Menu

САЯСАТ

Төрөбай Зулпукаров, ЖКнын депутаты: “”Оппозиция конкреттүү кадамдары менен чыныгы кемчиликтерди өкмөт менен бийликтин астына коё турган болсо аны сөзсүз угуу зарыл”

Ушул айдын 14-24-мартта  оппозициялык бириккен кыймыл  Бишкек жана Ош шаарларында  бийликке  өз үндөрүн жеткирүү максатында  жыйын өткөргөнү жатат. Буга Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев дагы оппозициянын үнүн укпай аягы  бийликтен кетүү менен аяктаган. Азыркы бийлик оппозициянын үнүн угат деп ишенесизби?

Мамлекеттин өнүгүүсү үчүн демократиялык өлкөлөрдө  сөзсүз  түрдө оппозиция керек. Оппозиция жүйөлүү маселелерди көтөрүп, ошол маселелерден  чыгуу жолдорун көрсөтүп бере турган болсо бул чыныгы  оппозиция болуп эсептелет.  Кээ бир биздин оппозициялык маанайдагы  саясатчыларыбыз маселени айтат бирок чечүү жолдорун көрсөтө албайт. Бул  бийликке сын тагуу. Болбосо бийликке жетпей калып ошонун артынан ызасын чыгаруу менен чыгарып жаткандай сезилет.  Ошонун артынан биздин Жогорку Кеңеште болбосо  бүгүнкү күндөгү бийлик бутагындагы баардык тармактарында акыркы жылдары коомдун ой пикирин, алардын ичинде оппозциянын да сын пикирин эске алып жатат. Мисалы өкмөттөн келген кээ бир маселелер коомдун ой пикирлерине жараша өзгөрүп жатат.  Менимче  оппозиция конкреттүү кадамдары менен  чыныгы кемчиликтерди өкмөт менен бийликтин астына коё турган болсо аны сөзсүз угуу зарыл.

Баян Кулова

Булак: «Жаңы Ордо»

Элнура Кулуева, журналист: “Бийлик, өкмөт тарабынан көп кемчиликтер кетип жатат. Кемчиликтерди булар жоёбуз, биз бийликке келгенде деген убадалары бар болчу...”

Ушул айдын 14-24-мартта  оппозициялык бириккен кыймыл  Бишкек жана Ош шаарларында  бийликке  өз үндөрүн жеткирүү максатында  жыйын өткөргөнү жатат. Буга Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев дагы оппозициянын үнүн укпай аягы  бийликтен кетүү менен аяктаган. Азыркы бийлик оппозициянын үнүн угат деп ишенесизби?

Тарых тастыктагандай оппозициянын үнүн укса да кандай болгондугун биздин коомчулук жакшы билсе керек.  Бүгүнкү жаз алды келе жаткан кризистер, элдин  акыбалы, өкмөттүн туура эмес кадамдары элдин  кыжырдануусун жаратып жатпайбы. Бул он чакты оппозициянын өкүлдөрүнүн бийликке коюп жаткан  дооматтары эмес да.

Бул жерде элдин арасындагы чыңалуу, 2005-2010-жылдарды айтылган элдин  мүдөөлөрүн кайрадан эле бийликке барган адамдардын туура эмес кадамдарды жасап жатышканы элди ишенбөөчүлүк сезимин пайда кылды.  Буга көңүл бурбай кою мүмкүн эмес.

Демек ошол жердеги Аксыда, Бишкекте, Ошто өтө турган курултайларда  негиздүү талаптар эл тарабынан бийликке коюлса  ошонун жыйынтыгына оппозициялык күчтөр  туруп бере алабы деген маселе жаралып калды.

Анткени талаптар коюлуп, курултай өткөрүп коюп эле кагаздарды жок кылып коюп өз миссиябызды аткардык дегенден алыс болуусу зарыл. Талаптарды коё билип, алардын аткарылуусун күн сайын көзөмөлдөп тура  турган күч керек. Анткени бийлик, өкмөт тарабынан  көп кемчиликтер  кетип жатат. Кемчиликтерди булар жоёбуз, биз бийликке келгенде деген убадалары бар болчу.

Азыр бир нерсе деп айтыш кыйын болуп калды. Көп нерселер  кыштын кыйын учурундагы кырдаалдар, ошол эле “Мегакомдун”  сатылышы, элге каршы чыккан мыйзамдардын  чыгып жаткан менен оппозиция бир ууч болуп биригип үнүн чыгара албай калды. Трибунасы жок болуп калды. Эртең элдин үнүн угабыз деп аракет кылып жатышат.

Бирок буга чейин эле коомдук пикир жаратып иштешсе болмок деп ойлойм. Тилекке каршы 5-6 айдан бери кандайдыр бир пикир жаратып өзүнүн үнү менен  чыккан оппозициялык күчтөрдү көрө алган жокмун. Бул  тарых чындыгы.

.

Баян Кулова

Булак: «Жаңы Ордо»

Мукар Чолпонбаев, коомдук ишмер: “Оппозициянын көтөргөн талаптары жакшы, туура эле экен”

Ушул айдын 14-24-мартта  оппозициялык бириккен кыймыл  Бишкек жана Ош шаарларында  бийликке  өз үндөрүн жеткирүү максатында  жыйын өткөргөнү жатат. Буга Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев дагы оппозициянын үнүн укпай аягы  бийликтен кетүү менен аяктаган. Азыркы бийлик оппозициянын үнүн угат деп ишенесизби?

Оппозициянын үнүн бийлик укпайт. Анткени булар башынан эле чогуу жүргөн кишилер болчу. Азыркы бийлик өз күчүнө ишенип турат. Ошондуктан бийлик оппозициянын үнүн укмак турсун талаптарына көңүл да бурбайт. Бийлик оппозициянын сөзүн үнүн укса абдан жакшы болот эле.  Оппозициянын  көтөргөн талаптары жакшы, туура эле экен.  Бир эки нерсеси жетишпей           турат. Шайлоону таза өткөрөлү деп жатышат. Шайлоону электрондук аппараты жок өткөрүш керек. Балакеттин баары ошондон чыгып жатат.  Калганын учуру келгенде айтабыз,  бийлик угуп койсо ашыкча болбойт эле.

Баян Кулова

Булак: «Жаңы Ордо»

Аксыдагы митингдин катышуучуларына каршы Атамбаевдик бийлик спортчуларды колдонуп жатат

Жарандык активист Адиль Турдукуловдун билдиргенине караганда, учурда Аксы районунун Кербен шаарында бийликтин элге каршы саятына нааразычылык иретинде митинг өтүп жатат.

Эл мамлекеттик администрациянын маңдайына чогулушкан. Ал эми жергиликтүү бийлик оппозиция өкүлдөрүнө келип, митингди стадионго өткөрүүнү талап кылган.

“Спорттук дене түзүлүштөгү жигиттер митинг боло турчу жерге келе башташты. Мындан улам уюштуруучулар бийлик тараптан болчу провокациядан чочулап турушат”, – дейт Адиль Турдукулов.
Бишкектен барган “Жаңы муун” кыймылынын лидерлеринин бири Тимур Саралаев микрофонго чыгып сүйлөй баштаганда бийлик алып келген спортчу-провокаторлор Саралаевди түртүкүлөп, сүйрөп кетишкен жана ортого алып коркута башташкан. Милиция болсо кийлигишпей, шакаба чегип карап турган.
Спортчулар Адил Турдукуловду да сүйлөтпөй коюшту. Бкл тууралу Адил Турдукулов өзү билдирүүдө.
Митинг Аксы 14032016
Митинг Аксы 140320162
Митинг Аксы 140320165
Митинг Аксы 140320163
https://www.youtube.com/watch?v=So0-YwjB-fM
Булак:Кyrgyztoday.kg
Фотолор Адил Турдукуловдуку

Жалал-Абадда оппозициянын митинги өтүүдө

Аймактык кабарчыбыздын маалыматында митингге 50дөн ашык киши келди. Чогулгандардын алдына шаардын мурдагы мэри Максат Жээнбеков чыгып сүйлөдү. Ал жерде Улуттук оппозициялык кыймылдын мүчөсү, “Эгемен Кыргызстан” саясий партиясынын төрагасы Бектур Асанов да бар.

Оппозициянын Жалал-Абад шаарындагы митинги Барпы атындагы драма театрынын алдында өтүүдө.

Акцияда социалдык төлөмдөрдүн баасын мурдагы калыбында калтыруу, электр энергиясынын наркын арзандатуу, мамлекеттик камсыздандыруу боюнча мыйзамды жокко чыгаруу, балдарга жөлөк пул берүүдөгү жоболорду жеңилдетүү талаптары айтылары кабарланган.

"Эл үнү" оппозициялык кыймылы: “Атамбаев, тилиң кычышып жатса, аркадан “катын ушак” таркатпай, КТРК, ЭлТР телеканалдарыңар аркылуу түз эфир менен теледебатка чык!”

2015-жылдын аягында жыл жыйынтыгын чыгарып жатып өткөргөн бриффингде Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаевдин:  “журналисттер  менин энем менен агамдын өлүмүнө себепкер болду” деп айтканы бар эле. Жалган  жалаа жапкан жаман сөздүн октон да  катуу тиерин түшүнгөн  адамдар, туура эмес болсо да, Президенттин сөзүн унчукпай кабыл  алышкан.

Бирок акыркы мезгилде өздөрүн оппозициябыз деп атаган аттуу-баштуулардын дарегине  Президентке караштуу “кол бала” гезит, сайттар: Fokus.kg, “Фабула”, “Жаңы Агым”,  “Аят”, Багыт.kg, Fakt.kg аркылуу жалган жалаалар жабылып, адам оозуна алгыс ыплас сөздөр менен мазактоо күч ала баштады. Эмки кезекте “кара жашиктердин”  каралоосу күтүлүүдө.

Биздин көз карашыбызда  бардык материалдарды Ак  үйдүн жетинчи кабатында олтуруп алып, же ГКНБнын бөлмөсүндө бекинип алып бир эле адам даярдап  Президенттин басылмаларына, сайттарына берип жаткандай. Эгер ишенбесеңер 2016-жылдын 9-10-мартында  жарык көргөн Атамбаевдин аталган гезит, сайттарына чыккан коендой окшош  макалаларды карагыла.

А.Атамбаев  оппозицияда жүрүп, каралоонун зыянын жакшы эле өз терисинен өткөрдү эле. Тилекке каршы, ишембиликте жүрүп: «Элди чогултуп төңкөрүш кылам дегендер оппозиция эмес, алар эл бузарлар, алар чындап эл душманы. Бир балээ болуп кетсе чөнтөгүмдү толтурайын деген эле ой бар аларда. Кыйкыргандардын артында жалаң кан же уурулук бар. Ачык айтайын, алар канга тойбогон кузгунга окшош бузукулар»деп айтканы бул адамдын оңолбой турганын дагы бир ирет көрсөттү.

Оппозиция, “Эл үнү”  коомдук кыймылынын демилгеси менен   2016-жылдын 24-мартында Ош шаарынын борборунда Элдик Курултай өткөрүүнү пландап, күн тартибине өлкөдөгү саясий, социалдык-экономикалык абалды, мамлекеттик бийликтин тагдырын талкуулоо боюнча  ачык айтып, Президентти баш кылып, бийлик бутактарынын баарын чакырды.

Оппозиция мамлекеттик бийлик башчыларынын  анын ичинде Президенттин жеке турмушун талкуулоо, жамандоо, каралоо үчүн  Курултай чакырган жок.

Президент Элдик Курултайга барып,  калк турмушун оңдоп жаткан алгылыктуу иштери болсо айтып,  эл менен арай көзү чарай  сүйлөшүүнүн ордуна  өзүнүн “дүжүр” гезит, сайттары аркылуу оппозицияны каралап кириши 2005-жылдагы Акаевди, 2010-жылдагы Бакиевди  элестетип турат. Анткени мунун артында ошол эле А.Сегизбаев, О.Ибраимов, Ф.Ниязов, А.Карашев ж.б. турганы белгилүү.

Эки сөзүнүн биринде “кудайды күбө тартып” сүйлөгөн Атамбаев  сайтка жазгандай, “досторунун”  “миллион долларларды” жымырып алганы чын болгондо  алда качан эле  каматып салбайбы! Ушактын да чеги болот, кудай баарын көрүп турат.

Кыргызда “кыздын сыры төркүнгө маалим” деп коет эмеспи.  Алмазбек Шаршенович, оппозицияда деле сиздин “кухняңызды” жакшы билген, “алыс”, “жакын” “досторуңуз” жүрөт.   Атамбаев тууралуу деле жаза турган толгон-токой  материалдар бар. Болгону оппозиция түштүк эли айткандай, азырынча “пастыкка” барбай турат.

Же, болбой эле тилиңер кычышып жатса, аркадан “катын ушак” таркатпай,  КТРК, ЭлТР  телеканалдарыңар аркылуу түз эфир менен  теледебатка чыккыла, кимдин-ким экенин,  чындыгында кимдердин “миллиондорду жымырып жатканы” тууралуу ачык айтышалы, эл билсин.

Ошондуктан оппозиция маалымат согушун  баштай электе токтотуңуз, Алмазбек Шаршенович!  Оппозиция сиз айткандай “ички душман” эмес. Сиздин саясатыңызга  оппонент. Кийин кеч болуп калып, тигил же  бул тууганыма журналисттердин зыяны тийди деп наалып жүрбөңүз. Бул эскертүү  Президентке жетпей калса,  “дүжүр” сайт, гезиттер жеткирип коюшуңарды өтүнөбүз.

Эл үнү” коомдук кыймылы

Жалал-Абад облустук администрациясы: Аксыда митинг тынч өттү

Бүгүн, 14-мартта Аксы районунун борбору Кербен шаарында тынчык митинги болуп өттү деп маалымдады өкүлдүн басма сөз катчысы. Тынчтык митингине 400гө жакын эл катышты. Митингдин катышуучуларынын алында Аксы районунун акими Медет Айдаралиев чыгып сүйлөп, Кыргыз Өкмөтү жана жергиликтүү бийлик тарабынан буга чейинки Кара-Жыгачта болгон тынчтык митинги жана анда эл тарабынан коюлган талаптардын аткарылышы боюнча кеңири маалымат берди.

Тынчтык митингин уюштургандардын бири, Кашка-Суу айылдык кеңештин депутаты Шекербек Камчыбек уулу жөлөк пулдарын алууну жеңилдетүү, электр энергиясына 700 кВаттан кийинки жогорулатылган бааларды азайтуу, турак-жай менен автоунааларга болгон камсыздандырууну убактылуу токтотууну, Өзбекстан Республикасы менен болгон чек ара маселесин демаркациялоо жана делминтациялоо маселелерин тездетүү талаптарын билдирди.

– Жерге болгон социалдык фонд төлөмү мурдагы баасында өзгөрүүсүз  калды. Ал эми балдарга төлөнчү жөлөк пулдар боюнча жаңы мыйзам иштелип жатат. Ал эми чек ара маселеси боюнча КРнын Өкмөттүк комиссиясы тарабынан демаркациялоо жана делминтациялоо иштери жүргүзүлүп жатат,- деди Аксы районунун акими Медет Айдаралиев.

Аксы районунун акими Медет Айдаралиев карапайым элди пайдаланып азгыргандарга алданбоого, элди биримдик менен ынтымакчылыкка үндөп кетти. Элди саясий оюндун куралына айландырбастан жаз жарышын уюшкандыкта баштоого чакырды.

Митинг тынч өттү жана тараптар өз ойлорун ачык айтуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Аксы районунун борбору Кербен шаарында 25 112 калк жашайт. Ал эми жалпы Аксы районунда 134 миң калк жашайт.

аксы1

аксы3

аксы5

Жолдошбай Осмонов, журналист

Кудайберген Базарбаев обсудил с Программным лидером Программы «Демократическое управление» ПРООН Александром Кашкаревым

Министр труда и социального развития Кудайберген Базарбаев обсудил с Программным лидером Программы «Демократическое управление» ПРООН Александром Кашкаревым итоги работы экспертов по расчету финансовых затрат, связанных с внедрением Конвенции по правам инвалидов.

В представленной презентации говорилось, что сегодня лица с ограниченными возможностями здоровья составляют 15% от общего числа населения Земли или 1 млрд. человек. Конвенцию о правах инвалидов на данный момент подписали 159 стран, ратифицировали – 154.

«Для проведения расчета требуемых средств для внедрения Конвенции еще в прошлом году министерство инициировало создание межведомственной рабочей группы», – отметил Кудайберген Базарбаев.

В разработанном при поддержке ПРООН плане предложено порядка 200 мероприятий, в числе которых обеспечение участие ЛОВЗ в политической и общественной жизни, доступ к объектам и услугам, достаточный уровень жизни, создание условий для получения качественных образовательных и медицинских услуг, вовлечение в культурную жизнь и спорт, строительство социального жилья.

Общая сумма, представленная на встрече и требуемая для внедрения Конвенции о правах инвалидов, достигает 36 млрд. сомов. При этом эксперты отметили, что с учетом инфляции может возрасти.

Также Кудайберген Базарбаев и Александр Кашкарев обсудили совместные действия в рамках двуединой политики министерства по гуманизации общества и адаптации ЛОВЗ, в частности, проведение акций «От сердца к сердцу» в регионах.

Меню