Menu

Паракорлор

УКМК: Токой чарбасынын жетекчиси УКМКнын кызматкерине 100.000 сом пара берип жаткан жеринен кармалды

КР УКМК Жалал-Абад облусунун Чаткал райондук токой чарбасынын башчысын УКМК кызматкерине 100 миң сом өлчөмүндө пара берип жаткан жеринен кармады.

Көчөттөрдү мыйзамсыз кыюу жана аларды жооптуу адамдар тарабынан сатуу фактылары боюнча мурда козголгон кылмыш иши боюнча Чаткал районунун токой чарбасынын ишмердүүлүгүнө текшерүү иштери башталган.

Бирок, Чаткал районунун токой чарбасынын башчысы А.К.Д. текшерүү иштерин чечүүгө аракет кылып, кылмыш ишин токтотуу боюнча оң чечим чыгаруу үчүн белгилүү өлчөмдөгү акча каражатын пара түрүндө сунуштаган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2022-жылдын 6-июлунда А.К.Д. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинин 1-бөлүгүндө (Пара берүү) каралган кылмышты жасоого шектелип, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалып, Жалал-Абад ШИИБнын убактылуу кармоочу жайына жайгаштырылды.

Азыркы учурда тиешелүү тергөө амалдары жүрүп жатат.

ИИМ: Кара-Сууда айыл өкмөттүн жер боюнча адиси пара алып жаткан жеринен кармалды

Кечээ, 28-июнь күнү Ош облусунун Кара-Суу районунун айыл өкмөтүнүн жер боюнча адиси  пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.
Ыкчам маалымат боюнча айыл өкмөттүн жер боюнча адиси  жер тилкеси үчүн бардык документтерди берүү үчүн жергиликтүү тургундан 40 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылган.
Көрүлгөн чаралардын жүрүшүндө ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын түштүк  региону боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Кара-Суу районунун  Мады айылынын айыл өкмөтүнүн жер боюнча адиси 1969-жылы туулган С.Р. өзүнүн иш бөлмөсүнөн 10 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен кармалган.
Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 251-беренеси (Кызматчынын сый акыны мыйзамсыз алуусу) менен кылмыш иши козголгон.
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө аныкталгандай, шектүү жабырлануучудан мурда 30 миң сом алган. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

УКМК: Мамлекеттик кызмат боюнча агенттиктин кызматкери кызмат орундары үчүн улуттук кадрлар резервине талапкерлерди каттоо үчүн системалык түрдө ири өлчөмдө пара алып жүргөндүгү аныкталды

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Мамлекеттик агенттиктин Жалал-Абад областындагы өкүлчүлүгүндө түзүлгөн коррупциялык схеманы аныктады.

Тактап айтканда, 2022-жылдын 23-июнь күнү УКМК Жалал-Абад областы боюнча башкы башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Мамлекеттик агенттиктин Жалал-Абад областындагы өкүлчүлүгүнүн жетектөөчү адиси С.Ж.Ж. пара алып жаткан жеринен кармалды.

Кармалган кызматкердин мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын башкы жана жогорку административдик мамлекеттик кызмат орундары жана муниципалдык кызмат орундары үчүн улуттук кадрлар резервине талапкерлерди каттоо маселелери менен системалык түрдө ири өлчөмдө пара алып жүргөндүгү аныкталган.

Аталган факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза Кодексинин 342-беренесинин 2-бөлүмүнө (Пара алуу) ылайык кылмыш иши козголуп, Кылмыштардын бирдиктүү реестринин автоматташтырылган маалыматтык системасына катталды. Айыпталуучу УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Азыркы учурда тергөө иштери жүрүүдө.    

УКМК: Нарын областтык сотунун Жумгал районунун судьясы УКМК тергөө камак жайына киргизилди

КР УКМК жана КР Башкы прокуратурасы менен биргеликте опузалап талап кылуу  жана акча каражатын алуу фактысы боюнча катталып козголгон кылмыш ишинин алкагында, Жумгал районунун судьясы А.А.М. жана  Жумгал районунун прокурорурасынын орун басары О.Ж.К. акча каражатын алып жаткан жеринен кармалышкан.

Буга байланыштуу, 2022-жылдын 23-майында судья А.А.М. карата мындан ары кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (Пара талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

2022-жылдын 10-июнунда Кыргыз Республикасынын судьялар Кеңеши КР Башкы прокуратурасынын судья А.А. кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча сунушун канааттандырган.

2022-жылдын 17-июнунда Кыргыз Республикасынын Президенти Жапаров С.Н. жарлыгы менен судья А.А. кызматынан убактылуу четтетилген.

2022-жылдын 21-июнунда судья А.А. тергөө иштери бүткүчөктү КР УКМК тергөө камак жайына камоо боюнча баш коргоо чарасы каралган.

Мурдарак, прокурордун орун басары О.Ж.К. 2 ай мөөнөткө КР УКМК тергөө камак жайына киргизилген.

УКМК: Мамлекеттик салык кызматынын райондук башкармалыгынын башчысы пара алып жаткан учурунда кармалды

Бүгүн, 21-июнда КР УКМК тарабынан Кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (Опузалап пара алуу) боюнча катталган сотко чейинки өндүрүш материалдарынын алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө, Мамлекеттик салык кызматынын Нарын областындагы райондук Башкармалыктарынын  биринин башчысы 12 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан учурунда кармалды.

Кармалган кызмат адамы пайда табуу максатында жеке кызыкчылыктарын көздөп, күнүмдүк керектелүүчү буюмдарды сатуу менен алектенген жеке ишкерди салыктык чегерүүлөрдү эсептөө, кассалык-көзөмөл машиналарын (ККМ) орнотуу жана колдонууга байланышкан маселелерди ишкердин пайдасын эске алуу менен чечип берем деп опузалап, пара талап кылгандыгы аныкталды.

Учурда тийиштүү тергөө амалдары жүрүп жатат.

5.000.000 жана 2.000.000 сом пара ("откат") алышкан мамлекеттик кызматкерлер коррупцияга шектелип кармалды

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын алдындагы “Айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жана тамак-ашты жакшыртуу” долбоорун ишке ашыруу бөлүмүндө жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө Нарын облусунун Ат-Башы районунун Баш-Келтебек айылындагы СПАнын ички чарбалык ирригациялык системаны реабилитациялоого бөлүнгөн 57 365 524 сом өлчөмүндөгү бюджеттик каражаттарды өздөштүрүүдө коррупциялык схема аныкталды.

Мында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Дүйнөлүк банк тарабынан башкарылуучу Айыл чарба жана азык – түлүк коопсуздугу боюнча глобалдык программадан “Айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жана тамак-ашты жакшыртуу” долбоору   боюнча чыгымдарды жабууга – № TFOA0645 грант түрүндө каражат алынган.

Долбоорду ишке ашыруу бөлүмү берилген ыйгарым укуктарга ылайык республиканын ички чарбалык ирригациялык системаларын реабилитациялоо боюнча мамлекеттик заказчы болуп саналат.

Кызматтын, Мамкурулуштун, айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары ортомчулар аркылуу материалдык байлыктарды жана артыкчылыктарды мыйзамсыз алуу, ошондой эле аларга бул жыргалчылыктарды жана артыкчылыктарды берүү максатында жогоруда аталган ички чарбалык ирригациялык системаны реабилитациялоо боюнча тендерде   жеңишти ыйгаруу үчүн “НТС” ЖЧКнын өкүлүнөн 5 736 500 сомдон 2 000 000 сом суммасында, т.а. тендердин суммасынан 10% өлчөмүндөгү өзгөчө ири сумманы “откат” катары алышкандыгы аныкталды.

Жооптуу кызмат адамдарынын мындай аракеттери ирригациялык системаларды сапатсыз куруу коркунучун жаратат, ошондой эле сапатсыз курулуш материалдарын колдонуу жана иштин көлөмүн жогорулатуудан улам  мамлекетке финансылык зыян келтирет.

Жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси менен  (Коррупция) кылмыш иши козголуп, тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

УКМК: Нарын облусунун Жумгал райондук сотунун судьясына опузалап пара алуу беренеси боюнча кылмыш иши козголду

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан КР Башкы прокуратурасы менен биргеликте кылмыш ишинин алкагында Жумгал райондук сотунун судьясы А.А.М. жана Жумгал районунун прокурорунун орун басары О.Ж.К. тарабынан опузалап пара алуу фактысы аныкталып, акча каражатын пара катары алып жаткан жеринен кармалды.

2022-жылдын 23-майында кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу үчүн судья А.А.М. карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (Опузалап пара алуу) боюнча кылмыш иши козголду.

Аталган кызмат адамдары Жумгал райондук сотунда каралып жаткан кылмыш ишин токтотуу үчүн Х.Д. аттуу жарандан опузалап акча каражатын талап кылышкан.

Ал эми прокурордун орун басары О.Ж.К. 2 айлык мөөнөткө КР УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.

УКМК: Мамлекеттик чиновник жасалма дипломун ачыкка чыгарбоону суранып, 160.000 сом пара берип жаткан жеринен кармалды

Кыргыз Республикасынын УКМК мамлекеттик мекемелердеги коррупциянын алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча иш-чаралардын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин “Жасалма дипломду жана кош жарандуулук фактыларын аныктоо жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкери КР УКМК кызматкерине пара берүү фактысына бөгөт коюлду.

    УКМКнын кызматкерлери Аламүдүн районунун Пригородный а/а кирешелер боюнча башкы адиси тарабынан жасалма диплом колдонулганы аныкталып, ал өзүнүн жогорку билими тууралуу дипломунун аныктыгын текшерүүнү токтотуу үчүн КР УКМК кызматкерине пара катары 160 миң сом өлчөмүндө акча каражатын  сунуштаган.

    Ушул жылдын 24-майда жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, КР УКМК кызматкерине 160 миң сом өлчөмүндө пара берип жаткан жеринен Пригородный, а/а кирешелер боюнча башкы адиси О.К.Т. кармалды.

    Азыркы учурда тиешелүү тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

УКМК: Нарын облусунун Жумгал районунун прокурорунун орун басары 50 000 сом пара алып жаткан жеринен кармалды

Бүгүн, 20-майда Кыргыз Республикасынын УКМК кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 50 миң сом акча каражатын пара катары алып жаткан жеринен Нарын облустуна караштуу Жумгал районунун прокурорунун орун басары О.Ж.К. кармалды.

Такталгандай, аталган О.Ж.К. ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу жана коротуу боюнча айыпталуучуга карата, Х.Д.Р.нын жакын тууганына карата кылмыш ишин кыскартуу боюнча соттун чечими үчүн 50 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылгандыгы аныкталды.

Ошондой эле, бул ишке тийешеси бар делип Жумгал районунун судьясы А.А.М. мыйзамсыз иш-аракеттери аныкталууда.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында КР Башкы прокуратурасынын Тергөө башкармалыгы тарабынан тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

УКМК: Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкери $1500 паранын бир бөлүгүн алып жаткан жеринен кармалды

Иллиюстратитвдик сүрөт.

КР УКМК мамлекеттик бийлик органдарындагы, анын ичинде укук коргоо органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкери 1500 миң АКШ доллар өлчөмүндөгү акча каражатын талап кылуу фактысы аныкталды. 

Ушул жылдын 18-майында Кара-Суу районунун аймагында көрсөтүлгөн сумманын 20 миң сом өлчөмүндөгү бир бөлүгүн алып жаткан жеринен Ош ШИИБнин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн ыкчам кызматкери, милициянын майору К.Т.Т. кармалды.

Азыркы учурда тиешелүү ыкчам-тергөө амалдар уланууда.

Меню