Menu

БОРБОРДУК АЗИЯДА

Казакстанда кримтөбөл "Дикий Армандын" (Кыргызстандын күйөө баласы) иши боюнча сот отурумдары жабык өтөт

Январь окуялары учурунда адамдарды уурдоо жана кыйноого алуу иши боюнча сот отурумдары жабык өтөт. Буга чейин сотко мындай өтүнүч менен жабырлануучулардын адвокаттары кайрылган.

Бул иште жалпысынан 45 киши айыпталуучу катары өтүүдө. Алардын арасында “Дикий Арман” деген каймана ысым менен белгилүү Арман Жумагелдиев жана Улуттук коопсуздук комитетинин 5-департаментинин мурдагы башчысы Руслан Искаков да бар.

Сот мындан тышкары тергөө абагында отурган айыпталуучулардын үй камагына чыгаруу жана Жумагелдиев менен Искаковдун УУКнын тергөө абагынан ИИМдин тергөө абагына которуу өтүнүчтөрүн канааттандырган жок. Ошондой эле айыпталуучуларды сотко видеобайланыш аркылуу катыштыруу тууралуу буга чейинки чечимди күчүндө калтырды.

Бул иш боюнча кийинки отурум 6-октябрга белгиленди. Ал жабык өтөт.

18-сентябрдагы отурумда Руслан Искаков Январь окуясы учурунда УККнын мурдагы төрага орун басары Самат Абиштин буйруктарын аткарганын билдирген. “Менин көрсөтмөлөрүмдү жашыруун кылып коюшту. Алар Самат Абиштин бул иштеги ролун жашыруу үчүн ушундай кылышты. Менин Абиштин буйруктарын аткарганымды айтуума тыюу салганга аракет кылып жатышат”, – деген Искаков.

Самат Абиш Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин иниси, маркум Сатыбалды Назарбаевдин уулу. 19-сентябрда Казакстандын Башкы прокуратурасы Абишке карата тергөө иштери жүрүп жатканын билдирди. Ал Январь окуясы маалында “кызматтык ыйгарым укуктарын ашыкча пайдаланган” деп айыпталууда.

КазТАГ агенттиги Башкы прокуратуранын басма сөз кызматына шилтеме кылып, Абиш Казакстанда экенин, ага карата белгилүү бир аймактан чыкпоо бөгөт чарасы белгиленгенин жазды.

Азырынча Самат Абиш өзү же анын жакындары бул айыптоо боюнча комментарий бере элек.

Экс-президенттин инисине карата кандуу Январь окуяларынан дээрлик эки жыл өткөндөн кийин гана айып тагылууда. Башкы прокуратура 2022-жылы июнда Абиш тергөөнүн назарында экенин билдирген. Ошол эле жылы июлдун аягында ал “Карим Масимовдун жана башка айыпталуучулардын” иши боюнча “күбө катары” сурак бергени кабарланган.

Өзбекстанда аялды тепкен ИИМ кызматкери иштен алынды

Өзбекстандын Фергана шаарында кичинекей баласын көтөрүп жүргөн аялга орой мамиле кылып, аны тээп жиберген полиция кызматкери иштен алынды. Бул тууралуу Фергана облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

18-сентябрда социалдык түйүндөрдө полиция кызматкери балалуу аялды тээп, аны күч менен автоунаага отургузуп жатканы тартылган видео жарыяланган. Укук коргоо кызматкеринин бул аракети коомчулуктун нааразылыгын жараткан.

Облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, 18-сентябрда жол коопсуздугун көзөмөдөө кызматкерлери баласы менен кайыр сурап жүргөн аялдан жолго чыкпоосун өтүнүп, аны менен “профилактикалык максатта” сүйлөшүүгө аракет кылышкан. Бирок аял полиция кызматкерлерине “активдүү каршылык көрсөткөн”.

“Аялды автоунаага отургузууга аракет кылганда ал баласын жерге таштап жиберип, аны инспекторлор кармап калышкан. Кызматкерлердин биринин андан аркы аракети коомдук резонанс жаратып, ошол эле күнү кызматтык териштирүү башталган. Анын жыйынтыгында инспектор иштен алынган”, – деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Казакстан Ысык-Көлдөн 49 жылга ижарага алган 4 пансионат боюнча убадаларын аткарган жок

Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинин 19-сентябрдагы жыйынында экономика жана коммерция министринин орун басары Самат Шатманов Казакстанга 49 жылга ижарага берилген Ысык-Көлдөгү пансионаттар жөнүндө маалымат берди.

Анын айтымында, пансионаттар ижарага алынгандан бери эч кандай оңдоп, түзөө жүргүзүлгөн эмес.

“Бүгүнкү күндө төрт пансионат Казакстандын министрликтеринин алдында болгондуктан, биз сураган 3-4 жылдыздуу мейманканаларды курууга каражаты жок экен. Казак тарап инвесторлорду тартуу боюнча өзгөртүү киргизип бергиле деп суранган”, – деди Шатманов.

Депутат Улугбек Ормонов башка мамлекеттерге ижарага берилген пансионаттар жөнүндө келишимдин шарттары аткарылбай жатат деп сындады.

“Келишимге кол коюп, талаптарды айтып алып аны сураган эч ким жок. Ал ким менен кантип курат, эмне ишибиз бар? 49 жылга бердик, талаптар аткарылбаса, келишим жокко чыгарылышы керек”, – деди ал.

Депутат Ормонов Азербайжанга беш жылдыздуу мейманкана куруу үчүн Ысык-Көлдүн жээгинен 17 гектардан ашык жерди 49 жылга ижарага берүү тууралуу келишимди да тыкыр кароо зарыл деген маселе көтөрдү.

Салык кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Умтулов Казакстанга 49 жылга ижарага берилген Ысык-Көлдөгү төрт пансионаттын экөө гана иштеп жатканын, алар 2023-жылы төрт миллионго жакын салык төккөнүн маалымдады.

Кыргыз өкмөтү көл жээгиндеги “КазГу”, “Олимп”, “Казакстан” жана “Самал” пансионаттарын 2006-жылы 49 жылдык мөөнөткө деп Казакстанга ижарага берген. Эки тараптуу келишимде эс алуу жайлары 6-7 жылдын аралыгында оңдоп-түзөөдөн өтүп, туризмди өнүктүрүү боюнча чоң долбоорлор ишке ашары жазылган.

Жакында эле Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги өзбекстандык компанияларга Ысык-Көлдөгү “Дилором”, “Золотые пески”, “Рохат” жана “Бустон” пансионаттары 49 жылга пайдаланууга берилгенин жарыялаган.

Өзбекстанда сакал койгондорго жана хижаб кийгендерге каршы рейддер күчөдү

Өзбекстанда кайрадан сакал коюп жана хижаб кийип жүргөндөргө каршы рейддер күчөдү. Бул тууралуу “Озодлик” радиосу кабарлады.

Редакцияга окурмандар жөнөткөн видеодо Анжиян шаарындагы Банк колледжинин хижаб кийген студенттери окуу жайга киргизилбей, алардан жоолукту артка байлап салынуу талап кылынып жатканын көрүүгө болот.

“Биз сиздердин редакцияга Анжиян шаарындагы Банк колледжинин студент кыздарынын атынан кайрылып жатабыз. Хижаб кийген кыздардан жоолукту артка байлап салынуунун талап кылып жатышат. Бул талап канчалык мыйзамдуу?”, – деген “Озодлик” радиосуна видео жөнөткөн студент.

Акыркы кездери студент кыздардын хижаб кийүүсүнө тыюу салуу учурлары Өзбекстандын башка аймактарында да байкалууда.

Бухара шаарындагы Инженерия жана технология институтунун 3-курсунун студенти Фатима Абдуллох окуу жайдын жетекчилиги аны хижабын чечүүгө мажбурлаганына даттанып, президенттин кызы Саида Мирзиёева кайрылды.

“Институттун жетекчилери мени хижабды чечүүгө мажбурлашты. Урматтуу Саида Шавкатовна! Студенттердин окуу жайларга хижаб менен кирүүсүнө тыюу жок, сизден хижабчан кыздарды коргооңузду өтүнөм. Институттун жетекчилиги кыздардын хижабын чечтирүүдөн көрө сабак өтө албаган окутуучуларды текшерсин”, – деп жазган Абдуллох президенттин кызына жолдогон кайрылуусунда.

Буга чейин Чирчик мамлекеттик педагогикалык университетинин жетекчилиги 3-курстун студентинен хижабды чечүүнү талап кылып, болбосо окуу жайдын жатаканасынан орун берилбей турганын айтканы кабарланган.

Ал арада Алихонтура Шокиржон угли аттуу Facebook колдонуучусу Ташкенттин Сергели районундагы базарда сакал коюп жүргөндөргө каршы рейд болгонун жазды. Анын айтымында, рейддин жүрүшүндө сакалчан 10 киши кармалып, 15 суткага административдик камакка алынган.

Facebook’тун башка колдонуучулары 13-сентябрда Ташкенттин Мирзо-Улугбек жана Алмазар райондорунда да ушундай эле рейддер болуп, анын жүрүшүндө укук коргоо кызматкерлери төрт кишинин сакалын күчтөп алганын жазышты. Маалыматка караганда, алардын бири каршылык көрсөтүп, 15 суткага административдик камакка алынган.

11-12-сентябрь күндөрү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган топ Ташкенттеги бир нече ири тамактануучу жайларды текшерген. Анын жыйынтыгында Al-Fajr, Lagmon House, Tarnov boshi, Bursa, Nihol жана Joja сыяктуу ондон ашык кафелер менен ашканаларды жабуу чечими кабыл алынган. Себеп катары бул тамактануучу жайларда санитардык эрежелер сакталбаганы көрсөтүлгөн.

Бирок аталган жайлардын ээлери бийлик өкүлдөрүнүн бул аракетин өлкөдө башталган диний куугунтук менен байланыштырууда. Алардын айтымында, жабылган жайлардын баарында намазканалар болуп, кызматкерлери сакал коюп, хижаб кийип жүрүшкөн.

“Бул рейдден кийин кызматкерлерди милиция бөлүмдөрүнө жеткирип, эркектерди сакалын алууга, кыз-келиндерди хижабын чечүүгө мажбурлашты. Бул талапка баш ийбеген бир нече кызматкерге айып пул салынып, үч суткага камакка алынды. Намазканаларды жаап, “халал” деген жазууларды алып, аталыштарын өзгөртсөк кайра ачылышыбыз мүмкүн экенин айтышты”, – деди жабылган кафелердин биринин ээси.

Мындан тышкары “Озодлик” радиосу өз булактарына таянып, укук коргоо органдары Ташкенттеги ислам адабиятын жана кийимдерин саткан бир нече дүкөндү көзөмөлгө алганын кабарлады. Алардын ээлерине дүкөндөрдүн ислам аталыштарын өзгөртүп, араб тилиндеги жазууларды алуу сунушталган.

Өзбекстан Конституциясынын жаңы редакциясынын “Абийир эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндөгү” 14-беренесине ылайык, диний уюмдарда иштебеген өзбекстанстандыктарга коомдук жайларда “диний” кийимдерди кийип жүрүүгө тыюу салынат.

Өткөн жумада Өзбекстандын муфтийи Нуриддин Холикназаров ислам дининде кийимге жана сырткы көрүнүшкө байланыштуу катаал эреже жоктугун айтып, мусулманчылыкта бардык нерсенин ченеми болушу керектигин, чүмкөнүп жүрүүнүн, кара кийинүүнүн, сөзсүз узун сакал коюп, шалбыраган шым кийүүнүн кажети жоктугун белгилеген.

13-сентябрда “Озодлик” радиосу Өзбекстандын мечиттеринде азандын үнү азайтылганын кабарлаган.

Өз булактардын маалыматына караганда, өкмөттүн 10-сентябрдагы жыйынында өлкөнүн премьер-министр Абдулла Арипов мамлекеттик кызматкерлерге мечитке баруунун “кесепеттери болорун” эскерткен.

Өзбек өкмөтүнүн басма сөз кызматы мындай жыйын болгонун ырастап, бирок премьер-министр аткаминерлерден “же жумушту, же динди тандоону” талап кылганын четке какты.

Тажик бийлиги Кыргызстандын элчисин чакырып, Камчыбек Ташиевдин чек ара маселеси боюнча айткан сөздөрүнө тынчсызданганын билдирди

Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Эрлан Абдылдаев 16-сентябрда бул өлкөнүн Тышкы иштер министрлигине (ТИМ) чакырылганын мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Коңшу өлкөнүн тышкы саясий мекемесинин расмий сайтына бул тууралуу төмөнкүдөй маалымат жарыяланды:

“Элчиге 15-сентябрда маалымат мейкиндигинде Кыргызстандын жогорку мамлекеттик кызмат адамынын тажик-кыргыз чек ара маселеси боюнча айткан сөздөрү пайда болгонуна байланыштуу тынчсыздануу жеткирилди. Бул сыяктуу комментарийлер тажик-кыргыз чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүү жараянынын жүрүшүнө олуттуу залакасын тийгизиши ыктымал экени белгиленди”.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул боюнча азырынча маалымат бере элек.

15-сентябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Баткенде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, “кыргыз бийлиги чек ара боюнча жаңы документтерди тапканын, көптөгөн жер коңшу өлкөгө өтүп кеткенин ошол кагаздардын негизинде аныктап бере аларын” айткан жана “Тажикстан Кыргызстанга карата айрым чек ара дооматтарынан баш тартпаса, кыргыз тарап тарыхый документтердин негизинде коңшу өлкөгө укуктук жактан доомат артса болорун” билдирген.

Ушул күндөрү Кыргызстанда Баткендеги былтыркы кандуу окуянын курмандыктарын эскерүү иш-чаралары өтүүдө.

Кыргыз-тажик чек арасы такталып бүтө элек болгондуктан, ортодо куралдуу кагылыштар, адам өмүрүн алган каргашалуу окуялар катталып келет.

2021-жылы апрель айында 36 кыргызстандык курман болгон, тажик тараптан 19 адам каза болгону расмий жарыяланган.

2022-жылдын сентябрь айындагы кагылышта Кыргызстан 75 жаранынан айрылган, Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 41 жараны каза тапканын билдирген.

Кыргызстандын Чек ара кызматынын расмий маалыматына караганда, былтыр 14-сентябрда башталып, 19-сентябрда басылган окуяда каза тапкан 75 кыргызстандыктын 51и аскер кызматкери, алардын 42си чек арачылар болгон.

Рахмон "Ансоруллох" эл аралык террордук тобу ооган-тажик чек арасын бузуп өтүү үчүн кол салганын билдирди

Тажикстан бийлиги “Ансоруллох” тобунун согушкерлеринин чек араны бузуп өтүү аракетине эки жолу бөгөт койгон.

Бул тууралуу Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 14-сентябрда Душанбе шаарында өткөн Борбор Азия мамлекеттеринин президенттеринин жыйынында билдирди.

Рахмондун айтымында, согушкерлер “Тажикстандын борборунда жана башка аймактарында бир катар террордук чабуулдарды жасоону” көздөшкөн.

5-сентябрда Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети “Ансоруллох” эл аралык террордук тобунун үч мүчөсү жок кылынганын билдирген.

Кабарда үчөө ооган-тажик чек арасынан 30-августта мыйзамсыз өтүп, Дарваз районуна жайгашканы, Тажикстанда “теракттарды жасоону көздөгөнү” айтылган.

Быйыл апрелде да Тажикстандын атайын кызматы ооган-тажик чек арасынан мыйзамсыз өткөн “Ансоруллохтун” эки мүчөсү өлтүрүлгөнүн маалымдаган.

“Ансоруллох” тобу курамына Тажикстандын жарандары кирген террордук уюм жана бир нече жылдар бою талибдердин тарабында согушуп келет.

“Ансоруллох” диний кыймылы Кыргызстанда да 2012-жылы экстремисттик деп табылып, ишмердигине тыюу салынган.

Өзбекстандын муфтийи паранжа кийгендерди сындады

Өзбекстан мусулмандар дин башкармалыгынын төрагасы, муфтий  Нуриддин Халикназаров аялдардын паранжа кийиши боюнча пикирин билдирди.

Ал ислам аялдардан жүзүн толук жабууну жана кара кийим кийүүнү талап кылбай турганын айтты. Видео насыятты диний башкармалыктын басма сөз кызматы жарыялады.

“Биз диний кийимдерди кийүүдө аша чаап кеттик. Биздин мазхаб аялдарга чүмбөттөнүп жүрүүгө буйрук бербейт. Динибизде сулуу көрүнүп, ашыкча нерселерден алыс болуу сунушталат”, – деди муфтий.

Нуриддин Халикназаров кийим кийүү нормаларына токтолуп, ар бир элдин өзүнүн каада-салты, кийимдери бар экенин айтты.

“Мусулмандар белгилүү бир формада кийим кийүүсү керек деген талап жок. Ислам бүткүл адамзатка жөнөтүлгөн – арабдардын өз кийими бар, түрктөрдүн өз кийими бар, Индонезия менен Малайзиядагы мусулмандардын өз кийими, өзбектердин өз кийими бар. Чекти билиш керек: бүткүл дүйнөгө шерменде кылган уятсыз кийимдерди кийүүнүн да, араб тибиндеги өтө кара кийимдерди кийүүнүн да кереги жок. Дененин айрым жерлерин жабуу зарыл эмес”, – деп белгиледи ал.

Муфтий сакал коюу маселесине да токтолду. Ал жаш жигиттерге сакалды тегиздөө керектигин эскертип, динаятчыларды исламдагы маселелерди акыл-эс менен туура чечмелөөгө чакырды.

Өзбекстандыктардын көбү кыргыз-өзбек чек арасынан ID-карта менен өтүүгө болорун билишпейт

Кыргыз-өзбек чек арасындагы “Достук” бекетинен өтүп жаткан өзбекстандыктардын көбүндө 1-сентябрдан тарта Кыргызстанга ID паспорт менен кирсе болору жөнүндө маалыматтары жок. Бул тууралуу аталган бекеттин башчысы Нурлан Аттокуров “Озодлик” радиосунун кабарчысына билдирди.

“1-сентябрдан бери чек арадан ID паспорт менен өткөндөрдүн көбү Кыргызстандын жарандары болууда. Бул мүмкүнчүлүк менен колдонгон өзбекстандыктар аз. Мунун себеби эмнеде экенин билбейбиз, балким маалыматтары жок. ID-карта менен өтүү өтө ыңгайлуу жана 2-3 эсе тез болот. Жыйынтыгында кезек күткөндөр да көп болбойт”, – деди Аттокуров.

Чек арада “Озодлик” радиосунун кабарчысы менен сүйлөшкөн өзбекстандыктардын көбү 1-сентябрдан тарта кыргыз-өзбек чек арасынан ID паспорт менен өтүүгө болорун билбегенин айтышкан.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек арадан жеңилдетилген тартипте өтүү тууралуу чечим эки өлкө президенттеринин быйыл январда өткөн Бишкектеги жолугушуусунда кабыл алынган.

Эки өлкөнүн чек арасында 15 өткөрмө бекет бар. Алардын көбү 2005-жылы Кыргызстандагы саясий окуялардан улам жабылган. Расмий Бишкек менен Ташкенттин мамилеси 2016-жылдан тартып жакшыра баштаганда бекеттер кайра ачыла баштаган.

Ош облусундагы “Достук” чек ара бекети 2017-жылы ачылган. Андан көп өтпөй Жалал-Абад облусундагы жөө жүргүнчүлөр өтүүчү “Маданият” жана “Баймак” өткөрмө бекеттери ишин жанданткан.

2021-жылы 1-апрелде Өзбекстандын Кыргызстандагы Сох анклавын бул өлкө менен байланыштырган Сох – Риштан жолундагы “Кайтпас” жана “Өтүкчү” бекеттери да ачылган.

Быйыл 1-сентябрда Ош облусуна караштуу Араван районундагы “Кара-Багыш” жана Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районундагы “Бек-Абад” көзөмөл өткөрмө бекеттери ачылган.

Кыргыз-казак чек арасындагы "Кең-Булуң" бекетинде да кезек пайда болду

Кыргыз-казак чек арасындагы “Кең-Булуң” өткөрмө бекетинде да жүк ташуучу автоунаалардын кезеги пайда болуп, 146 автоунаа Казакстанга кире албай турат. Бул тууралуу 23-августта Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, ушул тапта кыргыз-казак чек арасындагы дагы бир “Ак-Тилек” бекетинде Казакстанга өтө албай турган машинелердин саны 493гө жетти. Өткөн суткада Кыргызстандан Казакстанга 112 автоунаа кирген.

Кыргызстандын өткөрүү жайлары күнүмдүк тартипте иштеп жатат.

Чүй облусундагы “Ак-Тилек” бекетинин жанында айдоочуларга жардам көрсөтүү үчүн чатырлар тигилген. Ал жерлерде айдоочуларга медициналык, психологиялык жардам көрсөтүлүп, ысык тамак берилет.

“Ак-Тилек” өткөрмө бекетинде 20-августтан баштап жүк ташуучу автоунаалардын узун кезеги пайда боло баштаган.

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекетинде эч кандай чектөө жок экенин, чек арада мыйзамсыз ишмердикке каршы иш-чаралар жүргүзүлүп жатканын маалымдаган.

Кыргыз-казак чек арасында кезекте турган айдоочуларга чатырлар тигилди

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” өткөрмө бекетинде тыгында турган айдоочулар үчүн чатырлар тигилди. Бул тууралуу президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгү 22-августта маалымдады.

“Айдоочуларга медициналык, психологиялык жана башка жардам көрсөтүү үчүн бардык шарттар түзүлүп, ысык тамак уюштурулду”, – деп айтылат билдирүүдө.

Өкүлчүлүк учурда тиешелүү мамлекеттик органдар жол кыймылын жана коомдук коопсуздукту сактоо иш-чаралары жүргүзүлүп жатканын кабарлады.

Буга чейин Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы маалымат таратып, кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекетте эч кандай чектөө жок экенин билдирген.

Анда чек арада мыйзамсыз иштерге каршы чаралар жүргүзүлүп жатканы айтылган.

Мурдараак Казакстандын каржы министри Ерулан Жамаубаев “ал жерде маңзат аныктоо боюнча операция жүргүзүлгөнүн, мындан улам Чек ара кызматы менен Улуттук коопсуздук комитети тыкыр көзөмөл кылып жатканын” маалымдаган.

Кыргыз тарап Казакстандын 22-августтагы расмий билдирүүсүнө комментарий бере элек.

Аталган бекетте жүк ташуучу автоунаалардын кезеги 20-августтан тартып узара баштаган. 22-августта алардын саны 500гө чукулдады.

Кыргызстандын Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, Казакстан буга чейин “Ак-Тилек” аркылуу бир саатта 14-15 машине өткөрсө, азыр 4-5 саатта бирден автоунааны өткөрүп жатат.

Меню