Menu

Аткезчилик

«Манас» аэропортунда баасы 2 млн 116 миң сомдук «Iphone 14 PRO» үлгүсүндөгү 15 уюлдук телефонду жашырып өтүп бараткан Россиянын жараны кармалды

Евразия экономикалык бирлигинин жана Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарын бузууларды аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган иш-чараларды жүргүзүүдө «Манас» бажысынын кызматкерлери 2022-жылдын 17-сентябрында саат 04:50 чамасында бажы контролун жүргүзүү учурунда Дубай-Бишкек каттамы боюнча NoFZ1461 рейси менен келген жүргүнчүлөрдүн арасында Россия Федерациясынын М.Г.О. аттуу жараны Iphone 14 PRO маркасындагы 15 уюлдук телефонду мыйзамсыз алып кирүүгө аракет кылган.  Бул тууралу КР Бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Кармалган телефондордун болжолдуу баасы 2 116 500 сомду түзгөн. Материалдар КБР АДС МКЖга катталып, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү органга өткөрүлүп берилген.

«Нарын» бажысы 15 тоннадан ашык контрабандалык алюминий автодисктерди кармады

“Нарын” бажысынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан бажы эрежелерин бузуу жана контрабанда фактыларын аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган бажы көзөмөлүнүн жүрүшүндө КР жараны «Б.А.А.»нын башкаруусундагы «VOLVO» маркасындагы КЭРден келген контейнери бар унаа текшерип каралган. 

Бажы контролунун жүрүшүндө контейнерден декларацияланбаган товарлар –картон коробкаларда 1411 даана, жалпы салмагы 15 167 кг болгон автомобиль алюминий дисктери табылган. 

Бул факты КБР АДС МКЖга катталып, чогултулган материалдар УКМКнын Нарын облусу боюнча башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

Кыргызстандан Казакстанга аткезчилик менен чыгарылып бараткан баасы 21 миллион сомдон ашык тамеки кармалды

КР УКМК тарабынан контрабанданы аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, «Чалдыбар-унажолу» өткөрүү пунктунан аткезчилик жол менен 211 миң кутудан ашык тамеки каражаты кармалды.

Тактап айтканда, сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын алкагында 2022-жылдын 24-августунда Кыргыз Республикасынан чыгып баратканда тамеки буюмдарын мыйзамсыз ташып бара жаткан жүк ташуучу унаа кармалган. Аныкталгандай, мыйзамсыз аракеттерди жашыруу максатында 211 000 куту өлчөмүндөгү тамеки буюмдары тоңдурулган тамак-аштын арасына бекитилип, тиешелүү уруксат документтери жок ташылып келген.

Маалыматтар боюнча, конфискацияланган контрабандалык товардын баасы 21 миллион сомдон ашык, ал эми төлөнүүчү салыктын суммасы 9 миллион 495 миң сомду түзгөн.

Учурда акциздик товарларды экспорттоо боюнча мыйзамсыз каналды уюштурган адамдарды аныктоо, ошондой эле аныкталган зыяндын ордун толтуруу боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Өзбекстандан контрабандалык коон ташыган «Форд Транзит» автоунаасы мамлекетке конфискацияланды

Баткен райондук сотунун чечими менен буга чейин Өзбекстандын «Чоң-Гара» анклавынан КР ЕАЭБ аймагына чыгууда кармалган «Форд Транзит» үлгүсүндөгү унаа мамлекеттин кирешесине конфискацияланды.

Эске салсак, «Оперативдүү» бажысынын кызматкерлери КР УКМКнын кызматкерлери менен биргеликте КР жараны «К.У.О.» башкаруусундагы ««Ford Transit» үлгүсүндөгү унаасы кармалган.

Автоунаанын жүк бөлүгүн текшерүү учурунда жалпы салмагы 1200 кг, баасы 30 000 сомду түзгөн коондор табылган. «К.У.О. » Өзбекстан Республикасынан КРдагы ЕАЭБдин аймагына бажы көзөмөлүнөн тышкары мыйзамсыз түрдө ташып келүүгө аракет кылган.

Автоунаа кармалып, жагдайлар такталганга чейин унаа Баткен шаардык терминалынын аймагына жеткирилген. Бул факты КБР АДС МКЖга катталып, чогултулган материалдар процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн Ош облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилген.

Оперативдүү бажы Кыргыз «К.У.О.» жаранга карата Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 372-1-беренесинин алкагында 60 миң сом айып салынган. Товар 7400 сом өлчөмүндө эки эселенген бажы төлөмдөрүн алуу менен товарлар бажылык жактан таризделди.

Бажы кызматкерлери 1 миллион 200 миң сомдук контрабандалык тамекилерди кармашты

«Оперативдүү» бажынын кызматкерлери Жалал-Абад облусунун Кара-Кол шаарынын чыга беришинен КР жараны «К.Н.Б.» башкарып бара жаткан «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаасын кармашкан.

Автоунаанын жүк бөлүгүн текшерүү учурунда 260,00 даана санда «акциздик маркалары жок фильтри менен тамеки» товарлары табылган. Товардын баасы 1 215 000 сомду түздү.

Бул факты КБР АДС МКЖга катталып, чогултулган материалдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечим кабыл алуу үчүн Ош облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Өзбекстанга 78 баш малды мыйзамсыз айдап өтүп сатууга аракет кылган адам кармалды

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда Өзбекстанга 78 баш майда жандыкты мыйзамсыз айдап өтүүгө аракет кылган адам кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) караштуу Чек ара кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, Аксы районундагы Ак-Дөбө айылынын 1998-жылы туулган тургуну А. у. Н. чек арадан айдап өтүүгө аракет кылган малдын болжолдуу баасы 780 миң сомду түзгөн.

Чек арачылар тиешелүү документтерди толтургандан кийин кармалган адам менен ал айдап өтүүгө аракет кылган малды андан аркы териштирүү үчүн компетенттүү органдарга өткөрүп беришти.

24-июлда Аксы районунда Өзбекстанга 36 баш майда жандыкты мыйзамсыз айдап өтүүгө аракет кылган үч киши кармалганы кабарланган.

УКМК: 12 тонна минералдык жер семирткич контрабандалык жүк кармалды

Кечээ, 28-июлда КР УКМК тарабынан баңги заттарды аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан чаралардын алкагында, Баткен бажысынын кызматкерлери менен биргеликте, «Боз-Адыр – Баткен» унаа жолунда 2003-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны М.И. кармалды.

Жүк бөлүгүн текшерүү учурунда Өзбекстан Республикасынан өндүрүлгөн 12 тонна минералдык жер семирткичтер табылган. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, кармалган жүктүн баасы 480 миң сомду түзүп, ага байланыштуу бул факт Баткен бажысына өткөрүлүп берилген.

Азыркы учурда тийиштүү иштери жүрүп жатат.

Баткенде баасы 132 миң сомдук адамды арыктатуучу чайды Өзбекстанга мыйзамсыз алып чыгып бараткандар кармалды

«Оперативдүү» бажысынын кызматкерлери КР УКМК Чек ара кызматынын кызматкерлери менен биргеликте Баткен облусунун Кадамжай районунун Жаңы-Жер аймагында Кыргыз Республикасындагы ЕАЭБ аймагында Өзбекстан Республикасы менен мамлекеттик чек арасына жакын жерде, КР жараны «А.А.А.» айдап бара жаткан «Hyundai Avante» үлгүсүндөгү унааны токтотушкан.
Унааны текшерип кароодо Кытайда жасалган кандагы кантты жана салмакты түшүрүүчү чай жана КЭР жаранынын наамына таандык документтер табылган. «А.А.А.» аттуу жаран бажы көзөмөлүнөн тышкары КР ЕАЭБ аймагынан Өзбекстан Республикасына жүктөрдү мыйзамсыз алып чыгууга аракет кылган.
«Эксперт-Түштүк» эксперттик уюмунун корутундусуна ылайык, товардын жалпы баасы 132 миң 112 сомду түздү.
Аталган унаа кармалып, жагдайлар такталганга чейин унаа Ош шаардык терминалынын аймагына жеткирилген. Бул факты КБР АДС МКЖга катталып, чогултулган материалдар процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн Ош облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилген.

Өзбекстандан Кыргызстанга аткезчилик менен киргизилип келе жаткан 5 тонна дарбыз кармалды

«Оперативдүү» бажысынын кызматкерлери КР УКМКнын Чек ара кызматынын кызматкерлери менен биргеликте Өзбекстандын «Чоң-Гара» анклавынан КР ЕАЭБ аймагына чыгууда КР жараны «К.О.Н.» башкаруусундагы «Mercedes-Benz» үлгүсүндөгү унаасы  кармалган. Бул тууралу КР Бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Унаанын жүк бөлүгүн текшерүү учурунда жалпы салмагы 5000 кг, наркы 100 000 сомду түзгөн дарбыздар табылган. Алар Өзбекстандан Кыргыз Республикасына бажы көзөмөлүнөн тышкары мыйзамсыз түрдө ташып келүүгө аракет кылышкан.

Жагдайлар такталганга чейин унаа Баткен шаардык терминалынын аймагына жеткирилген. Бул факты КБР АДС МКЖга катталып, чогултулган материалдар процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн Ош облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилген.

КР Транспорт прокуратурасы тарабынан мыйзам бузуулардын бирдиктүү реестринен чыгаруу менен кылмыш ишин козгобоо чечими кабыл алынып, материалдар КР Жоруктар жөнүндө кодексине ылайык чара көрүү үчүн Оперативдүү бажыга өткөрүлүп берилди.

Оперативдүү бажы Кыргыз Республикасынын «К.О.Н.» жаранына карата укук бузуулар жөнүндө кодексинин 372-1-беренесинин алкагында 60 миң сом айып салынган. Андан ары эки эселенген 116 865 сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрүн алуу менен товарлар бажылык жактан таризделди.

Даттануу мөөнөтү аяктагандан кийин Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 372-1-беренесинин эскертүүсүнүн талаптарына ылайык «Mercedes-Benz» унаасына карата материалдар сот органдарына конфискациялоо жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн өткөрүлүп берилди.

УКМК: Баткенде 800.000 сомдук тажик товарларын аткезчилик менен Кыргызстанга киргизип келе жаткан унаа кармалды

Кыргыз Республикасынын УКМК Кыргыз Республикасынын аймагында контрабанданы аныктоо жана бөгөт коюу боюнча ыкчам иш-чараларды жүргүзүүнүн жүрүшүндө, 2022-жылдын 20-июнунда УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Баткен районунун аймагында баасы 800 миң сомго жакын болгон Тажикстан Республикасында чыгарылган  электр зымдары түрүндөгү контрабандалык жүк менен Тажикстандан келе жаткан  Мерседес-Бенц Спринтер унаасы аныкталган.

Жогоруда көрсөтүлгөн фактылар боюнча кылмыш ишинин материалдары КР Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пункту (Экономикалык контрабанда) боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталды.

Азыркы учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары башталды.

Меню