Menu

СПОРТ

Сооронбай Жээнбеков: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү атамекендик спортту өнүктүрүүнү жана спортчуларды колдоону күчөтөт

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү атамекендик спортту өнүктүрүүнү жана спортчуларды колдоону күчөтөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-августта, 2017-жылы спорттук мыкты жыйынтыктарды көрсөткөн спортчулар менен болгон жолугушуусунда билдирди. Мындай маалыматты Өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

«2017-жыл атамекендик спорт үчүн ийгиликтүү болду. Спортчуларыбыз түрдүү деңгээлдеги эл аралык мелдештерде жеңишке жетишип, бизди кубантуусун улантып жатышат. Массалык спортту өнүктүрүү максатында жакынкы беш жылда ар бир мектепте заманбап спорттук залдар пайда болот. Бүгүнкү күндө республиканын көптөгөн калктуу пункттарында спорттук залдар жана секциялар иштеп жатат. Бул өлкөдө спорттун түрлөрүн өнүктүрүүгө, жаш муунду дене тарбия сабактарына жана спортко тартууга дем берет», – деди Өкмөт башчы.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков баса белгилегендей, кыргыз спортчуларынын ийгиликтери жаңыдан баштаган жаш спортчуларга  спорттук тепкичтеги биринчи кадамдары үчүн жакшы  түрткү болуп саналат.

«Сиздердин жещишищиздер аркылуу жүрөгүбүз кубаныч менен сыймыкка толууда. Атамекендик спортчулардын жеңиши биздин өлкөнүн дүйнөлүк аренада аброюн көтөрүүдө. Сиздердин спорттогу ийгиликтер аркылуу дүйнөнүн эң алыскы булуң-бурчундагы элдер Кыргыз Республикасы жөнүндө билишүүдө», -деди Сооронбай Жээнбеков.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков спортчуларга  жетишкендиктери үчүн ыраазычылык билдирип, ийгилик, ден соолук, жакшылыктарды жана жаңы жетишкендиктерди каалады.

26 жеңүүчү, машыктыруучу штабдын өкүлдорү Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан ыраазычылык кат жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Белгилей кетсек, атамекендик спортчулар  13-30-июлда Пардубица шаарында (Чехия) өткөн спорттун интелектуалдык түрү боюнча  28-Эл аралык Олимпиаядада медалдарды жеңишти.  Турнирде Кыргыз Республикасы 9 спортчуну көрсөттү. Аталган Олимпияданын алкагында 12 комплект сыйлыктар катышуучу Польша, Австрия, Түркия, Украина,  Израил, Франция, Германия, Казакстан, АКШ, Кыргызстан жана  Чехия  80 өлкөнүн  арасында берилди. 12 катышуучу командалар арасында Кыргыз Республикасынын курама командасы экинчи командалык орунга ээ болду.

2017-жылдын 1-августунан 6-августуна чейин Тампере  шаарында (Финляндия) жаштар арасында өткөн эркин жана грек-рим күрөшү боюнча дүйнөлүк чемпионатта 24 комплект медаль күрөштүн төрт түрү боюнча: эркин, грек-рим жана аялдар күрөшү боюнча ойнотулду.

Күрөштүн түрлөрү боюнча Кыргызстандын жаштар курамасында 17 спортчу көрсөтүлдү. Чемпионаттын жыйынтыгында биздин улуттук курама команда бир алтын, үч күмүш жана эки коло медалдарга ээ болду.

Кыргыз Республикасынын  Премьер-министринин атынан төмөнкүлөргө ыраазычылык жарыяланды:

– Айпери Медет кызы.

– Шаршенбеков  Жоломан, грек-рим күрүшү;

– Махмудов Акжол, грек-рим күрөшү;

– Ким Роман, грек-рим күрөшү;

– Кенжебаев Байгазы – аялдар көрөшү боюнча курама команданын башкы машыктыруучусу;

– Акбар Кенжебек уулу, эркин күрөш;

– Жуманазарова  Мээрим, эркин күрөш;

– Тыныбекова  Айсулуу– Айпери Медет кызынын жеке машыктыруучусу;

– Сагынбекова Жаңыл, мангала;

– Султанмуратова  Нурия – спорттун интелектуалдык түрү боюнча курама команданын башкы машыктыруучусу;

– Ушуров Шухрат – грек-рим күрөшү боюнча башкы машыктыруучу;

Эл аралык мелдештердин жеңүүчүлөрү жана алардын жеке машыктыруучуларына:

– Надырбек уулу Улан – эркин күрөш боюнча команданын башкы машыктыруучусу;

– Ахметов  Мейрамбек–Махмудов Акжолдун жеке машыктыруучусу;

-Махмудов  Хаким – Шаршенбеков  Жоломандын жеке машыктыруучусу;

– Изабеков  Нурбек–Жуманазарова  Мээримдин жеке машыктыруучусу;

– Ушуров  Фархад–Ким Романдын жеке машыктыруучусу;

– Донбаев  Нурдин-  Акбар Кенжебек уулунун жеке машыктыруучусу ;

– Касымов  Камчыбек- Сагынбекова  Жанылдын жеке машыктыруучусу  ;

– Джамакеев  Анарбек  (Тогуз коргоол);

XXIII жайкы Сурдолимпиядалык оюндардын жеңүүчүлөрүнө жана алардын башкы машыктыруучуларына:

– Ильгиз  Каналбек уулу (дзюдо);

– Айдарбеков Габит (грек-рим күрөшү);

– Марков  Миляс (эркин күрөш);

– Мавлянов Азамат (таэквон-до);

– Кулгожаев Айдин- дзюдо боюнча команданын башкы машыктыруучусу;

– Понамарев Дмитрий-таэквон-до боюнча команданын башкы машыктыручусу;

– Тупик Андрей – Ильгиз Каналбек уулунун жеке машыктыруучусу.

 

Видео - 81 жаштагы йог-чоң ата Кытай интернетин багындырды

81 жаштагы йог-абышка Кытай интернетинин жылдызына айланды. Жаштар бул чоң атага суктанып гана карай алышат. Ал йога менен болгону 8 жыл мурун гана машыга баштаса дагы, азыр ал өтө жакшы жыйынтыктарга жеткен.  Йога менен дал ушул карып калган адамдар, ден соолугун жакшыртуу үчүн иш алып барыш керек деп эсептейт ал.

Төрт үлкөн саясатчы бирикти, жакында түндүктөн чыккан төртөө биригет

Кыргызстандагы 4 саясий партиянын лидерлери биригип, президенттикке бир талапкер көрсөтүү тууралуу макулдашууга кол коюшту. Бир кемеде болууну максат кылышкан Бакыт Төрөбаев, Адахан Мадумаров, Ахматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев президенттик шайлоодо бир команда болушат. Бул тууралуу «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын катчылыгы билдирди. Маалыматта айтылгандай, «Ата-Журт Мекенчил», «Бүтүн Кыргызстан» жана «Өнүгүү-Прогресс» партияларынын лидерлери макулдашууга кечээ 6-августта кол коюшкан.

Алар жаңы аталыштагы бир партияга биригип, президенттик шайлоодо бир талапкерди колдомокчу. Төрт үлкөн саясатчы биригип сүрөй турган талапкер ким болоору азырынча аныктала элек.

Коомчулукта айтылып жаткандай, кийинки жумада түндүктөн чыккан дагы төрт үлкөн саясатчы бириге турган болууда.

Булак: “Фабула”

Спортчуларыбыздын бири алтын алса, экинчиси күмүш медал тагынды

Кыргызстандык балбандар ушул тапта Финляндиянын Тампер шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпионатына катышууда. 18 жаштагы спортчу Айпери Медет кызы дүйнө чемпионатында 67 кг салмактагы категорияда мелдешке чыкты. Финалга чыгууда россиялык спортчу Кристина Шумова менен кезигип, 10 упай топтоп, алтын байге үчүн кармашка чыккан. Мында Японияда келген спортчу Ясухой Мацуюкини жеңип, алтын медаль тагынды. Айпери Медет кызы өткөн жылы жаштар арасында дүйнө чемпионатында 72 кг салмактагы категорияда вице-чемпион болгон эле. Ал эми жаңыдан күчкө толуп, акыркы убактарда алдына киши салдырбай келе жаткан жаш балбан Акжол Махмудов америкалык, андан соң индиялык балбан менен күч сынашып, атаандаштарын көтөрүп уруп күмүш медаль тагынды.
Кыргыздын желегин көккө желбиреткен дагы бир балбан кызыбыз Айсулуу Тыныбекова болсо жакында эле Бүткүл дүйнөлүк күрөш бирикмеси (United World Wrestling) версиясы боюнча дүйнөдөгү күчтүү балбандардын кезектеги рейтингин жарыялап, анда дүйнөдөгү эң күчтүү айымдардын катарына Айсулууну да кошкону маалым. Тагыраак айтканда Айсулуу Тыныбекова аталган рейтингде үчүнчү орунду ээлеген. Мындай жыйынтык спортчунун Перу жана Европа, Польша жана Латвияда өткөрүлгөн эл аралык мелдештердеги жеңиштеринин негизинде чыгарылган. Ал эми рейтингдин caп башында төрт жолку олимпиада чемпиону япониялык Каори Ичо турат. Экинчи орунда Африка чемпиону тунисттик Марва Амри жайгашкан. Мындай сыймыктуу жетишкендик биринчиден Айсулуу үчүн болсо, экинчиден жалпы кыргыз эли үчүн чоң сыймык десек аша чапкандык болбос. Сөзүбүздүн акырында балбандарыбызга ден соолук жана күч-кубат кааламакчыбыз. Эске сала кетчү жагдай, жогоруда атаган эки балбан кыздын тең машыктуруучусу Нурбек Изабеков экенин да кошумчалай кетмекчибиз. “Саяпкери жарашса, күлүктүн деми суубайт” дегендей, машыктыруучу жакшы болсо, балбандар дагы күчкө толуп, ийгиликке жетээри белгилүү эмеспи…

Булак: “Фабула”

Кыргызстандык Роман Ким — жаштар арасындагы күрөш боюнча күмүш медалдын ээси

Кыргызстандык спртсмен Роман Ким Финляндияда өткөн дүйнөлүк жаштар арасындагы күрөш боюнча чемпионатта күмүш медалды багындырды.

Ал салмак категориясы 120 кг.га чейинки таймаштарга катышкан. Биринчи этаптарда ал Казакстандык (7:1), Финляндиялык (6:0), Польшалык (10:2) спортсмендерди жеңип, финалга өткөн.

Роман Ким1

Финалдык салгылашта Кыргызстандык спортсмен Грузиядан келген Зваиди Патаридзе менен күрөшүп, 2:7 эсеби менен жеңишти алдырып ийген.

Роман Ким5

Роман Ким 2 – орунду ээлеп, күмүш сыйлыктын ээси болду.

Роман Ким4

Бул Кыргызстан курамасы үчүн чемпионаттагы 3-жолку медаль болуп калды. Буга чейин Акжол Махмудов жана Жоламан Шаршенбеков дагы күмүш медалдарды багынтып келишкен.

Роман Ким6

Роман Ким7

sport.akipress.org сайтынан кыргызчаланды

Эржан эрдик жаратып кубок утту

Жакында эле Казакстандын Астана шаарында жаш шахматчылар арасында «Astana Open U10» аттуу эл аралык мелдеш аяктады. 10 жашка чейинкилер арасында 225 шахматчынын арасынан бир ат чабым алдыга суурулуп биздин Эржан Жакшылыков келди.

9 оюндан жетөөсүн утуп, экөөнөн тең чыгып, жалпы жонунан 8 упай топтой алган. Эл аралык мелдеш швейцар таризинде өткөрүлгөнүн эске алсак, 9 оюндан 8 упай абдан жакшы көрсөткүч. Ошентип Эржан эрдик жаратып 1-орунду жеңүү менен кубогун да утуп алды.

Булак: “Азия Ньюс”

Эки тайпада эки күчтүү команда

Казакстандын Астана шаарында 21 -28-август күндөрү казактын көкпар, бизче көкбөрү оюну боюнча дүйнөлүк чемпионат өткөнү турат. Жалпы жонунан 12 (Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Түркия, Россия, АКШ, Венгрия, Тажикстан, Кытай, Монголия жана Афганистан) командалар ат салышканы катталып, мелдеш өтүүчү жерге келишти. Машыгууну улактын кейпи сымал муляж менен өткөрүп, ар бир команданын даярдыгы күч болуп турган чагы. Дүйнөлүк чемпионаттын өтүү ырааты боюнча жадыбалы аныкталып, эки тайпага бөлүндү. Биздин улакчылар «А» тайпасынан орун алып; Кыргызстан, Өзбекстан, Түркия, АКШ, Тажикстан жана Монголия курамдарына туш болду. Ал эми «Б» тайпасында; Казакстан, Азербайжан, Россия, Венгрия, Кытай жана Афганистан курамдары күч сынашат.

Булак: “Азия Ньюс”

"Дордойдун" оюнчусу Мирбек Ахматалиев эмнеге кетти?

Бишкектин «Дордой» командасында чабуулчу Мирбек Ахматалиев футболдук клубду таштап кетти. Ал биринчи жолу АФК кубогунда ойноп, команданын ийгилигине чоң салым кошкон. 2016-жылы ТОП-лигада «Мыкты оюнчу» деген наамга арзыган. Кыргызстандын Улуттук командасына бир нече ирет чакырылган. Акыркы учурда Мирбекке Түркия мамлекетинен үстөккө-босток чакыруулар келип, бир жума мурун «Дордой» менен жаман-жакшы айтышпай Түркияга кеткени маалым болду. Жаш бала алдыга карай өсүш керек. Ошону менен катар материалдык жагын эске алды көрүнөт. Эмнеси болсо да «кайда жүрбө аман жүр, кыргыз улутуна доо келтирбей, намыстуу оюнчулардан бол» демекчибиз.

Булак: “Азия Ньюс”

Артур Те алтынга бир аз жетпей калды

Белоруссиянын борбору Минск  шаарында дзюдо күрөшү боюнча эл аралык чоң мелдеш аяктады. Жалпы жонунан 50 маммлекет катышкан турнирде биздин кимоночулар арасынан эки балбаныбыз татамиде татыктуу күрөш жүргүзүп, Артур Те беш атаандашын утуп финалга чыккан. Финалдагы атаандашы бир аз күчтүүрөк болуп, алтынды илип кетип күмүш медалга арзыган. Экинчи балбаныбыз Владимир Золоев коломедаль үчүн күрөштө армениялык Андраник Чапарянды утуп,
3-орунду жеңип алган.

78 миң 808 долларлык “JO BULANI” тобу

Учурда ааламга аттын кашкасындай таанымал, атагы бүт жер шарына тараган спорттук кийим-теримдерди чыгарган немецтик Adidas фирмасы мыкты футболдук топторду жасоо боюнча 2010-жылы кайрадан жаңыртып койгон реккордун алигиге чейин эч бир спорттук фирмалар багынта албай келет. Анда, ошол 2010-жылы Түштүк Африка Республикасында футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат өтүп, финалга Нидерландия менен Испаниянын командалары чыкканы футбол сүйүүчүлөрдүн эсинде деле болсо керек. Ошондо атайы финалдык оюн үчүн жасалган “JO BULANI” деп аталган жалгыз топ оюндан кийин аукционго коюлат. Аукционго 55 мамлекеттен катышат. Соңунда Испаниянын жеңишинин урматына деп испан фанаты эң жогорку сумманы (78 миң 808 АКШ доллары) коюп өзү да сонун, акчасы да сонун ооба, тарыхий мааниси бар топту үйүнө алып кеткен.

Булак: “Айгай пресс”

Меню