Menu

СПОРТ

Көптөн күткөн футбол болбой калды

5-сентябрда боло турчу Кыргызстан жана Мьянма ортосундагы футболдук матч жокко чыгарылды. Бул туурасында КР футбол федерациясынын башчысы Семетей
Султанов билдирди. Анын айтымында мындай чечимди премьер-министр Сапар Исаков кабыл алды. Ага Мьянмадагы окуялардан улам, оюн учурунда жаңжал чыгып кетиши ыктымал деген кооптонуу себеп болгону айтылат.

Булак: “Фабула”

Оштун улакчылары президенттин кубогунда баш байгени багындырышты

Кыргызстандын Эгемендик күнүнө карата Чолпон-Ата шаарында болуп өткөн “Манас оюндары 2017” спорттук иш-чарасында көк бөрү боюнча финалдык оюнда өлкө президентинин кубогун Оштун “Достук” командасы алды. “Достук” оюнчулары финалда Таластын “Мурас” командасы менен беттешип, 4:3 эсеби менен жеңип алды. Ал эми үчүнчү орунга Сокулуктун “Биримдик Аю ” командасы менен Аламүдүндүн “Арашаны” ойноп, 5:1 эсебинде сокулуктуктар утушка ээ болду. “Манас оюндары” төрт жылда бир жолу өткөрүлөт. Алгач уюштурулганда спорттун улуттук түрлөрү боюнча спартакиада деп аталган. 2013-жылы “Манас оюндары” болуп өзгөртүлгөн. Быйылкы мелдешти уюштурууга Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агентгигинен 10 миллион 81 миң сом бөлүнгөн. Анын ичинен байге фонду 4,5 миллион сомду түзөт. Оюндар 25-августта башталып, улуттук спорттун сегиз түрү: тогуз коргоол, көк бөрү, ордо, салбуурун, кыргыз күрөш, алыш, эр эңиш жана ат чабыш боюнча өттү. Эр эңиштен Нарындын жоон билек эр азаматтары мөөрөйдү алдырышкан жок.

Булак: “Фабула”

Балбан Акжол Алымбек уулу күмүш медалга ээ болду

Кыргызстандык спортчу Акжол Алымбек уулу пауэрлифтинг боюнча жаштар арасында дүйнө чемпиондугунда күмүш медаль тагынды. 28-августта АКШнын Орландо шаарында 23 жашка чейинки спортчулардын дүйнөлүк таймашы башталды. Мелдештин биринчи күнүндө Акжол Алымбек уулу таймашка чыккан 59 килограммга чейинки салмакта 8 спортчу күч сынашып, биринчи орунду Тайбэйдин өкүлү Лин Йи Чун алды. Штанганы отуруп, желкеге коюп көтөрүү ыкмасынан Лин Йи Чун менен Акжол 265 килограмм салмакты көтөрүп, экөө тең Азия рекордун жаңылашты. Штанганы жатып түртүү көнүгүүсүндө Акжол 162,5 кг багындырса, Тайбэй спортчусу 172,5 кг менен 10 кг алдыга чыкты. Штанганы жерден тартып көтөрүү түрүнөн эки аракетте 240,6 кг жана 252,5 кг салмакты эки лидер бирдей көтөрүп, тең келе жатышкан. Үчүнчү аракетте Лин Йи Чун 263,0 кг салмакты так көтөрүп дүйнө чемпиону болсо, Акжол 273,5 кг салмакты багындыра албай, экинчи орунду алып калды. Жыйынтыгында Акжол балбаныбыз күмүш медалга ээ болду.

Булак: “Фабула”

Премьер-министр Сапар Исаков «Кыргызстан – Мьянма» футболдук беттешин өткөрбөө боюнча чечим кабыл алды

Сапар Исаковдун чечими менен, Мьянмадагы болуп жаткан окуяларга байланыштуу коопсуздукту камсыз кылуу максатында жана коомчулуктагы кеңири талкууланган маселе, ал жактагы террористтик коркунучтардын жогору экенин эске алуу менен диний пикир келишпестиктерде массалык тартип бузууларга жол бербөө максатында , Кубок-Азия 2019 тандоо турунун алкагында Кыргыз Республикасы-Мьянма футболдук беттеши болбой калды. Бул туурасында өкмөттүн арсмий сайты жарыялады.

«Укук коргоо органдарынан келип түшкөн маалыматтарга байланыштуу мен беттешти болтурбоо тууралуу чечим кабыл алдым. Абал толук көзөмөлдө болот», — деди Сапар Исаков.

Мьянма улуттук курама командасына каршы беттеш эртең, 5-сентябрда, кечки саат 20.00 Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо болмок.

Икрам Илмиянов: "Максат орун алууда эмес, максат чеберчиликте. Оюнга катышуу өзү жеңиш"

Казакстандын борбору Астанада көкпар боюнча өткөн дүйнө чемпионатында Кыргызстандын көк бөрү боюнча курама командасы казактарга 1:4 эсебинде жеңилип, экинчи орунду алып калышы кыргыз коомчулугунда бир топ өйдө-төмөн сөздөрдү жаратууда. Себеби жалпысынан 12 команда катышкан бул чемпионатта кыргызстандык көкбөрүчүлөр өз тобунда атаандаштарын ири упайлар менен жеңип келип эле казактарга утулуп калышы ишенбестикти жаратууда. Ал тургай Казакстандын президенти Н.Назарбаев өзү катышкан финалдык оюнда кыргыз көкбөрүчүлөрүнүн утулуп бериши үчүн ар бирине 10 миң АКШ доллары сунушталгандыгы тууралуу сөздөр да чыгып кетти. Чындап эле казактар жеңилип калса, элбасынын алдында бир топ жер карап калмак. Бирок андай имиштерге өлкөнүн көк бөрү федерациясынын президенти Икрам Илмиянов чекит коюп, мындай пикирин билдирди: “Утулбай жүргөн команда же спортчу аз. Казактардын көкпар оюнунун эрежелери биздин көк бөрүдөн башкача болгонуна карабай, бул дүйнөлүк чемпионатта кыргызстандыктар чеберчилигин көрсөтүштү. Максат орун алууда эмес, максат чеберчиликте. Оюнга катышуу өзү жеңиш. Айтылып жаткан божомол, калп сөздөрдүн баарына ар бир оюнчу кудайдын астында колдон келген чеберчилигин көрсөттү”.

Булак: “Майдан.kg”

Видео - Өмүрбек Бабанов Астанада кыргыз "Көк бөрүчүлөрүнө" эмнеге жолуккан?

Ишемби, 27-августта жыйынтыкталган Астанадагы көк бөрүнүн казакча түрү көкпар боюнча алгачкы дүйнө чемпиондугунда биринчи орун үчүн Казакстан менен Кыргызстан курамаларынын беттеши казак оюнчуларынын жеңиши менен аяктады. Казак оюнчулары Кыргызстандын курама командасын 4:1 эсебинде жеңип алды. Ошол учурда иш сапары менен Казакстанда болуп калган Өмүрбек Бабанов Кыргызстандын курама командасы менен бейформал абалда жолугуп, чемпионат тууралу пикир алышкан жана улакчыларды колдоого алган.

Видео: Next TV

Үсөнов үйүлгөн ушактарга көңүл бурбайт экен

Ушак, имиш коомубузду сасык тумандай эле каптап барат. Эгер ар күнү айтылып жаткандарга ишене турган болсок бул ааламда деле бир адам сыңары киши калбачудай. Андыктан айтылган бардык эле кептерге «асыла» бербей ар ким өз иши менен алектенсе бул «сасык тумоодон» сакайып кетээрибиз турган иш. Ушак же имиштерге илээшпей, аларга баш оору кылып
алпурушпай өз иши менен алектенгендер бул «оорудан» алыс эле жүрүшөт. Мисалга, Президенттин маалымат саясат бөлүмүнүн башчысы Алмаз Үсөнов тууралуу ар кандай пикир ММКларда кеңири айтылууда. Алмаз мырза аларга көңүл бурбай, өз ишин алдыга жылдырууда. Демек, бул сапат Алмаз мырзанын бийиктигин гана айгинелейт эмеспи…

Булак: “Де-Факто”

Кыргыз көкбөрүчүлөрү алдыда

Казак туугандар кыргыздын көк-бөрүчүдөрү кыйын экенин алдын ала билип, ар кандай бут тосууларды жасады. Маселен, эң мыкты оюнчунун бири болгон Манас Ниязовду келбесин деген өтүнүчүн келтирип, күтүүсүз жерден аны калтырышкан. Ал эми Астанага бараары менен аттардын такасын чечтирүү аракетин көрүп, оюндан четтетүүгө аракет кылышты. Бирок, көгөргөн көкбеттик менен Манастын урпактары көшөрүп, аягында калыстарды чөгөлөттү. Моралдык басым-кысымдан кийин оюнга аралашкан көкбөрүчүлөрүбүз «чү» деген жерден эле моңголдорду 4:0 эсебинде ташын талкан кылып, Чыңгыз хандын балдарынан Манастын урпактары мыкты экенин тастыкташты. Андан кийин өзбектердин талпагын ташка жайып, 11:2 эсебинде утуп алышты. Эртеси Султан сулаймандын мекени Түркиядан келген төшү түктүүлөрдүн катыгын колуна карматып, 13:3 эсебинде жеңишти. Кечээ күнү жоон билек тажиктердин командасын 15:2 эсебинде утуп, кыргыз туусун асманга карай желбиретти. Бүгүн тайпалык тандоо оюндарынын акыркы турунда АКШ курама командасы менен беттешет. Аларды жеңээрине биздин шегибиз жок. Айтор, көкбөрүчү жигиттерди азаматсыңар деп, алкыш айтабыз. Манас атабыздын арбагы колдосун! Эске сала кетсек, оюн Астана шаарындагы «Казанат» ат майданында өтүүдө. Чемпионат 21-августта башталган. Финалдык оюн 27-августта болот.

Булак: “Де-Факто”

Кыргызстан менен Өзбекстан футбол таймашын көрүүчүлөрсүз өткөрөт

25-августта Ташкентте футбол боюнча Өзбекстан менен Кыргызстандын улуттук курама командарынын беттеши көрүүчүлөрсүз жабык өтөрү маалымдалды.

35 миң адамды батырган Ташкенттеги “Бунёдкор” стадионунда боло турчу Өзбекстан менен Кыргызстандын футбол таймашына бир да адам киргизилбей турган болду. Ал тургай футбол сүйүүчүлөрү бул оюнду телекөрсөтүү аркылуу көрө албайт.

Мындай чечим эки өлкөнүн машыктыруучулары тарабынан сунушталып колдоого алынганын Кыргызстандын футбол федерациясынын маалымат катчысы Наталья Угрюмова “Азаттыкка” айтты.

– Бул матчта жаңы тактикалар текшерүүдөн өткөрүлүп, оюнчулардын алмашуусуна чектөө коюлган жок. Ошондуктан машыктыруучулар өздөрүнүн талаадагы тактикаларын башка атаандаштарына көрсөтүүнү каалабады. Бул жерде бир гана футбол маселеси ортодо турат, эч кандай саясат жок. Жабык оюн өткөрүү эл аралык тажрыйбада көп эле кездешет, биз дагы ошондой мүмкүнчүлүктү пайдаландык.

Футбол беттешинин жабык өткөрүү тууралуу чукул чечим Кыргызстандын күйөрмандарын капалантпай койгон жок. Бирок алар маселенин түпкү өзөгү башкада экенин айтышууда. Анткени 23-августта Кыргызстандын улуттук курамына жан тартканы бараткан отуз чакты күйөрманды Өзбекстандын чек арачылары “Достук” чек ара бекетинен өткөрбөй, өлкөдө эгемендүүлүк күнүнө карата коопсуздук чаралары күчөп атканы менен түшүндүргөн.

Кыргызстан менен Өзбекстандын футбол боюнча улуттук курамалары эгемендүүлүк алгандан бери болгону беш жолу беттешкен. Өлкөдөгү саясий кырдаал акыркы жылдары футбол таймашына жолто болуп, жолдоштук оюндар узак убакыттан бери өтө элек болчу.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Биринчи жолу эл аралык мелдеш бизде

Чуңкурчакта «Шоро» компаниясынын негиздөөчүсү Табылды Эгембердиевдин жаркын элесине арналган эл аралык мелдеш өтүп атат. Эки күн мурун мелдеш башталды. Салтанаттуу ачылышында биз да барып жеринде күбө болуп келдик. «Жаа атуу» десе эле биздин көчмөндөр оюнундагы улуттук жебечилер экен деп ойлобогула. Олимпиадалык оюндун түрүнө кирген жаа атуу боюнча кеп болуп атат. Чынын айталы, буга чейин олимпиадалык жаа атуу боюнча федерация такыр иштеген эмес. Бул спорттун түрү бизде анча өнүккөнүн укпагам. Мындан 5-6 жыл мурун кыргыздын Жаңыл мырзасы болуп жалгыз Асел Шарбекова бир нече ирет Кыргызстандын чемпиону жана эл аралык мелдештердин байгелүү орундарына ээ болуп келген. Ал эми эркектерден болсо Нурсултан Мамытбек уулун гана билчүмүн. Бу жигит да Аселден кем болбогон мыкты көзгө атар мерген. Далай ирет эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү болгон. Дагы бир кызык, биздин өлкөдө эгемен алгандан бери жаа атуу боюнча эл аралык мелдеш өтпөптүр. Биринчи жолу өтүп атат. Буга ат көтөргүс салым кошкон жана мелдешке башкы демөөрчү болуп Т.Эгембердиевдин жубайы Жаңыл Турганбаева өзү жетектеген «Супара» этно-комплекси жана «Чуңкурчак» эс алуу жайы экенин айта кетуу керек. Жана өзгөчө мактоого татырлыгын кошумчалайлы.

Булак: “Азия Ньюс”

Меню