Menu

Паракорлор

УКМК: Мамлекеттик кызмат адамдарын коркутуп, $3.000 - 10.000$ пара алып жүргөн экс-прокурор кармалды

Кечээ, 16-февралда КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан системалык түрдө мамлекеттик кызматкерлерден акчалай пара талап кылуу жана алдамчылык фактысы боюнча прокуратура органдарынын мурдагы кызматкери  Т.Т.Т. кармалды. 

Кармалган жаран, мурдагы кызмат ордунда иштеген фактысына таянып, жана ошондой эле кара өзгөй максатты көздөп өлкө башчысы, УКМК төрагасы жана Башкы прокурор менен байланышы бар деген жалган маалыматты жамынып алып, мыйзамсыз текшерүү иштерин жүргүзүп, майда мыйзам бузууларды таап, коркутуу жолу менен мамлекеттик кызматкерлерден акчалай пара алып келген.    

Айта кетсек, Жалал-Абад областынын мамлекеттик органдарынын кызмат адамдарынан 3 мин жана 10 мин АКШ долларын алуу фактысы такталды.  

Кармалган жаран алдамчылык жол менен, КР кээ бир жарандарын 150 000 (жуз элуу мин) сом насыя алууга мажбур кылып, кымбат чөнтөк телефонун алдырып, кийинчерээк өзү тартып алган. Ошондой эле, Т.Т.Т. бир нече ирет алдамчылык жолу менен, айдоочу күбөлүк алып берем деген убада берип, жарандардан көп суммадагы акча алып келген. Анткени, кармалган жарандын атасы Т.Т.М. азыркы учурда Жалал-Абад областында ГП «УНАА» КР ИИМнин региональнык бөлүмүнүн бөлүм башчы кызматын ээлеп турат. 

  Азыркы учурда башка ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгын аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам иш-чаралар жана тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Буга байланыштуу, кармалган Т.Т.Т. аттуу жарандын кылмыштуу аракеттеринен жабыр тартышы мүмкүн болгон адамдарды, өлкө башчысынын, УКМК төрагасынын жана Башкы прокурордун атын жамынып алып коркутууга дуушар болгон жарандарды УКМКнын дарегине кайрылууңуздарды суранабыз. 

УКМК: Базар-Коргон районунун эки мамлекеттик кызматкери ишкерди опузалап, 200.000 сом пара алып жаткан жеринен кармалды

Үстүбуздөгү жылдын 6-февралында КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмүндө каралган кылмыштын негизинде (Опузалап пара алуу) боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган материалдын алкагында, акча каражаттарынын бир бөлүгүн берип жаткан учурда Базар-Коргон райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башкы бухгалтери К.Т.И. жана Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын архитектура-курулуш көзөмөлүнүн башкы инспектору Д.А.К. кармалды.

Аталган кызмат адамдары алдын ала кылмыштуу бүтүмгө келип, кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланып, жеке ишкерден коммерциялык объектти курууга уруксаат берүү үчүн 200 000 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылгандыгы аныкталган.

Кармалгандар КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренеси боюнча КР УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.

Учурда КР УКМКнын Башкы башкармалыгы тарабынан бул кылмышты жасоого катышкандардын бардыгын аныктоого багытталган комплекстүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

УКМК: Баткен облустук сотунун катчысы сотто оң чечим чыгарып берем деп 300.000 сом пара алгандыгы үчүн кармалды

КР УКМК тарабынан коррупциялык көрүнүштөрдун алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган материалдардын негизинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пункту (пара алуу) боюнча ири өлчөмдө (300 миң сом) акчаны кайтарып берип жаткан жеринен Баткен облустук сотунун катчысы «Х.у.Ш. кармалды.

Ошентип, «Х.у.Ш.» акчаны алып, соттордо оң чечим чыгарууга көмөк көрсөтүүгө убада берген.

Азыркы учурда тиешелүү иликтөө иштери жүрүп жатат.

УКМК: Аксы райондук оорукананын акушер-гинекологу төрөй турган аялдарды опузалап, пара алып жаткан жеринен кармалды

КР УКМК тарабынан коррупцияга каршы жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын натыйжасында Аксы райондук жалпы дарыгердик практика борборунун төрөт бөлүмүндө калыптанган паракорчулук жана опузалап акча талап кылуу фактылары аныкталды. 

Тактап айтканда, КР УКМКнын Жалал-Абад областы боюнча башкы башкармалыгына Д.С.М. аттуу жаран кайрылып, Аксы райондук жалпы дарыгердик практика борборунун төрөт бөлүмүнүн акушер-гинекологу 1983-жылы туулган М.А.А. опузалап акча талап кылып жаткандыгына байланыштуу мыйзам чегинде чара көрүлүшүн суранган.

Ыкчам тергөө иш-аракеттеринин негизинде 2023-жылдын 2-февраль күнү М.А.А. өзүнүн иш бөлмөсүндө талап кылган акчаны алып жаткан учурунда кармалды. 

Азыркы учурда аталган факт КР УКМК Жалал-Абад областынын башкы башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыштардын бирдиктүү реестрине киргизилип, КР Кылмыш-Жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмү (Опузалап пара алуу) менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү тергөө иштери жүрүп жатат.

КР УКМК Жалал-Абад областы боюнча башкы башкармалыгы жарандарга опузалап пара алуу жана башка мыйзам бузуу фактылары боюнча (03722) 5-60-49, (03722) 5-49-61 номерлери аркылуу нөөмөт бөлүмүнө кайрылууну эскертет.

УКМК: Аламүдүн РЭСинин начальниги кызматына дайындалуу үчүн 350 000 сом пара берип жаткан жеринен башкы инженери кармалды

КР УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (Пара берүү) боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш иштери боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат..

Кечээ, 31-январда атайын жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негизинде, 350 000 сом акча каражатын пара катары берип жаткан жеринен Чүй электр тармактар ишканасынын башкы инженери Т.М.З. кармалды.

Т.М.З. Аламүдүн РЭСинин начальниги кызматына дайындоо үчүн Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин кызмат адамдарына бир нече жолу акчалай сыйлык түрүндө пара сунуштаган.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

УКМК: Президенттин Администрациясына караштуу мекемени опузалап коркутуп, ири суммадагы пара алып жаткан чиновник кармалды

Кыргыз Республикасынын УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмү (Опузалап пара талап кылуу) туралуу козголгон кылмыш иши боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, КР Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башкы адиси Ж.Н.Ы. акча каражатын алып жаткан жеринен кармалды. 

Такталгандай, кармалган адам Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына караштуу «Жалал-Абад мамлекеттик резиденциясы» мамлекеттик мекемесинен айрым кызматтарга прейскурант (тариф) макулдашуу жол-жобосунан өтүү үчүн акча талап кылгандыгы аныкталган.

Тергөө жүрүп жатат.

Башкы прокуратура: $15.000 пара алып жаткан жеринен УКМКнын тергөөчүсү кармалды

Үстүбүздөгү жылдын 19-январында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына О.А. аттуу жаран КР УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын Т.Ы. аттуу тергөөчүсүнө жана аталган башкармалыктын башка кызмат адамдарына карата чара көрүү арызы менен кайрылган.
Арызда, ага карата козголгон кылмыш ишин кыскартуу үчүн жогоруда аты аталган кызматкерлер 20 миң АКШ доллары өлчөмүндө пара талап кылышкандыгы көрсөтүлгөн.
Аталган арыздын негизинде КР Башкы прокуратурасынын Тергөө башкармалыгы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (“Өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылуу”) боюнча кылмыш иши козголгон.
2023-жылдын 20-январында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан КР УКМКсынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын имаратында тергөөчү Т.Ы. 15 миң АКШ доллары өлчөмүндө пара алып жаткан учурунда кармалды.
Азыркы тапта бул иш боюнча башка кызмат адамдарынын кылмышка катыштыгы бар экендигин аныктоо максатында ыкчам-иликтөө иш-чаралары жана тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Аталган иш-аракет Башкы прокуратуранын, УКМКнын жана ИИМдин жетекчилеринин көзөмөл, укук коргоо органдарындагы кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган кызматкерлерди тазалоо боюнча макулдашуусунун негизинде жүргүзүлдү.
Бул багыттагы иш-аракеттер улантылууда.

ИИМ: Кызматкерлеринен системалуу түрдө пара алып жүргөн милициянын начальниктери кармалды

Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматына Таш-Кѳмүр шаардык күзѳт бѳлүмчѳсүндөгү мыйзамсыз иш-аракеттер тууралуу ыкчам маалыматтар түшкөндүгүнө байланыштуу атайын ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.
Текшерүү жана иликтөөлөрдүн жүрүшүндө ИИМдин Күзѳт кызматынын Таш-Кѳмүр шаардык күзѳт бѳлүмчѳсүнүн начальниги милициянын майору Н.С. жана күзѳт бѳлүмчѳсүнүн взвод командиринин орун басары милициянын прапорщиги С.Т. экѳѳ ѳздүк курамдан системалуу түрдѳ опузалап акчаларын алып жүрүшкөндүгү аныкталган. Таш-Кѳмүр шаардык күзѳт бѳлүмчѳсүнүн бир катар кызматкерлери бул фактыны тастыкташып беришкен.
Аталган факты боюнча ИИМдин Тергѳѳ кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси менен (пара алуу) кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталды.
Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматы тарабынан Жалал-Абад облусунун аймагында ыкчам иштерин жүргүзүү учурунда Таш-Кѳмүр шаардык Күзѳт бѳлүмчѳсүнүн начальниги Н.С. жана  Таш-Кѳмүр шаардык күзѳт бѳлүмчѳсүнүн взвод командиринин орун басары С.Т. кармалып, ИИМдин Тергѳѳ кызматына жеткирилген. Алар Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Баш коргоо чарасы жакын арада аныкталат. Аталган факты боюнча козголгон кылмыш ишин ИИМдин Тергѳѳ кызматы жүргүзөт.

УКМК: Президенттин жер мунапысына карабай жарандан 450.000 сом пара талап кылган мамлекеттик кызматкерлер кармалды

Кыргыз Республикасынын УКМК Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу чөйрөсүндөгү коррупцияны аныктоо жана бөгөт коюу боюнча ыкчам-издөө жана тергөө иш-чараларын жүрүшүндө, КР Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пунктунда (Алдамчылык, кызмат абалынан пайдалануу) боюнча, 2023-жылдын 10-январында 30 миң сом өлчөмүндө мурда талап кылынган акча каражаттардын бир бөлүгүн алып жаткан жеринен Ош облусунун Араван районундагы «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Араван филиалынын кызматкерлери А.Р. жана М.Т. кармалды, алар, Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кабыл алынган «Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө» мыйзамынын талаптарын бузуп, жеке материалдык байытуу менен жерге мунапыс берүү жөнүндө документтерди тариздөө үчүн 450 миң сом өлчөмүндө акча талап кылган.

Учурда иштин бардык жагдайларын жана башка тиешеси бар адамдарды аныктоо чаралары көрүлүүдө.

УКМК: Ысык-Көлдө МАИ кызматкери 5000 сом пара алгандыгы үчүн кармалып, абакка киргизилди

Үстүбүздөгү жылдын 17-декабрында КР УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгы укук коргоо органдарынын тутумунда коррупциялык мүнөздөгү кылмыштарды аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө, КР ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте Ысык-Көл облусу боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерин пара талап кылуу фактысы боюнча кармады.  

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкери милициянын сержанты У.Т.З Ысык-Көл облусунун Б.С. аттуу тургунун административдик жоопкерчиликке тартам деп коркутуу жолу менен опузалап 5000 сом алганы аныкталды.

КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (Опузалап пара алуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган жаран Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 97-беренесине ылайык, андан аркы тиешелүү тергөө жана ыкчам иш-чараларын жүргүзүү үчүн Каракол ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Меню