Menu

Паракорлор

ИИМ: Каржы министрлигинин Ички аудит кызматынын төрагасы 150.000 сом пара алып кармалды

Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына түшкөн ыкчам маалыматка ылайык Каржы министрлигинин Ички аудит кызматынын төрагасы Р.С. кызмат абалынан пайдалануу менен жеке кызыкчылыктарын жогору коюп кол алдында иштеп жаткан бөлүм башчы аркылуу аудитор кызматына жумушка алуу үчүн 150.000 сом талап кылып алып, ал акча каражатын жеке  максаттарына жумшаган.
Аталган факт боюнча, ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин “Опузалап пара алуу” фактысы боюнча кылмыш иши козголуп Ички иштер министрлигинин ыкчам  кызматкерлери тарабынан атайын иш чара өткөрүлгөн.
Анын жыйынтыгында, ИИМдин Тергөө кызматы жана Кылмыш иликтөө  башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 2022-жылдын 24-сентябрында Каржы министрлигинин Ички аудит кызматынын төрагасы 1966-жылы туулган Р.С. кармалып Бишкек ШИИББнын Убактылуу кармоо жайына киргизилди.
26-сентябрда ага айыбы угузулуп, Р.С. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып Каржы министрлигинин ички аудит кызматынан ар кандай кызмат орундарына жумушка алуу үчүн акча алып жүргөндүгү аныкталган.
Биринчи май райондук сотунун чечими менен 26-сентябрында Бишкек шаарынын №1 тергөө абагына камакка  алынды.
Ири өлчөмдөгү пара алуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин  ИИМдин Тергөө кызматы жүргүзүүдө.

ИИМ: Сокулук районунун мамлекеттик архитектура башкармалыгынын кызматкери 80.000 сом пара алып жаткан жеринен кармалды

Үстүбүздөгү жылдын 27-сентябрында Ички иштер министрлигине Сокулук райондук мамлекеттик архитектуранын “Р” аттуу  кызматкери Сокулук районундагы Военно-Антоновка айылындагы жаңы үйдүн курулушуна байланыштуу жана чийме эсептөөлөрдү камтыган архитектуралык долбоорун тез арада аяктап беремин деп 150.000 сом акча талап кылып жаткандыгы жана ага чара көрүп берүү боюнча арыз менен кайрылган.
Аталган арыздын негизинде, ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш жаза кодексинин 343-беренесинде каралган “Опузалап пара алуу” фактысы менен кылмыш иши козголуп Ички иштер министрлигинин ыкчам  кызматкерлери тарабынан атайын иш-чара өткөрүлгөн.
Анын жыйынтыгында, ИИМдин Тергөө кызматы жана Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы тарабынан Сокулук районунун Романовка айылындагы Фрунзе жана Гагарина көчөлөрүнүн кесилишинен  80.000 миң (сексен миң) сом пара алып жаткан жеринен Чүй облусунун Сокулук райондук Шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жетектөөчү адиси 1986-жылы туулган С.Р. кармалды.
Кармоо учурунда анын шымынын оң чөнтөгүнөн арыз ээсинен алган 80.000 сом акча далил күбө катары алынды.
Пара алууга шектелген С.Р.  Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Азыркы учурда, ири өлчөмдөгү пара алуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин  ИИМдин Тергөө кызматы жүргүзүүдө.

УКМК: Чет элдик жаранды камакка алынасын деп коркутуп 150.000 сом пара алып жаткан милициянын капитаны кармалды

Кыргыз Республикасынын УКМК укук коргоо органдарындагы коррупциялык кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө, Бишкекте шаарынан, ушул жылдын 1-октябрында Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБнин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн улук ыкчам кызматкери, милициянын капитаны К.Т.Б. пара алып жаткан жеринен кармалды.

Такталгандай, кылмыш жообуна тартылып, камакка алынат деп коркутуу жолу менен чет элдик жарандан 150 000 сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылгандыгы аныкталган.

Кылмыш иштин алкагында, КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмү (Опузалап пара талап кылуу) боюнча Биринчи май районунун кылмыш иликтөө бөлүмүнүн улук ыкча кызматкери Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 96 жана 97-беренелерине ылайык кармалды жана андан аркы тергөө жана ыкчам иш-чараларын жүргүзүү  үчүн КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

УКМК: Ош шаардык милициясынын Акбура бөлүмүнүн башчысы опузалап пара алып жаткан жеринен кармалды

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ИКК менен биргеликте укук коргоо органдарындагы коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюуга багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган (Опузалап пара алуу) кылмыштын негизинде Кылмыштардын бирдиктүү реестрине  материал катталган.

2022-жылдын 14-сентябрында кызмат адамдары тарабынан акча талап кылуу фактысын документтештирүү максатында, Ош шаарында 20 миң сом пара алып жаткан жеринен Ош ШИИБнын Акбура шаардык милиция бөлүмүнүн башчысы, милициянын полковниги Т.М.А. кармалды.

Кармалган кызматкер КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде КР УКМК Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын тергөө абагынын убактылуу кармоо жайына камалды.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка жагдайлар жана адамдар иликтенип, ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүп, тергөө иштери башталды.

Таласта Эсеп палатасынын тышкы адиси 150.000 сом пара алгандыгы үчүн кармалып, камакка алынды

КР УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында коррупциянын көрүнүштөрдү аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Эсеп палатасынын тышкы адиси пара алуу фактысы аныкталды. КР ТалМУнин кызмат адамдарынан 150 миң сом өлчөмүндө КР Эсеп палатасынын тышкы адиси, финансылык ишмердикке формалдуу түрдө аудит жүргүзүү үчүн, ТалМУнин кызмат адамдарынан 150 миң сом өлчөмүндө пара алуу фактысы аныкталган. 

Ошентип, козголгон кылмыш ишинин алкагында 2022-жылдын 3-сентябрында КР Эсептөө палатасынын тышкы адиси «К.Э.Т.» кармалып, Талас облусунун ИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда КР УКМК тарабынан жогорудагы фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Студенттерден, абутуриенттерден, кызматкерлеринен жана ишкерлерден системалуу түрдө пара алып жүргөн Талас Мамлекеттик университетинин ректору Айбек Упенов кармалды

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан Талас Мамлекеттик университетинин кызмат адамдары тарабынан бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу боюнча коррупциялык схема аныкталды.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында, ТалМУнун ректору У.А.Ш. жана башкы бухгалтери К.Г.Ж. 2021-2022-жылдар аралыгында жогорку окуу жайдын кызматкерлерине кайра ТалМУнун жетекчилигине 6 миң сом өлчөмүндө “белги” (отметка) катары кайтарып берүү шарты менен ар бирине 7 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлыктарды ыйгарып турганы аныкталды.

Мындан тышкары, аталган адамдар жеке ишкерлер менен жең учунан сүйлөшүп алып, университеттин окуу корпусун оңдоо үчүн курулуш материалдарын сатып алууга тендер өткөрүп, андан кийин акча каражаттарынын бир бөлүгүн өздөрүнө чегерип алышкан.

Ошондой эле, А.У.Ш. кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Т.Т. менен макулдашып, мамлекеттик жана университетке кирүү экзамендерин тапшыруу учурунда студенттерден жана абитуриенттерден системалуу түрдө акча чогултуу менен алектенген.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында жогорудагы адамдардын иштеген жана жашаган жери боюнча издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, КР Кылмыш-Процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык У.А.Ш. Талас областык ИИБ убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда жогорудагы мыйзамсыз фактылар боюнча бардык жагдайларды иликтөө жана келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Генпрокуратура: Сузак районунун Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы 60.000 сом пара алып жаткан жеринен кармалды

Жалал-Абад областынын Сузак райондук прокуратурасы жана УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан опузалап пара алуу фактысы жана кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча Сузак районунун Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ж.Т. жана мурдагы чарба башчысы А.А. кармалды.
2022-жылдын 4-августунда Сузак районунун прокуратурасына И.Д. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 2022-жылдын май жана июнь айларында Багыш айыл өкмөтү тарабынан билим берүү мекемесинин ажатканасын куруу жана айыл өкмөттүн чатырын оңдоо үчүн өткөрүлгөн мамлекеттик сатып алуулардын жыйынтыгы менен жеңүүчү деп табылганын, бирок айыл өкмөттүн кызмат адамдары кызмат абалдарынан кыянаттык менен пайдаланышып, арыз ээсине которулган акча каражаттарын опузалап алып койгондугун билдирген.
Бул факты боюнча Сузак районунун прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза Кодексинин 343-беренеси (“Опузалап пара талап кылуу”) менен кылмыш иши козголгон.
Козголгон кылмыш иштин алкагында, Сузак районунун Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ж.Т. жана мурдагы чарба башчысы А.А. 60 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалышып, УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

УКМК: Аламүдүн райондук «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин кызматкери 100.000 сом пара алып жаткан жеринен кармалды

Мамлекеттик мекемелердин жана уюмдардын түзүмдүк бөлүмдөрүндөгү коррупциянын көрүнүштөрүн жоюуга багытталган тиешелүү ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда,  «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Аламүдүн филиалынын кызмат адамы кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Аламүдүн районунун аймагында жайгашкан бакча-дача участогуна мамлекеттик актыны берүү үчүн Кыргыз Республикасынын жараны К.П.К.дан 100 000 (жүз миң) сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылгандыгы аныкталган.

КР Кылмыш-жаза кодексинин 343 1-бөлүгү (кызмат адамы тарабынан пара талап кылуу) боюнча КР УКМК тарабынан сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, 2022-жылдын 3-августунда «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Аламүдүн районундагы филиалынын жер кадастры жана кадастрдык изилдөө боюнча убактылуу жетектөөчү адиси Д. к Г. такталган.

2022-жылдын 28-июлунда КР УКМК дарегине, белгиленген иш боюнча оң чечим чыгарып берүү үчүн 100 000 (жүз миң) сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылуу боюнча К.П.К. аттуу Кыргыз Республикасынын жараны «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин кызматкерине чара көрүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү арызы менен кайрылган.

2022-жылдын 3-августунда «Кадастра» МИ Аламудун филиалынын административдик имаратында 100 000 (жүз миң) сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен Аламүдүн районундагы филиалынын жер кадастры жана кадастрдык изилдөө боюнча убактылуу жетектөөчү адиси Д. к Г. кармалды.

Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

УКМК: Мамлекеттик нотариус 250.000 сом пара алып жаткан жеринен кармалды

КР УКМК Жалал-Абад областык башкы башкармалыгында катталган кылмыш ишинин алкагында, У.С.С. аттуу Жалал-Абад мамлекеттик нотариалдык конторасынын мамлекеттик нотариусу пара алып жаткан жеринен кармалды.
Кыймылсыз мүлккө (батирге) мурастык укуктарды өткөрүп берүү жана жол-жоболоштуруу процессин тездетүү максатында мамлекеттик нотариус Россия Федерациясынын жаранынан 3 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча талап кылган.
2022-жылдын 5-августунда жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Жалал-Абад шаарынын мамлекеттик нотариусу 250 000 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалып жана жана Жалал-Абад шаардык сотунун чечими менен Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгүнүн негизинде, каралган адам кылмышты жасоого шектелип, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу КЖКнын N53- мекемесине камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган.
Учурда тергөө иштери уланууда.

УКМК: Милянфан айыл өкмөтүнүн башкы адиси УКМК кызматкерине 30.000 сом пара берип жаткан жеринен кармалды

Үстүбүздөгү жылдын 14-июлунда Ысык-Ата районунун Милянфан айыл өкмөтүнүн башкы адиси КР УКМК кызматкерине финансылык-чарбалык ишмердикти текшерүүнү токтотуу үчүн пара берүүгө аракет кылып жаткан жеринен кармалды.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2022-жылдын 14-июлунда КР Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (Пара берүү) боюнча, ижарага берилген жайыт жерлеринин мыйзамдуулугун жана максаттуу пайдаланылышын текшерүүнү токтотуу максатында КР УКМК ыкчам кызматкерине 30 миң сом өлчөмүндө пара берүүгө аракет кылган КР Б.Ю.Я. аттуу жараны кармалды.

Кармалган адам КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Меню