Menu

КООМ

Тажик оппозициясы Душанбени чек ара боюнча Кыргызстан менен болгон сүйлөшүүлөрдүн чоо-жайын жашырбоого чакырды

Курамына төрт оппозициялык топ кирген Тажикстандын Улуттук альянсы Душанбени Кыргызстан менен чек ара боюнча сүйлөшүүлөрдүн чоо-жайын коомчулукка жеткирүүгө чакырды.

Билдирүүдө “альянс тараптар ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн улантылышын кубаттай турганы”, бирок “Ворух эч качан анклав болбогонун жана анклав болушу мүмкүн эместигин эске алуу менен маселе адилеттүү түрдө чечилиши керектиги” белгиленген.

Тажикстанда тыюу салынган Улуттук альянс чек ара боюнча сүйлөшүүлөрдүн чоо-жайы ачык айтылбай жатканына тынчсызданган.

Бул арада Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Кыргызстандын жери Тажикстанга өттү деген сөздөр айтылган, социалдык тармактарга жарыяланган видео тууралуу комментарий берди. Анда мындай маалыматтарды жокко чыгарды.

“Кайсы бир кызыктар тараптар кыргыз жеринин тажик тарапка өткөнү тууралуу социалдык тармактарда жана Жалпыга маалымдоо каражаттарынын айдыңына жарыялап, мамлекеттик органдардын ишин жокко чыгарууга байланыштуу максаттуу иш алып барып жатат. Деструктивдүү колдонуучулар тараткан маалымат чындыкка коошпойт. Ушундан улам УКМК жарандарды мындай чагымчыл материалдарга ишенбөөгө чакырат. Ошону менен катар эле коомчулукту мамлекеттик органдар гана тараткан расмий маалыматтарга гана көңүл бурууга үндөйт”,-деп жазылган маалыматта.

Мунун алдында Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Саймумин Ятимов баштаган делегациялар 2-октябрда Баткенде кездешип, чек ара боюнча протоколго кол коюшкан.

Кол коюу аземинен кийинки сөзүндө Ятимов бул протокол чек арадагы калган талаштарды чечүүгө өбөлгө болорун билдирген. Андан кийин сөз алган Камчыбек Ташиев документ кыргыз-тажик чек арасы боюнча соңку чечимди кабыл алууга негиз болорун айткан.
Ташиев менен Ятимов өз өлкөлөрүнүн Чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча комиссияларын да жетектешет.
Алар 2-октябрда Баткенде кездешип, жаңы протоколго кол коюшканын алгач президенттин маалымат саясаты бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси, Ташиевге жакын журналист Нургазы Анаркулов Фейсбукка жазып чыккан. Анаркулов “Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов татаал сүйлөшүүлөрдөн соң кыргыз-тажик чек арасы боюнча кезектеги протоколго кол койгонун”, “Тажикстан буга чейин коюп келаткан аймактык дооматтарынан баш тартканын” кабарлаган.
Кийин маалыматты Кыргызстандын Министрлер кабинети менен Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги да ырастап, жаңы протоколго кол коюлганы маалымдалган. Анда делегациялардын башчылары кыргыз-тажик чек арасында калган тилкелерди андан ары баяндап жазууну активдештирүү зарылдыгын белгилешип, жумушчу топторго тиешелүү тапшырмаларды беришкени айтылган.
Ташиев 15-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдын бир жылдыгын эскерген иш-чарада журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, чек араны тактоодо Тажикстандын бийлиги мурдагы аймактык дооматтарын дале козгоп, андан баш тартпай жатканын белгилеген. Ташиев бул жагдай сүйлөшүүгө кедергисин тийгизип жатканын айтып, ал жараян улана берсе, Кыргызстан да тарыхый документтердин негизинде коңшу өлкөгө аймактык доомат коёрун кеп кылган.
Ушундан кийин Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Дүйшөмбүдөгү элчи Эрлан Абдылдаевди чакырып, Ташиевдин сөзүнө байланыштуу тынчсыздануусун билдирген.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 970-980 чакырымды түзөт. Аны тактоо иштери 2002-жылы башталып, 2020-жылдарга чейин 519 чакырымы толук такталган. 2022-жылы эки өлкөнүн лидерлери жолукканда жалпысынан 664 чакырым тилке боюнча орток пикир бар экенин ырасташкан. Ушул тапта эки өлкөнүн атайын комиссиялары тактала элек тилкелер боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.
Кыргыз-тажик чек арасынын такталбаган тилкелеринде жаңжалдар мурда да чыгып турган. Эки мамлекет 2021-жылы жана 2022-жылы ири куралдуу кагылышты баштан кечирди. Бишкек менен Дүйшөмбү ал үчүн бири-бирин айыптаган.

Германия Кыргызстан жана Өзбекстан менен мыйзамсыз мигранттарды мекенине кайтаруу боюнча келишим даярдоодо

Германия мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү үчүн алты мамлекет, анын ичинде Кыргызстан жана Өзбекстан менен келишим түзүүгө ниеттенүүдө.

Бул мыйзамсыз мигранттарды мекенине тез кайтарууга шарт түзөт.

Gazeta.uz билдиргендей, Германия өкмөтү Өзбекстан, Грузия, Молдова, Кения, Колумбия жана Кыргызстан менен мыйзамсыз мигранттарды мекенине тез кайтарууну караган миграциялык өнөктөштүк боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бул тууралуу Deutsche Welle басылмасы Ички иштер министрлигинин өкүлүнө шилтеме берүү менен кабарлаган.

Басылма Борбор Азиянын эки өлкөсү менен сүйлөшүүлөр бир топ алдыга жылганын белгилеген. Майдын башында Өзбекстан менен, сентябрдын аягында Кыргызстан менен меморандумга кол коюлган.

Кеп мыйзамсыз качкындардын санын кыскартуу менен катар Германияга мыйзамдуу иммиграцияга мүмкүнчүлүк түзүү жөнүндө болуп жатат.

Кемпир-Абад иши: камалгандардын жакындары, туугандары Бишкекте сот процессинин ачык өтүшүн талап кылган акция өткөрүп жатышат

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 4-октябрда Кемпир-Абадга байланыштуу соттук териштирүүгө абактагы айыпталуучулардыр баары, 11 адам алынып келген жок.

Алардын жактоочуларынын билдиришинче, судья аларды сот жараянды аяктаган чейин процесстен четтеткен. Жактоочулар судьянын бул чечими мыйзамга каршы келерин айтууда.

Мындан улам судьяга ишенбөөчүлүк көрсөтүлдү, бул өтүнүч канааттандырылган жок.

Аталган сот абактагы айыптоочулардын процесстен четтетилгени тууралуу түшүндүрмө бере элек.

Мунун алдында райондук соттун алдында Кемпир-Абад ишине байланыштуу камалгандардын жакындары, туугандары сот процессинин ачык өтүшүн талап кылган акцияга чыккан.

27-сентябрда Кемпир-Абад иши боюнча белгиленген сот болбой калган. Буга сот процесси өтчү залда аудио жана видео жаздыруу аппараттары иштебегени негиз болгон. Анда сот отурумун ачык өткөрүүнү талап кылган айыпталуучулар залдан чыгарылган.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирген 30га жакын саясатчы, активисттер былтыр октябрда камалган. Ушу тапта кармалган 27 кишинин 11и тергөө абагында отурат. Калгандары буга чейин түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Кемпир-Абад иши сегиз айлык тергөөдөн кийин июнь айында сотко өткөн. Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Ушундан улам сот жабык өтүп жатат.

Милиция аларды “бийликти басып алууга аракет кылган” деген айып койгон. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон. Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпатташкан.

Бишкек темир жол бекетин 16 жыл башкарган Таштаналы Нарбаев 83 жашында дүйнө салды

Кыргыз темир жол бекетин 16 жыл башкарган темир жолчу ардагер Таштаналы Нарбаев үстүбүздөгү жылдын 4-сентябрында 83 жаш курагында көз жумду.

Ал 1942-жылдын 10-декабрында Жалал-Абат облусунун Жаңы-Жол районундагы Иринжит кыштагында колхозчунун үй-бүлөсүндө туулган.

Бардык айылдык балдардай эле, Таштаналы да дыйканчылык иштерде ата-энесине жардам берип, үйдүн жумуштарына да, мектептин коомдук иштерине да жетишүүгө аракет кылчу.  Өз кыштагындагы Максим Горький атындагы орто мектепти 1959-жылы бүтүрүп, Фрунзе шаарындагы № 2 курулуш башкармасында шыбакчы болуп өз эмгек ишмердүүлүгүн баштаган.

1961-жылы Өзбек Республикасындагы Ташкент темир жол транспортунун инженерлеринин институтуна окууга өткөн.

1963-65-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөп, 1965-жылы окуусун кайра уланткан. Студенттик жашоо-турмуш, көптөгөн өзүнүн замандаштарындыкындай эле, кызыктуу өткөн. Үйрөнгөн кесибинен тышкары спорт менен машыгып, курулушотряддагы жумуштарды иштеп, турмуш жактан чыңалган.

1967-жылы темир жолду эксплуатациялоо боюнча инженердик кесипке ээ болгондон кийин Казак темир жол башкармасына караштуу Фрунзе темир жол бөлүмүнүн Токмок бекетинде станциялар боюнча нөөмөтчү болуп дайындалды. Эксплуатациялоо иштер боюнча чоң тажрыйба алып, иштеген жеринин, шаарынын, районунун коомдук турмушуна жигердүү катышып, ошол эле Фрунзе темир жол бөлүмүндө комсомол комитетинин катчысы, илимий инженер, ревизор-инструктор болуп эмгектенген. Жумуштун кызыкчылыгы үчүн эл менен мамиле түзүү мектебин өтүп, көптөгөн жетишээрлик тажрыйбага ээ болгон.

1976-жылы Фрунзе бекетинин башчылык кызматына дайындалып, 16 жыл Фрунзе бекетинин жамаатын жетектеди. Таштаналы Нарбаев үчүн бул мезгил, чыныгы турмуштук активдүүлүктү, туруктуу позицияларды, өндүрүштүк маселелерди түшүнө билүүнү жана аларды чечүүнү талап кылган мезгил болду.

1992-жылы Кыргыз темир жол өзүнчө башкарма болуп бөлүнгөндөн кийин, ошол жерде 2008-жылга чейин инженер-насаатчы кызматында иштеп, “Эмгек ардагери” наамга ээ болуп, пенсияга чыккан.

Таштаналы Нарбаевдин темир жол тутумуна сиңген эмгегин жогору бааланып, Казак жана Кыргыз темир жол  башкармаларынын бир канча ардак грамоталары, “КМШнын ардактуу темир жолчусу” төш белгиси менен сыйланган.

Таштаналы Нарбаевдин турмушунда аны колдогон үй-бүлөсү: ата-энесинин насааты, аялы Жибек Нарбаеванын – чыдамкайлыгы, түшүнүктүүлүгү.  Балдарын, биринчи ирет, өз Мекенин сүйүүгө, чыныгы патриоттуулукка үйрөткөн.  Эң улуу кызы Жийдегүл, атасындай, темир жол тармагында бөлүм башчысы, кызы Сайрагүл,  энергетика тармагында каржы-экономикалык бөлүмдүн башчысы,  уулу Кубаналы Бишкек шаардык Кеңешинин депутаты,  кичүү кызы – Бактыгүл юрист болуп, учурда алар Мекенине кызмат өтөп, чоң ийгиликтерге жетишкен.

Кыргызстанда 1-октябрдан тартып 30 миң сомдон төмөн пенсия алгандардын пенсиясы жогорулады

Кыргызстанда 1-октябрдан тартып 30 миң сомго чейинки пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 38 %га, 500 сомдон кем эмес өлчөмдө көтөрүлдү. Буга чейин Социалдык фонд ал үчүн аталган мекемеден 3,9 млрд сом каралганын билдирген.

Бул жогорулоонун 30 миң сомдон ашык пенсия алгандарга тиешеси жок.

Эсептөөлөргө ылайык, пенсия көтөрүлгөндөн кийин Кыргызстандагы орточо пенсиянын көлөмү 9354 сомду түзүп, азыркыга салыштырмалуу 1692 сомго көбөйөт.
Президент Садыр Жапаров 1-октябрда улгайган адамдардын эл аралык күнүнө карата куттуктоосунда мамлекет кары-картаңдарга “татыктуу жашоо шартын түзүү, коомдун жашоосуна жигердүү катышуусун камсыздоого аракет кылып жатканын” билдирди. Улгайган жарандарды социалдык жактан коргоону камсыздоо үчүн пенсия өлчөмдөрүнө жыл сайын индексация жүргүзүлүп жатканын белгиледи.
Кыргызстандын азыркы Баш мыйзамында эң төмөнкү пенсиянын өлчөмүн жашоо минимумунан жогору көрсөткүчтө кармоо милдети коюлган. Бул жобо Жогорку Кеңеште кызуу талкууланып, аны аткарбаганы үчүн өкмөт кызматтан кетиши керек деген талап айтылган.
Кийин Конституциялык сот социалдык төлөмдөр боюнча беренени өкмөттүн сунушу менен талкуулап, Конституциядагы бул талапты мамлекет милдеттүү түрдө аткарбай турганын, “ал максат гана болгон” деп чечмелеп берген.
Мындан улам Социалдык фонд мыйзам долбоорун даярдап жатканын, ал кабыл алынса, пенсия жашоо минимумуна жакындай турганын айткан.
2023-жылдын 1-кварталына карай өлкөдөгү жашоо минимуму 7500 сомду түзөт.
Соцфонддун маалыматына ылайык, өлкөдө 765 миң 600 пенсионер бар. Алардын ичинен 219 миңдей пенсионер 5 миң сомго чейинки өлчөмдө пенсия алат.
Быйылкы алты айда Кыргызстанда 38 774 адам пенсияга чыккан.

Бишкектин борбордук районунда 2000ден ашык видеокөзөмөл камералары орнотулат

Бишкектин Биринчи Май районуна 2 миңден ашык видеокөзөмөл камераларын орнотуу пландалууда.

Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, бул коопсуздук жана кылмыштуулуктун алдын алуу максатында жасалып, иш жергиликтүү бюджеттен каржыланууда.

Маалыматка караганда, бүгүнкү күнгө карата күндүз жана түн ичинде түстүү видео жазуу мүмкүнчүлүгү бар алгачкы 53 камера орнотулду. Аларды орнотуу үчүн №13 муниципалдык аймактык башкармалыгы тандалган. Мэрия көчөлөрдүн атын ачыктаган жок.

Дал ушул Биринчи Май районунда Жогорку Кеңеш, президенттик администрация, Жогорку сот сыяктуу негизги мамлекеттик органдардын имараттары жайгашкан. Ала-Тоо аянтында түрдүү нааразылык акциялары өткөрүлөт. Буга чейин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен райондун ичинде ар кандай тынч жыйындарды өткөрүүгө тыюу салуу сентябрдын аягына чейин узартылган.

Август айында Бишкек шаардык мэриясы адамды жүзүнөн жана автоунаалардын номурун таануучу камераларды калаанын бардык райондорунда орнотуу үчүн 40 млн сом сарптай турганы кабарланган.

Былтыр кыргыз бийлиги “Коопсуз шаар” программасынын алкагында коомдук жерлерде жалпысынан 2177 видеокамера орнотулганын, алардын арасынан адамды жүзүнөн аныктай ала турган 519 камераны ИИМдин ыкчам башкаруу борборунда реалдуу режимде көрүп турушарын жарыялаган.

Айрым активисттер маалыматтык коопсуздукка байланыштуу жүзүнөн таануучу камералардын коюлушуна каршы болуп келишет.

Кемпир-Абад иши: абактагы төрт саясатчынын адвокаттары эл аралык уюмдарга кайрылды

Кемпир-Абад иши боюнча Бишкектин №1 тергөө абагында жаткан оппозициялык саясатчылар Равшан Жээнбековдун, Азимбек Бекназаровдун, Жеңиш Молдокматовдун жана Кубанычбек Кадыровдун адвокаттары эл аралык уюмдарга кайрылды.

Азимбек Бекназаровдун жактоочусу Эркин Саданбеков жарыялаган кат Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Кыйноолорго каршы комитетине, Human Rights Watch (HRH), Amnesty International эл аралык уюмдарына жана Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборго жолдонгон.

Анда шектүүлөр №1 тергөө абагынын жертөлөсүнө кармалып жатканы, ал жерде аба айлануу системасы жок жана сыз экени айтылган.

Сентябрдын башында Жаза аткаруу кызматы Кемпир-Абад иши боюнча абакта отурган төрт саясатчыны №1 тергөө абагынын жертөлөсүнө которгону маалым болгон. Саясатчылар алар жайгашкан камералар суук, сыз жана санитардык абалы начар экенин билдирип, эл аралык уюмдарга, Акыйкатчы институтуна, Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борборго жана укук коргоочуларга кайрылышкан.

Жаза аткаруу кызматы кыйноолор тууралуу маалыматтарды четке кагып, шектүүлөр абактагы башка адамдардай эле шартта кармалып жатканын билдирген.

11-сентябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы (УКМК) Камчыбек Ташиев Жумгал районунун Чаек айылында атайын кызматтын жаңы имаратынын ачылышында сүйлөп жатып, абак жайлардын шартына нааразылыгын билдирген саясатчыларга жооп берген. Ал түрмө мыйзам бузгандарды тарбиялоо үчүн курулганын айткан.

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү Замирбек Шамшидин уулу бир айга камалды

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү Замирбек Шамшидин уулу Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 20-октябрга чейин камакка алынды. Сот анын бөгөт чарасын 25-сентябрда карады.

Жактоочусу Алманбет Бексултановдун айтымында, Кылмыш жаза кодексинин 327-беренеси (“Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык жасоо”) менен кылмыш иши 8-сентябрда козголгон. 13-сентябрдагы Бишкек шаардык сотунун имаратынын алдындагы митингден кийин ал 278-беренеге (“Массалык башаламандыктар”) алмаштырылган.

Шамшидин уулун 21-сентябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) кармаган. УКМК бул боюнча расмий маалымат тарата элек.

Жогорку Кеңештеги оппозициялык “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаров 2-сентябрда камакка алынган. ИИМ 2-сентябрда камакка алынган Мадумаровго Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренеси (“Мамлекеттик чыккынчылык”) менен айып коюлганын билдирген. Биринчи Май райондук соту анын бөгөт чарасын ошол эле күнү карап, 24-октябрга чейин УКМКнын тергөө абагына камалган.

13-сентябрда Бишкек шаардык соту анын бөгөт чарасын өзгөртүүсүз калтырган. Ал күнү сот имаратынын алдында Мадумаровдун тарапташтары митинг өткөргөн.

ИИМ зомбулукка каршы ыкчам тиркеме иштеп чыгат

Ички иштер министрлиги (ИИМ) зордук-зомбулукка кабылган аялдарга тез жардам берүүгө багытталган мобилдик тиркеме иштеп чыгат. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, “Кадес” деп аталган тиркемени Түркиянын Ички иштер министрлиги сунуштаган. Смартфонго жүктөлгөн бул тиркеме аркылуу зордук-зомбулук, аңдуу, ар кандай ыдык көрсөтүүгө же кооптуу кырдаалга туш болгон кыз-келиндер милицияга ыкчам кабар менен геолокация жибере алышат.

Бул күндөрү Чүйдө мурдагы күйөөсү кулак-мурдун кескилеп салган келиндин окуясы коомчулукта кызуу талкуу жаратууда.

20-сентябрда Чүй облустук милициясы Селекция айылында 36 жаштагы аял бычакталып, ооруканага түшкөнү боюнча маалымат келгенин билдирген. Буга шектүү катары 39 жаштагы А.Э. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Бакыт Төлөгөнов келинге сегиз сааттык операция жасалганын, учурда абалы орточо оор экенин билдирди.

Кыргызстанда “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” мыйзам 2017-жылы кабыл алынган. Ага ылайык, зордук-зомбулук тууралуу милицияга жабыркаган тарап гана эмес, күбөлөр да арыз жаза алышат. Мындай учурда милиция зомбулук көргөн аялга “убактылуу коргонуу ордерин” жазып берет.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстандагы ар бир төртүнчү аял зомбулукка кабылып келет. Мындай окуялардын 98% күйөөсү айыптуу экени далилденген. Ички иштер министрлиги эки жылда Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулуктан 20 аял каза болгонун, жыл сайын 10 миңдей аял үйүндө зомбулукка кабылып жатканын 2022-жылы билдирген.

Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы зомбулуктун бул түрүнө байланыштуу козголгон кылмыш иштеринин 90% түрдүү себептерден улам сотко жетпей жабылып калып жатканын билдирген.

HRW эл аралык уюму Сокулукта бычакталган келин боюнча билдирүү таратты

Human Rights Watch (HRW) эл аралык уюму Сокулук районунун Селекция айылында бычакталган келин жөнүндө макала жарыялады.

Анда келиндин окуясы кенен баяндалып, өлкөнүн укук коргоо органдары начар иштегендиктен үй-бүлөлүк зомбулук болуп жатканы айтылат.

Уюм 2022-жылы Кыргызстанда 6580 үй-бүлөлүк зомбулук катталып, анын 2709у гана сотко жеткенин белгилеген. HRW кыргыз бийлигин үй-бүлөлүк зомбулукту токтотууга кескин чараларды көрүүгө чакырды.

20-сентябрда Чүй облустук милициясы Селекция айылында 36 жаштагы аял бычакталып, ооруканага түшкөнү боюнча маалымат келгенин билдирген. Буга шектүү катары 39 жаштагы А.Э. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Бакыт Төлөгөнов келинге сегиз сааттык операция жасалганын, учурда абалы орточо оор экенин билдирди.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин (“Денеге оор залал келтирүү”) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө уланып жатат.

Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков Сокулук районунун Селекция айылында бычакталган келиндин иши боюнча кеңешме өткөргөн. Анда келинди бычактоого шек саналып кармалган А.Э. аттуу жаранга буга чейин эки жолу зордуктоо фактысы боюнча кылмыш иши козголгону белгилүү болду.

Кыргызстанда “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” мыйзам 2017-жылы кабыл алынган. Ага ылайык, зордук-зомбулук тууралуу милицияга жабыркаган тарап гана эмес, күбөлөр да арыз жаза алышат. Мындай учурда милиция зомбулук көргөн аялга “убактылуу коргонуу ордерин” жазып берет.

Меню