Menu

САЯСАТ

Роза Отунбаева сырткы күчтөрдөн колдоо издөөдө

Президент Атамбаевден катуу кагуу жегенден кийин Роза Отунбаева Европа, АКШдагы байланыштары менен активдүү иштеше баштаптыр. Эң башкысы, моралдык-финансылык колдоо алуу жагына ык койгону айтылууда. Эгер сырткы державалар чындап эле Отунбаеваны ар тарабынан колдоп чыгышса, анда дагы революция болобу? Бирок, карапайым калк бу саам ээрчийби? А сырткы күчтөрдөн көмөк көрсөтүлсө, араң турган “кочкорлордун” баштары дароо эле бир казанда кайнай башташы ажеп эмес.

Булак: Азия Ньюс

Улукбек Ормонов, ЖК депутаты: "Албек Ибраимов калп айтып жатат, эгер жалган-жашыкты дагы айта берсе, маалымат жыйын берүүгө аргасыз болом"

— Улукбек Зулпукарович, азыркы бийлик Уңгар-Тоо маселесине келгенде баарын Бакиевдерге шылтап, жерди өзбектерге өткөрүп берип койгонун айтышууда. Сиз ал убакта парламентте депутат болуп олтургансыз да. Бул маселе каралып, сөз болгон беле?

— Мен бул боюнча так жана кесе айта алам, биз иштеп турган мезгилде Уңгар-Тоо маселеси боюнча таптакыр кеп козголгон эмес. Өкмөт дагы, парламент дагы бул боюнча кеп кылганын уккан эмесмин. Ошондуктан бул маселе боюнча КТРКдан кайра-кайра көрсөткөндөн кийин атайын кызыгып, чек ара боюнча өкүлдөн документтерди сурап толук карап чыктым. Эки тараптуу сүйлөшүүлөр болгон учурда кыргыз тарапта “Кыргыз-Өзбек” сүйлөшүү протоколу, Өзбек тарапта “Өзбек- Кыргыз” протоколу деп жазылат. Мени таң калтырганы КТРКдагы берүүдө “өзбек-кыргыз” сүйлөшүүлөрү деген документтин чыкканы болуп жатат. Улуттук каналыбызда кайдан жүрүп Өзбекстандын документтери пайда болду? Бул атайын жасалган провокация эмеспи деген суроо туулуп жатат. Эгерде улуттук каналыбыз ошончолук эле маалымат бергиси келсе, биздин өлкөдөгү документтерди берсе болмок да. Эмне үчүн өзүбүздүн документтерге таянган жок? Улуттун кызыкчылыгын коргогондо этият болушубуз керек. Биз атайын документтерди карап чыкканыбызда Уңгар-Тоо турган жер атайын протоколдо макулдашулган эмес деп жазылып турат. Демек, бул жер жөнүндө сөз такыр болгон эмес. Сөз болсо дагы эки тарап бир пикирге келе албай, маселе ачык бойдон калып калса керек. Бул документтер Кыргызстанда бар. Кызыкккан кишилер алып караса болот. КТРдин ушундай опурталдуу учурда маалыматты атайын бурмалап бергендиги таң калтырат.

— Башка дагы документтерде кандай маалыматтар бар экен?

— Эч кандай деле маалымат жок. СССР убагында ар кандай убакта ар түрдүү чечимдер кабыл алынып турган. Себеби бир мамлекеттеги республика болгондуктан, ич ара жайыттарды берип мамиле болуп тургандыктан карталар ар жылда ар кандай түшө берген. Азыркы талаш-тартыш деле ушундай маселенин айынан чыгып жатат. Мындай чаташкан маселелерге 1991-жылдагы КМШны түзгөн учурда атайын саммитте баардыгы кол коюп “союздук республикаларда ар ким 1991-жылдагы чек араларда бири бирин тааныйт”- деп бир чечимге келишкен. Демек, 1991-жылы ким кандай жайгашкан болсо, башка маселеге карабай туруп ушул маселени чечиш керек болчу. Тилекке каршы эгемендүүлүк алган учурда эйфория менен чек аралар чечилбей, талаш жылдан жылга күчөп атат. Себеби бир айыл экиге бөлүнүп калган жерлер да бар. Бул олтуруп дипломатиялык жол менен гана чечилчү маселелер десем болот. Биз үчүн 1991-жылдагы карта негизги курал болуп аймактар такталуусу зарыл.

–1991-жылдагы карта боюнча Үңкүр-Тоо биздикиби?

— Ооба, толугу менен биздики. Өзбекстан дагы ошол келишимге кол коюп, чек араны тааныган. Унгар-Тоо өзбектердики же болбосо берилип кетиптир деп айтууга бир дагы документ негиз болуп бере албайт.

— Бийликтин ММКлары, ошол эле КТРК бүтүндөй журтка кайра-кайра көрсөтүп, Бакиевдер эбак эле “тартуу кылып жиберген” деген документтер кайдан чыкты?

— КТРК 2006-жылкы визиттеги өзбек-кыргыз протоколу деп Өзбекстандын колунда калган документтерди көрсөтүп жатышат. Менимче бул нерсе терең изилдениш керек. Бул боюнча өз алдынча баа бербесек болбойт. Биз башкаруучу коалициядагы фракция, же оппозициядагы фракция деп ар кимибиз ич ара талашып чырдашканыбыз менен мамлекеттүүлүк, чек ара дегенде этияттуулук ирээтинде мамиле кылып, мамлекетибиздин карыш жери үчүн күрөшүшүбүз керек деп ойлойм.

— Өзбек тарап ушуну менен экинчи жолу аскерин киргизип, кайра чыгарып кетип жатат. Эмне сырды көрүп жатабыз? Кандай күнөөбүз үчүн?

— Бул да болсо биздин чек ара кызматынын алсыздыгы деп билем. Андай талаштуу жерлерге аскерлерин киргиздирбей бекем кайтаруу зарыл эле. Аскер кирген шартта дагы силердин акыңар жок, бул эмне кылганыңар деп тең ата сүйлөшүшсө болмок. Эгер силер аскер киргизсеңер биз да чара көрөбүз, ошого жетпейли дешсе жарашмак. Көчүп кете албагандан кийин дипломатиялык түрдө кошуналар менен сүйлөшө билүү абдан зарыл. Кыргызда илгертен алыскы туугандан жакынкы кошуна артык деген кеп бар. Каалайбызбы, каалабайбызбы кошуна жашайбыз. Чек арабыз бир, сүйлөшүүдөн башка жолубуз жок.

— Бакиев чын эле кол коюп берип салган учурда Өзбекстан дароо эле зым менен чырмап өз аймагына кошуп алмак да. Алардын чек араны аскер коюп зым тартпаганына караганда бул жер Кыргызстандыкы гана деген ойго түртүп жатпайбы?

— Чек араны так тактоо үчүн атайын чек ара маселеси боюнча комиссия кол коёт. Калган ишти тактап, тышкы иштер министри кол койгондон кийин эки президент кол коюп берет. Эки президент кол койгондон кийин парламент ратификациялайт. Ошондуктан сөз башында айтып кеттим, Үңгар-Тоо боюнча эч кандай сүйлөшүүлөр болгон эмес. Расмий жолугушуунун протоколунда дагы Үңгар-Тоо боюнча эч кандай келишимдер жок, маселе ачык бойдон калган.

— Бүгүнкү күндө “Дастан” заводунунун айланасында абдан көп сөздөр айтылып жатат. Сиз ал жерде жаштайыңыздан иштеп, жетекчи дагы болгонсуз. Сизди шаар башчысы Албек Ибраимов дагы өзүнүн сөзүнө кошуп сатып жиберген деп айыптады. Сиздин жооп?

— Мен баса белгилеп кетейин. Өзүм дагы шаардын башчысы Албек мырзанын маалымат жыйынын көрүп абдан таң калдым. Биринчиден мен 2007-жылы депутат болуп шайлангандан кийин ал заводду өткөрүп берип, депутат катары ишимди улантканмын. Албек болсо “Текебаев жөн эле айтып жатат”-деп чыкты. Мен да айтайын, Албек мырза “Ормонов Улукбек саткан”-деп оозуна келгенди жөн эле айтып койду. Эгерде мен саткан болсом, ошол 2007-жылга чейинки жетекчи болуп турган документтерди көрсөтсүн. 2008-жылдары кантип, кандай болуп сатылган, ошол убактагы жетекчилер жооп бериши керек. Азыр Мамлекеттик каттоодогу ким, качан, кантип сатып алганы боюнча документтердин баары ачыкталды. Биздин борборубуздун башчысы Албек мырза чоң кызматтагы киши, документтерге таянып сүйлөсө жакшы болмок. Күнөөлөгөнү үчүн Текебаевди сотко беребиз деп оолугуп жатышат. Эми мен Албек мырзаны сотко бербей эле коёюн. Заводдо 20 жыл эмгектенгем, карамагында эмне бар, кайсыл жерде багы, пансионаты, баардыгын жатка билем. Заводдун ичиндеги аймактын ар бир метри дагы менин эсимде.

“Дастан” акционердик коому бул биринчиден стратегиялык мааниге ээ Кыргызстандын эң ири аскер заводдорунун бири. Ошол эле учурда бизде стратегиялык объекттер жөнүндө мыйзам бар. 2008-жылы 23-майда кабыл алынган. Ошол мыйзам кабыл алынгандан кийин стратегиялык обьект деп эсептелип атайын тизмеге кирген Кыргызстандын ар кандай менчигиндеги ишканалардын биринин дагы жери, мүлкү сатыкка коюлууга акысы жок. Сатам деген болсо, биринчи кезекте Өкмөткө сунуш кылынат. Бул боюнча мыйзамда так жазылган. Өкмөт албай артка кайтарганда гана атайын чечим менен сатса болот. Ошондуктан 2010-жылдан кийин өздөрүнүн чечимдерин кантип өзгөртүп, кантип сатышкан, аны өздөрү жакшы билишет. Көпчүлүк азыр, Албек ушинтип айтыптыр, жооп бербейсизби деп жатышат. Мен азырынча жөн коёюн. Эгер жалган-жашыкты айта берсе, маалымат жыйын берүүгө аргасыз болом.

— Заводдун баардык аймагын билем деп кеттиңиз. Президент азыр үй салып жаткан жер кандайча бул кишинин колуна тийип калганын деле билсеңиз керек?

— Мен 2007-жылы заводду өткөрүп берип, Жогорку Кеңешке депутат болуп кеткем. Ошол убакта азыркы талашка түшүп жаткан жер заводдун багы катары балансында турчу. Андан кийин ким, кайда, кантип сатты ишим болгон эмес. 2003-жылдары завод жетекчилигинин чечими менен ал жердеги бакты эс алуу жайы кылалы деген ой менен коттедж салына баштаган. Аймагын толугу менен атайын курчап чыгышкан. Кийинкилерин билбейт экенмин. Мунун баардыгына укук коргоо органдары өз бааларын беришет деп ишенем.

— Кечээ Өмүрбек Текебаев ал жердин аймагын 27 гектар деп чыкты. Кайра 2 гектар дейт. Негизи аймагы канча ал жердин?

— Мен билгенден жалпы аймагы 3 гектарга жакын болчу.

— Жогорку Кеңеште ушул маселенин айынан маанай курчуп кетмек болду?

— Башкаруучу коалициянын жетекчилеринин Жогорку Кеңештеги кайым айтышуусун элдин баары көрдү. Баардыгы өздөрү мойнуна алып башкаруучу коалиция де-юра бар, де-факто жок деп айтышууда. Мен ошону Албек мырзага айтат элем. Текебаев менен бирдемени талашса өздөрүнчө мени кошпой талашсын. 2010-жылкы жакын достор бири бирин айыптоодо. Булар чогуу келип бизди бийликтен кетирип, өздөрү бийликке келишкен. Эми өздөрү жасаган иштерине өздөрү мыйзамдын алдында, чегинде жооп берсин. Президент Алмазбек Атамбаев 31-августта 2010-жылдарда ким эмне кылганын ачык айтты. Эми өлкө башчысынын сөзүнө укуктук баа берүү, убактылуу өкмөттүн кимиси эмне кылганын прокуратура текшерип, элге ачык айтышат деп мен ишенем.

 Маектешкен Баян Кулова

Булак: “Жаңы ордо”

Оштун мэри Айтмамат Кадырбаевге оңтойсуз суроолор: Кошоматчылык карьерага жол ачабы?

Урматтуу экинчи борбордун мэри, Айтмамат Тентибаевич! Оромолчон Ош шаарынын башчысы болуп экинчи ирээт шайланып, шаарда жөө басып, көп жумуштарды бүтүрүп, жакшы эле иштеп жаткандай көрүнөсүз. Бирок өткөн Курман айт күнү намазга чогулган он миңдеген элдин алдында Кудайдан элге жакшылык, тынчтык, токчулук, береке, биримдик сурап, кектешкендерди кечиришүүгө, урушкандарды табышууга чакыруунун ордуна президентти сындагандарды “Кудай жазаласын” деп каргап-шилеп жибергениңиз кандай? Ферганадагы бирден бир чоң шаардын башчысы катары оолугуп сүйлөөрдөн мурун ойлонуп алганыңыз дурус болмоктур. Ачууга алдырбай… Же атайын эле Президентке кошоматчылык кылып, “ше-е-ф мен бармын, сиз тараптамын” деп көрүнүп коюштун айласын кылып, анан ошого улуу Курман айттын трибунасын колдонуп калдыңызбы?

Экинчи маселе, сиз кошоматчылык менен карьера жасоону адиси экениңизди мойнуңузга аласызбы? Себеби тээ 2010-жылы кандуу Бакиевдердин бийлиги кулаганда Жаныш Бакиев үчүн жаныңызды берүүгө баш байлап, Ош облустук администрацияны басып ала коюп, азыркы өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдорго жакшы эле айбат көргөзгөнүңүз эсибизде. Демек эгер Жаныштардын арам ойлору ишке ашып кете турган болсо азыр мэр эмес, керек болсо өкмөт башчы болуу планыңыз бар эле да, туурабы?

Булак: Фабула 

Видео - Америкага учуп бараткан Алмаз Атамбаев самолетто жүрөгү кармап, Стамбулда калды

17-18-сентябрда туулган күнүн өткөргөн Алмаз Атамбаев 19-сентябрда Бишкектен Нью-Йоркко БУУнун 71-генассамблеясына катышуу үчүн учуп кеткен. Бирок самолетто жүрөгү кармап, Стамбулдун Ататүрк эл аралык аэропортунда “тез жардам” машинасы тосуп алган. Ошондон бери Атамбаевдин ден соолугу боюнча алгылыктуу кабар жок. Бир ММКлар ооруканада деп жазышса, экинчилери мейманканада деп жазып жатышат.

https://www.youtube.com/watch?v=0R161rJhVNs

Фарид Ниязов, Президенттин аппарат жетекчиси: «Өз кезегинде Текебаев Акаевден “Дубовый” паркынын бир бурчун бузууга уруксат алган»

«Текебаев Президентке дагы кандай жалаа жабууну билбей турат. Эгерде мамлекет башчысы жерге ээ болуп жана үй куруп аткан болсо, ал таза мээнет менен табылган акчага курулуп атат. Болгондо да чоң акчага, текейден арзан баага эмес. Чындыгында мага Албек Ибраимовдун айтканы боюнча ал жакта 27 гектар жер эмес, андан ондогон эсе аз. Туура, өткөн жылы жерге ээ болуу жана курулуш иштери боюнча Алмазбек Атамбаевде чоң чыгымдар болгон. Бул декларацияда көрсөтүлгөн. Муну эч ким жашырган эмес жана бул жашыруун сыр эмес болчу.

Текебаевдин «Албек Ибраимов Алмазбек Атамбаевге Кой-Таштан жер тилкесин бергенден кийин Бишкек мэри болгон» деген сөзүн мындай жалганды жадагалса мародерлордон угуу да адаттагыдай эмес. Мародерлордо чоочун мүлктөрдү бекерге эле тартып алуу жана өздөрүнө каттап алуу болот. Бул жерде жер тилкеси өткөрүлүп берилген жок же кайра катталган эмес, кадимкидей эле мыйзамдуу сатуу-сатып алуу болгон, бул декларацияда көрсөтүлгөн.

Мага белгилүү болгонуна караганда Апрель революциясына чейин завод жер тилкелерин жеке жактарга саткан. Ал жерде аукцион болгон. Бул жерди ошол жеке жактардан Албек Ибраимовдун үй-бүлөсү сатып алганынын, андан соң Алмазбек Шаршеновичке сатканынын эч кандай өзгөчөлүгү жок. Болгондо да аз эмес акчага.

Ар ким өзүнө жараша ойлонот. Эгерде адам сатылма болсо, анда ал сыртынан эле көрүнүп турат. Өз кезегинде Текебаев Акаевден  “Дубовый” паркынын бир бурчун бузууга уруксат алган жана эми бардыгы эле ошондой деп ойлоп атат. Бирок Атамбаев менен кадр маселесин мындай жол менен чечүүгө болбостугун эл билет. Эл өзүнүн президентинин ким экенин билип калды жана мамлекет башчысына жалаа жабуу эми жадагалса Текебаевде да ишке ашпайт. Текебаев өзүнүн жалганы үчүн сот алдында жооп бербейт деп айта албайм.

Булак: Жаңы Ордо

Таалай Масабиров ажылыкка кетти

“Кыргызстан” фракциясынан Жогорку Кеңешке депутат, спортчу Таалай Масабиров мусулмандык парзын өтөп ушул маалда Меккеде зыярат кылып жүргөн учуру. Буга чейин фракциядагылардан Алмаз Баатырбеков, Канат Исаевдер ажылык милдетин өтөп келишип, намазга жыгылганын билебиз. Демек шайлоо алдындагы программасын “Ыймандуу Кыргызстан” де­ген кадам менен баштаган партия депутаттары алды менен өздөрүн адалдап алып, анан коомду адалдоого аракет кылышат көрүнөт. Анын үстүнө, өткөндө өлкө башчы да Канат Исаевди мактап келип, партиядагы таасири күч Шаршенбек Абдыкеримовдун арак сатканын согуп кеткен жери бар. Мына ушундан улам партиядагы ыймандуулар чындап намыска келди көүнөт…

Булак: Фабула  

Эл өкүлдөрү, эми кезек силерде!

Дүйнө акылмандары айтып, турмуштук процесстерде далилденгендей, коомго эң коркунучтуу адамдар булар – кайдигерлер. Эгер сен жеке индивид, инсан катары кайсы бир маселе боюнча оюңду ачык билдирип, жарандык парзыңды аткарбай, эки жагыңды ууруча кытмыр тиктеп, “башкалар эмне дээр экен…” деп отурсаң мына ошонуң өтө коркунучтуу. Андан көрө акылыңдан өткөрүп, маселени өзүңдүн мээ чөйчөгүңө жараша электеп, бир жыйынтыкка келип, аны ачык айтып койгонго не жетсин? Жок, анте албасаң анда сенин коомго тыйынчалык пайдаң барбы?

Албетте, бул айтылгандар азыр биздин Жогорку Кеңештеги 120 депутаттын ар бирине арналып турган учуру. Анткени жакында көтөрүлгөн Конституцияга өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүүү боюнча долбоор коомчулуктун талкуусуна түшүп, анын айынан саясатчылар кырды бычак болуп, бул талаш-тартыш менен кошо бири-биринен өткөн өчүн, кеткен кегин алчудай ахыбал жаралып турган учуру. Бекеринен экс-премьер министр Темир Сариев мыйзам долбоорунун авторлору делинген ЖКдагы фракция лидерлерине кайрылып, “көшөгөнүн артына жашынбай, ачык айтып, ак сүйлөгүлө!” – деп жаткан жок да. Анткени карга деле басып чыгарган көөдөй кара балапанын “аппагым” деген сыяктуу, расмий түрдө Конституциянын жаңы вариантын иштеп чыккан авторлор катары Канат Исаев, Иса Өмүркулов, Бакыт Төрөбаев, Алтынбек Сулайманов, Өмүрбек Бабановдор күн бою автордук кылган долбоорду жактап, күн сайын телеге чыгып, жолугушууларды уюштуруп, түшүнбөстүктөрдү көчөгө жеткирбей эле мыйзамдуу, ачык-айкын жоюп турса болот болчу. Бирок эмнегедир жүктү мойнуна көтөрө турган лидерлер бүгүн буга шаасы жетпей, анын ортосунда өздөрүнө-өздөрү эс алуу жарыялап жиберип Көчмөндөр оюндарынын шылтоосу менен убакытты текке коротушууда. Бул чыныгы лидерликке жооп бербей турган сапат эмеспи…

Экинчиден, ооба, буга чейин да далай ирет Конституция өзгөргөн, бирде элдин күчү, коомчулуктун сүрү менен өзгөрсө, бирде бир ууч эле саясий топтун чечими менен өзгөрүп жүрүп отурган. Референдум дегенибиз болсо, болгону ошол бүткөн ишти легитимдештирүү экенин далай баштан кечирдик. “Эл чечсин” деген ураан жөн эле алдооч баштык катары десек да болот. Бирок бул жерде бир нерсени эске алуу керек. Жаман болсо да, жакшы болсо да мындай мамлекеттин тагдырын чечээр маселе коюлуп жатканда, ага элден мурун жоопкерчиликтүү катары парламенттин депутаттары эсептелет. Ошондуктан чыккан партиясына, шыбагасына тийген комитетине, шайлоодо ака-үкасынын жардамы мененби, акчасы мененби, чыныгы элдин ишенимдүү добушу менен келгенине да карабай, ар бир депутат Конституция боюнча ачык пикирин билдирүүгө тийиш. Адатта мындай болбой, далай мандатын май чөнтөгүнө салган депутаттар “бириң өлүп, бириң кал” дегендей кайдигер мамиле жасап, соо жеринен “ооруп” ооруканага жата калып, “себептүү” иштер менен командировкалай калып же болбосо кулда кулак жок болуп, эптеп эле ЖКнын имаратына кирди-чыкты болуп, көпчүлүктүн арасында жүрө беришет. Мына ушундай коңулга кире качкандардын көптүгүнөн улам өлкө өрдү карай эмес, көрдү карай кулаган учурлары болбодубу. Ошондуктан азыркы 120 депутат мандатыңарды тартып ала турган эч ким жок, артыңарда колдоочуңар турганы чын болсо, чындап депутаттык антыңардын аягына чыгайын десеңер, шайлоо алдындагы узун убадаңарды “уй жеп” кетпесе, Конституция боюнча ар бириңер ачык пикириңерди билдирип эл алдында башыңарды бийик көтөргөнүңөр дурус болот.

Эгер бүгүн депутаттар Конституциянын өзгөрүшүнө ак же көк деп айта албай, аны ачык айтуудан корксо, “мандатымды алдырсам, бизнесимди кантип “крышовать” этем” деген жеке кызыкчылыгы үчүн корксо, булар коомго тээтиги ИГИЛчилер сыяктуу эле коркунучтуу бойдон кала берет. Анткени бүгүн эки ооз оюн айтып коюудан айбыккандар эртең элдин башына күн түшкөндө, эң биринчилерден болуп акчасын артынып сыртка чыга качат. Же болбосо эртең непадам эле бийлик алмашып кете турган болсо, алды менен ошолор азыркы бийликти боктоп, сол жээктин “солк” этпес жаса керлерине айланат. Ошону менен алар кийинкилерди да иритип, чиритип жүрүп отурат.
Андан көрө ачык айтып, ак сүйлөп, каршы болсоңор Өмүрбек Текебаевчесинен аргументтериңерди айтып, колдосоңор Рыскелди Момбековчосунан түз пкириңерди жалтанбай айтып койсоңор андан эч нерсеңер кемибейт. Калк ичинен колдоочуларыңар, тарапташтарыңар табылат, сергек, позициясы бар депутат катары шайлоочуларыңарга да уят болбойсуңар. Ооба, бул жолу жарандык коом, эксперттердин бүтүн армиясы ачык талкууга катышып жаткан соң, ар бир депутат мандатына манчыркабай, өз пикирин ачык айтуусун талап кылганыбыз оң. Эт эмес же чел эместер ким экенин бүгүн билип алганыбыз жакшы. Качанкыга чейин эле “балыктардын” күнү тууп, ити чөп жей берет?!

Тынчтык Алтымышев

Булак: “Фабула”

Меню