Menu

КРИМИНАЛДЫК ХРОНИКА ЖАНА ОКУЯЛАР

Акысылык кайнене менен келиндин өлүмү

Аксы районунда келин менен кайнененин жансыз денелери өз үйүндө табылды. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы өздүк булактар кабарлады.

Маалым болгондой, окуя райондун Социал участкасында 13-ноябрдан 14-ноябрга караган түнү болгон. Келин менен кайнене киши колдуу болуп каза болгон. Алар темир менен уруп өлтүрүлгөнү айтылууда. Акимдин орун басары Талант Эмилбек уулу бул кылмыш тууралуу уккандыгын жана укук коргоо органдары окуянын чоо-жайын тактап, тиешелүү иштерди жүргүзүп жаткандыгын билдирди.

Булак: “Азия Ньюс”

Казакстанда башка динге өтүп кеткени үчүн аялына бычак сайган жаран кармалды

14-ноябрда укук коргоо органдары аялына канжар урган Түштүк-Казакстан облусунун Сайрам айлынын жашоочусун кармады. Маалыматтарга караганда, Хайрулла Норметов аялы христиан динин кабыл алган үчүн кол салган. Ал киши өлтүрүү аракети үчүн айыпталууда.

34 жаштагы Хайруллой Норметов аялы исламдан баш тартып христиан динин кабыл алганы үчүн бычак урганын Whatsapp месенжери аркылуу досуна жөнөткөн видеодо билдирген.

“Бычакты матыра сайдым. Өлсө өлөт. Менин аялым биздин ишенимибизди орустардыкына алмаштырды. Канча аракет кылсам дагы, ал кайтып келген жок. “Жогол, билгениңди кыл” дейт, мына кылдым. Мен Кудай алдында ант бергем, ошол убадамды аткардым деп үмүттөнөм…”–деген киши видеодо бычагын дагы көрсөткөн.

Норметов аялын бөйрөк тушка сайып, андан соң окуя болгон жерден качып кеткен. Учурда ага карата кылмыш иши козголду.

Полициянын маалыматы боюнча окуя 12-ноябрда болгон. Жабырлануучу көп кан жоготуп, бир бөйрөгүн алдырган. Учурда абалы туруктуу оор катары бааланууда.

Жабырлануучунун туугандары Норметов экстремисттик агымдардын таасири алдында жүргөнүн белгилешти.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Орусияда "Таблиги жамааттын" 69 мүчөсү кармалды

Москва облусунун аймагында “Таблиги жамаат” диний уюмунун 69 мүчөсү кармалды. Орусиянын Жогорку Соту “Таблиги жамаатты” экстремисттик уюм деп таанып, анын өлкөдөгү ишмердигине тыюу салган.

Федералдык коопсуздук кызматы тартип коргоо органдары “Борбор Азиядан чыккандар” жетектеген түзүмдү колго түшүргөнүн билдирди. Алардын жанынан экстремисттик маанайдагы адабияттар табылган. Бирок кармалгандардын тек-жайы жана аларга тагылган айыптар боюнча так маалымат берилген жок.

“Таблиги жамааты” 1926-жылы Индияда түзүлгөн жана дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнө жайылган. Салттуу ислам өкүлдөрү аны радикалдуу деп эсептешет.

Былтыр жыл соңунда Орусиянын Москва шаарында “Таблиги жамааттын” жети мүчөсү кармалып, алардын алтоо кыргызстандык болуп чыккан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ысык-Көл облусунда эс алуучуга карата мурда жасалган кылмыштын бети ачылды

Мурда кабарлагандай, жайкы туристик мезгилде Бишкек шаарынын тургунунан уюлдук телефонун уурдагандыгы үчүн төрт айдан кийин шектүү катары Нарын облусунун тургундары 20-жаштагы Ж. Кубанычбек жана 17-жаштагы К. Талант аттуу адамдар кармалышкан. Алгачкы тергөө сурагында, кармалгандар өздөрүнүн күнөөлөрүн толук моюндарына алышып, алардан далил зат катары уюлдук телефон алынгандыгын белгилегенбиз.  Бул туурасында Ысык –Көл ОИИБнин Басма сөз кызматы билдирет.

Шектүү катары кармалышкан адамдардын үстүнөн жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чаралардын натыйжасында, кошумча 5 факты Россия Федерациясынан жана Казахстан Республикасынан келишкен эс алуучулардын өздүк мүлктөрүн уурдагандыгы аныкталган.

26-июлдан 2-августка чейинки аралыкта алар тараптан жалпысынан 200 АКШ доллары, 478 миң тенгеси, 59 миң 600 рублдери, 27 миң 690 сомдору, 34 миң сомду түзгөн баалуу темирден жасалган эмеректер, «Айфон-5С», «Айфон-6», «Самсунг» үлгүсүндөгү уюлдук телефондор, «Asus» үлгүсүндөгү планшет, өздүк документтер жана банктык карточкалар уурдалган. Бардык бул фактылар боюнча өз учурунда Ысык-Көл РИИБү тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (Уурдоо) менен кылмыш иштери козголгон.
Кылмышка шектүү катары кармалгандар Ысык-Көл РИИБнин убактылуу кармоочу жайына камакка алынып, алардын башка кылмыштарга тиешеси бар экендиги текшерилип жатат.

Видео - Душанбеде оппозициялык партиянын лидери кол салууга кабылды

Тажикстандын оппозициядагы Социал-демократиялык партиясынын лидери саясий ишмердигинен улам кол салууга кабылганын билдирди. Рахматилло Зоиров окуя 9-ноябрда кечке жуук Душанбеде болгонун “Азаттыктын” тажик кызматына 14-ноябрда кабарлады.

Маалыматка ылайык, ал күнү бир аял менен бир эркек киши итин сейилдетип жүргөн Зоировдун жанына келип, ага “чыккынчы” деп кыйкыра баштаган. Андан көп өтпөй эркек киши оппозициячыл активистти туюк металл менен урган. Зоиров өз колу менен башын коргогонго үлгүргөн.

Ал бул окуя тууралуу милиция кызматкерлерине телефон аркылуу кабар бергенин, бирок аларга эч кандай чара көрүлбөгөнүн кошумчалады. Милиция өкүлдөрү жазуу түрүндө кайрылуу түшпөгөнүн “Азаттыктын” тажик кызматына билдиришти.

Кесиби боюнча адвокат Зоиров Казакстанда иштеп, маал-маалы менен Тажикстанга барып турат. Ага буга чейин дагы бир нече жолу кол салуу болгон.

Рахматилло Зоиров Социал-демократиялык партиясынын 1998-жылдан бери жетектейт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Ленин райондук милициясы автоунааны уурдаган жаранды кармашты

Милиция кызматкерлерине арыз менен борбор калаабыздын жашоочусу кайрылып, 7-ноябрь күнү Бишкек шаарынын автоунаа тейлөө станциясынан белгисиз жарандар арыздануучунун «Мерседес-Бенс 470» үлгүсүндөгү автоунаасын укукка жат түрдө ээлеп алышканын билдирген. Бул туурасында Бишкек ШИИББнин Басма сөз кызматы билдирет.

Ленин РИИБнин кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, жогорудагы кылмыш ишине шектүү катары 1987-жылы туулган С.А. аттуу жаран кармалган. Аталган факты боюнча Ленин РИИБнин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 172-беренесинин (автоунаа каражаттарын укукка жат түрдө ээлеп алуу) негизинде кылмыш ишин козголгон. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.

“Йакын инкар” диний агымынын кыргыз лидери кармалды

Кыргызстан  ар кандай радикалдык, сепаратисттик маанайдагы диний агымдардын ишмердүүлүгүн “сынаган” полигонго же бейишине айланып калгандыгы жашыруун эмес.  Үчүнчү дүйнөлүк согушту диний жагдайдан чыгарып, Борбор Азияны Сирия менен  Афганистанга айландырууну көздөгөн ал эл аралык күчтөр мусулман динин ар кандай агымдарга бөлүп, адамдарды цивилизациядан оолактатууну көздөй тургандыгы да түшүнүктүү. Жакында мына ошол агымдардын бири болгон “Йакын инкар” диний агымы пайда болду. Өздөрүн Мухаммед пайгамбардын жолун жолдоочу катары санаган “йакын инкарчылар” сакал, мурутун өстүрүп, жуунбай, үй-бүлө деген эмне экендигин унуткандан тышкары бүткүл мусулмандардын башын бириктирген муфтиятка да баш ийишпейт. Өткөн жумада бул агымдын лидери деп шектелген 47 жаштагы Н.Токтосунов милиция кызматкерлери тарабынан кармалды. ИИМ маалыматына ылайык, ал Индия, Бангладешке бир канча ирет барып, ал жакта жылына өтүүчү ар кандай диний агымдардын жыйынына катышып турган. Өзү 2003-жылы бул агымга кошулуп, “Йакын инкарга” тиешелүү урду тилиндеги 20дан ашуун китепти кыргыз, орус тилдерине которгон. Ошол эле учурда Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын саясатын кескин сындап келгени менен белгилүү болгон жана өлкөдө “Йакын инкар” агымын түптөгөндөрдүн бири болуп саналат. Андыктан диний экстремизм өлкөбүзгө кайдан “экспорттолуп” жаткандыгы белгилүү.

Булак: «Майдан. kg»

Тоңдо унаасы менен адамды өлтүрө сүзүп, изин жашырып кеткен кылмышкер кармалды

12-ноябрда болжол менен саат 18:40 чамасында телефон аркылуу Тоң РИИБне Балыкчы-Бѳкѳнбаев-Каракол автожолунан Тогуз-Булак айылын кѳздѳй бурулуштун түштүк тарабынан азия улутундагы 40-45 жаштагы эркек адамдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул туурасында Ысык-Көл ОИИББнин Басма сөз кызматы билдирет.

Окуя болгон жерди кароо учурунда, ак түстѳгү автоунаанын краскаларынын калдыктары, фаранын сыныгы, 1000 сомдук купюрадан 1 даана, 50 сомдук купюрадан 1 даана, 20 сомдук купюрадан 2 даана жана тыйындар табылган. Маркумду кароодо башынын оң жана сол жак тарабынан, сол кашынан сыйрылган жери, сол бутунун томук жагы сынык экендиги байкалган.

Тез аранын ичинде кѳрүлгѳн ыкчам иш-аракеттердин  натыйжасында Ысык-Кѳл ОИИБнин патрулдук милиция кызматкерлери тарабынан кылмыш изи сууй электе 44 жаштагы М. К. аттуу Кѳк-Сай айылынын тургуну “Хонда-Одиссей” үлгүсүңдөгү автоунаасы менен кармалып, күнѳѳсүн толугу менен мойнуна алган. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайына камалып, автоунаасы атайын токтотуучу жайына киргизилген.

Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш- жаза кодексинин 281- беренесинин (Транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат. Ошондой эле маркумдун өздүгүн аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иштери жүрүүдө.

Мал уурдоо менен алектенген кылмыштуу топко карата козголгон кылмыш иши иликтенүүдө

Жакында эле бир канча облустардын аймактарында мал уурулук менен алектенип жүргөн кылмыштуу топ ИИМдин кызматкерлери тарабынан кармалганын маалымдаганбыз. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.

Ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, натыйжасында Чүй, Жалал-Абад, Ош облусунун аймактарында малдарды уурдап жүрүшкөн кылмыштуу топ кармалган. Тергөө учурунда алар бир канча жылдар бою мал уурулук менен алектенип жүрүшкөндүгү аныкталган. Кылмыштуу топ 1973,1974 жана 1984-жылы туулган үч жарандардан турган. Алар Ош облусунун Алай районунун тургундары болушуп, экөөсү Чүй облусунда жана Бишкек шаарында жашап жүрүшкөн.

Бүгүнкү күндө тергөө тарабынан кылмыштуу топтун 96 ири мүйүздүү мал жана 6 жылкы уурдагандыгы такталган.
Жалал-Абад облусунда жогорудагы кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө карата Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 165-беренесинин (мал уурдоо) негизинде 12 кылмыш иши козголгон. Анткени айылдык элдердин малдарынын көбүн ушул аймактан уурдашкан. Кылмышкерлер көбүнчө ири мүйүздүү малдарды жана жылкыларды уурдап кетип жүрүшкөн.

Бул кылмыштуу топ Ош облусунун аймагында 6 мал уурдоо фактысына тиешеси бардыгы аныкталган. Чүй облусунун аймагында дагы 6 мал уурдоо фактысына тиешеси бардыгы аныкталып, иликтөө иштери жүрүп жатат. Маалымат боюнча кылмыштуу топтун эсебинде 26 ири көлөмдөгү мал уурдоо фактысы бар. Бардык фактылар боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

Тергөөнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин тергөө кызматы (Ош шаары) жүргүзүп жатат. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмыштуу топ тарабынан ар кайсы мезгилде уурдалган 12 ири мүйүздүү мал Алай жана Чоң-Алай райондорунун аймагынан табылган. Уурдалган малдарды ташыган «MAN» үлгүсүндөгү автоунаа дагы такталган.

Милиция кызматкерлери мал ууруларын кармоого болгон күчтөрүн жумшашты. Кылмыштуу топтун мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын ИИМдин ыкчам кызматы ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүүнүн негизинде кармалды. Андан сырткары, кылмыштуу топтун мүчөлөрүн мал уурдоого үгүттөгөн кылмышкер дагы аныкталды. Тергөө иштери уланып жатат.

Бишкек шаардык милиция кызматкерлери алдамчылыкка шектүү жаранды кармашты

Милицияга арыз менен Нарын облусунун тургуну кайрылып, ушул жылдын 20-октябрь күнү болжол менен саат 11:30 чамасында туристтик агенттиктин кызматкеримин деп өзүн тааныштырган “Мекен” аттуу жаран Турцияга авиабилет алып берем деп жабырлануучудан 10 000 сом акча каражатын алып, ушул күнгө чейин жашырынып жүргөндүгүн билдирген. Бул туурасында Бишкек ШИИББнин Басма сөз кызматы билдирет.

Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин негизинде жогорудагы кылмыш ишине шектүү катары 48 жаштагы И.М. аттуу жергиликтүү тургун кармалган.
Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Кармалган жаран Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.

Меню