Menu

САЯСАТ

Президенттин Баткендеги өкүлчүлүгү кыргыз-тажик чек арасын ачуу боюнча маалыматка комментарий берди

Президенттин Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, июль айында Кыргызстандын Баткен, Тажикстандын Согди, Өзбекстандын Фергана облустарынын башчылары катышкан үч тараптуу жолугушуу өткөн.

Сүйлөшүүлөрдүн негизги максаты чек ара аймактарында тынчтыкты, коопсуздукту камсыз кылуу, ынтымакты бекемдеп, облустар аралык кызматташууну жакшыртуу болгон.

Маалыматта жолугушуулар чек ара аймактарында тынчтыкты, коопсуздукту камсыз кылуу, коңшу элдердин ынтымагын бекемдөөнү көздөй турганы айтылат.

“Учурда Өкмөттөр аралык комиссия чек араны тактоо жумуштарынын үстүндө активдүү иш алып барууда”, – деп жазылган маалыматта. “Биринчи кезекте эки өлкөнүн чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо иштерин аягына чыгуу”, андан кийинки кезекте “чек араны ачуу маселесин этап-этап менен кароо, ар тараптуу байланыштарды чыңдоо маселелери турары” белгиленген.

Мунун алдында “Озоди” Дүйшөмбү менен Бишкек кыргыз-тажик чек арасын ачуу боюнча макулдашууга жетишкенин Тажикстандын Согд облусунун жетекчилигинин малыматына таянып жазып чыккан.

Анда жазылгандай, Согд облусунун администрациясынын башчысынын орун басары Даврон Зохидзода сүйлөшүү июль айында Кыргызстандын Чолпон-Ата шаарында болгонун, анда Тажикстандын Согд, Кыргызстандын Баткен жана Өзбекстандын Фергана облустарынын жетекчилери жолукканын белгилеген. Согд облусунун жетекчилигинин кабарлашынча, чек араны этап-этап менен ачуу каралууда. Тагыраагы, чек аралаш райондордун ишкерлери үчүн посттор ачылып, кийин жарандардын каттоосуна уруксат берилет.

Кыргызстандын президентинин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев, Тажикстандын Согд облусунун башчысы Раджаббой Ахмадзода жана Өзбекстандын Фергана облусунун губернатору Хайрулло Бозаров баштаган делегациялар Чолпон-Ата шаарында 19-июлда жолугушкан. Андан бир күн мурун алар Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Бишкекте кездешкен эле.

2021-жылы апрель-майдагы чек ара жаңжалынан кийин Кыргызстан тарап тактоо иштери бир жаңсыл болгонго чейин деген негизде Тажикстан менен чек арасын бир тараптуу жапкан. Ошондон бери чек арада каттамдар, соода-сатык токтоп турат.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жалпысынан 972 чакырым чек ара тилкеси бар. Тактоо иштери 2002-жылы башталган. Анын 664 чакырымы боюнча орток пикир бар экенин эки өлкөнүн президенттери өткөн жылы ырасташкан. Калган 300 чакырымга жакын чек ара тилкесин тактоодо маселе жаралууда.

Эки өлкө ортосундагы чек аранын тактала электигинен улам ортодо түрдүү куралдуу кагылыштар, адам өмүрүн алган каргашалуу окуялар катталган. 2021-жылы 28-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 36 кыргызстандык курман болуп, 170тен ашуун тургун жараат алган. Жаңжалда бир катар үйлөр, социалдык объектилер жарактан чыккан. Тажикстан 19 жараны мерт болгонун кабарлаган.

Куралдуу кагылыш 2022-жылы 14-17-сентябрда да кайталанып, анда Кыргызстандын 63 жараны курман болгон, 206 киши ар кандай жараат алган. Бир катар социалдык объектилер, турак жайлар кыйрап, өрттөлгөн. Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 41 жараны каза тапканын, 200гө чукулу жараат алганын билдирсе, “Озоди” өз булактарына таянып, каза болгон делген 80ден ашык кишинин тизмесин жарыялаган. Эки тарап бири-бирин “агрессияга” айыптаган.

Андан бери эки тарап дипломатиялык жана чек ара боюнча сүйлөшүүлөрүн улантып келе жатканын расмий кабарлашкан.

Кыргыз-тажик чек арасында үйлөрдү талап-тоноп 20 жылга соттолгон 2 тажик жараны Тажикстанга өткөрүлүп берилгенден кийин толук акталып, эркиндикке чыкты

Тажикстандын бийлиги Кыргызстанда узак мөөнөткө соттолуп, кийин Душанбеге өткөрүлүп берилген тажик жарандары Абдурозик Абдукаххоров менен Аскар Юнусовду эркиндикке чыгарды. Бул тууралуу “Озоди” радиосу кабарлады.

Маалыматка караганда, Абдукаххоров менен Юнусов бир нече айдан бери кармалып турган Явандагы абактан 28-июлда чыккан.

Абдукаххоров 2-августта “Озоди” радиосуна маек берип, бийлик органдарына жасалган көптөгөн кайрылуулардан кийин Юнусов экөө акталып, эркиндикке чыгышканын билдирди.

“Башкы прокуратуранын өкүлү биз отурган Яван абагына барып, Аскар экөөбүз президенттин жарлыгы менен бошотулганыбызды, биздин соттуулугубуз жоюлганын айтты. Биз ыраазычылык билдирип, үй-бүлөбүзгө кайтып келдик”, – деди Абдукаххор.

Аскар Юнусов менен Абдурозик Абдукаххоров Тажикстандын жарандары. 2021-жылдын жазына чейин Кыргызстандык Борбордук айылында жашашкан. Борбордук менен Тажикстандын Хистеварз айылын болгону бир көчө гана бөлүп турат.

Абдукаххоров менен Юнусовду Кыргызстандын күч органдары 2021-жылы апрель-май айларындагы чек ара жаңжалына байланыштуу кармашкан. Тергөөчүлөр алардын биринин телефонунан тажик чек арачылары менен бирге түшкөн сүрөттөрү табылганын билдирген. Экинчиси жаңжал учурунда кыргыз айылдарын талап-тоноого катышканы кабарланган. Кармалгандардын жакындары тагылган айыптарды четке кагып, өкүм адилетсиз экенин айтып келишкен.

Баткен облусунун Лейлек райондук соту Абдукаххоров менен Юнусовду “Тынчтыкка каршы кылмыш жасоо” жана “Талап-тоноо” беренелери боюнча күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыраткан. 2021-жылы декабрда Баткен облустук соту алардын жазаларын жумшартып, 20 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. 2022-жылы июнда Кыргызстан Абдукаххоров менен Юнусовду калган жаза мөөнөтүн мекенинде өтөөсү үчүн Тажикстанга өткөрүп берген.

2021-жылы апрель-май айларындагы чек ара жаңжалында Кыргызстан тараптан 36 киши (арасында эки бала) каза болуп, 180ден ашуун адам жаракат алган. Жалпы 136 үй, бир нече мектеп, бала бакча жана башка социалдык объектилер өрттөлүп, талкаланган.

Тажикстандан 19 киши өлүп, 87си жарадар болгону расмий кабарланган. Эки өлкө бири-бирин айыптап, кылмыш иштерин козгошкон.

Жозеп Боррел: Россия азык-түлүктү курал катары колдонууну токтотууга тийиш

Жозеп Боррел Фонтеллес, Союздун тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча Жогорку өкүлү жана Европа комиссиясынын вице-президенти

17-июлда, Стамбулда макулдашууга кол коюлгандан дээрлик бир жылдан кийин Россия Украинага айыл чарба продукциясын дүйнөлүк рынокторго экспорттоого мүмкүндүк берүүчү Кара деңиз эгин демилгесин (КДЭД) узартпоо жөнүндө чечимге келди. БУУнун Башкы катчысы баса белгилегендей, бул демилге “өтө муктаж болуп жаткан дүйнөдө үмүттүн маягы болгон эле”. 

Россия Украинага каршы агрессорлук согуш баштаганга чейин Украина  дүйнөдө азык-түлүктүн өтө маанилүү экспорттоочусусу болуп, дүйнөдө арпанын бештен бир бөлүгүн, жүгөрүнүн алтыдан бир бөлүгүн жана буудайдын сезгизден бир бөлүгүн берип турган. Россия Украинага басып кирип, эгин талааларына жана кампаларына кол салып, Украинанын портторун бөгөп салгандан кийин дүйнөдө азык-түлүктүн баасы рекорддук деңгээлге чейин кымбаттап, көптөгөн импортер өлкөлөргө азык-түлүктүн келишине коркунуч жаралды. КДЭДдин максаты айыл чарба продукциясын Украинадан экспорттоонун маршрутун калыбына келтирүү жана азык-түлүктүн дүйнөлүк баасын арзандатууга багытталган болчу. 

Көптөгөн кыйынчылыктарга карабастан КДЭД өзүнүн башкы максатына жетти. 2022-жылдын августунан баштап Украинадан дүйнөнүн 45 өлкөсүнө дээрлик 33 млн тонна дан эгиндер жана азык-түлүктөр экспорттолушу Россия кол салгандан көп өтпөй тамак-аштын рекорддук деңгээлге кымбаттаган бааларын болжол менен 25%га арзандатуу менен маанилүү роль ойноду. Мамлекеттик сооданын маалыматтары көрсөтүп тургандай, эгиндин жарымынан ашыгы, анын ичинен буудайдын үчтөн экиси өнүгүп жаткан өлкөлөргө барган. 

Андан тышкары, КДЭД Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (ДАТП) үчүн эгиндин такай болуп турушун камсыздады. Украина 2023-жылы Афганистан, Жибути, Эфиопия, Кения, Сомали, Судан жана Йемен сыяктуу азык-түлүк өтө тартыш болгон өлкөлөрдү гуманитардык колдоо үчүн сатып алынган буудайдын 80%ын берген.  Кара деңиз маршрутусуз ДАТП эгинди башка өлкөлөрдөн кымбатыраак баада сатып алууга жана дүйнөдө болуп көрбөгөндөй азык-түлүк кризиси учурунда бул аракетке көбүрөөк убакыт сарптоого мажбур болот. 

Россиянын бул чечими БУУнун Башкы катчысынын бул проблеманы чечүү боюнча иш жүргүзүү жөнүндө кайта-кайта берилген сунуштарына карабастан кабыл алынды. Россия күнөөнү башкаларга оодаруу үчүн анын айыл чарбалык экспорту жетиштүү деңгээлде жеңилдетилген жок деп жатат. Соода жөнүндө жалпыга ачык маалыматтарда андай эмес экени, Россиянын айыл чарба экспорту гүлдөп өсүп жатканы көрүнүнп турат. Россия ошондой эле БУУ менен КДЭДге параллель кол коюлган Жер семирткичтерди экспорттоо боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдан да орчундуу пайда алган. БУУ ченемдик укуктук актыларды тактоо боюнча тынымсыз иш жүргүзүп жатат жана банк жана камсыздандыруу секторлорунда тийиштүү чечимдерди издөө үчүн жеке сектор менен дайыма тыгыз иштөөдө. Бул күч-аракеттер ЕБ жана анын өнөктөштөрү менен тыгыз кызматташтыкта ишке ашырылууда. 

Россия таратып жаткан жалганга карабастан ЕБ санкциялардын глобалдык азык-түлүк коопсуздугуна эч кандай таасирин тийгизбөөсүнө жетишти. Санкциялар Россиянын үчүнчү өлкөлөргө азык-түлүк жана жер семирткичтерди экспорттоосуна карата колдонулбайт жана ЕБ экономикалык операторлорго үчүнчү өлкөлөргө мындай берүүлөр уруксат экендигин түшүндүргөн кеңири сунуштарды берди.  Биз тийиштүү төлөмдөргө уруксат бериш үчүн БУУ менен да кызматташып жатабыз. 

Мына ушундай баарына белгилүү жана ынанымдуу фактыларга карабастан Россия КДЭДден чыгууну чечип, азык-түлүктү курал катары пайдаланып жатат жана дүйнөдөгү азык-түлүк менен жабдууну коркунучка дуушарлантууда. Россия КДЭДден чыккандан бир нече сааттан кийин Кара деңизде эле эмес, Дунайда да Украинанын эгин кампаларына жана порттук инфраструктураларына атайылап күн сайын чабуул коюп аларды жок кыла баштады. Буга жооп катары дароо эле буудайдын жана жүгөрүнүн дүң баалары Россиянын баскынчы согушу башталган учурдан бери эң жогорку даражада кымбаттап кетти. Россиянын дүйнөлүк азык-түлүк менен камсыз кылууну атайылап стресске дуушарлантышы азык-түлүк бааларынын олку-солкулугу, жашоо-турмуш баасындагы глобалдык кризисинин тереңдеши жана импортко көз каранды өлкөлөрдө элдин тамак-аш менен камсыздалышын кыйындатышы ыктымал. Мындай жосунсуз жорук чечкиндүү түрдө айыпталууга тийиш.

Бүткүл дүйнө камсыздоо-жабдуулардагы үзгүлтүктөргө жана баалардын кымбатташына каршы күрөшүп жаткан мезгилде Россия аярлуу өлкөлөргө, атап айтканда Африкада эгин менен камсыз кылуудагы чектөөлөр жөнүндө эки тараптуу сунуштар менен кайрылып, өзү жараткан проблеманы чечип жаткандай түр көрсөтүүдө. Бул азык-түлүктү курал катары атайылап пайдаланган циникалык саясат.

Россиянын жоопкерчиликсиз иш-аракетине каршы ЕБ негизги үч багыт боюнча чара көрөт. Биринчиден, биз БУУнун жана Түркиянын Кара деңиздеги эгин демилгесин жандандыруу боюнча тынымсыз аракеттерин колдоону улантабыз. Экинчиден, Украинанын айыл чарба экспортунун ЕБ аркылуу дүйнөлүк рынокторго чыгуусунун альтернативдик маршруту катары өзүбүздүн “тилектештик жолдорубузду” чыңдоону улантабыз. Бүгүнкү күндө бул маршруттар боюнча Украинанын 41 млн тонна айыл чарба продукциясы экспорттолду, жана биз Россиянын КДЭДди колдонууну токтотушунун кесепеттерин жеңилдетиш үчүн бул көрсөткүчтү болушунча көбөйтүүгө аракеттенебиз. Үчүнчүдөн, азык-түлүк коопсуздугу проблемасын чечүүгө 2024-жылга чейин 18 млрд евро бөлүп, муктаж өлкөлөргө жана адамдарга колдоо көрсөтүүнү көбөйттүк. 

Биз эл аралык шериктештикти жана бардык өлкөлөрдү глобалдуу азык-түлүк коопсуздугун колдоо үчүн өздөрүнүн жардамын арттырууга чакырабыз. Биз бардык өнөктөштөрүбүздөн Африка биримдиги сыяктуу Россияны сүйлөшүүгө келүүгө, ошондой эле Украинанын айыл чарбалык инфраструктурасына сокку урбоого чакырууну суранабыз. Так жана бирдиктүү добуш менен биз Россиянын КДЭДге кайрадан катышуусуна жетише алабыз. Бүткүл дүйнө глобалдык азык-түлүк коопсуздугун камсыздоодо жоопкерчиликтүү болууга кызыкдар. Бул биздин азык-түлүккө айрыкча муктаж болуп жаткан адамдардын алдындагы парзыбыз.

Америкалык сенатор Борбор Азиянын үч өлкөсүнө киргизилген соода чектөөлөрүн жоюуга чакырды

Америкалык сенатор АКШ Конгрессин Борбор Азиянын үч өлкөсүнө карата киргизилген чектөөнү алып салууга чакырды. Бул түзөтүү 1974-жылы “кансыз согуш” учурунда бир нече мамлекеттерге карата кабыл алынган. Алардын арасында Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан да бар.

Эл аралык байланыштар комитетинин мүчөсү, сенатор-демократ Крис Мерфи (Chris Murphy) 26-июлда Diplomat журналына макала жарыялап, Жексон-Вэниктин түзөтүүсүн жокко чыгаруу – Борбор Азия мамлекеттери менен туруктуу соода алакасын түзүүгө мүмкүндүк берет деп жазган. Сенатордун айтымында, бул АКШ менен катар Казакстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын да кызыкчылыгына жооп берет.

Крис Мерфи АКШ дүйнөдөгү геосаясий кырдаалды эске алып, Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташууну кайра карап чыгышы керек деп эсептейт. Сенатордун пикиринде, АКШ четте турган маалда Орусия менен Кытай Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан сыяктуу өлкөлөргө таасирин күчөтүүдө.

АКШнын Соода жөнүндө мыйзамына түзөтүүлөрдү сенатор-демократтар Генри Жексон менен Чарльз Ваник киргизген. Ага ылайык, эмиграцияны чектегени үчүн советтик айрым өлкөлөргө соода санкциялары салынган. Кансыз согуштун калдыгы деп эсептелген жана ДСУнун эрежелерине карама-каршы келген түзөтүү Тажикстан, Казакстан, Өзбекстан жана башка бир катар мурдагы советтик мамлекеттерде дагы деле күчүн жогото элек. Кыргызстан 1998-жылы Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болуп киргенден кийин бул чектөөнүн алкагынан чыгарылган.

Байсалов санкциялар боюнча Европа, АКШ менен сүйлөшүү жүрүп жатканын айтты

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов учурда Кыргызстанда санкция коркунучу бар экенин, бийлик Европанын, АКШнын жетекчилери менен байланышып жатканын “Азаттыкка” курган маегинде билдирди.

“Алар деле түшүнүү менен мамиле кылышууда. Анткени Кыргызстанда экономика эркин. Биз бардык фирмаларды тыкыр көзөмөлдөй албай калып жатканыбызды өнөктөштөр деле түшүнүп турат”, – деди Байсалов.

АКШнын Каржы министрлиги Орусиядагы 120дан ашуун компания менен катар Кыргызстанда катталган төрт ишканага да санкция салган.

Аталган мекеменин маалыматында, “кара тизмеге” илинген компаниялардын айрым жабдуулары орустардын Украинага каршы колдонулган курал-жарактарынан табылган.

Ага чейин АКШ Кыргызстандагы “Тро, Я” аттуу компанияга да санкция салган.

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев “Азаттыкка” курган маегинде АКШнын санкциясына кабылды делген кыргызстандык компанияларга байланыштуу Улуттук коопсуздук комитети иликтөө жүргүзүп жатканын, бул боюнча Кошмо Штаттардын өкүлдөрү менен жолугушуу пландаларын билдирген.

“Кара тизмеге” киргизилген компаниялар эл аралык деңгээлде иш жүргүзө албайт жана Батыш өлкөлөрүндөгү ишканалар менен кызматташуусуна жол жабылат. Андай компанияларды тейлөөгө да тыюу салынат.

“Азаттык” буга чейин Орусиянын согушка жардамдашып жаткан компаниялары менен кызматташуусу ыктымал делген кыргызстандык ишканалар боюнча атайын иликтөө жасаган.

Кыргызстандык 6 банк АКШнын санкциясына кабылган Россиянын "Юнистрим" акча которуу системасы менен кызматташууну токтотту

Кыргызстандын алты, Тажикстандын үч жана Өзбекстан менен Казакстандын экиден банкы “Юнистрим” акча которуу системасы менен кызматташууну токтотту. Буга аталган системанын АКШнын санкцияларына кабылышы себеп болду.

Кыргызстанда “Компаньон”, Finсa банк, “РСК Банк”, “Халык Банк” жана “Капитал Банк” “Юнистрим” менен кызматташууну чектегенин Economist.kg басылмасы жазды.

24-июлда Өзбекстандын “Халк-банкы”, “Ипотека-банкы” жана “Капиталбанкы” аталган система менен иштешүүнү токтотконун жарыялашты. Бул тууралуу “Фергана ньюс” агенттиги жазды.

Казакстанда “Казпочтасы” жана “Нурбанк” банктары “Юнистрим” менен мындан ары иштешпей турганын жарыялашты.

ТАСС агенттиги жазгандай, Тажикстанда бул система менен “Ориенбанк” жана “Хумо” банкы кызматташууну токтотту.

Мындан тышкары Армения менен Грузиянын бир катар банктары да ушундай эле чечим кабыл алганы кабарланды.

Орусиянын “Юнистрим” акча которуу системасына санкция киргизилгени 20-июлда жарыяланган. Бул система отуздан ашык мамлекетке, анын ичинде Кыргызстанга акча которуу менен алектенчү.

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр боюнча териштирүү башталды

Кыргызстандын Баткен облусунун Тажикстан менен чектешкен аймактарында кырдаал туруктуу. Бул тууралуу Баткен облустук администрациясынын басма сөз кызматы 24-июлда саат 23:30дар чамасында билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, “жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында эки тараптан тең чыр-чатакка тиешеси бар жарандар аныкталып, териштирүү иштери башталды”.

“24-июлда кечке маал кыргыз-тажик чек арасында катталган чатак боюнча жеринде Кыргызстандын Баткен районунун жана Тажикстандын Исфара районунун акимдери жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери жолугушуп, коомдук коопсуздукту камсыздоо макулдашылган”, – деп жазылган маалыматта.

Буга чейин Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы дүйшөмбү күнү чектеш аймактардын тургундарынын ортосунда чыр-чатак чыкканын ырастаган.

Машинеде Ак-Сай – Көк-Таш жолунда бараткан Баткендин Ак-Сай айылынын тургундарынын жолун сегиз автоунаадан турган колонна менен Ворух анклавынан Кожалы (Хожа-Алъо) айылына багыт алган тажик жарандары кесип, натыйжада Дача тилкесинде тараптардын ортосунда мушташ чыкканын билдирген.

“Чыр-чатак күчөп кетпеши үчүн окуя болгон жерге Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин аймактык бөлүмүнүн кызматкери барган. Бирок ага Хожа-Алъо (Кожалы ред.:) айылынын тургундары кол салган. Ал кызматкер окуя болгон жерден качып чыгууга жетишкен. Тажикстандын жарандары аны сабаганга аракет кылып, автоунаасынын арткы терезесин сындырышкан”, – деп кабарлаган.

Тажикстан тараптан бул окуяга байланыштуу комментарий боло элек.

АКШ бир нече кыргыз компаниясына санкция салды

АКШнын Каржы министрлиги Орусияга микрочиптерди жана башка технологияларды жөнөткөн төрт кыргыз компаниясына санкция салды.

20-июлда жарыяланган маалыматка ылайык, Кыргызстандагы RM Design and Development, “ГТМЕ Технологии”, “Прогресс лидер” жана “Карголайн” компанияларына жана алардан товар алып турган орусиялык ишканалар (“Базис Трейд Прософт”, “Радиотехснаб”, “Регион-проф”, “Технологии, системы и комплексы”, “СиАйСи”) АКШнын кара тизмесине киргизилди.

“Кыргызстанда жайгашкан ишканалар Орусия Украинадагы толук масштабдуу баскынчылыгын баштагандан бери санкция салынган электрондук компоненттерди жана башка технологияны Орусияга утур-утур жөнөткөн экспорттоочуларга айланган. Алар жөнөткөн товарлардын айрымдары Орусиянын коргоо тармагындагы ишканаларды кош багыттагы товарлар менен жабдыган”, – деп айтылат Кошмо Штаттардын Каржы министрлигинин расмий билдирүүсүндө.

Буга кошумча АКШ Орусиядагы бир катар ишканаларга жана Бириккен Араб Эмираттарындагы бир компанияга да санкция салды.

20-июлда Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) АКШнын санкциялык чектөөсүн бузууга байланыштуу иликтөө баштаганын билдирип, кыргыз бийлиги санкциялык чектөөлөрдү бузбаганын, ошол эле маалда жеке компаниялар билбестиктин айынан мындай кадамга барышы ыктымалдыгын белгилеген.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун бир нече кызматынын июнь айындагы иликтөөсү Бишкекте былтыр ачылган RM Design and Development ишканасы жана “ГТМЕ Технологии” жабык акционердик коому Кыргызстандан Орусияга Батышта чыгарылган, санкцияга туш болгон микрочиптерди жөнөтүп жатканын көрсөткөн. RM Design and Development компаниясынын кожоюндары бул товарлар тууралуу комментарий берүүдөн баш тарткан. “ГТМЕ Технологии” ишканасынын жетекчилиги “коммерциялык сыр” деген жүйө менен Орусияга жөнөтүлгөн микрочиптер тууралуу маалымат берген эмес.

Буга чейин АКШ Кыргызстандагы “Тро, Я” аттуу компанияга да санкция салган.

КР Экономика министрлиги АКШнын санкция тууралуу маалыматына жооп берди

Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги Казакстанда кармалган 14 учкучсуз аппарат боюнча маалымат берди. Министрлик “Инвест Импульс” ишканасынын кытайлык DJI Agras T30 үлгүсүндөгү учкучсуз аппараттары былтыр, 2022-жылы Казакстан аркылуу Орусияга ташылып бара жатканда кармалганын билдирди.

“Учкучсуз аппараттар Кыргызстандын импорт, экспорт, реэкспорт жана транзит товарлары боюнча улуттук көзөмөлгө алынган товарлардын тизмесине кирет жана аларды ташууга уруксат кагазы талап кылынат. Бирок “Инвест Импульс” ишканасы 2022-жылы мындай типтеги товар ташууга уруксат сурап кайрылган эмес. Мекеме учкучсуз аппараттар айыл чарбасында кеңири пайдаланылып жатканын эске алып, товардын экспорттук көзөмөлгө жатарын билбеши мүмкүн. Бул экспорттук көзөмөл эрежелери бузулган жалгыз учур экенин баса белгилейбиз, ишкана толугу менен жоопкерчиликке тартылган”, – деп жазылган маалыматта.

Министрлик ошондой эле быйыл АКШ, Евробиримдик жана Британиянын өкүлдөрү Кыргызстанга келип кеткен соң, мындай товарларга экспорттук көзөмөл күчөтүлгөнүн кошумчалап, бир катар чаралар көрүлгөнүн кошумчалады.

Анын ичинде мындай товарлар Кыргызстанга атайын уруксат берүүчү документтерсиз киргизилбөөчү атайын системага камтылганы айтылат. Мамлекеттик бажы жана Салык кызматтары мындай товарлардын жүгүртүлүшүн электрондук эсеп-фактура аркылуу көзөмөлгө алганы, ишкерлерге экспорттук көзөмөлгө алынган товарларды мыйзамсыз сатууга жол берилбестиги эскертилип турары жазылган.

“Мындан тышкары министрлик Европа биримдигинин жана АКШнын Кыргызстандагы өкүлчүлүктөрүнө экспорттук көзөмөлдү жакшыртуу боюнча кеңеш берүү сунушу менен кайрылган. Биз Евробиримдиктин ыйгарым укуктуу органдары товарларды сыртка чыгарууда аны акыркы сатып алуучунун сертификатын талап кылуусун сунуш кылганбыз. Бул кыргыз тарапка мындай товарларды сатып алуучу субьектилерге мониторинг жүргүзүүгө шарт түзмөк”, – деп жазылган маалыматта.

Экономика жана коммерция министрлиги Кыргызстандын “Экспорттук көзөмөл тууралуу” мыйзамына быйыл, 15-февралда өзгөртүү киргизилгенин, учурда аны ишке ашыруу үчүн нормативдик актылар иштелип жатканын билдирди.

The Washington Post басылмасы 18-июлда АКШ президентинин администрациясы Кыргызстанга жаңы экономикалык чара көрүүгө камынып жатканын жазды. Анда мындай кадам санкцияга туш болгон товарлардын Кыргызстан аркылуу Орусияга ташылуусуна бөгөт коюу үчүн жасалып жатканы, америкалык жана европалык дипломаттардын Кыргызстанга жасаган сапарлары жыйынтык бербегендиктен, Вашингтон ушул аптада экономикалык чараларды кабыл алары белгиленген.

Басылма Кыргызстандан Орусияга ташылып бараткан кытайлык 14 DJI Agras T30 учкучсуз учактар тобунун Казакстанда кармалганына токтолгон. Казакстандын бажысы жеткирүүчүнүн жүккө тиешелүү документтери жок экенин билдирген.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы мыйзам бузуулардын саны 1,5 эсеге өстү

Былтыркыга салыштырмалуу акыркы алты айдын ичинде кыргыз-өзбек чек арасындагы “Достук” бекети аркылуу өткөндөрдүн арасында мыйзам бузгандар 1,5 эсеге көбөйдү. Бул тууралуу аталган бекеттин башчысы Нурлан Аттокуров билдирди.

Анын айтымында, 2022-жылдын алгачкы алты айында “Достукта” чек арадан өтүү тартиптерин бузган 49 киши кармалса, быйыл алардын саны 60ка жетти.

“Акыркы алты айдын ичинде “Достук-Автожол” бекетинин чек арачылары жалпы баасы 51 652 000 сомду түзгөн аткез товарларды кармады. Алардын арасында алтын жана чет өлкөлүк валюталар да бар”, – деди Аттокуров.

Ал бүгүнкү күндө аталган бекет аркылуу суткасына эң аз дегенде 15 миң, көп дегенде 22,5 миң киши жана 300дөн ашык автоунаа өтүп жатканын кошумчалады.

“Туристтик мезгил башталгандан кийин Өзбекстандан Кыргызстанга өткөндөр көбөйдү. Мындан тышкары чек арадан транзит менен өтүп, Ош аэропортунан учкан кишилер көп болууда”, – деди чек ара бекетинин башчысы.

Расмий маалыматтарга ылайык, акыркы жарым жылдын ичинде “Достук” бекети аркылуу чек арадан 2 800 000 киши жана 68 миңден ашык автоунаа өткөн.

Бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда тогуз чек ара бекети иштейт. Май айында Кыргызстадын Чек ара кызматы Жалал-Абад облусундагы “Бекабад”, Ош облусундагы “Карабагыш” жана “Кара-Суу” бекеттерин ачууга даярдык көрүлүп жатканын билдирген.

Меню