, 3-апрелде, Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин жыйынында айтты” – деп маалымдады Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

Өкмөт башчы өз сөзүндө, өлкө ошол кезде, оор сыноолордон кийин, эгемендүүлүгүн бекемдеген, экономикасы динамикалуу өнүгүп, калктын кирешеси стабилдүү өсүп бараткан демократиялык мамлекетти куруу жолун тандап алды деди.

“Стратегия өзүнүн тарыхый миссиясын аткарды деп бүгүн ишенимдүү айта алабыз. Парламенттеги коалициялар улам өзгөрүп, тез арада алмашууга дуушар болгон Өкмөттөр үчүн улантуучулук принцибин карманууга, туруктуу багытты камсыз кылууга негиз болду. Улуттук Стратегиянын бардык багыттары өнүгүү призмасы аркылуу каралган. Биз тандап алган ушул жол эң туура болгондугун мезгил көрсөттү. Жыл сайын кайталанып аткарылчу, күнүмдүк иштерден сырткары, Стратегиянын максатына ылайык, өнүгүү нугунда олуттуу натыйжаларга жетиштик. Жалпысынан Улуттук стратегияда коюлган негизги милдеттер аткарылды, мөөнөтү бүтө электери улантылып жатат. Жыл аягына чейин дагы бир кыйласы аткарылат”, – деп белгиледи өз сөзүндө Сооронбай Жээнбеков.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков айткандай, Кыргыз Өкмөтү Кыргыз Республикасын 2040-жылга чейинки мезгилде өнүктүрүү боюнча узак мөөнөттүү стратегиясын даярдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгесин толугу менен колдойт.

Бул Стратегия Өкмөттүн ишмердигинин артыкчылыктуу багыттарын орто мөөнөттүү келечекке да аныктоого мүмкүндүк берчү чоӊ саясий жана тарыхый маанидеги документ болуп калат. 2017-жылга чейинки стратегия сыяктуу эле, бул узак мөөнөттүү стратегия дагы Өкмөттүн ишмердүүлүгүндө туруктуу багытты камсыз кылат.

Кыргызстанды 2040-жылга чейинки өнүктүрүү Стратегиясынын негизинде Өкмөттүн орто мөөнөткө эсептелген программалары иштелип чыгып турат.

Өкмөт, биринчи кезекте, 2040-жылга чейинки Стратегиянын алкагында Кыргыз Республикасын 2018-2022 – жылдарга өнүктүрүүнүн программасын иштеп чыгат.

“Узак мөөнөттүү Стратегиянын биринчи этабында, улантуучулук принцибин сактоо менен, азыр ишке ашып жаткан маанилүү багыттарды улантуу зарыл. Алардын ичине  төмөнкү багыттар кирет.

Өлкөбүздүн транзиттик потенциалын мындан ары өнүктүргөн аба, автомобиль жана темир жол багытындагы  долбоорлорду ишке ашырууну улантабыз.

Кыргызстанды келечекте информациялык-коммуникациялык мүмкүнчүлүктөрдүн өлкөсүнө айлантууну максат катары белгилейбиз.

Энергетикалык көз карандысыздыкты сактап калуу – эӊ башкы милдеттердин бири. Ири энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу менен катар, чакан ГЭСтерди куруу колго алынат”, – деди Өкмөт башчы.

Өнөр жайын жаӊылоо, жаӊы технологияларга негизделген өндүрүштөрдүн курулушуна көмөк көрсөтүү багытында мурдагыдан активдүү, даректүү иштер аткарылат. Бул багыттагы долбоорлорду колдоо үчүн Кыргыз-Россия фондунун каражаттары пайдаланылат.

“Айыл чарбасын колдоо, продукцияларды ЕАЭБ аймагындагы көлөмдүү рынокко чыгаруу – жакында ишке ашырылчу максаттарыбыздын бири. Бюджеттин эсебинен айыл чарбасын каржылоо системасын улантабыз.

Адам потенциалын өнүктүрүү Өкмөттүн негизги милдети бойдон калат. Социалдык багыт – бюджеттин артыкчылыктуу багыты бойдон кала берет.

Региондорду өнүктүрүү концепциясында каралган шаарлар региондордун өнүгүү борборлору болот. Региондордун адистешүүсүн өнүктүрүү пландаштырлып жатат. Өндүрүш, айыл чарбасы жана логистикалык инфраструктуралар, ошондой эле кластерлер түзүлөт. Өнөр жайды өнүктүрүү концепциясы жана Энергетиканы өнүктүрүү концепциясы кабыл алынат. Коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү, мамлекеттик башкаруунун эффективдүү системасын камсыз кылуу – ар дайым күн тартибинде турчу маселе”, – деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кошумчалагандай, Өкмөттүн программалары негизинен социалдык жана экономикалык чөйрөнү камтыйт. Өлкөнү узак мөөнөттө өнүктүрүү үчүн социалдык-экономикалык максаттардан сырткары сот бийлигине тиешелүү, мыйзам чыгаруу ишине байланышкан милдеттер да аныкталышы керек.

“Кыргызстанды өнүктүрүү үчүн зарыл болгон милдеттердин баары, бийликтин бардык бутактары колдоп, жактырган, келечекке багытталган бир документте бекитилиши зарыл. Ошондо бардык бийлик бутактарынын бир максатка, бир багытка ырааттуу умтулуусу камсыз болот. Кыргыз Республикасынын Президенти сунуштаган демилгени Өкмөт толугу менен колдоорун дагы бир ирет белгилейм. Бул максаттарды ишке ашыруу үчүн коомубуздун ынтымагы, элибиздин биримдиги зарыл. Ошондо, биз сөзсүз ийгиликтерге жетебиз”, – деп билдирди Сооронбай Жээнбеков.

 

Кезек Зарылбек Рысалиевге жетти

Өткөн жумада Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы тарабынан “Кыргызнефтигаз” ачык акционердик коомунун төрагасы Женишбек Жумашов кармалган. Ал Кылмыш жаза кодексинин 221 (коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы) жана 171-беренелери (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же жок кылуу) боюнча айыпталууда. Эми “Кыргызнефтигаздын” жетекчилигине “Республика – Ата-Журт” фракциясынын депутаты Нургазы Нышанов бараары кеп болуп жатат. Эгер ал мандатын тапшыра турган болсо, ордуна Зарылбек Рысалиев депутат бо­луп келет.

Булак: “Фабула”

Мирзиёев 4-5-апрелде Орусияга барат

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 4-5-апрелде Орусияга барат. Сапардын алкагында өзбек лидери Орусия президенти Владимир Путин менен жолугат. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз кызматы билдирди.

Бул Мирзиёевдин президент болгондон кийинки Орусияга жасаган алгачкы расмий сапары болот. Ал президенттин милдетин аткаруучу кызматына сентябрда, өлкөнүн туңгуч президенти Ислам Каримов өлгөндөн кийин дайындалып, декабрда өткөн кезексиз шайлоодо мамлекет башчысы болуп шайланган.

Путин Мирзиёев менен өткөн жылдын сентябрында, Каримовду акыркы сапарга узатуу зыйнатынан кийин Ташкентке барганда жолуккан.

Орус маалымат агенттиктери 3-апрелде кабарлагандай, өзбек президенти бул сапарынын алдында Орусия менен жетишилген аскердик-техникалык кызматташтык келишимин ишке киргизген мыйзамга кол койду.

Мирзиёев президент катары өзүнүн алгачкы чет өлкөлүк сапарын өткөн айда Түркмөнстанга жасаган. Андан кийин 22-23-мартта иш сапары менен Казакстанда болуп кайткан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Депутат Музаффар Исаковго айыбы угузулду

УКМКнын тергөө башкармалыгы Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутат Музаффар Исаковго Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси (коррупция) боюнча айып койду.

Натыйжада депутат өлкө аймагынан эч жакка чыкпоого милдеттендирилди. Маалыматка ылайык, Музаффар Исаков Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп турганда 315 мыйзамсыз токтом чыгарган. Ал 2010-2015-жылдар аралыгында райондук архитектура жана Мамлекеттик каттоо кызматкерлери менен жең ичинен сүйлөшүп алып 14,34 гектар айыл чарба багытындагы жерди жеке курулуш иштерин жүргүзүүгө берген. Коомчулукта ушундай эле коррупция беренеси менен айыпталгандар түрмөдө отурат, эмне үчүн Музаффар эркиндикте жүрөт деген нааразы пикирлер айтылууда. Чындыгында бийлик тандоо ыкмасын колдонбой, баарына калыс, мыйзам чегинде мамиле жасаш керек.

Булак: “Фабула”

ЕККУ Армениядагы парламенттик шайлоону сындады

Европадагы коопсуздук кызматташтык уюму (ЕККУ) Арменияда 2-апрелде өткөн парламенттик шайлоону сынга алып, добуш сатып алуулар орун алганы тууралуу ишенимдүү маалыматтар бардыгын жана добуш берүүчүлөргө кысым жасалганын билдирди.

Уюм 3-апрелдеги билдирүүсүндө добуш берүүгө кийлигишүү элдин шайлоого болгон ишенимин азайтканын белгиледи. Андан сырткары шайлоо күнү мамлекеттик кызматкерлерден тарта жеке менчик компаниялардын жумушчуларына чейин басым жасоолор болгондугун билдирди.

«Шайлоонун жүрүшүндө добуш сатып алуу, добуш берүүчүлөргө, өзгөчө мектеп жана ооруканалардагы мамлекеттик кызматкерлерге, ошондой эле жеке компаниялардын жумушчуларына кысым жасалгандыгы тууралуу ишенимдүү маалыматтар бар», – деп айтылат уюмдун билдирүүсүндө.

Жекшембидеги шайлоонун алдын ала жыйынтыктары президент Серж Саргсяндын Республикачылар партиясы болжол менен добуштардын 50 пайызын алганын көрсөтүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ыркы жоктор ыдырашты

Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттары таркай тургандарын айтып чыгышты эле. Анткени так талаш, таасир талаш маселелери чечилбей, атайылап кворум кылышпай, депутаттар ит эле болушту. Эске сала кетсек, шаардык кеңешке беш партия өткөн. Анын ичинен КСДП, “Кыргызстан”, “Республика – Ата-Журт” партиялары биригимиш болуп коалиция түзүшкөн. Ал эми «Өнүгүү-Прогресс», «Ата-Журт» оппозицияда калган эле. Натыйжада мэрлик кызмат менен терагалык орунду бири-биринен кызганышып эрегишип отуруп, бүгүнкү күнгө чейин бир пикирге келбей коюшту. Элдин эмес, жеке кызыкчылыгын көздөшүп туш-тушту карагандар ыркы жоктугунан тараганга аргасыз болушту.

Булак: “Фабула”

Дүйшөмбү-Ташкент аба каттамы кайра ишке ашпай калды

Дүйшөмбү-Ташкент аба каттамынын үзгүлтүккө учурашында саясий себептер жок. Бул тууралуу Өзбекстандын Тажикстандагы элчилиги билдирди. Элчиликтен кабарлашкандай, 4-апрелге белгиленген учуу документтерге байланышкан айрым маселелерге байланыштуу ишке ашпай калган.

Өзбекстандын Тажикстандагы элчиси Шокасым Шоисламовдун айтымында, билет сатуу, Ташкентте “Сомон Эйр” авиакомпаниясынын кеңсесин ачуу боюнча маселелер бар.

“Өзбекстан аба жолдору” авиакомпаниясынын жетекчилиги ушул жумада каттамды ачуу үчүн тиешелүү документтердин топтому даярдала турганын билдирди. Ташкент-Дүйшөмбү багыты боюнча кийинки учуу 11-апрелге белгиленүүдө.

Бул арада 5-апрелде Ташкентке Тажикстандын Транспорт министрлигинин жана “Сомон Эйр” авиакомпаниясынын өкүлдөрү келип, Өзбекстандын авиациялык бийлиги менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүшөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Трамп Путинге көңүл айтты

КШ президенти Дональд Трамп Орусия президенти Владимир Путинге телефон чалып, Кошмо Штаттар Санкт-Петербургдагы жардырууга күнөөлүлөрдү жоопкерчиликке тартууда Орусияны толук колдой турганын билдирди. Санкт-Петербург метросундагы 3-апрелдеги теракттан 11 адам мерт кетип, дагы 45 киши жаракат алган.

Ак үйдүн 3-апрелдеги билдирүүсүндө күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартууда Кошмо Штаттар толук колдоо көрсөтө тургандыгы айтылат.

“Трамп менен Путин терроризмди чечкиндүү түрдө жана тез арада жеңүү керектиги менен макул болушту”, – деди Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков.

Ал Трамп жардыруудан жабыркагандардын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтканын кошумчалады.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Орусия менен Беларус газ жаңжалы жөнгө салынарын жарыялашты

Орусия менен Беларус мунай менен газды жеткирүүдө жаралган чыр-чатакты жөнгө салышарын билдиришти. Мындай макулдашууга Орусия президенти Владимир Путин менен Беларус президенти Александр Лукашенконун 3-апрелде Санкт-Петербургдагы жолугушуусу маалында жетишилди.

Путиндин айтымында, келишим толугу менен 10 күндүн ичинде иштелип чыгат. Мындан тышкары тараптар 2020-жылга чейинки энергетикалык кызматташуу стратегиясын карап чыгышты.

Орусиялык маалымат агенттиктеринин маалыматына караганда, Орусиянын вице-премьери Аркадий Дворкович Беларус мунай жана газ үчүн 726 миллион доллар өлчөмүндөгү карызды акырындык менен төлөп бериши керек. Бул учурда мунайды экспорттоо калыбына келтирилет.

Акыркы айларда Лукашенко бир нече ирет Орусияны сынга алган. Ал Москваны келишимдерди бузууга жана Беларусту “муунту” үчүн энергоресурстарды пайдаланууга айыптаган. Минсктин 2015-жылдын декабрындагы билдирүүлөрүнө караганда, Евразиялык экономикалык биримдикти түзүү боюнча келишим күчүнө киргенден кийин Орусия газдын баасын эки эсеге жогорулаткан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тажикстан: Орусия менен аба каттамдар бирдей шартта аткарылышы керек

Тажикстандын Транспорт министрлигинин билдирүүсүндө тажик-орус өкмөттөр аралык макулдашууга ылайык, учуулар эки тарапка тең бирдей укукта ишке ашырылышы керектигин белгиленген. Мекеменин маалыматы боюнча бирок орусиялык авиакомпаниялар акыркы эки айда Тажикстанга 496 каттам жасаса, тажик авиакомпаниялары болгону 295 жолу гана учушкан.

Билдирүүдө айтылгандай, тажик тарап Орусиянын «Ямал» авиакомпаниясына Курган-Төбө жана Куляб шаарларына жумасына эки жолу каттоону сунуштаган. «Бирок «Ямал» бул сунушубузга макул болгон жок. Анда биз Дүйшөмбү менен Худжантка жумасына эки сапар учууну сунуштадык. Бирок Орусия тарап бул сунушка да макул болгон жок. Кийинчерээк алар аталган шаарларга жумасына 7 каттам жасоо сунушун жөнөтүштү», – деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.

Бул арада Орусиянын Тажикстандагы элчиси Игорь Лякин-Фролов учурда тараптар тең укуктуулук маселесинде тил табышууга аракет кылып жаткандыктарын билдирди.

Орусиянын Транспорт министрлиги тажик авиакомпаниясынын учууларына 3-апрелде чектөөлөрдү киргизген. Орус тарап бул кадамын тажик бийлиги буга чейинки макулдашууларга карабастан орусиялык «Ямал» авиакомпаниясынын «Жуковский» аэропортунан Дүйшөмбүгө жана Худжантка учуу тууралуу билдирмесин ырастабагандыгы менен түшүндүргөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню