Menu

КРИМИНАЛДЫК ХРОНИКА ЖАНА ОКУЯЛАР

Милиция кызматкерлери баңгизатына байланышкан бир катар кылмыш иштерин фактыларын ачыкташты

Сокулук РИИБдин Баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү тобунун кызматкерлери кезектеги ыкчам иликтөө иш-аракеттерин жүргүзүү убагында колунда полиэтилин баштыгы бар шектүү жаранды байкап калышкан. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.

Алдын ала текшерүүнүн натыйжасында баштыкта өзгөчө жыты бар зат табылып, шектүү катары Бишкек шаарынын 19 жаштагы жашоочусу кармалды. Жүргүзүлгөн экспертизанын жыйынтыгында ал зат 2 кг 500 грамм салмактагы баңгизаты марихуана болуп чыкты.

Бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 246-беренеси (мыйзамсыз даярдоо, сактоо жана ири өлчөмдөгү банги затын ташуу) боюнча кылмыш иши козголду. Алынган ыкчам маалыматтын негизинде бул окуяга удаа эле Токтогул РИИБдин милициянын аймактык ыйгарым өкүлү тарабынан баңгизатын мыйзамсыз сактоого шектүү делип жергилииктүү 33 жаштагы тургун кармалды. Кармалган учурда анын жанынан 500 грамм марихуана табылган. Ушундай эле өлчөмдөгү баңгизаты марихуана менен Сокулук РИИБдин кызматкерлери тарабынан райондун 25 жаштагы тургуну Т. Б. кармалды. Кемин РИИБдин Баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү тобунун өкүлдөрү Чүй областынын ШИИБнын патрулдук милициясы менен бирдикте “Бишкек-Торугарт” автожолунун 117 километринде “Хонда–Одиссей” үлгүсүндөгү автоунаасын токтотушкан. Бишкек шаарынын тургуну 53 жаштагы Г.А. аттуу адамга таандык автоунаанын салонунан салмагы 376 граммды түзгөн кочкул-жашыл түстөгү өзгөчө жыты бар баңгизаты табылды.

Ысык-Ата РИИБдин Баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү тобунун кызматкерлери соттун чечиминин негизинде 57 жаштагы В. Н. аттуу жарандын үйүнө тинтүү жүргүзүп, анын натыйжасында ал тургундун бакчасында өсүп турган 14 түп опийим бар экенин аныкташкан. Учурда жогоруда аталган фактылардын үстүнөн тергөө амалдары жүрүп жатат.

Кыргызстанда экстремисттик көз -карашты кармангандардын саны эки миңден ашат

Кыргызстанда экстремисттик көз -карашты кармангандардын саны эки миңден ашат. Бул тууралуу Бишкек террорго каршы эл аралык форумунда ИИМдин 10-башкармалыгынын өкүлү Эрлан Бакиев билдирди, – деп айтылат ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматында.

Анын айтымында, 2010–2017-жылдар аралыгында 1 миң 600 экстремисттик кылмыш катталган. Жыл башынан бери 313 диний экстремизмге байланыштуу окуя болсо, анын 102сине кылмыш иши козголгон.

Эрлан Бакиевдин билдирүүсүндө, экстремисттер көбүнчө диний кастыкты козгоп, азыркы мамлекеттик түзүмдү жоготууга чакырат. Алар мындай ураандарын атайын материал, окуу курал жана видео-аудио түрүндө жөнөтүшөт. Экстремисттик кыймылдын катарына киргендер 25–30 курактагы жарандар.

Кыргызстанда 18 уюм жана Саид Буряттын кайрылууларын таркаткан секта экстремисттик деп табылган.

Өлкөдө мектеп окуучулары жана студенттер экстремизм менен күрөшүү иштерине тартылган

Өлкөдө мектеп окуучулары жана студенттер дагы экстремизм менен күрөшкө тартылган, – деп билдирди Террорго каршы эл аралык Бишкек форумунда ИИМдин 10-башкармалыгынын өкүлү Эрлан Бакиев. Бул туурасында ИИМдин басма сөз кызматы маалымдайт.

Анын айтымында, миңден ашык жаштар ИИМдин демилгеси менен түзүлгөн «Интернет-тескөө” долбоорунда иш алып барышат. Алар интернеттеги ачык булактарды көзөмөлдөп, экстремисттик маанайдагы контентти аныктооого көмөктөшөт.

Эрлан Бакиев «интернет-имам» түшүнүгү кеңири жайылгандыгын маалымдады.

«Маалымат коопсуздугун камсыз кылыш үчүн интернет мамилени жөнгө салган мыйзам долбоорду иштеп чыгуу зарыл болуп турат», — деди ал.

АКШ учагы Сирияда Ирандын дронун атып түшүрдү

Сирияда АКШ башында турган эл аралык коалиция өкмөттүк күчтөргө таандык учкучсуз аппарат атып түшүрүлгөнүн билдирди. Маалыматка караганда, бортунда курал-жарак бар дрон Сириянын Ирак менен чектешкен түштүк-чыгыш аймагындагы коалиция күчтөрүн көздөй учуп бараткан.

Америка командачылыгынын билдирүүсүндө дрон коалициянын аскерлерине чабуул коюу ниети байкалгандан кийин атып түшүрүлгөнү айтылат.

Окуя 8-июнда ушуга окшогон өкмөттүк күчтөрдүн учкучсуз аппараты атылып түшүрүлгөн аймактын айланасында болду. Анда дрон коалиция күчтөрүнүн гарнизонуна жакын жерге бомба таштоого үлгүргөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - Брюссель вокзалында "жардыруу" болду

Брюссель автобекетинде полиция жардыруу делген окуяны иликтөөдө. Видеобайкоодогу тасмалардын биринде эки метрге жетпеген уюлгуган түтүндү көрүүгө болот.

Брюсселдин аскер кайгуулу автобекеттин имаратында жанкечти кемерин курчанып жүргөн делген шектүү кишиге ок чыгарды. Анын өлгөн-өлбөгөнү тууралуу расмий маалымат жок.

CNN телеканалы менен NBC News радиосу шектүү жок кылынганын билдиришүүдө.

Армия жана полиция бөлүктөрү кырдаал көзөмөлдө экенин маалымдашууда.

https://youtu.be/ceIXF-Gbl6M

Бельгиянын борбору Брюсселдеги бул сыяктуу окуялар өзгөчө көңүл бурдурат. Акыркы жылдары европалык башка шаарларда жардыруу уюштуруп, кол салган бир нече террорчу дал ушул Брюссель менен байланышта болушкан. Журналисттер Брюсселди “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун француз тилдүү бөлүмүнүн “борбору” катары эсептешет. Бул эл аралык террордук топ Парижде жана Брюселдеги кандуу кол салуулар үчүн жоопкерчилик алган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тажикстанда антикоррупциялык мекеменин мурдагы аткаминери камалды

Тажикстанда ири коррупциялык кылмыш ишин тергөөнүн алкагында Каржы көзөмөлү жана жемкорлукка каршы күрөшүү агенттигинин дагы бир мурдагы кызматкери кармалды.

Маалыматка караганда, агенттиктин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү башкармалыгынын мурдагы башчысы Косим Саидзода бир жума мурда камакка алынган. Ал ири көлөмдө пара алган деп айыпталууда. Эгер күнөөсү аныкталса экс-чиновник 12 775тен 21 900гө чейинки эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү айып пул төлөп, же жети жылдан он жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Косим Саидзоданын антикоррупциялык мекеменин камакка алынган мурдагы кызматкеринин көрсөтмөсү боюнча камалганы кабарланууда.

Апрелдин аягынан бери Тажикстанда Каржы көзөмөлү жана жемкорлукка каршы күрөшүү агенттигинин бир канча кызматкери камалды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Казакстанда «аткезчи» мамлекетке 170 миллион теңге зыян келтирген

23-июнда Казакстандын Уральск шаардык сотунда жейрен мүйүздөрүн сатууга айыпталып жаткан Нургали Байкатовдун иши боюнча сот отуруму башталат.

50 жаштагы Байкатов өткөн жылы апрелде Уральсктын темир жол бекетинде кармалган. Батыш Казакстан облусунун Ички иштер департаментинен билдиришкендей, мекеме кызматкерлери анын унаасынан 402 даана жейрен мүйүзүн табышкан.

Батыш Казакстан облусунун Токой чарбасы жана жаныбарлар дүйнөсү инспекциясынын башчысы Серик Маженовдун билдиришинче, бул облус тарыхындагы жейрен мүйүздөрүнүн аткезчилик менен кармалган эң ири партиясы. Анын баамында, 402 даана мүйүз үчүн 200дөн ашык жейренди атуу керек болот.

Маженов айыпталуучу бул аракети менен мамлекетке 170 миллион теңге (90 миң доллар) зыян келтиргенин билдирүүдө. Учурда жейрендин бир мүйүзү 453 миң теңгеге бааланууда.

Расмий маалыматтар боюнча, облуста жыл башынан бери жейрен мүйүздөрүнө байланышкан 16 аткезчилик фактысы аныкталган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ананьеводогу жарылуудан эки адам мерт болду

Ысык-Көл районундагы Ананьево айылында газ сатуучу жайда газ баллондор жарылып, андан эки адам мерт болду.

Саламаттыкты сактоо министрлиги алардын бири өспүрүм экенин, Ананьевонун ооруканасына жеткирилген сегиз адамдын абалы оор экенин билдирди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, 19-июнда май куюучу станциянын жанында газ баллон жарылуусунан бир канча газ ташуучу унаа жана 500 газ баллону күйүп кеткен. Өрттү өчүрүүгө үч бөлүм тартылып, окуя болгон жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү жөнөп кетишти.

Учурда жарылуунун себептери такталууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Лондон: мечиттин жанындагы кол салууга шектүү адам кармалды

Лондондун Финсбери-Парк аймагындагы мечиттин алдында унаасы менен адамдарды тебелетип кеткен адам терроризм жана адам өлтүрүү беренелери боюнча айыпталып камакка алынды. Бул тууралуу шаардык полицияга шилтеме кылып BBC билдирүүдө.

Укук коргоо органдары дүйшөмбүгө караган түнү болгон кол салуунун жагдайларын териштирүүнү улантып жатышат. Анда жүк унаасын башкарган адам мечиттин айланасындагы зыяратчыларды тебелетип кетип, жыйынтыгында бир адам өлүп, ондогону жаракат алган.

47 жаштагы кишини жергиликтүү тургундар кармашып, полицияга өткөрүп беришкен.

Улуу Британиянын премьер-министри Тереза Мэй дүйшөмбүдө кол салууну айыптап, аны «мусулмандарга карата жасалган террордук чабуул» деп атаган.

Бул Улуу Британияда болгон соңку үч айдагы төртүнчү кол салуу. Буга чейинки үч террордук чабуул 34 адамдын өмүрүн жалмаган. Баш-аягы 150дөн ашык киши жараат алган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - Бишкекте бүгүн Өмүрбек Текебаевдин соту уланды

Бүгүн, 20-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен экс-министр Дүйшөн Чотоновдун соту уланды.

Видео Искен Афиджановдуку

Меню